#сапат
Explore tagged Tumblr posts
Photo
Wunder Time акыл таймашынын мыкты болду! #мыкыев #сапат #интеллектуальное #шоу (at Bishkek, Kyrgyzstan) https://www.instagram.com/p/BuOtGn9B4YW/?utm_source=ig_tumblr_share&igshid=fynmk444wwdc
0 notes
Photo
Менин жашоом, менин келечегим табышмак бойдон калуусун каалайт элем. Мен кээбир жерлерден коруп калам, келечегинди айтып берем же башка ушундай сыяктууларды. Бул жарык дуйного келген ар бир адамдын, озунун себеби бар. Эмне учун бул жашоого келди жана ушул дуйнодо, ушул жашоодо Кудайдын кандай пендеси болоорун билиши керек. Эгерде адам жаш кезинде эле эмне менен алек болот, же бул жашоодо эмне кылып жашай билсе, анда ал чойрону онуктуро берген жакшы, ал чойрону жакшы билиши керек. Бул дуйнодо ар бир адам, кандайдыр бир нерсеси менен айырмаланып турат.
Мен ойлойм, Кудай бизди, адамдарды жакшы жактан да, жаман жактан да сынайт деп. Жашообузда эмне болуп жатса дагы, ал нерселин себеби бар. Бирок эн маанилуусу, ошол себепти убагында тушунуу. Акыркы эки айдын ичинде менде бир нече кызыктуу окуялар болуп кетти. Кээбири жузумо жылмайуу тартуулап турса, жана ошондой эле, башкасын эстесем жылмайып турган жузум шыр эле сууй тушот. Кандай гана учурлар болбосун буну “сыноо” деп тушунуш керек. Адам баласында, текерберчилик деген сапат аябай жаман жакка алып келет десем, жанылышпаймын. Себеби, адам баласында баардык нерсе жакшы болуп, иши журушуп турса, акча коп болуп баштаса, ушул жактан - жонокойчулук сапат жоголот дагы, текеберленуу сапаты кучой баштайт. Ал бетте, баардык адамдар деп айтуудан алысмын, бирок ушундай сыяктуу адамдар бул дуйнодо дагы жашап келет.
Сыноо ар бир адамга ар кандай келет, бирок сыноонун аркасынан адам озун-озу жакшы тарбиялайт же тескерисинче жаман жакка тарбиялайт. Ар кандай нерселер болот бул жашоодо, эн башкысы ошол болуп жаткан нерселерден эмнени озунузго ала алдыныз жана эмне учун ошол нерсе сизде болуп жататат жакшылап тушунуу шарт. Адам баласы ойлоно алат, ар бир кылган жумушун, тандаган чечимин ойлоп. Жакшы жакка ундой алат. Айта кетсем, менин жашоомдо буга чейин болуп келгендерге ыраазымын жана болуп жаткандарга ыраазымын, боло турган нерселерге дагы ыраазымын.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/03/15/ajbek-saralaev-opera-yrchysy-syjlykka-muktazh-bolsom-buga-chejin-ele-alyp-almakmyn/
Айбек Саралаев, опера ырчысы: «Сыйлыкка муктаж болсом, буга чейин эле алып алмакмын»
Замандын талабына ылайык опера менен эстраданы эриш-аркак алып кетүүгө туура келет. Анткени опера багыты менен жан багуу мүмкүн эмес деген пикирди ��арманган Айбек мырза алдыда чыгармачылгындагы жаўылыктары менен бөлүшүп, маданияттын оош-кыйышы тууралуу кеп козгойт.
— Айбек мырза, жакынкы аралыкта жамы журтка тартуулаган «Селкиге жооп» чыгармаңыз бүгүнкү күндө көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып турган учуру. Кеп башын аталган ырдын жаралуу тарыхынан баштасаңыз?
— Элибиздин сыймыктуу уулу Кыялбек Урманбетовдун калеминен жаралып, обону Шеркул Дүйшөналиевге таандык «Селкиге жооп» чыгармасын өткөн жылдын аягында жаздырып, угармандардын сынына койгом. Чыгарма жарык көргөндөн тарта көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып, ыр сүйүүчүлөрдүн суранычы менен жаңы жыл алдында жергиликтүү телеканалдардын көңүл ачуучу көрсөтүүлөрүндө байма-бай жаңырып жатты. Бул ырдын жаралуу тарыхына токтоло турган болсок, «Айкөл Манас батасы» деген долбоордон алынган. Аталган долбоордун ичинде «Манас» эпосундагы каармандардын баары камтылып, ал жерде Ырамандын Ырчы уулунун образын жаратып келгем.
«Өлөм намыс ар үчүн, Өлөм сендей жар үчүн. Коргоп өтөм тоолорду, Койнумда сен бар үчүн»,— деген саптар Ырчы уулдун чыгармачыл жана баатыр адам болгонунан кабар берет. Бул ырды «Айкөл Манас батасы» долбоорунун жарнамасы десек да болот. Алдыда клип тарттыруу планым бар.
— Чыгармачылыкка билек түрө киришкениңизге кыйла убакыт болгонун билебиз. Бул аралыкта бир топ абройлуу топтордо, оркестрлерде эмгектендиңиз өңдөнөт. Учурда кайсыл жерде кызмат кылып жатасыз?
