#шайыр
Explore tagged Tumblr posts
Photo
🔺Әдемі интерьерлер жасау қиын емес. Ең бастысы - дұрыс тұсқағазды таңдау. 🔺Түсқағаз сатып алыңыз ұсынылған коллекция біздің дүкенде бар. Бізде олар бар ең төменгі баға. 🔺Түсқағаздың қасиеттері - жақсы өнімділік, тозуға төзімділік және беріктік, техникалық қызмет көрсетудің қарапайымдылығы, орамның өлшемі - 0,53х10,05 🔺Emilliana Parati Италия багасы 1 рулоны 6800 тг 📱 87011442165 Нурсулу #түсқағаздар #түсқағаздардүкені #ақтауда #ақтаумаңғыстау #шетпе #бозжыра #жетібай #бейнеу #ақшұқыр #сайөтес #жаңаөзен #фортшевченко #тұщыбек #таушық #емір #жыңғылды #шайыр #ақтобе #алға #атырау #орал #қызылорда❤️ #шымкент❤️ #алматы🍎 #нурсултан #актау #обоиактау #актауобои #мангистауобои #обоимангистау (at Green Park) https://www.instagram.com/p/CLTqtKfMxyC/?igshid=13w2z1sh1wmmz
#түсқағаздар#түсқағаздардүкені#ақтауда#ақтаумаңғыстау#шетпе#бозжыра#жетібай#бейнеу#ақшұқыр#сайөтес#жаңаөзен#фортшевченко#тұщыбек#таушық#емір#жыңғылды#шайыр#ақтобе#алға#атырау#орал#қызылорда❤️#шымкент❤️#алматы🍎#нурсултан#актау#обоиактау#актауобои#мангистауобои#обоимангистау
0 notes
Photo
ВСТУПИ В DIAMOND FLIGHT 🔝Diamond flight – это закрытый элитный клуб APL. Участники этого клуба – надёжная опора Компании во все времена. 💎Символ клуба – украшение в виде золотого шмеля с вкраплением абсолютно чистого бриллианта. Учёными доказано, что шмель в силу существующих законов аэродинамики "не может" летать, так как его крылья слишком слабы для такого тяжелого тела. Но, к счастью, шмель не знает физики и ее законов и спокойно летает, наслаждаясь жизнью и не подозревая, что противоречит законам природы. Так и наши рекрутеры делают невозможное, наперекор всяким законам! ✅2019 - Артык и Александра Мурадовы, Гульнара Овезова, Андрей и Лариса Нагель, Ирэн Шмидер, Светлана Руснак, Виталий и Надежда Бертрам, Ивано Куриленко и Мария Кремер, Борис и Тамара Скворцова, Александр и Светлана Шалимовы, Валерий и Ирина Фукс, Вадим и Ирина Войтюк, Ирина Вазенмиллер, Гульнара Кабиденова, Ирэн Терра Шмидер. ✅2018 - Владимир и Татьяна Янсон, Александр и Ирене Фройнд. ✅2017 - Виталий и Надежда Бертрам, Хелена Кайм, Патимат Зайнулабидова, Владимир и Татьяна Янсон, Вальдемар Нэб и Мария Август, Валентина Гущина, Абдукодир Сатторов и Нигора Джабарова. ✅2016 - Эмма Поль, Юрий Блинов, Вальдемар Неб и Август Мария Шайыр Мамбетова, Минзифа Фадеева, Кристина Стороженко, Байсеит Орозалиев, Денис Иванов, Виктор и Любовь Вильман, Динар Наралиева, Гаджи и Жавгар Гаджиев, Равзат Абдулаева, Петра Вис, Нелли Дитц-Шпиц, Дильдекан Тоиалиева, Аксана Ибиева. ✅2015 - Наталия Пусташова, Евгения Новикова. ✅ 2014 - Елена Динеева, Магомед и Мадинат Ибрагимовы, Нина Шашукова, Светлана Пронько, Нина Царикович, Набиюлла и Гульнара Асельдеровы, Хадижа Исрапилова. 🙌🏻Именно благодаря таким Партнерам, Компания APL быстро взлетела и заняла лидирующие позиции на рынке МЛМ-индустрии уже в первые годы своего существования. ❓А у вас есть на груди золотой шмель? #apl #aplgo #ВСТУПИ_В_DIAMOND_FLIGHT (at Tiraspol) https://www.instagram.com/p/CAdc0ZvgIEM/?igshid=g84annvqxa8f
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2019/10/15/anna-ahmatovanyn-rekviem-poemasyn-shajloobek-d-jsheev-kyrgyzchalady/
Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын Шайлообек Дүйшеев кыргызчалады
Кыргыз адабиятында биринчи жолу!
