#Жусуп Мамай
Explore tagged Tumblr posts
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/05/04/zh-s-p-mamaj-ajtymy-zhana-balbaj-mamajdyn-kol-zhazmasy-zh-n-nd/
Жүсүп Мамай айтымы жана Балбай Мамайдын кол жазмасы жөнүндө
Tumblr media
Жүсүп Мамай айтымын изилдөөнү тереңдетүүдө, биз көбүрөөк Балбай Мамай уулун жана анын кол жазмасын изилдөөнү башкы орунга койсок, «Манастын» түбүн түптөй алабыз. Себеби, «Манастын» 8 бөлүмдүү (сегиз урпак) экенин Балбай Мамай уулу биринчилерден болуп тастыктап, таанып чыккан киши болуп эсептелет. Мындай билимдүү адамга 8 урпактуу «Манастын» айтымы (вариянти) жолукпаса, тигил кийинки 5 бөлүмүн «башка жомоктор экен» деп кол шилтеп жүрүп кетер элек да, бүгүнкү бизге дүйнө боюнча эң толук «Манас» жетмек эмес. Ошого, Балбай Мамайды «жазып алуучу» ката��ы гана тааныбай, «Манас таануу» илиминин, «Манас» маданиятынын эң алдынкы кишиси катары карап, Балбай Мамай уулунун Манасчылыгы, «Манас» таануусу боюнча атайын изилдөөлөр алып барылышы керек. Болуп дагы, быйыл Балбай Мамай уулу сыяктуу «Манас» таануучулардын демилгеси менен, 1917-жылы какшаал өрөөнүндө уюштурган эл аралык «Манас» айтуу чогулушуна жана Балбай Мамай уулу «Манасты» кагаз бетине түшүрө баштаганына шарттуу «100 жылы» деп белгилөөнүн илимий маңызы зор.
Балбай Мамай уулу Жүсүптү чоң жомокчулукка түз жетектеген бир тууган акеси. 1892-жылы туулган, 1937-жылы чагуу менен камалып, 1941- жылы кашкарда абактыда дүйнөдөн өткөн (Мукаш Жүсүп уулунун дептеринен). Балбай Мамай уулу өз кезинде, бир академия жасай турган ишти жасап, «Манастын» көлөмүн белгилеп, болжол менен, «Манасты» кагаз бетине 1910-жылдары эле түшүрө баштаган, эң алгачкы «Манас» жазып алуучу болгон. Ал алды- кийин Жүсүбакун Апайдан «Манастын» алдынкы үч бөлүгүн (1910~1917-) жазып алган. Кийин, Ибирайим Акылбек уулунан кийинки 5 бөлүгүн (1917-1926-жылдар аралыгы) жана Сагымбай Орозбаковдон (1916~1917-жылдыр) «Манасты» кагаз бетине түшүргөн. Тактап айтканда, Балбай Мамай уулу «Манасты» куткарып, аны иниси Жүсүп аркылуу бизге улап жеткирген киши болгон. Чоң жомокчу Жүсүп Мамайдын айтымын илим салаасына тереңдей алып кирүүдө, алдынкы шарты катары, көбүрөөк Балбай Мамай уулун изилдөөнүн илимий ажаты бар.
Менимче, Балбай Мамай уулун изилдөөнүн эки чоң түйүнү турат: биринчисы, ал кишинин «Манас таануу» жагындагы сырларын, болуп да «Манасты» чогултуу аракеттери, «Манастын» көлөмүн белгилөөдөгү чоң билими сыяктууларды чоң түйүн катары чечүү керек; экинчиси, Балбай Мамай уулунун «Манасты» жазып алуу жүрүшүн, кимдерден, качан, кайсы тамгалар (жазуу) менен жазып алганын тактоо, ал тургай, ошол кездин өзүндө (1910-жылдары), кагазды кайдан алды, кандай кагаз колдонду, сыя- калем дегендер кандай болгон? Орфографиялык жазуусу, жазуу истили, колдонгон тили (адабий тилби?), жазып алууга сарпталган убакытты билүү илим үчүн эң зарыл болуп, кадиресе, кыргыздын тил- жазуу колдонуу тарыхын билүүдө жакшы маалымат алмакпыз. Азырдын өзүндө, 8 бөлүмдүү «Манасты» басмадан чыгарганда 7 килогирам кагаз керектелген турса, аны кагазга түшүрүүдө, кем дегенде бир көтөрүм кагаз сарпталат. Ушул жагын бир түйүн катары чечүү керек.
Менин бул макалам, Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө ээ болгон маалыматтарга таянып, аталган кол жазманын жөн-жайын чубап көрмөк.
Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө, Биздин бүгүнкү күндөгү ишенимдүү ��аалыматыбыз: «Балбайдын кол жазмасын 1937-жылы Жусубакун деген алып кеткен» деген чоң жомокчу Жүсүп Мамай айтканы болуп турат. Бирок, «алып кеткен» деген сөз ал жер бетинен жоголгон, же өрттөлгөн деген сөз эмес экенин кийинки изилдөөбүз ырастап, Балбайдын «алып кеткен» деген ал кол жазмасы эл ичинде сакталып жүргөдүгүн төмөнкү эки далил менен көрсөтө алабыз.
  1. Балбай Мамай уулунун кол жазмасы 1960- жылдын соңуна чейин какшаал эл ичинде колдон колго көчүрүлүп жүргөн.