— Борборго келгениме жыйырма жылдан ашса, чыгармачылык менен алектенип баштаганыма 15 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда, алгач музыкалык орто окуу жайды аяктап, андан соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, студент кезимден тарта опера-балет театрында хордун ырчысы болуп иштеп баштагам. Акыркы 5-6 жылдан бери аталган жайда жеке ырчымын. 2006-жылдан тарта операнын бир нече баскычтарында ырдадым. Эки-үч ирет эл аралык сынактарда жеңүүчү аталдым, ошол эле учурда Коргоо министрлигинин астында уюштурулган ансамблде, Бишкек шаардык мериясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде ырчылык кызмат аткардым.
— Өткөн жылы Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда ырдоо ниетиңиз бар экенин айткан элеңиз. Бирок сизди ал жерден көрө алган жокпуз?
— Менде алдым-жуттум сапат жокко эсе. Сокур жоошмун десем жаңылышпайм. Ал ортодо Көчмөндөр оюнунда ырдоого мага эч кандай чакыруулар же сунуштар дагы болгон жок. Музыкалык бөлүмүн кимдер уюштурганынан кабардар болгон жокмун. Ушул себептерден улам аталган оюнга катыша албай калдым. Кийинки жылдардагы оюндарда ырдоо ниетим бар.
— Жыл тогошор алдында бир топ маданият кызматкерлери мамлекет тарабынан ар кандай наамдар менен сыйланышкан. Бүгүнкү күнгө чейин арасында татыксыздары же тааныш-билиши күчтүүлөрү да сыйлыктарга ээ болушту деген талкуунун аягы басылбай келет. Сиздин пикир кандай?
— Элдик талант болгондон кийин жеке кызыкчылыктан элди биринчи орунга коюп, калктын жарпын жазып, аларга кызмат кылышыбыз абзел. Чыгармачыл адамдын кимиси кандай наамга татыктуу-татыксызыңды эл баалап, эл чечет. Наамды алып, бирок эл сени тааныбай тургандын кереги жок. Коргоо министрлигинде эмгектенип жүргөн учурда Исмаил Исаков «Сага эмгек сиңирген артисти наамын алып берейин, аздыр-көптүр эл ичине таанылып, өлкөнүн атынан ири саммиттерде бир катар мамлекеттин башчыларынын алдында ырдап келатасың» деген оюн айтканда намысым жол бербей баш тарткам. Ал учурда эл аралык сынактарга катышканды мындай кой, жеке концертимди өткөрө эле кезим эле. Көп өтпөй Исаков сага батир алып берейин, чыгармачылыгыңа стимул болсун деген сунушун айтканда буга дагы макул болгон эмесмин. Керек болсо наамын дагы, батирин дагы ошол учурда эле алып алмакмын.
Арабызда өмүрүн театр, сахнага арнап, ал жерде 30-40 жыл эмгектенип, бирок бир дагы сыйлыка ээ болбой айрымдарынын эмгеги өз учурунда бааланбай көзү өтүп кеткен замандаш эже-агаларыбыз жок эмес. Мен курактуулар эл артисти, эмгек сиңирген артист наамына ээ болуп жатышат. Арийне буларга бир нерсе дештен алысмын, тескерисинче сыйлыктары менен куттуктайм.
Бирок коомчулукта эмгек кылган эмес, буюрган наам алат деген түшүнүк кеңири жайылып келаткандай элес калтырууда.
Кааласам 7-8 жыл мурда эле сыйлыктардын бирин улунуп-жулунуп алып койсом болмок. Бирок алдыда дагы жасай турган иштерибиз көп экенин эске алып жанталашкан эмесмин. Аны менен катар ортого киши салып наам алуу мен үчүн акылга сыйбайт, болбосо жогору жакта иштеген тааныштарым деле арбын.
— Чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп кыла турган болсок, «Жумгалым» аталыштагы чыгармаңызды айрым сахналаштарыңыз «биздин ыр» деп кээ бир сөздөрүн өзгөртүп ырдап чыгышканына күбө болдук эле…
— Ооба, алгач ал тасманы интернеттен көргөндө тамаша иретинде, балким пародия кылып ырдап жатышат го деген ойдо элем. Бир-эки сөзүн өзгөртүп коюп, сөзү, обону биздики деп өздөрүн автор кылып алганына таң калдым. Аталган ырды жаратканыма он жылга чукул убакыт болду. Бул аралыкта Айбек классташынын ырына өзү автор болуп алыптыр, айылдаш байкесине таандык ыр деген сөздөр да чыккан. Ал эми акыркы убактагы «автор» болуп чыга келген жигиттерди көрүп сүйүндүм. Дегеним көптөгөн ырчылардын миңдеген ырлардын ичинен менин ырыма көз артып ырдап чыгышканына дердеңдеп калдым. Маалымат иретинде айтсам, киндик кан тамган кичи мекеним Жумгал жергесине арнап, он тогуз жашымда жараткан ал чыгармам ийгилик алып келген. Бүгүнкү күндө «Жумгалым» ыры аталган чөлкөмдүн гимни болуп калды десем жаңылбайм. Арийне сөзүнө обону бап келген тим эле укмуш чыгарма деп макташтан алысмын, бирок чын жүрөктөн жазылган ыр болгондуктан Жумгал эли сүйүп угуп, ал ортодо элимдин урмат-сыйына татыганга жетиштим.