ЫРАКМАТ!
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которуп бүткөнүн угуп, аябай сүйүнүп олтурам. Бул иш улуу акындын белгилүү саптарын которуудан башталып, анан киришкен ишин аягына чыкмайын жаны тынбаган дулдул Шакем татаал чыгарманы баса олтуруп которуп салды. Билгенге бул пил көтөргүс опол тоо эмгек. Анна Ахматованын акындык өнөрүнүн Кан-Теңир чокусундай алыстан көрүнүп турган, жаралашы кечээки тарых—акындын совет кезиндеги татаал, трагедиялуу турмушунан сызылып чыккан, жеке кайгы-касиретин доордун добушуна айлантып, көп катмарлуу, көп маанилүү, окуган адамдын ой-сезимин зылдай басып, өткөндү, учурду, келечекти кенен ойлонтуп салган чыгарма жаратып салган. Акындын кайгысы, трагедиясы аягында келип замандын ыйы, доордун азабы катары чыгат. Шакем ушул 196 саптын ичине камтылган татаал ойлорго чүмкүп, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анда айтылгандарды өзүнө жакын кабыл алып, “Реквиемге” күйүп-бышып, эмнеликтен адамдар бирин бири жок кылып, бирин бири кыйнап, канбайрамды салышат суроосуна башын оорутуп, кыйлага чүнчүдү. Кандайынан келгенде да кыргыз тилинин мындай улуу классикаларга “тиши” өтпөйт, мындайларга алы жетпейт деп бышкырык аткандарды таза мыш кылып, “Реквиемдин” кыргыз кыртышына өнүп, эне тилибизде эркин сүйлөп чыгышына опсуз мээнет сарптаган Шайлообек акынга ыракмат!
Бекташ ШАМШИЕВ, филология илимдеринин кандидаты
________________________
Анна А��МАТОВА
РЕКВИЕМ
(1935—1940)
Оронбодум алтын, күмүш, шайыга, Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим. Элим менен бирге болдум дайыма, Эл уу ичсе мен да кошо уу ичтим. 1961
КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Ежовщинанын каардуу жылдарында мен он жети ай бою Ленинграддын түрмөлөрүндө кезекте тургам. Ошондой күндөрдүн биринде кимдир бирөө мени бүшүркөп тааныды. Арт жагымда турган, ээриндери көгөрүп чыккан аял, албетте менин атымды өмүрүндө укпаса дагы, уйкудан ойгонуп кеткенсип серпилди да кулагыма акырын шыбырап (ал кезде баары эле шыбырап сүйлөп калышкан):
– А сиз ушуларды жаза аласызбы?-деп сурады.
Мен:
– Жаза алам, – дедим.
Ошондо, ал аялдын, ага дейре такыр эле күлкү жолобой качып калган жүзүндөкжылмаюуга окшогон бир нерсе пайда боло түштү.
1957-жыл, 1-апрель. Ленинград.
АРНОО
О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар? Бул азаптан тоо бүктөлүп, токтоп калды дайралар. Түрмөлөрдүн бирок бекем эшиги, А аржактан тиктейт көрдүн тешиги. Ким бирөөнүн шамал сылап жүзүнөн, Ким бирөөнүн түгөнүүдө кешиги. Биз баарыбыз тагдырлашпыз, азган-тозгон арыган, Солдаттардын зыл ташындай кадамы, Каалгалардын кайчылдаган үнү ачкыч кажыган. Кутпа жайлар көркоолукка көнүккөн, Кудурет да, Кудай дагы жөнүккөн. Купкуу болгон шаардын илкип карааны Аттап жылат жансыз жаткан өлүктөн.