Жүйөсү. Cүйүндүк аттуу «Манас» күйөрмөнү 1992-жылы тогуздун айынын 11- күнү бир барча каты менен, бир кол жазма дептерди менин бөлмөмдүн каалгасынын астынан сойлотуп жибериптир. Көрсөм, Ал катында мындай баян жазылган: «колуңарга тапшырган «Манастын» «Эр Сейит» бөлүгү Манастын уулу Семетей, Семетейден Сейитек, Сейитектен Кененим, Кененимден Сейит болуп Манастын 5- тукуму, андан кийин Бокбача, Жокбача дегендер болгон дейт. Бул кол жазма (китеп) 30- жылдарда кыргызстандын жазуусунда жазылган (басылган) жазмадан 1965-жылдан 1969- жылга чейин Ак-Чий оодан Кара-Чий айылынан Токтобай көчүргөн. Түпкү жазманы 1966-жылы жана 1969-жылдары эки жолу «жумушчулар кызмат гуруппасы», «арбийлер кы- змат гуруппасы» дегендер үйүбүздү оодарып таап алып өрттөгөн. Бирок көчүрүлгөн нускасы Кара-Чийде Токтобай, Ак-Талаада Сарыбай, Үрөөнчүлүк фермада Орозакун сыяктуу үч киши жагынан кайрадан көчүрүлүп жазылып, бүт Ак-Чийде тарап жүргөн. Ал кол жазмалар чогултулуп болгон чыгар. …мен колумдагы «Эр Сейит» бөлүгүн сиздерге тартуу кылайын. Бул нуска 1975-жылдан 1978-жылга чейин Токтобай көчүрөн нуска, анын алды- аркасы бар эле, аларды кимге бергенин билбейим. Муну да жоготуп албасын деп мен 1979-жылы алып алган элем. Мен да көп жолу муну колдон чыгарып салып, зорго кайра таптым. Колумдагы бул нускадан кийинкиси үйдө (Ак-Чийде) бар болчу эле. Издеп таап калсам силерге жиберип берем. Эскертүү, бул кол жазма 19 бап, 8900 сап болуп, 99 пайыз ишенимдүү, пайдаланышыңыздарды сурап, сиздерге ийгилик каалап, Cүйүндүк» деген мазмундагы кат экен (колумда турат), Бул кол жазма 1978- жылы жазылып бүткөнүн эскертип Орозакун кол койгон. Ушул Cүйүндүктүн маалыматына ишенгенде, Балбайдын кол жазмасы Жүсүп Мамайдын үйүнөн 1937-жылдары тери жагданы менен алынып кетилгени менен, Какшаал өрөөнүндө дагы башка бирөөнүн үйүндө сакталып жүрүп, 1966-жылы анан түп нуска чыныгы өрттөлүп, бирок көчүрмөлөрү ушул күндүн өзүндө да Какшаал өрөөнүндө бар экенине ишендирет. Анын далили катары, колубузда «көчүрдүк» деген ат менен богалтырлик дептерге жазган «Эр Сейит» толугу менен турат. Ал эми эскертээр нерсе, Сүйүндүк катында айткан: «1930- жылдары Кыргызстандан келген (чыккан) китептен көчүрдүк, түп нускасы үйүбүздө бар эле…» дегендери ошол эле Балбайдын «алып кетти» деген кол жазмалары бул өрөөндө, эл ичинде тарап жүргөнүн айтып турат. Себеби, кыргызстанда, 1930- жылдарда «Эр Сейит» аты менен, кадыресе «Манас» жомогунун кийинки бөлүмдөрү араб тамгасы менен кагаз бетине түшкөн эмес (Жапыйдын уулу Тыныбектин 1925-жылы басмадан чыккан «Семетейи» болгондон бөлөк). Сүйүндүктүн маалыматында, бул кийинки 5 бөлүм эл ичинде кол жазма менен тараганын туюнтуп ту- рат. Ал Сүйүндүк кат жазган 1992-жылдары Жүсүп Мамай айтуусундагы «Сейитим, Сейит», «Кененим» бөлүктөрү басмадан чыга элек болчу. Ал «Эр Сейитти» көчүрүп жазган жылы 1975-жылы болгондо, алардын колунда Жүсүп Мамайдын азыркы айткан бөлүмдөрү такыр эле болбостук керек. Айтарым, биз Балбайдын кол жазмасын ушул күндө да эл ичинен издесек, натыйжа чыгарына ишенип, кийинки кездерде сурамжалоону уланттык, жогоруда аты аталган көчүрүп алуучулардын барлары менен жолуктук. Бирок алар Ж. Мамайдын айтымы басмадан чыгып болду, эми кереги жок деп таштагандарын, жоготкондорун айтышты.
Tumblr media
Сүрөт: «Эр Сейиттин» 1978-жылкы көчүрүлгөн кол жазмасы
    2. Балбай Мамай уулунун кол жазмасынын нускасы азыр да бар
Жүйөсү. Кытайда, 1964- жылы «Манас» кызматына мамлекет жагынан уюштурган жетекчилик группасынын башчысы, Кытай мамлекеттик элдик адабиятчылар коомунун илимий кызматкери Тав Яң мырзанын 2010-жылы басмадан чыккан кытайча «Манас кызмат эстеликтеринде», 1965-жылы тогуздун айынын 13-күнкү Жүсүп Мамайдан Тав Яң мырза Балбайдын кол жазмасынын жөн- жайын сураганда, Жүсүп Мамай мындай айтканын ал эстелигине жазган: «агам жалпы ушундай 38 дептерге жазган экен. Ар бир дептер 100 беттен, бир бетине үч кертимден (стондон), бир кертими 69 саптан жазылган. Ошондо, жалпы 3800 бет дептерге 262 миң 200 сап «Манас» текистин түшүргөн болот». Бул маалымат Балбай Мамай уулунун «Манас» эпосун кагаз бетине түшүргөн жалпы кызматы Болгон.
Тав Яң мырза ошол күнү, Балбай Мамай уулунун кол жазмасынан бир дептерди өз көзү менен көргөнүн, аны Жүсүп Мамай «Какшаалда бир үйдөн көрүп, катып жөрдүм эле» деп Тав Яң мырзага тапшырган, ал кол жазма дептерди Тав Яң мырза ошол жолку «Манас» жазып алуу тобунун орун басар башчысы, Жүсүп Мамайды биринчи тапкан, «Манасты» кытай тилине которууга катышкан Лию Фажүнгө тапшырганын жазган. Мен аталган дептерди, 1991-жылы Үрүмчү шаарында ачылган «Манас изилдөөнүн мамлекеттик талкуу жыйынында» көргөзмөгө койгондо көргөн элем. Аталган дептер ШУАР элдик адабият коомунун кол жазмалар фондунда сакталуу болушу керек. Бул дептер ��албай Мамай уулунун кол жазмасынын түп нускасына өкүлдүк кылат.