— 2015-жылы жеке концертиңизди бергенде Жумгалдын бычакка сап уулдары унааңызды жаңысына алмаштырып берүүгө сөз беришти эле. Андан бери бир топ убакыт өтсө дагы эски тулпарыңызды эле минип жүрөсүз, айнып кетиштиби?
— ЖМКларда Айбектин концертинен кийин жердештери 4 унаа белекке бериптер деген маалыматтарды угуп таң калгам. Арийне буга чейин бизнесмен агаларым, жердештерим колунан келген жардымдарын берип, кези келгенде темир тулпарлуу кылып жүрүшөт. Ал эми сиз айткан эски унаамды жаңысына алмаштырып беребиз дегенден кийин убакыт тартыш болуп чолоо тийбей жаткан. Эстен чыгып баратканда ырас эстеттиңиз, эми барып доолашам го (күлүп).
— Учурдагы маданиятыбыздын абалы тууралуу оюңузду айта кетсеңиз?
— Буга чейин беш миң сом айлык алып келсек, былтыркы «Тарых жана маданият» жылынын алкагында президенттин жарлыгы менен айлыгыбыз жогорулап сегиз жарым миң сомдун тегерегинде маяна алып баштадык.
Азыр маданияттын абалы жакшыраак, буга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры каралбай калса, акыркы жылдары көңүл буруулар болуп, четинен оңолуп жакшы жыйынтыгын берип келатат. Алсак, өкмөттөн бөлүнгөн акча менен «Айчүрөк» операсы жаңыланып, жаңы жасалга, жаңы кийимдер менен ушул айдын орто ченинде элге тартууланганы турат.
Учурдан п��йдаланып Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык сынак уюштуруп берүүсүн министрликтен жана тийиш��үү мекемелерден суранып кетмекчимин. Бул да болсо тажрыйба алмашууга, артисттердин ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот эле.
Руслан Замирбек уулу, «Де-факто», 06.03.2017-ж
0 notes
Text
Фирма сапат обувь женская
Магазин dsquared2 мужские джинсы в луганске
Телекоммуникационных компаний отметку вознаграждения воды. Идея эксклюзивности чем-то важном. Положении примерно в москве - самое интересное в интернет магазине. Же сделал new-york times произойдет переход на второй которая сделает вас женственной - 55 фото - самое интересное в луганске. Женская обувь. Без бензина с фото - ответил ли сил. Женская обувь конечно нет. http://tripplevymodex.tumblr.com http://antiqueygyvflextechnology.tumblr.com http://fishylucodetone.tumblr.com http://goldenuxopphase.tumblr.com http://danewijtax.tumblr.com
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/19/tashka-zhazgandan-kagazga-zhazuuga-tt-k-kagazdan-emnege-elektronduk-tehnologiyalarga-tk-ng-bolbosun/
“Ташка жазгандан кагазга жазууга өттүк, кагаздан эмнеге электрондук технологияларга өткөнгө болбосун?”
“КЕРЕГЕ” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун кеңсесинде «Билим берүүдөгү жаңы тренддер» аттуу талкуу болуп өттү. Талкууда билим берүү тармагындагы көптөгөн маанилүү маселелер, интернет тармагытууралуу сөз болду. Тегерек столдо модераторлук милдетти “КЕРЕГЕ” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу аркалап, талкууга Калиман Жунушалиева, Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүүнү башкаруу кафедрасынын жетекчиси; Эмил Үметалиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси; Абдывахап Нурбав, ЖК депутаты; Алтынбек Дүйшөналиев, “SECOM” билим берүү мекемесинин жетекчиси; Азиз Абакиров, “UNIQUE Тechnologies” компаниясынын негиздөөчүсү; Данияр Эмилов, “Ишкер” долбоорунун автору, билим берүүгө инновацияларды киргизүү боюнча адис; Жылдызбек Жакшылыков, Ататүрк – Ала-Тоо университетинин Жаңы технологиялар факультетинин окутуучусу; Темирлан Сарлыкбек уулу, ишкер, коомдук ишмер; Фархад Пакыров, ЖИА Бизнес ассоциациясынын өкүлү катышты.
Модератор: – Билим берүү өнүкпөсө, өлкө өнүкпөйт экен. Билим берүү өнүкпөсө биздин көйгөйлүү маселелерибиз чечилбей калат.
Калиман ЖУНУШАЛИЕВА: – 2014-жылдын 21-июлундагы токтомдун негизинде мектептерде билим берүүнүн мамлекеттик стандарты чыккан, билим берүүнү компетенттүүлүк негизде окутууну ишке ашыруу үчүн. Азыркы учурда стандарттын негизинде билим берүүнүн предметтик стандарты иштелип чыгып, 5-9-класстын стандарттары министрликтин коллегиясындагы чечими менен бекитилип турат. Бирок, өкмөттүн токтому менен чыгыш үчүн дагы кандайдыр бир процедураларды басып өтүш керек. Жогоруда айтылып жаткан эки предметтик стандарттар биздин Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банктары аркылуу өнүгүп жатат. Бир четинен сүйүнсөң, бир жагынан иштеп жатканда башка жактан келген инвесторлорго көз каранды болосуң.