Күн чүмкөнүп, Нева туман, думугат, Курган үмүт өчпөйт дале көңүлдөн. Өкүм… Дароо көз жаш куюлат, Түрмөдөн да, дүйнөдөн да бөлүнгөн. Бүт жашоону жүрөктөрдөн суургандай, Таштандыга таштаганы тургандай, Келет араң… Эптеп бузбай ыргагын, Кайда менин курбуларым, курганым, Кайда менин жинди болгон жылдарым? Не болду экен ызгаарында Сибирдин, Айды тыткан бороонунда иңирдин, «Кошкула!» деп айткан соңку сөздөрүм, Колуңарга тийер экен кимиңдин? Март 1940.
КИРИШҮҮ
Болгон, болгон, кандын жыты малаңдап, Ленинградда, түрмөлөрдүн ��чинде. Дарга асуучу жип-шуулары салаңдап, Өлүктөрдүн куунап-жыргап жүзүндө. Соолор такыр акыл-эстен айныган, Соттолгону солбуп келип токтогон. Коштошуунун чолок ырын каңгыган, Паровоздун кыйкырыгы коштогон. Так төбөмдө ажал турган жымыңдап, Эч айыпсыз өчүп Русь, өчүп Күн, Эч айыпсыз тепселүүдө кайгым да Канды кечкен таманында өтүктүн, Ыйды кечкен дөңгөлөктүн алдында.
I
Апкетишти үйдөн сени таңга жуук, Таштандыны апкеткендей андагы. Караңгыда балдар көзүн канга жууп, Калч-калч этип колдон түштү шам дагы. Унутулбайт! Унутулбайт эч качан! Чекеңдеги муздак тери ажалдын, Эрдиңдеги сууктун ызгаар илеби. Жалгыз уулу, жан эринен ажырап, Жолун тосуп асмандагы Кудайдын, Кремлди тиктеп алып улуп турган аялдардын иреңи. 1935. Күз. Москва
II
Агат жымжырт Тынч Дон күндөгү, Ай сапсары биздин үйдөгү. Шапкеси шаңсыз кыйшайган, Шайы кетип, алсыз кыйкайган. Сары санаа жеген, соолуткан, Ушул аял жалгыз, оорукчан. Эри көрдө, уулу түрмөдө, Эч жан жоктур мындай дүйнөдө. Маңги кылган маңыз түн күбө, Мага дуба кыла жүргүлө.
III
Жок, мен эмес, андан алысмын, Мен антелбайм, айтпа аларды. Чүпүрөктөп, чүмкөп салышсын, Апкетишсин Түндү, Фонарды.
IV
Энчилеткен эмес эч бирин, Эркеси эле үйдүн, короонун. Царскселолук шайыр селкинин Ким билиптир мындай болорун— Киргизалбай тамак-ашыңды, Кресттеги ыйлуу катыңды. Жаңы жылдын төктүң музуна Көзүңдөгү ысык жашыңды. Түрмөлөрдө улам жыгылып, Түнү бою ажал кыдырып. Үнсүз-сөзсүз, кылдай күнөөсүз, Канча өмүрлөр жатты кыйылып… 1938
V
Он жети ай мени сенделттиң, Оорумсуң, оюм, санаамсың. Бутун да өптүм желдеттин, Баламсың балам, балаамсың. Түрүүлөй басты жин-арам, Түйүнүн турам чечелбай. Кимиси жырткыч, ким адам, Өлүмдү күттүм кетелбай. Чиркөөдөн чыккан үндөрдүн, Түтүндүү изи түндөрдүн Кайдадыр каңгып агылат. Карегин менден албастан, Жакында болчу кырсыктын Жылдызы көзгө чагылат. 1939
VI
Апталар жеңил өтүүдө. Түшүнбөйм, эмне болгонун, Түрмөдө, сенде-- ойлорум. Агыш түн дагы кириптир, Акырын басып жүрүптүр. Шумкардын оттуу көзүнөн, Өзүңдү көрүп каралдым, Өлүмдү уктум сөзүнөн. 1939. Жаз
VII
ӨКҮМ
Кулагым угар сөз эле, Антээрин билгем булардын. Кулады таштай өзү эле, Мен бейбак дагы чыдармын.