Жүсүп Мамайдын «Манас» айтымы Балбайдын жогоруда атаган 38 дептерге жазган кол жазмасынан жаттап, өздөштүргөн (1926-жылдан 1940-жылга чейинки мезгилде). Муну Жүсүп Мамай 1993-жылы баш оонанын 24-күнкү Жапондук илимпоз Нашыю Такию менен өткөзгөн маегинде: «агам Балбай Жусубакун Апайды устат кармап, андан «Манастын» үч бөлүмүн жазып алган, калган кийинки бөлүмүн Ибираимдан жазып алган экен» деген сөзү менен ырастоого болот.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, КНР «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору, филологиа илимдеринин доктору.
  Байланыш:
Add: КЭР Үрүмчү шаары ШУАР улуттар тил- жазуу комитети
Телефон: +86- 13579421052
QQ байланыш: [email protected]
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/06/karl-rajhl-germaniyalyk-chygaan-manas-taanuuchu-zhana-epos-izild-ch/
Карл Райхл: Германиялык чыгаан манас таануучу жана эпос изилдөөчү
Tumblr media
Жогорудагы сүрөттө Карл Райхл кесиптеши Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүндө. Бээжин. 22.10.2015.
Заманабыздын мээнеткеч жана ар тараптуу иликтөө жүргүзгөн аалымдарынын бири – немис окумуштуусу, манас таануучу Карл Райхл жөнүндө азыноолак сөз.
Профессор Райхлдын ишмердиги – илимпоздук күрөштүн символу
Германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору Карл Райхл (немисче: Karl Reichl) 1943-жылы 4-июлда Германиянын Бавария жергесиндеги Вайден (Weiden) шаарында жарык дүйнөгө келген.
Ал 1963-68-жылдары Мүнхендеги (Германия) жана Монпеллье шаарындагы (Франция) университеттерде англис жана роман филологиясы ажистиги боюнча таалим алган.
1968-жылы англис жана француз тилдери боюнча мамлекеттик сынактар т��пшырган.
1968-1970-жылдары Кэмбриж университетине (University of Cambridge) караштуу Магдален коллежинде (Magdalene College) илимий багытта окуган.
1971-жылы Мүнхен шаарындагы Мүнхен университетинде Орто кылымдар жаатында докторлук диссертациясын коргоп, философия доктору (Ph.D.) даражасын алган жана анын орто кылымдардагы Англиядагы диний поэзияга арналган бул диссертациясы 1973-жылы Мүнхенде жарык көргөн.
Професссор Райхлдын бейнесин толук элестетүү үчүн илимпоз катары гана эмес, жогорку окуу жайларда педагог катары да ырааттуу жүргүзгөн иш-аракетин көңүлдө тутуубуз абзел.
Ал 1971-1977-жылдары Мүнхен университетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштеди.
Ал эми 1977-жылы ал философия доктору (Dr. phil. habil.) жана профессор даражасы үчүн тил илими тармагында “Түрдүк грамматика жана сөз калыптанышы” (Professorial thesis in linguistics: Categorial Grammar and Word-Formation) темасында диссертациясын жактаган жана бул диссертация Түбинген (Tübingen) шаарында 1982-жылы жарык көргөн.
Карл Райхл 1977-1978-жылдары Бохум (Bochum) университетинде доцент болуп иштеди.
Ал эми 1978-2008-жылдары ал Бонн университетине (the University of Bonn) караштуу Англистика, американистика жана келтология институтунда Орто кылымдар адабияты жана тарыхый тил таануу адистиги боюн��а толук профессор кызматын аркалады.
Ардагерлик кезең профессор Райхлдын илимий-педагогдук ишине тоскоолдук кылган жок. Ал 2008-жылдан тартып Ардагер профессор (Professor Emeritus) даражасында өзүнүн илимий-чыгармачыл иштерин дагы эле жемиштүү улантууда.
Профессор Райхлдын илимий жана илимий-педагогдук ишмердиги камтылган айрым кызматтарын санап өтөлүк:
Карл Райхл 1978-жылдан тартып Бонн университетинде (ротациялык тартипте) кафедра башчысы, декандын чет өлкөлүк студенттер үчүн жооптуу орун басары, ар кыл комиссиялардын мүчөсү, Орто кылымдар борборунун катчысы сыяктуу иштерди аркалады.
Ал 1978-88-жылдары Бонн университетинде Борбордук Азия боюнча атайын Иликтөө Тобунун (Sonderforschungsbereich) шерик мүчөсү болду.
Ал эми 1995-жылдан тартып ал Каракалпакстандын борборундагы Бердах атындагы Нөкис мамлекеттик университетинин ардактуу профессору кызматын аркалап келет.
Профессор Райхл 1999-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия Илимдер академиясынын мүчөсү, 2010-жылдан тартып КЭРдин борбору Бээжиндеги Кытай Коомдук илимдер академиясына караштуу Этностук адабият институтунун илимий кеңешчиси болду.
Чет мамлекеттердеги дарстары да Карл Райхлдын шакирттери ар башка өлкөлөргө чачырагандыгын айгинелейт.
Мисалы, 1990-жылы Карл Райхл АКШнын Гарвард университетине (Harvard University) караштуу Салыштырма адабият факултетинде жана Жакынкы Чыгыш тилдери жана цивилизациялары факултетинде чакырылган профессор (Visiting Professor) болду.
Ал эми 1995-жылы ал Франциянын Париж шаарындагы Жогорку иликтөөлөр боюнча тажрыйбалык мектепте (École Pratique des Hautes Études) чакырылган профессор болду.
Профессор Райхл 2007-жылы Израилдеги Иерусалим Жөөт университетинде (the Hebrew University of Jerusalem) Ислам таануу жана Ортоңку Чыгыш таануу факултетинде чакырылган профессор болду.
2009-жылы болсо ал Иерусалим Жөөт университетинде Салыштырма адабият факултетинде чакырылган профессор болуп иштеди.