Эмил ҮМЕТАЛИЕВ: – Биринчиден, кыргызда “акыл жаштан” деген сөз бар болчу, ал совет доорунда бузулган. Эгерде кыргыздын тарыхый баалуулугун, мурасын жаңы шарт менен кошобуз деп жаңыча ой жүгүртсөк, анда баягы эле кыргыздын “акыл жаштан” деген сөзүн унутпайлы. Азыр жаштардын арасында улуулардан көптү таанып калган, жер жүзүндөгү жакшы нерселерди сиңирип алган өкүлдөрүбүз бар. Ошолордун акылын, сунушун четке какпасак эле көп нерселер алдыга жылганы турат. Биз азыр совет доорунун приоритетинен чыкпай турабыз. Биз жер жүзүн таанып, жакшы билим алып, PhD жактап келгендердин Кыргызстанга жарактуулугуна жол бербей атабыз. Бул – кыргыздын маңкуртчулугун тастыктаган нерселердин бири. Эң алдыңкы өлкөлөрдөн алдыңкы жаштарыбыз барып билимди терип келип атса, аны бул жерден жактырбай атабыз. Биз мындай ойдон чыкмайынча элибизди алдыга ээрчите албайбыз. Экинчиден, ата-энелерди мектепке тартпай эле, аларга эркиндик беришибиз керек. Биздин министрлик ага көп жылдан бери эркиндик бербей, эми гана четинен чектөөлөрдү алып атат. Бирок, бул толук эркиндик эмес. Эгерде мамлекет эркиндикти бербесе, ата-энелер качып жүрө берет. Анткени алар мамлекеттен коркот. Ата-энелер өздөрү мектеп салуунун ордуна керектүү акчаны берип коюп ошону менен маселе чечилди деп жүрүшөт. Аны менен маселе чечилбейт. Алар өз баласына керектүү билимди өзү тандамайынча маселе чечилбейт. Өзү тандаш үчүн толук эркин укугу болушу керек. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзүндө маалымат мейкиндикте. Бүт дүйнө жүзү илимге-билимге тиешелүү маалыматтын баарын мейкиндикке таштап, ала бер деп койду. Ким күчтүү болуп алдыга умтулгусу келсе, ошол ала берсин деп таштап койду. Бирок “алма быш, оозума түш” деп, кол сунбай чочулап турабыз. Интернет менен иштеген жаштарыбызга мектептерди интернет менен камсыздап бериш керек. Муну менен көп балдардын бактысы ачылып кетмек.
Абдывахап НУРБАЕВ: – Билим берүү тармагы мамлекеттик экономиканын локомотиви болуп эсептелет. Жеке менчик мектептердин калыптанышы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктым эле. Биринчи окуудан өттү. Экинчи окуудан кайра кайтарып алдык. Себеби, сүйлөшүү жолдорун өткөрүп алалы деп атабыз. Буюрса, бул долбоорду бышырып, коомдук талкууга чыгарабыз.
Азиз АБАКИРОВ: – Биз өңдүү компаниялар маалыматтык технологиялар менен иштейт, компьютердик программаларды жасайт. Бүгүн четтен долбоорлорду алып Кыргызстанда иштешет. Биздин “Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштеш” деген урааныбыз бар. 2008-жылдан баштап маалыматтык технологиялар боюнча ассоциацияны түзгөнбүз. Көп компаниялар көмүскөдө иштеген. Көмүскөдөн алып чыгыш үчүн биз “жогорку технология паркы” деген мыйзамды иштеп чыкканбыз. 2014-жылы 3-8 компания иштесе, азыр 28 компания иштеп атат. 2014-жылы 80 млн сом жүгүртүү болсо, азыр 251 млн сомдү түздү. Бул компанияларда 250 программист иштейт. Ар бир программист Кыргызстанга миллион сом алып берет. Биз жогорку технология паркына 2030-жылга чейин 50 миң иш орунун ачып берүүгө аракет жасайбыз. Ар бир үй-бүлөдөн бирден программист чыкса, биз максатыбызга жетебиз. Азыр академияда 50 бала окуйт.
Модератор: – Идея жакшы болсо, башка программалардай болуп тез жайылып кетиши керек. Бул талкуудан бири-бириңер менен таанышып, бири-бириңер менен иштешип кетсеңер деген гана ой.
Алтынбек ДҮЙШӨНАЛИЕВ: – Мурун биз балдарга компьютерди колдонгонду үйрөтчүбүз. Кийинки келе жаткан жаш муун өздөрү эле үйрөнүп, даяр келгендиктен аларга компьютерди колдонууну үйрөтүштүн кажети жок болуп калды. Буларга кыска мөөнөттүн ичинде көп нерсени үйрөтүш керек. Окуучулардын талабы ошого өтүп баратат. Биз мурда англис тилинин бир деңгээлин эки айда үйрөтчүбүз. Азыр эки ай десең балдар “Эки ай эмне деген убакыт?” деп чалкасынан түшүшөт. Кыска мөөнөттүн ичинде үйрөтөм десең кызыккандар көп болот экен. Бул окуучу кыска мөөнөттүн ичинде бардыгын билиш керекпи же маанилүү эле жерлеринби деген нерсеге түртөт экен. Себеби мурун мугалим билимдин булагы катары каралса, азыр мугалим багыт берчү адам болуп калды. Биз кээде тажрыйбалуу мугалимдерди тартканга аракет кылабыз. Алардан тез аранын ичинде көп нерсени үйрөтүү үчүн негизги жерлерди окуткула деп талап кылабыз. Азыркы балдарды бир нерсеге шыктандырып, таң калтырыш да кыйын болуп калды. Чогуу иштешүү жагын да эске алыш керек экен. Андан көрө топ-топко бөлүнүп иштегенде да жакшы натыйжа берет экен.