Ансыз да ишим чачтан көп, Ак уруп азап тартпайын. Жалаасын камдап жаткан көп, Жашоомду кайра баштайын.
Чын эле... Күздүн табыбы, Ээлентти көңүл кушумду. Ээн үйдө Күндүн жарыгы, Мен күткөн майрам ушулбу? 1939. Күз. Фонтандуу Үй.
VIII
ӨЛҮМГӨ
Сен баары бир келмек элең—неге бүгүн кечиктиң? Айтчы күткөн оңой бекен өлүмдү? Шамды өчүрүп, ачып койдум эшикти, Келиш сага кеп эмес го кенедей, Кандай келсең дал ошондой кенебей, Жардырып кел снарядың ууланган, Же баш кесер бандит болуп келе бер, Же жомок бол каалагандай кууланган-- Жанды оозума тиштеп жатып өлөйүн, Сандалдагы саман өңү саргарган, Саткындардын кебетесин көрөйүн. Маган эми баары бир, Түндүк Уюл жылдызынын жарыгы, Енисейдин селдеп-ташып акканы. Ашыктардын арзуусунун жалыны, Ажал келип каректерин жапканы. 19-август 1939. Фонтандуу Үй
IX
Акылды каптап тунарык, Жанымдын жармы бөгөлдү. Шарапка тынбай сугарып, Мас кылып жатты өрөөндү.
Түшүнүп турам мен аган, Жеңилип бериш керегин. Өзүмдү угам деле анан, Башкага келет жөнөгүм.
Толтургум келип кемтемди, Жалбартсам дагы көзүмдү. Алдыртпай эч бир нерсемди, Апкетти жалгыз өзүмдү.
Азаптан жаны таш болгон, Уулумдун көзү каар элес. Добул да эмес, жаан эмес, Жолуга турган маал эмес.
X
БАТАЛГА
Не рыдай Мене, Мати, во гробе зрящия
1
Периштелер куунап-жыргайт, кубанат, Асманды отко жагып жатат будалап. Аласалып, аяк-башы көрүнбөй, Алай-дүлөй, акыр заман, кыямат.
2
Крест дагы, Ай да Жиндин күчүндө, Чиркөөлөр да, Мечиттер да түтүндө. Жер жалындап, ээрип, түгөп, аз-аздан Жексен болуп бара жатты бүтүндөй.
ЭПИЛОГ
1
Өмүр көрдүм күлдөй күбүп, тагдыр айдап экчелген, Үрөй учкан коркунучту шыбырашкан кептерден. Клинопистин барактарын таш чополуу дептерден, Кыйноолордун бырыштарын азап тарт��ан беттерден. Кышка жетпей кыроо баскан кара-күрөң чачтардан, Маркумдардын эрининен өлөрүндө жылмайып, Күлгөндөн да коркуп жатып кургаарына аз калган. Дуба кылдым жалгыз эле өзүмө эмес, дагы да, Мени менен күнү бою тургандардын баарына. Бурганактуу аязда да, жайдын кайнак күнүндө, Түрмөлөрдүн кызгылт, дүлөй дубалынын түбүндө.