2011-жылы профессор Райхл АКШдагы Мэдисон шаарындагы Висконсин университетинде (the University of Wisconsin) англис тил факултетинде чакырылган профессор жана Гуманитардык билимдер боюнча изилдөө институтунун илимий кызматкери (Fellow of the Institute for Research in the Humanities) болуп иш жүргүздү.
  Түркология жана түрк дастандарын изилдөө
Түрк тилдериндеги фолклордук мурасты жана адабиятты иликтөө – профессор Райхлдын чыгармачыл ишмердигинин басымдуу бөлүгүн өзүнө алган тармак. Тактап айтсак, профессор Карл Райхл түрк, өзбек, уйгур, каракалпак, казак, кыргыз, түркмөн ж.б. тилдерди үйрөнгөн түрколог адис. Ал фарсы тилин да өздөштүргөн.
Профессор К.Райхлдын эмгектеринин бир катары түрк калктарынын оозеки адабий чыгармачылыгын, эпосторун жана чакан дастандарын иликтөөгө жана алардын айрымдарын кыргыз, өзбек, каракалпак, түркмөн, казак жана уйгур тилдеринен батыш европалык тилдерге (немис, англис) которууга байланыштуу болду.
Анын өзүнүн ушул саптардын ээсине 2017-жылы 8-апрелде жазган катына караганда, ал оболу өзбек тилин үйрөнгөн жана өзбек эл жомокторунун өрнөктөрүн которгон (бул котормо 1978-жылы Бохумда жарык көргөн). 1982-жылы болсо профессор К.Райхл түркмөн эл жомокторун которуп жарыялады. 1985-жылы ал которгон каракалпак эл жомоктору да басмадан чыкты.
1981-жылы Карл Райхл совет-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында Өзбекстанда илимий сапарда болгон эле. Ал Ташкен шаарында Өзбекстан Илимдер академиясынын Адабият институтундагы Фолклор таануу бөлүмүндө профессор Төрө Мирзаевдин илимий жетекчилиги астында иштеди. Андан соң ал Нөкис шаарында Өзбекстан ИАсынын Каракалпак бөлүмүндө профессор Кабул Максетовдун илимий жетекчилиги астында изилдөөлөр жүргүздү.
Бул сапары маалында Карл Райхл өзбек жана каракалпак тилдеринде айрым фолклордук чыгармалардын үзүндүлөрүн жандуу аткарып жаткан учурунда үн жазгычка жазып алган.
Кийинчерээк ал өзбек элинин эки дастанын немисчеге которуп жарыялады (“Равшан” дастаны, 1985; “Алпамыш” дастаны, 2001).
Ошондой эле профессор К.Райхл каракалпак тилинен англис тилине “Эдиге” дастанын которуп, 2007-жылы жарыялаган. Бул дастанды Райхл мырза өзү 1981-жылы алгач жолуккан бир каракалпак дастанчыдан үн жаздыргычка жазып алганын белгилей кетелик.
  Манас таануу
Кыргыз таануучулар профессор Карл Райхл��а манас таануудагы салымдары үчүн өзгөчө ыраазы. Анын өмүр жолуна кылчайсак, Карл Райхл Мүнхен университетинде окуган студент чагында эле кыргыз элинин “Манас” эпосунун Вилгелм Радлофф жазып алган вариантын окуп чыккан. Демек, студент кезинен эле Карл Райхл агайыбыз манас таануу тармагына кызыгып калган экен.
Айтмакчы, 1985-жылы ал кытай-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында алгачкы ��рет Шинжаңга илимий саякат жасайт. Ошол эле жылы ал Кытайдагы түрк тилдүү калктардын жомокторунун бир томдугун өз котормосунда жарыялаган. Алардын арасында кыргыз эл жомоктору да бардыгын белгилей кетелик.
Дал ошол 1985-жылы Карл Райхл алгачкы жолу кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы, Кыргыз Республиксынын Баатыры Жусуп Мамай (1918‑2014) менен кезиккен.
XXI кылымдын башында Кытайдын Шинжаң аймагындагы “Манас” изилдөө борбору жана башка илимий институттар профессор Карл Райхлга кайрылып, “Манас” дастанынын Жусуп Мамайдын айтуусудагы вариантын кыргыз тилинен англис жана немис тилдерине которуу өтүнүчүн билдиришкен. Бул жөнүндө бизге Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун тастыктап айтты.
Бул өтүнүчкө ылайык, профессор Карл Райхл “Манас” дастанынын Жусуп Мамай айткан вариантынын үзүндүлөрүн англис жана немис тилдерине которуп, чет-четинен жарыялап келет. Буга чейин кыргыз жана немис тилдеринде бир том (2014) жана кыргыз жана англис тилдеринде эки том (2014, 2015) жарык көрдү.
Профессор Райхл Ала-Тоого да бир нече ирет келген. 1995-жылы ал “Манас” дастанынын шарттуу 1000 жылдык мааракесине катышуу үчүн расмий герман делегациясынын курамында Кыргызстанга келип, мааракелик чараларга катышкан.
1999-жылы ал ЮНЕСКО уюштурган “Борбордук Азиядагы тынчтык жана дин” конференциясына (Бишкек) катышкан. Ошол эле жылы Карл Райхл “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык бирикмесин уюштуруу чараларына катышуу үчүн Бишкекке дагы бир жолу келген. Бул уюмга Бексултан Жакиев президент болуп, К.Райхл вице-президенттердин бири болуп шайланган.
Профессор Карл Райхл дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдө 200дөн ашуун эмгектерин жарыялады. Анын ичинде “Манас” дастаны жаатындагы макалалары Кыргызстанда да илимий жыйнактарда жарык көргөн.
  Унутулгус жолугушуулар
Профессор Карл Райхл 2013-жылы 15-ноябрда Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйынга (Бишкек) катышкан жана ачылыш отурумда “Көөнө Кыргыз тарыхы тууралуу жобо манасчы Жүсүп Мамайдын варианты боюнча” (The Concept of Early Kyrgyz History According to the Manaschy Jüsüp Mamay) деген темада баяндама жасаган.