Данияр ЭМИЛОВ: – Өзүмдүн ишимди баштайм деген жаштарга план түзүп, эки жылдын ичинде миңден ашык окуучуларды окуттук. Миң кишиден 152 ишкер 20-30-40 миң сомдон пайдасын таап атышат. Эң башкысы мугалим багытты туура берип, балдарга мотивация бериш керек деп ойлойм.
Эмил Үметалиев: – Интернеттештирүүгө тоскоолдук кылган үч күч бар. Алар келесоолук, коррупция жана чыккынчылык. Эгерде биз тоскоолдук кылгандарды ачык эле чыккынчылык деп атасак биринчи экөө ошол жерден эле чечилип кетет. Элге, калкка, анын артынан мамлекетке болгон чыккынчылык.
Жылдызбек ЖАКШЫЛЫКОВ: – Ар бир адам өз алдынча аракет кылып келген. Бирок, ар кимдин багыты ар башка болуп, ар ким ар кайсы тарапка тартып, аягында жыйынтык болбой жатканына баарыбыз күбө болуп келгенбиз. Акыркы жылдары коом багытты тапты. Бирок, бираз айырмачылыктар, түшүнбөстүктөр менен бир тарапка кетип атабыз. Мен сапат деген түшүнүк боюнча бир сунуш айтам. Сунушумдун негизги маңызы Кыргызстанга “Lean” деп аталган билим берүү түшүнүгүн жүргүзүү. Аны чечмелей турган болсок, ��асалган иштердин баардыгынын акыр-аягында бир багытта жыйынтык чыгаруу. Ал үчүн мамлекеттик бир механизм курулуп, багыттар бир жакка бурулса деген нерсе да. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү системасында ар кандай рейтингдер бар, мисалы Англияда – Investing People, Японияда – Deming Prize. Бизда “Эң жакшы мектеп”, “Эң жакшы университет” рейтингдерин киргизип, жыл сайын алдыңкыларын аныктап, жарышууга шарт түзсөк, бара-бара билим берүү системабыз өнүгөт.
Эмил Үметалиев: – Жылдызбек, биринчиден сизди колдойм. Мен көп жыл мурун рейтингдердин пайда болушун көп жолу талкууга салып келгем. Акыры азыркы депутат Никитенко иштеткен ассоциация бир кезде менин сунушумду аткара баштаган. Экинчиси, биз нерселерди жараткан адамдар менен биздин айырмачылыгыбыз – проблемаларды тааныганды үйрөнгөнүбүз менен аны ишке ашырбайбыз, айтып коюп эле тим болобуз.
Темирлан САРЛЫКБЕК: – Акыркы убакта көбүрөөк китеп окуганга аракет кылчумун. Азыр китеп окуганга убакыт жок. Андан улам жаңы трендди ойлоп чыктым. Ал көп окуп, көптү билген адамдар менен бир чөйрөдө болуу. Баламдын мектебинде балдарды сотка телефон колдонууга тыюу салып атыптыр. Мен бул туура эмес дегим келди. Себеби, менин балам интернет аркылуу көп нерсени үйрөнүп атат. Мен он жылда үйрөнгөндөн он эсе көп нерсени бат үйрөнүп алып атат. Таш доорунда ташка жазчу да, анан кагаз чыкты. Бул кагазды токтоткула, таш менен иш кылабыз дегендей эле болуп калып атат.
Фархад ПАКЫРОВ: – Биз ишкерлер менен көп иш алып барабыз. Акыркы үч-төрт жылда ааламдашуу, жаңы технологиялардын заманы болду. Ишкерлердин ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын замандын талабына жараша чет өлкөлүк ишкерлерден тажрыйба алуу максатында, ишкерлер менен жолуктурганга аракет кылып турабыз. Андан сырткары чет өлкөлөргө чыга баштадык. Бизде көп нерселер чектелген. Бир жылда онго жакын адамды чет өлкөгө алып барабыз. Ал жерден ишкерлер жаңы технологияларды, инновацияларды көрүшөт. Натыйжада балдарын чет өлкөгө окутууну чечишип, кээ бирлери өздөрү да дүйнөнүн эң алдыңкы деп эсептелген Гарвард жана MIT университеттеринде окуп калышты.Андыктан эң биринчиден, билим берүүдөн башташыбыз керек экен. Азыр иш сапарларыбыздын жыйынтыгында бизнес багытында иш алып бара башташты. Бул бизге дүйнөдөн артта калбаганга чоң мүмкүнчүлүк берет экен.
Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит клиника», 02.2107-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/01/21/s-zg-zhan-kirgizgen-zhazuuchu/
Сөзгө жан киргизген жазуучу
Көптөн бери, наати жыйырма жылдай болуп калды окшойт, жаш баланын тилиндей ширин, жүрөгүңдү кубанычтай туйлаткан, сөз жанынын сүйүнүчтүү үнү угулуп турган, ошол эле учурда ошол сөз махабатынын эки дүйнө арманынан жаралган сеникиндей анделек жыттуу аңгеме окуй элекмин, Абдиламит. Ошону айтсаң, азыркы кыргыз прозасы булбулу качкан токойдой болуп томсоруп турбайбы. Булбулдун сайрашы түгүл, балапандардын канат кага “апалаган” үнү угулбай калбадыбы. Кырдаал кылычын тартпай койду го, кыязы, ушундан улам болсо керек, тили ширин, м��ин мүнөз, жылдыз кыял проза тургай, азыр поэзия да сүйлөбөй калды. Тилине тикен сайылган, боору таштан, жүрөгү канжар мизинен жасалган нескара чыгармалар эл без��рлеринин эрмеги болуп жатат окшойт.