2
Кирип келди аза күтүү сааты санап биерди, Көрүп турам, угуп турам, сезип турам силерди: Калт-калт этип терезеге араң жеткен сени да, Кара жерге кепини жок жалаң кеткен сени да, Сени дагы, күч-кубатты берсе экен деп түрүңө, Айттым эле: “Күндө келем, келген өңдүү үйүмө!” Баарыңарды атайт элем атыңардан кез келген, Жок кылыптыр тизмеңерди, табалбадым эч жерден. Шейит кеткен баарыңарга берсин орун жаннаттан, Кудай эми төрүңөрдү бейиш кылсын ал жактан. Мен силерди эстейм дайым, өлүм мени жеңсе да, Мен силерди унутпаймын, тозок кайра келсе да. Сөзсүз менин оозумду жаап, сүйлөтүшпөйт, тыйышат, Так ошондо жүз миллион эл кыйкырып чыгышат. Алар дагы башкалардай мени дагы эстешсин, Келген адам өлгөн күнү бүгүн тура деп кетсин. Качандыр бир бул өлкөдө ким бирөөлөр эскерип, Койсокпу деп ойлонушар мага балким эстелик. Коло менен тургузчулар же чекчүлөр таш менен, Макулдугум берет элем мына мындай шарт менен: Койбогула, мен төрөлгөн, көк деңиздин жанына: Кол үзгөмүн мен деңизден, көргөзбөгүн аны маа. Дагы болбойт сейил курган бакка алпарып бөлөсөң, Мени ал жерден таппай жүрөт издеп курган көлөкөм. А мында мен үч жүз сааттап шордуулардын кешигин, Алып келип күткөндө да ачкан эмес бирөө чыгып эшигин. Коркушсун деп кыйноолордон жаны оозуна көрүнгөн, Коркушсун деп колдоруна колгап кийген өлүмдөн. Унутсун деп, каны жерге агып жаткан жемпирдин, Ок жаңылган жырткычка окшоп улуганын кемпирдин. Мейли анда, кылымдарга кыймылдабас коло эстелик өң берсин, Карлар эрип аккан кези аялдардын аккан жашы өңдөнсүн. Түрмөлөрдөн учуп чыксын көгүчкөндөр алыстай, Нева менен сүзүп жүрсүн кеме, тыптынч, камыкпай.
1940, март Фонтандуу Үй
Кыргызчага которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, 14-октябрь, 2019-жыл, Таш-Дөбө айылы.
0 notes
Photo
_🌹🌼💝🎂🎉Гүлзин өздүк майрамың куттуу болсун! 😍 Сендей кыздар өтө аз, сулуусуң, акылдуусуң, адептүү, аракетчил, ыймандуу, эрктүү, адамгерчиликтүү, сыпайы, шайыр, татуу, айта берсе толтура жакшы сапаттарга ээсиң. Эч качан жүзүңдөн жылмайуу кетпесин. Сендей кызды тарбиялаган ата энеңе Жараткан узун өмүр берсин. 🧚🏼��♀ Ар бир өткөн жыл мурунку жылдан дагы да көбүрөөк ийгилик алып келсин. 🎓 Сыныф биринчиси гана болбостон баардык жерде алдыда бол. 👩🏼🏫 ИншаАллах баары сен ойлогондой болот, дайым максаттарың бийик болсун! 👩👧👧 Үй бүлөлүк бакыт да кем болбосун жашооңдо. 🌸 Сени тааныганым үчүн мутлуйум. 💐ийи ки варсын 🌺Ийи ки доодун. 🌹Сени чооооок севийорум. 🌷Кичинекейибиз😁 туулган күнүң куттуу болсун! ❤🎂_🎁🎉🎈 (Asia/Bishkek)
0 notes
Photo
Думаю многим пригодится . Сохраняйте. Дорогие друзья!!!! Мы, ждём вас 👉🏻 в нашем ИНТЕРНЕТ МАГАЗИНЕ Заказать легко, не выходя из дома 🏠 сидя на диване 🛋 БЫСТРАЯ ДОСТАВКА 🚚 📦 🔥👉🏻 Обязательно заходите и пользуйтесь с удовольствием 👉🏻 и в удовольствие 🙏 🧢 В шапке профиля нашего инстаграм есть активная ссылка #обоиактау #обои_актау #обоиактобе #обоиатырау #түсқағазақтау #түсқағаз #түсқағазжапсырамыз #кілемақтау #клеемобои #oboiaktau #oboi_aktau #aktau_insta #aktau7292 #aktau #aktauinsta #aktaugram #aktau_life #zhanaozen #fortshevchenko #shetpe #rixosaktau #akimatmangistau #mangistauaktau #mangistau_insta #taushykshubaty22 #шубат #шайыр #вседляремонта (at Актау Мангистау) https://www.instagram.com/p/CEsGUaisb3i/?igshid=1mz8qww3npv2k