Бишкектеги илимий жыйын аяктаган соң, ноябрдын суук, бирок илимий шеринеден кийинки жагымдуу маанайга кошул-ташыл болгон ажайып күнүндө Ала-Арча капчыгайына бардык. Андан соң кечкурун биздин үйдө баарлашт��к. Коноктор кетээрде профессор Карл Райхл аксакал катары үй ээсине жана меймандарга кыргызча таптаза сүйлөп, ак бата бергендиги бизди да, дасторкон четиндеги казак, кыргыз конокторду да маашырлантты.
Урматтуу манас таануучу агайыбыз Райхл менен биз 2015-жылы 20-21-октябрда Бээжинде да жолугушуп, “Кытайдагы уйгурлардын дастандарына арналган эл аралык симпозиумга катыштык.
Жыйын аяктаган соң, 22-октябрда профессор Райхл, жапон манас таануучусу Такао Нишиваки, кытайлык кыргыз тарыхчысы Ысакбек Бейшенбек менен чогуу кытайлык даңазалуу окумуштуу, кыргыз таануучу, манас таануучу жана дунган таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүнө бардык.
Мага алар менен заманбап манас таануу көйгөйлөрү жаатында узакка чейин баарлашуу насип болгонуна канааттанам. Дал ушул жолугушууда манас таануу маселелери бардыгыбызды ширелткен көрүнбөс алтын жипке тете экенин сездим.
  Шакирттери көп аалым
Профессор Карл Райхл таанымал кыргыз таануучу Гундула Салктын Кытай жергесине алгачкы илимий сапарга чыгуусуна жана Кытайдагы кыргыз таануучулар менен таанышуусуна данакер болгонун Гундула айым ыраазылы�� менен айтканы эсте.
Ал кездеги жаш окумуштуулар Гундула Салк менен Мамбеттурду Мамбетакун1996-жылы Түндүк Кытайдын Манчжурия аймагындагы Хэйлуңжаң вилайетинде байырлаган фу-йү кыргыздарына илимий саякат менен барып, фу-йү кыргыздарынын тили жана этнографиясы менен байланыштуу англис тилинде баалуу эмгек жарыялашкан (Turdu, Mambet; Gundula Salk: «The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China». In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296).
Келээрки (2018-) жылы 4-июлда профессор Карл Райхлдын 75 жылдык мааракеси, Теңир жалгаса, Кыргызстандын жана КЭРдин илимий коомчулугу тарабынан кеңири белгиленет деп ишенебиз.
Немис элинин чыгаан манас таануучусу жана “Манас” дастанынын котормочусу Ала-Тоодо да арзып күткөн сый конок.
Германияда да, Кыргызстанда да, Кытайда да анын шакирттери арбын.
  Професссор Карл Райхл жарыялаган эмгектердин кыскача тизмеси:
Religiöse Dichtung im englischen Hochmittelalter. Untersuchung und Edition der Handschrift B.14.39 des Trinity College in Cambridge. [Religious poetry in the Late Middle Ages in England. Analysis and edition of MS B.14.39 of the Trinity College in Cambridge.] München, 1973.
“Tractatus de Grammatica”. Eine fälschlich Robert Grosseteste zugeschriebene spekulative Grammatik. Edition und Kommentar. [“Tractatus de Grammatica”: A speculative grammar erroneously ascribed to Robert Grosseteste. Edition and commentary.] München, 1976.
(Ed. with Walter Sauer) A Concordance to Six Middle English Tail Rhyme Romances. Frankfurt a. M., 1993.
(Ed. with Joseph Harris) Prosimetrum: Crosscultural Perspectives on Narrative in Prose and Verse. Cambridge, 1997.
Spielmannsidiom, Dialektmischung und Kunstsprache in der mittelenglischen volkstümlichen Epik. Nordrhein-Westfälische Akademie der Wissenschaften. Geisteswissenschaften. Vorträge G 383. Paderborn, 2002.
Die Anfänge der mittelenglischen weltlichen Lyrik: Text, Musik, Kontext. [The beginnings of the Middle English secular lyrics.] Paderborn, 2005. [English translation publ. in 2011]
Musik und Spiritualität im englischen Psalter des spätmittelenglischen Mystikers Richard Rolle. [Music and spirituality in the English Psalter of the late Middle English mystic Richard Rolle.] Paderborn, 2012.
(Ed.) Medieval Oral Literature. De Gruyter Lexikon. Berlin, 2012 [pb. 2016].
Тил илимине байланыштуу эмгектери
Categorial Grammar and Word-Formation: The De-adjectival Abstract Noun in English. Tübingen, 1982.
Englische Sprachwissenschaft. Eine Bibliographie. [English linguistics. A bibliography.] Berlin, 1993.
Оозеки адабият. Түрк тилдериндеги акындар поэзиясы
Usbekische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.
Türkmenische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Türkmen folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.
Karakalpakische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1985.
Rawšan. Ein usbekisches mündliches Epos. [Ravshan. An Uzbek oral epic.] Wiesbaden, 1985.
Märchen aus Sinkiang. Überlieferungen der Turkvölker Chinas. [Folktales from Xinjiang. Traditions of the Turkic peoples of China.] Köln, 1986.
Turkic Oral Epic Poetry. Traditions, Forms, Poetic Structure. The Albert Bates Lord Studies in Oral Tradition 7. New York, 1992. (Turkish translation Ankara, 2002, Russian translation Moscow, 2008; Chinese translation Beijing, 2011.)
(Ed.) The Oral Epic: Performance and Music. Berlin, 2000.
Singing the Past: Turkic and Medieval Heroic Poetry. Ithaca, NY, 2000.
Das usbekische Heldenepos Alpomish: Einführung, Text, Übersetzung. [The Uzbek heroic epic Alpomish: Introduction, text, translation.] Wiesbaden, 2001.
Edige. A Karakalpak Oral Epic as Performed by Jumabay Bazarov. Helsinki, 2007.
Manas in der Version von Jüsüp Mamay. Übersetzt von Karl Reichl. Bd. 1. Publikationen des Xinjiang “Manas” Forschungszentrums 5. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.
Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 1. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.
Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 2. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2015.
The Concept Of Early Kyrgyz History According To The Manaschy Jüsüp Mamay // Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын жыйнагы: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), ж.б. — Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2014. — “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – Б. 47-53.
Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 17.05.2017-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/04/28/izden-rn-g-bolgon-zalkar-kalemger-ke-esh-zhusupovdun-80-zhyldygyna/
Изденүү өрнөгү болгон залкар калемгер (Кеңеш Жусуповдун 80 жылдыгына)
Tumblr media
Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин ээси Кеңеш Жусупов үстүбүздөгү жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө 80ге чыкты. Анын торколуу тоюна арналган атайын коомдук жыйын шейшембиде, чын курандын 25инде, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү.
Миң кырлуу багытты багынтууда
Заманбап кыргыз адабиятында жазуучу Кеңеш Жусуповдун салымын бир сап менен баалап-чагылдырууга эч мүмкүн эмес.
Сыртынан караганда өтө жоош, өтө карапайым, кичи пейил, эч ким менен кайым айтышпаган бул калемгер, иш жүзүндө, кылымдар бою топтолуп, бууракандап келген кыргыз деминин кубатына толукшуп, калеми аркылуу тынымсыз козголоңчу жана мээнеткеч атуул катары элине кызмат кылып келет.
Бул күч жана касиет – улуу жомокчулар, дастанчылар, төкмөлөр, жазгыч калемгерлер жана кеменгер ойчулдар сыйдырган кудуреттин жаңыча улантылышы.
  Манас таануучу
“Манас” дастанынын кара сөз түрүндөгү кыска вариантын жаратып, Кеңеш агай жатык тил аркылуу бул залкар эпостун мазмунун кеңири окурмандар катмарын�� жеткире алды. Бул кара сөз вариант дүйнөнүн жети тилине которулган.
Индиялыктардын “Махабхарата”, “Рамаяна” дастандары жана гректердин Гомер калтырган “Илиада”, “Одиссея” дастандары дүйнө калктарына көбүнесе толук оригиналы аркылуу эмес, жеңилдетилген баяндар аркылуу көбүрөөк таркагандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан дүйнөнүн чар тарабын кезген жана айдыңдык тажрыйбага сугарылган Кеңеш агайдын “Манас” дастанын даңазалоого багытталган жогорудагы эмгеги көркөм дүйнөнүн башка өкүлдөрү (киночулар, драматургдар ж.б.) үчүн да өрнөк.
Tumblr media
Жазуучу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж.
Тыныбек, Сагынбай, Сайакбай, ��усуп Мамай ж.б. айткан варианттарды дүйнөнүн ар кыл тилдерине которуу менен чектелбестен, Теодор Герцендин гравюралары, бедизчилердин чыгармалары, Мелис Убукеев, Нурбек Эген сыяктуу киночулардын эмгектери, Кеңеш Жусуповдун жана анын досу Ашым Жакыпбековдун кара сөз бермети аркылуу тааныштырган варианттары, Самар Мусаевдин чакан илимий этюду, манас таануучулардын изилдөөлөрү аркылуу да бул улуу жомоктун дүйнөгө маалым болушунун чектерин кеңейтүү иши жүзөгө ашырылууда.
  Кыргыз таануучу
“Кыргыздар” көп томдугун жарыкка чыгаруу аркылуу Кеңеш агай миңдеген ата-бабалардын арбагы ыраазы болгондой милдетти аркалап келет. Анда жалпы Евразиянын кеңирсиген мейкиндигине чачылган тарыхый кыргыз этносунун дээрлик бардык чөлкөмдөрү жөнүндөгү тарыхый булактар, санжыралык жана башка фолклордук казына, сейрек жыйынтыктары бар изилдөөлөр камтылган.
Бул – азыркы окурманга бүркүт жете алгыс космостук бийиктикке чыгып алып, Евразия мейкиндигин оңой-олтоң багындырып, жыйырма эки кылымдан ашык мезгилдеги орчун закымдарга сересеп салууга мүмкүн кылган энциклопедиялык казына.
Бул көп томдукта кытай тарыхынын “атасы” Сыма Цяндын жазгандары да жүрөт, рун сымал жазмалар аркылуу бабалар тарыхын калтыргандардын эмгеги да жүрөт, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин (11-кылым), Ахсыкентинин (16-кылым), Арстанбектин, Жеңижоктун, Нур Молдонун (19-кылым), Тыныбек Жапый уулунан Жусуп Мамайга чейинки улуу жомокчулардын, Осмонаалы Сыдык уулу менен менен Белек Солтоноевдин (19-кылымдын соңу – 20-кылымдын башы), ж.б. мурастары, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Океев сыяктуу залкарлар жөнүндө иликтөөлөр жүрөт.
Кеңеш Жусуповдун “Кыргыздар” жыйнагында жана ал 1987-жылдан бери редакторлук кылган “Ала Тоо” журналында чуваш Николай Бичурин, казактар Чокон Валиханов, Муктар Авезов (Ауэзов), орусташкан немистер В.Радлофф (Радлов), В.Бартольд, орустар Н.Аристов, Е.Поливанов, А.Бернштам, С.Абрамзон, Ю.С.Худяков, хакас Астайбек (Виктор) Бутанаев, франсуз Реми Дор, ала-тоолуктар Өмүркул Караев, Салмоорбек Табышалиев, Имел Молдобаев, Дөөлөт Сапаралиев, Абылабек Асанканов, Муратбек Кожобеков, Сынару Алымкулова, Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Капай уулу, ошондой эле Анвар Байтур, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, ��ы Жихоң, Макелек Өмүрбай, Амантур Абдырасул, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак баштаган кытайлык кыргыз, ханзу, дунган тектүү ж.б. илимпоздордун эмгектери жарык көргөн.
  Атуул таануучу
Кеңеш агай телескоп менен гана эмес, микроскоп менен да куралданган инсан. Анын тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, акын Алы��ул Осмонов тууралуу иликтөөлөрү өз заманында жаңы дың бузган эмгектер болгону маалым.
“Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редактору, журналист Нуралы Капаров менен курган маегинде Кеңеш Жусупов чыныгы ата уулдары тууралуу суроого жооп узатып:
“ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти”, — деп жооп бергени эсибизде.
Бул инсандардын ичинен Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин чыгармасынын эч жарыялана элек кол жазмасын Кеңеш агай 1980-жылдары Алматыдан таптырып, “кайра куруулар” доорунда “Ала Тоо” журналына биринчи жолу жарыялаган. Бул — каармандык иш эле.
“Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илимпоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына, советтик идеологиянын каргашасы”, — деп Кеңеш агайдын айтканы чындык.
Кеңеш агайдын XX кылымдагы Б.Солтоноев, К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов сыяктуу кыргыз залкарлары жөнүндө:
“Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр-дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)”, — деп айткан сөзү чып-чыргасы коробой анын жеке өзүнө да мыкты мүнөздөмө боло алат.
  Абрамзондун алкоосуна татыган
Жогоруда Кеңеш агайга “козголоңчу” деген мүнөздөмө бере кеттим. Аны айрым далилдер менен чечмелеп берсем, жаш муундар бул залкар калемгердин өз бетинче коомдук ишмер катары жүзөгө ашырган атуулдук иштерин дурусураак аңдашат ко дейм.
Tumblr media
Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.
1971-жылы Л��нинградда заманбап кыргыз этнографиялык илиминин негиз салуучуларынын бири Саул Менделевич (Матвеевич) Абрамзондун (1905-1977) кыргыздардын теги, этностук-маданий байланыштары тууралуу өзгөчө маанилүү монографиясы жарык көргөн. Бул – кыргыз таануунун ошол кездеги салтанатына айланган китеп эле. Бирок ал кездеги жападан-жалгыз бийликтеги партиянын – Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги бул китепти жана анын авторун адилетсиз сынга алган.
Бул жөнүндө тарыхчы, кыргыз таануучу, булак таануучу, этнолог Өмүркул Караев мындайча эскерген:
“…Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К.К.Орозалиев, С.И.Ильясов жана А.Г.Зималар С.Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С.Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этностук түзүлүшүн (структурасын) иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.
Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги коммунисттик партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.
С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган.
Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч.Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «…Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз….”, — деп Өмүркул агай 1999-жылы ��алыс жазган.
Ал эми Кеңеш агайга келсек, ал тээ 1973-жылы, С.Абрамзон адилетсиз сынга кабылгандан көп узабай, Ленинградга (Санкт-Петербургга) барып, ага атайын жолуккан. Ала-Тоодон атайы ала барган ак калпакты С.Абрамзонго кийгизип, чапан жаап, айтылуу кыргыз бальзамын өз элинин атынан тапшырган.
Бул жөнүндө Кеңеш Жусупов агай жакында, 2017-жылы чын курандын 18инде, маркум этнограф Имел Молдобаевди эскерген эл аралык илимий жыйын маалында да эскерип өттү.
Кеңеш агайдын: «Сизди кыргыздар өтө сыйлайт, сыймыктанат, урматтайт. Кээ бир басма сөздө сиздин эмгегиңиз жазылган сындарга жалпы эл кошулбайт, интеллигенция сизди колдойт», — деген сөзүнө Саул Менделевич ыраазы болуп көзүнөн жаш тегеренип:
«Мен өмүрүмдү чыгармачылык излдөөлөрүмдү кыргыздарга жумшадым, эмгектендим. Мен кыргыздардын патриотумун. Мен дагы сиз айткандай ойлогон элем. Сизге алкыш!» — деген экен.
Бул – күжүлдөп ылдый аккан идеологиялык толкунга карама-каршы башат тарапка тайманбай сүзүүнүн бир көрүнүшү эле.
  Тымызын атуулдук ийрим түзүү ниети
Нуралы Капаров байкебизге айткан ыймандай сырларынын биринде Кеңеш агай 1960-жылдардагы романтикалуу козголоңчу рухун эскергени бар:
“Буга чейин эч айтылбаган сырды чечилип айтайын. 1950-60-жылдары биз анда студентпиз, жаш кезибиз. Насаатчы таппай, ар кандай адабиятты окуп алып, келечектеги турмушубузду кандай курсак деп кыялданып жүргөн маал. Адабиятка кызыгабыз, кээде эл тагдырын ойлоп, кейип калабыз. Көчөдө жүргөн бир автобус эл түшсө, ичинде араң төрт-беш кыргыз болчу, калганы башкалар.
Биз баскынчылык заманга, андагы башкарууга, советтик идеологияга, анын үстөмдүгүнө нааразы элек. Бугубузду бири-бирибизге жашыруун айтып, ошол “советтик” деп аталган, орусташкан идеологияга, саясатка каршы кружок топ (ийрим) уюштурууну ойлодук.
Мен бул сырымды университетти бүтөр жылы Капар Алиев деген диктор, журналист, котормочу агама айттым. Ал киши өтө интеллектуалдуу, таланттуу, нарктуу, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн акылман адам эле. Ал мени дароо түшүндү да, «Кокуй, от менен ойнобо, жаштыгың куруйт. Андай кыйын болсоң, айылга барып, элиңдин кудурет-дээрин байка. Жакшылап ойлонуп көрчү», — деди.
Анын акылы боюнча эки жылдай Нарында редакцияда иштеп, элдин абалын байкап-көрүп, аралашкан соң, баягы туталанган рух кыйла өчүп, шаабайым сууган. Анан саясий күрөштөн көрө маданият күрөшүнө өткөнгө бел байлагам. Анүчүн көп ��куп, көптү билип, элдин тарыхына кызыгып, ошол билгениңди, тапканыңды кайрадан элге жеткирүүнү ойлонгон элем” – деп эскерет Кеңеш агай.