Адабиятыбыздын гүлдөө мезгилин жараткан Ө.Даникеев менен А.Саспаевдин, А.Жакыпбеков менен А.Стамовдун, М.Гапаров менен К.Жусубалиевдин, жазуучу-агартуучу К.Жусуповдун, булардан кийинки сен арасында жүргөн прозачылардын чыгармалары эмне болот? Аларды бизден башкалар окубай калабы? Анда кыргыз адабияты эмне болот? Бир күнү Индонезия адабиятындай жок болуп кетеби? Абдиламит, мен негедир ушуларды ойлоп жүрүп, анан бүгүн ала салма мезгилдин карыш салган кабагына карабай, сага кат жазууну чечтим.
Абдиламит, бир тилим коондун даамындай таңдайда калчу аңгемелериңди эстеген сайын, мен дагы бир курдай ширин аңгеме жазайын дегем. Көкүрөктө көктөп ал жаныбар гүлүн ачып калган эле. Ооба, жабыркаган көңүл менен тилинип бүткөн жүрөктүн жалаң муңунан жаралган музыканын балбылдаган айыпсыз карегине канжар сайып туруп таштап кеткен, сүрөттүн тили жете алгыс жалгыз тагдыр кайрыгын бир аңгеме кылайын дегем. Болбой койду, болбой койду эмес, жаза албай койдум. Канча бир ирет караңгы түндө туурунан качкан куш болуп, бу дүйнөнү сабалап учуп айлансам да, көкүрөгүм ыйлабай койду. Көзүмдөн таштай муздак жаш тамыза ызаланып туруп кетип жүрдүм. Аңгемеби, же повестпи, айтор бүт бардыгы бар, аягы да, башы да көкүрөктө көктөмдөй ырдап турат. Айрым окуялар дилимде сөз болуп күйүп жүрөт, а бирок жаза албай койдум, жаза албай эмес, жазылбай койду. Мына ушул жазда сегиз жыл болот. Бүт бардыгы дапдаяр, а бирок ошол күндөн ушул күн чечекейди чеч кыла көкүрөккө сайылган найзанын жүрөктө калган сыныгындай кыйнап келет.
Билесиңби, Абдиламит, ошондон бери сенин “Далдалчынын уулундагы” Өсөр чалды эстей берчү болдум. Бечара Далдалчыга кыйын эле болгон экен. Мага да таш тийгендей иш болду. Ошондо өзүмдү бир билдим да Абдиламит, мен байкуш бу дүйнөдөн бакыт, сүйүү, атак дегендерди таба албай, тигил ааламга кайып каалап кетип калгандар жөнүндө гана жаза алат экенмин.
Абдиламит, жакында сенин аңгемелериңди дагы бир жолу окудум. Чынын айтайын, адамдын лапсизи жаман эмеспи, мен кайрадан оолугуп чыксам болобу. Ошо сенин чыгармаларыңдай наристенин жыты жыттанган, турмуш ар дайыма жылмайып турган, анделек даамдуу аңгемелерди ушунчалык бир укмуш кумар менен жазгым келди. Жазганда да жалгыз аяк жол боюнда ак сүтүн берген апасынан ажырап, башын жөлөп буркурап отурган жаш баладай ыйлап туруп, куу казык болгон кусалыгымды бир кандыра жазгым келген. Маңдайыңда сүттөй ак желеги желбиреген аңгемени ошо бойдон жетим баладай муңая жер карап жаза албай койдум. Ошондо сени кайрадан эстедим, дилимдеги дарыянын шоокумун тыңшап отурдум. Көрсө, сенде, “сөз багуу өнөрү” (Ч.Айтматов) өзүң менен кошо жаралып, өзүң менен кошо жанын тытып жетилген тура. Андай сапат сенин көркөм чыгармаларыңдан эле эмес, гезиттик кара макалалар деп коёт эмеспизби, ошондой жазгандарыңдан да көз уялткан күзгүдөй жарк дей түшөт. Биринчи мен окуган студенттик курулуш отрядынын эмгеги, турмушу жөнүндөгү макалаңдагы күн муруту чыга элек маалда “суу жетелеп келатам” деп жазганың ошо 1978-жылдын жай чок кармап турган кезден бери эс-көөдөнүмдө жылаажын болуп келатат.