#обоиактау#обои_актау#обоиактобе#обоиатырау#түсқағазақтау#түсқағаз#түсқағазжапсырамыз#кілемақтау#клеемобои#oboiaktau#oboi_aktau#aktau_insta#aktau7292#aktau#aktauinsta#aktaugram#aktau_life#zhanaozen#fortshevchenko#shetpe#rixosaktau#akimatmangistau#mangistauaktau#mangistau_insta#taushykshubaty22#шубат#шайыр#вседляремонта
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/19/zhamijla-povesti-tuuraluu-kyzyktuu-15-fakty-moskvada-zharalgan-kyrgyz-povesti/
"Жамийла" повести тууралуу кызыктуу 15 факты. Москвада жаралган кыргыз повести
Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести кыргыз адабиятчылары Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда “чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго бир тийген асыл заты”, Камбараалы Бобуловдун айтуусунда “сүйгүнчүктүү чыгармасы, көкүрөк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бард��к үнүн созуп ырдаган жаштык ыры”.
Мына ушул чыгарманын айланасында фактыларды жыйноого айтматовтаануучу, адабиятчы жана педагог Абдыкерим Муратов жардам берди.
Бүгүн “Жамийла” ошол повесть тууралуу 15 фактыны сунуштайбыз.
“Жамийла” Москвада жазылган.Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөн 1956-1958-жылдарда, Тверь саябанындагы батирде жашаган кезде бул шедевр чыгармасын жараткан.
Чыгарма кыргызча жазылган.Айтматов алгачкы аңгемелерин орусча жазып, орус тилиндеги басылмаларга чыгарып келсе, “Бетме-бет” жана ушул “Обон” повесттерин адегенде кыргызча жазган. Кийин кайра орусча жазууга өткөн.
Александр Твардовский аталышын оңдоп койгон. Жазуучу “Обон” повестинин орус тилиндеги вариантын Москвадагы “Новый мир” журналына алып барганда анын редактору “Джамийла” деп атын оңдоп, анан журналдын 1958-жылдагы №8 санына (3-32-беттер) чыгарган.
Адегенде “Обон” деген ат менен жарыяланган. Аны кыргызча “Ала-Тоо” журналы 1958-жылы №10 санына басып чыгарган. Чыгарманын аты Даниярдын Жамийлага август түнүндө ырдап берген ырынан улам ушундай аталган.
Мухтар Ауэзов ак жол каалаган. Ошол кезде СССРде эң кадырман казак жазуучусу Ауэзов 1958-жылы 23-октябрдагы “Литературная газетага” Айтматовго жана анын “Жамийласына” ак жол каалаган макаласын “В добрый путь” деген ат менен чыгарат.
Луи Арагон жогору баалаган. Ошол кезде жалпыга таанымал француз жазуучусу Арагон “Жамийла” повестин “Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян” деп атап, ал тууралуу макаласын 1959-жылы апрелде Парижден басып чыгарган.
Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири. “Повести гор и степей” деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку сыйлык – Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке орус тилинде жазылган “Кызыл жоолук жалжалым”, “Биринчи мугалим”, “Бото көз булак” деген чыгармалары менен бирге “Жамийла” повести да кирген. Бул сыйлык кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи жана акыркы жолу да ушул китепке бирилген. Ушул эле жылы ноябрь айынан тартып ушул китептин арты менен жазуучу Адабият жана искусство боюнча Лениндик сыйлыкты ыйгарып берүү комитетинин кура��ына кирген.
Повесттеги стилдик жаңылык. Окурмандар үчүн повестти күтүүсүз нерсе – бүт сюжеттин биринчи жак – өспүрүм бала Сейит тарабынан баяндалып берилиши эле, бул кыргыз адабияты үчүн жаңылык гана болбостон, ошондон кийин бул ыкманы көптөгөн жаш жазуучулар туурап чыккан.