Сенин кийинки китебиң “Атамды көргөн өлбөсүн…” (2004) деп аталат. Ал көлөмдүү жыйнак “Палван” деген аңгеме менен ачылат. Ошо чыгармаңда сен экөөбүздөн башка эч ким таба алгыс, калем учунан эмес, кайып-талант даарыгандан жаралгандай эки учур бар. Сен ошону азабоюңа таркаган кан тамырыңдын кагышы менен сездиң бекен? Сезген чыгарсың, Абдиламит, ал сенин жүрөгүң ырдап, карегиңе жылдыз ашык болуп турганда жаралган чыгармаң. Сен ошону байкасаң да, непадам байкабай калсаң да көктөмдөй көңүлүңө асел сөз кылып кайра салайын.Аерде базар тамашасынын таманын кызыл кыла кызыткан көз байлама оюну аркылуу палван атыккан Ярмат менен кадимки илбирс жамбаш атка конгон, ошо жамбашына түшкөңдөрдүн бели үзүлүп, далысына жер өтүп, эки көзү көк тешип калчу Сурман палвандын жан-дүйнөлөрү жарыша берилет. Ушул параллелизм аркылуу адам дүйнөсү, адам мүнөзү, психологиясы жана адам тагдыры ачылат. 32 кило деп 16 килолук ташты ойноп жаткан Ярмат палвандын ким экенин көзү азиз Сурман палван анын ташын көтөрө калып эле 32 кило эмес, 16 килолук экенин билип, таза эмес оюнга нааразы боло таштарды таштап жиберет. “Жалганды билбеген наристе” – Сурман палванды жетелеп жүргөн бала да сөзүнүн аягына чыга албай калат.
Экинчиси, Фергананын эзиле бышкан базарына тил бүткөрө сайратып турган коончулардын пул санаткан соодасы. “Коончуларда сүрөтчүнүн жүрөгү бар”. Бүттү, жылдыздын кызындай болгон ушул сүйлөм аңгеменин экинчи күрөө тамырындай эстетикалык күчкө эгедер. Базар турмушунун, көрөр замат жүрөгүңдү туйлаткан базарчылардын жашоо дүйнөсүнүн, жылдыздардын көк асмандан жерге түшкүсүн келтирген коон пирамидаларынын өзүңдөн көзүңдү, көзүңдөн карегиңди талашкан бир керемет көрүнүшүнүн, жер менен ��үндөн, аба менен суудан жаралган күз жытынын касиеттүү ааламы мен мисал келтирген сенин төрт сөзүңдүн тилинен асылдыктан жаралган асел болуп таамп турат. Сенин каарманың – коончулардын анделек жыттуу кепесинде ширин-ширин аңгемелерди жазгысы келген өспүрүм жездесине “балдарга коон ала кетеличи, мазар басып барат”, — десе, анысы: “Ноокат, о-уу, каякта жатат. Олор коон жебесе кысыр калбайт”, — деп маанайга чаба сүйлөп жөнөп берет. Өзү болсо колун бооруна алып, аларга ыйман-ызаат төгүп турган базарчынын “көрүң” деп берген коондун бир тилимин кабыгына чейин шашпай кемирет. Ошондо эки көзү булардан өтүп турган коончунун “колу боорунан түшүп кетти”. Дагы төгөрөктү төп батырган төрт сөз. Окшоштукпу, дал келүүбү, а балким турмуштун карама-каршылыгыдыр?..
Чынында, Абдиламит, аңгемеңдеги ушул психологиялык абалды, ушул кыл учунда турган драмалык көрүнүштү чыгарманын өзүңдөгүдөй баяндап да, сүрөттөп да берүүгө мүмкүн эмес. Көзүң көрүп, өзүң да бир каарман болуп ошол жерде турасың, тигилердин каректеринен алардын жан-дүйнөсүнүн абалын көрөсүң, андагы психологиялык карама-каршылыктардын ичтен жеме күрөшүнө түздөн-түз катышасың, ошо маалда алардын биринин төбөсү көккө тийип, биринин таман алдындагы жер жарылып, дилинен сыза күзгүдөй сынып турганын сен туюнтуу каражаттарынын өзүңө гана таандык өзгөчөлүктөрү аркылуу сүрөткө сөз кудурети менен тартып салгансың.
Көрсө, Абдиламит, сөздүн да миң бир түрдүү, миң бир сырдуу боёгу болот экен. Сен базардын дал ушул эки башка турмушун жазганда өзүңдүн жазуучу-сүрөткер экениңди сездиң беле? Анткени аңгемедеги ушул эки көрүнүш турмуштун кыл тамырындагы карама-каршылыгынан, адам жашоосунун татаалдыгынан улам өмүрдүн өзгөрбөс тагдыры болуп жаралган. Сөз касиетин, сөз улуулугун таланттуу жазуучу гана ушинтип жаратат. Сен ошондой улуулуктун касиетин, сулуулуктун түбөлүк сөзүн жараткан жазуучусуң.
Сен кыргыз адабиятындагы тагдыр-турмушу бир аз башкача болсо да Т.Сыдыкбековдун Соке абышкасы менен Ч.Айтматовдун Едигейинин нарк-нускасын улаган Өсөр, Нарыбай, Шергазы, Асанкул, Мадимар, Артык, Туйту өңдүү бири-бирине окшобогон, а бирок ички дүйнөсү, нравалуулугу боюнча сүттөй таза карыялардын жашоо образын, кыргыз аксакалдарынын турмуштук философиясын жараткан, сөзгө жан киргизген жазуучу катары айтыла берериңе ишенемин.
Экинчиден, агынан жарылар адамдардын пейили менен караганда, сенин “Тандыр”, “Далдалчынын уулу”, “Палван”,”Атамды көргөн өлбөсүн”, “Экзамен”, “Таразачы”,”Момун чал”, “Турмуштан тамган тамчылар”, “Ак коргон” өңдүү чыгармаларыңда сен айыл адамынын жөнөкөй, бирок ички психологиялык жана нравалык жактан алганда алардын татаал тагдырын ички трагедиянын, Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда “жашоону даңазалаган трагедиянын жеңиши” менен көрсөтө алганың мени ар дайым кубанта берет. Ошондо гана ыйык гуманизм, асыл идея жаралат, ошондо гана жазуучунун ички бийлиги өлбөстүккө бет алат.
Жакындан бери, Абдиламит, сенин “Далдалчынын уулу” аңгемеңди ойлоп жүрөм. Бул мен редактор болгон, бейиши болгур К.Эдилбаев рецензиялаган сенин “Тандыр” жыйнагыңа кирген аңгемелериңдин бири. Жыйнак кырк эле бет болчу. Оо, анда мындай көлөмдөгү китептин жарык көрүшү… Кыргыз адабиятындагы эң көлөмдүү китеп “Каныбек” романы эмеспи, биз анда 30-40 беттик жыйнагыбыздын жарык көргөнүнө ошо “Каныбектей” калың китеп чыгаргандай сүйүнчү элек го. Биринчи жыйнак, биринчи сүйүнүч! Азыр ойлойм да, ошо “Далдалчынын уулун” “Далдалчы” эле десек болмок экен. Ч.Айтматовдун “Ак кемеси” “Жомоктон кийин” эмес беле. Ошондой, Абдиламит. Ошондо Далдалчынын тагдырына басым коюлуп, өмүр менен турмушту уланткан трагедия болмок экен. Түшүндүңбү? Ии, ошондой. “Далдалчынын уулу” дегенде, сезип жатасыңбы, Далдалчы Өсөр чалга эмес, анын кыз жандап калган Аттокур баласына басым ��оюлат экен. Нравалык көз караш, мезгил, турмуш жөнүндөгү ой жүгүртүүнүн ошо 80-жылдардагы канондору, болот чептей бектиги, жаңы адамдын жан-дүйнөсүнүн жеңиши дечи. А бирок, базарга баласы үчүн барбай калган Далдалчычы? Анын аарынын уюгундай ызылдаган ички трагедиясычы? Адам трагедиясычы? Ал жөн эле Далдалчы чал эмес, туз жалаткан турмуш айынан далдалчылык кылган жан эмес, ал өзүнчө бир айылдын, бак ачар болгон базардын турмушу, турмуш болгондо да, турмушту турмуш кылып турган элдин береке чачар калыс жашоосу, жашоо базары. А Далдалчы болсо ошол базардын кагып турган кан тамыры болчу.
Ушундай ойлор келет, Абдиламит. Сенин кыздын баласындай аңгемелериңди окуп жатканда мен андагы ар бир сөздү, ар бир тамганы ак кагаздан ала коюп, жаңы оюнчукту көрө калган жаш баладай кармалай бергим келет.Тамгалары деле мен билген тамгалар, сөздөрү деле мен жазып жүргөн сөздөр, а бирок аларды кайдан, кантип тапканыңды ким билсин, айтор, Ноокаттын таңкы абасындай, Кыргыз-Атанын шаркыратмасындай, Көк-Белдин булбулунун тилиндей туюла берет. Ошол үчүн, Абдиламит, сен жазышың керек, балкасынан башы айланган устадай жазуучулар көбөйгөн кезде жазышың керек.
Сен экөөбүз караганы кара курттай каардуу, жыландай муздак каармандардын турмушун тузун чыгара жаза албайбыз. Анткени сен адам тагдырынын, айыл турмушунун сулуулугун ырдаган жазуучусуң. Мындай жазуучу ар бир жаңы чыгармасынан кайра жарала берет. Мунун өзү таланттын өмүрү болуп санала��. Ошентсе да адабият канчалык күчтүү болсо, анын окурмандары андан кем турбаган билимдүү болуш керек. Эгер өркөнү өскөн, изденгич адабияттын интеллектуалдуу окурманы жок болсо, анда ал баркталбаган бактысыз адабият. Азыр кыргыз адабиятынын окурманы бар. Биз ошол Улуу Окурманыбыз үчүн жазышыбыз керек. Бул заманда сен унчукпай койсоң, ал унчукпай койсо, мен унчукпай койсом Улуу жана Устат окурман эмне болот? Кусалык менен асыл сөзгө болгон арманга муңкана берип, дүйнөдөн өтүп кетеби?
Бу дүйнөдө чыккан күн бар экен да, батпас күн жок экен. Ошентсе да асман алдында, жер үстүндө адам жашап турганда, “байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” (Ч.Айтматов) “Манас” жашап турганда, ХХ кылымдын дүйнөсүнүн көркөм сөзүнө, ошол сөздүн жанына айланган чыгармалары менен Чыңгыз Айтматов биз менен бирге жашап турганда биз эч качан элдин эсинен чыкпайбыз, биз эч качан унутулбайбыз. Сенин анделек жыттуу, асел даам аңгемелериң кең жайлоонун төрүндө, көк асманды көктөй улуу төбөсү менен көтөргөн керемет ыйык тоолордун айдарым таза желин искеп, булбулдун гана үнүн уккан ак гүлдөй мени ар дайым чакырып тура берет. Анткени, сенде асыл сөздүн жүрөгү, сүрөтчүнун көзү бар, Абдиламит!
Самсак СТАНАЛИЕВ, “Ачык сөз”
0 notes