“Жамийла” кинофильминен кадр
Кыргызстан Жазуучулар союзундагы ташбараң. 1959-жылы 16-январда Фрунзе шаарында Жазуучулар союзунда “Жамийла” повестинин тилине арналган партиялык талкуу жыйыны болуп, анда 23 адам чыгып сүйлөп, чыгарманын тилин талдоого караганда авторго “согушта жүргөн күйөөсүн таштап кеткен бузулган аял” тууралуу дооматтар айтылып, жаш жазуучуну келекелеп да, сындап да чыгышат. Эки гана “жаш бала” – кийинки белгилүү сынчылар Камбаралы Бобулов менен Кеңшбек Асаналиев повестти жана анын авторун коргоого алган.
Жазуучуну жер караткан чыгарма. Ошол жыйынды жазуучу кийин атактуу болгондо мындай эскерет: “Жамийла” повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи”… “…Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчылап да жиберди…” “…Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…”
Каармандардын прототиптери да бар. Бул тууралуу жазуучунун “Балалыгым” деген баянында мындай деп айтканын окуйбуз: “Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи – прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды. Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал Шекерден эмес, коңшу айыл көк-сайлык. Даниярдын прототиби эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит болчу. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды “өкмөттүн баласы” дешчү. Сол буту менен аксап басчу”. Андан ары жазуучу – бала Сейиттин прототиби алар качып кеткенден кийин артынан кууп барып, экөөнү станциядан таап алганын, кол кармашып кетип баратышканын, аларга жолугуп сүйлөшкөнүн, Карагыз энесинин эмне айтканын, алардын берген жообун да жазат.
Бул кара сөз эмес – ыр. “Жамийланы” талдаган адабиятчылар анын лиризмин жогору баалашты, лиро-романтикалык повесть дешти, өзгөчө “Август түнү” окуясын поэтикалык эпизод, прозадагы поэзия деп, чыгарманын бир дем менен окуларын өзгөчө белгилешти.
Бир айдын бестселлери. 2012-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести Улуу Британиянын эң ири Waterstones китеп сатуу тармагы тарабынан август айынын эң мыкты китеби катары табылган. “Жамийла” Айтматовду жана кыргыздарды, кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан чыгарма. Повесть орусча чыгары менен бүт дүйнө жүзүнө которула баштады, кыргыз деген эл бар экенин, Айтматов деген жазуучу чыкканын дүйнө окурмандары биле баштады, жазуучуга да зор канааттануу берди. Кыргыз адабиятынын дүйнөлүк аренадагы арымы дал ушул чыгарма менен башталды.
Данияр менен Жамийланын сүйүүсү көркөм өнөрдүн башка формаларында жашоосун улантты. Кинодо “Жамийла” деген фильмди 1969-жылы Поплавская тарткан. Оператору – Кадыржан Кыдыралиев. Жамийланын ролун Наталья Аринбасарова, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов, Сейиттин ролун Насредин Дубашев ойногон. Дагы бир фильм 1994-жылы Моника Теубер (Кыргызстан, Германия, АКШ) тарабынан тартылган. Театрда повесттин негизинде Нурмаханов инсценировка жазып, Абдыкалыков сахналаштырган. Операда 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында Раухвергер музыкасын жазган “Жамийла” операсы ушул повестин негизинде коюлган. Музыкада казак композитору Илья Жакановдун “Даниярдын ыры”, “Жамийланын ыры”, Бек Борбиевдин “Жамийла” деген обондору ырдалып жүрөт.
Жамийла менен Даниярдын кийинки жашоосу уланып жатат.Каармандардын повесттен чекити коюлгандан кийинки тагдыры тууралуу да чыгармалар жазылды. Мурзапар Үсөн “Сейит” деген повестинде (“Ала-Тоо” журналы, 2016, №10) Москвадан санавиация менен Казакстанга келген Сейиттин ал жерден Данияр менен Жамийлага жолугуусу баяндалат.
Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, 12.08.2017-ж.
0 notes