Мында ысымы эскерилген Капар Алиев (8.5.1927 — 12.5.1970) Эчки-Башы айылындагы бай кишинин тукуму болгон. Анын агасы Абдыракман Аалы уулу экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан соң нацисттик концлагерден качып, Югославиядагы партизандык кыймылга катышкан, бирок согуш бүткөн соң жазыксыз жерден ГУЛагга айдалып, кийин гана акталып келген. Капар Алиев кыргыздын көрүнүктүү журналисти, сыналгы жана үналгы диктору, юморчу жазуучу болчу, аны замандашы Райкан Шүкүрбеков “Кыргыздын Левитаны” деп атаганы белгилүү.
  Шибер таануучу
Кеңеш агай кыргыздын бай тарыхынын Сибирдеги (Шибердеги) катмарын иликтөөгө да бараануу салым кошуп келе жаткан калемгер.
“Ошол мезгилде, 1980-жылдарда, басма сөздө болсун, жалпы эле саясий-маданий турмушубузда болсун: «Кыргыздардын тарыхы тайкы, маданият жок, Октябрь революциядан кийин гана эл болгон» деген саясат, идеология жүрчү. Кыргыздардын байыркы Түштүк Сибирдеги тарыхына тыюу салынган. Буга мындайча каршы чыксаң, кендириңди кесип койчу: кесибиңен, ишиңен, партиялуулугуңан кол жууп, атургай камакка кетчүсүң. Биздин, Кубатбек Жусубалиев экөөбүздүн Түштүк Сибир, Алтай, Хакасия, Тува элдерине эки ай сапарыбыздын максатын кыскартып айтканда: ошол учурдагы саясатка каршы өзүбүздүн бунтубуз, күрөшүбүз эле. Экинчиси — бабаларыбыздын байыркы мекенине барып сыйынуу жана тарыхты, ата конушту таануунун алгачкы рухий жолун чабуу болду…” – деп ал кичүү кесиптеши Нуралы Капаров агабызга айтканы эсте.
Tumblr media
Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.
Кеңеш агай досу Кердегей (Кубатбек Жусубалиев) менен чогуу Эне-Сайга саякаты маалында аларга айылуу хакас этнографы Астайбек Бутанаев көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу 1988-жылы Кубатбек Жусубалиев агайдын үйүндө Астайбек байке менен чогуу болгонубузда, алар кыраан каткы күлүп, ошондогу атуулдук рух менен жүзөгө ашкан саякатты эскерип отурушканы азыр да көз алдымда турат.
Кеңеш агайдын мындагы козголоңчулугун даана түшүнүү үчүн 1970-жылдардын акыры – 1987-жылдары Кыргызстан Компартиясы жана ага түз кыңк дебей баш ийген Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилиги илимий жактан таптакыр туура эмес жобону карманганын – Эне Сай Кыргыз каганатынын тарыхына теңир-тоолук кыргыздардын эч тийешеси жок деген азыр эч түшкө кирбестей болгон концепцияны расмий таңуулаганын айта кетүү эп.
Буга тарыхчылар Өмүркул Караев, Александр Грач, Николай Сердобов, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Мидил Жамгырчинов, Ысман Кожомбердиев, Имел Молдобаев ж.б. каршы чыгышкан, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б. каршы турушкан.
1974-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести орусча жарык көрдү (После сказки: («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1974). 1982-жылы “Мектеп” басмасынан мектеп окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Бугу-эне: Жомок” чыгармасы кыргызча өзүнчө китеп болуп чыкты. Мындагы негизги идеялардын бири – “маңкурт болгуң келбесе, Эне-Сай, Алтай жана жалпы Сибир жана Ички Азия менен байланыштуу тарыхыңды унутпагын” деген тымызын ураанда камтылган.
Жазуучулар Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиевдин, кинорежиссер Мелис Убукеевдин Алтай – Эне-Сай сапарларын, Түгөлбай Сыдыкбек уулунун Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун жана Кыргызстан Компартиясынын идеологдорунун тайкы жоболорун айыптаган катын, археолог Юлий Худяковдун, чыгыш таануучу Өмүркул Караевдин, этнографтар Астайбек Бутанаевдин, Имел Молдобаевдин, манас таануучулардын, фолклор таануучулардын ж.б. илимий эмгектерин эске алсак, демек, маңкурттукка каршы күрөштө Чыңгыз Айтматов жалгыз болгон эмес.
  Саякатнаамачы
Кеңеш Жусупов агай кыргыз адабиятында саякаттарды кызыктуу жазуу аркылуу элди ойготкон калемгерлердин ана башы болду. Ал Италияга, Жапонияга, Индияга, Түркияга жана башка аймактарга саякат менен барган соң, окурман өзү да аралап жүргөндөй кылып тамшандыра баян жазып келчү.
Чоң аталар четтеги айылга барып, устукан ала келишсе, Кеңеш агабыз кызыктуу китептерди жана руханий дүйнөнү ажарланткан таасирлүү жолсапар баяндарды жалпыга олжо кылып ала келчү. Ушул калыбынан агабыз эч жазбайт деп ишенебиз.
  Айыл таанытуучу
Бир кезде томуктай болгон Эчки-Башы айылы азыр таанылгыстай өзгөрдү. Мурдагы “Коммунизм” орто мектеби эми Кеңеш агайдын атасы, агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымын алып жүрөт.
Ал эми айылдыктардын турмушун ай-ааламга тааныткан калемгер – Кеңеш Жусупов болду.
Кеңеш агабыз көркөм чыгармасында тагдырын шөкөттөп жазган экинчи дүйнөлүк согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Ал эми өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштап, кыядан кулаган жаткан автоунааны өз денеси менен токтотуп калган Акылбекти көрбөсөм да, Акылбек-Кыяда тестиер кезимде чана тээп ойноп калдым. Азыр Акылбек-Кыя жок (Эмгекчил, Миң-Булак сыяктуу коңшу айылдарга суу жеткирчү ири канал курулганда, бул чакан кыя басырылып жок болду), бирок ысымы кыяга коюлган Акылбек ата жөнүндө татынакай баян Кеңеш аганын калеми менен түбөлүккө жазылып калды.
Тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар, далай чыгаан эчки-башылыктар жана он-арчалыктар (манасчы Дуңкана Кочуке уулу ата, акын Жумакан Тынымсейитова, коомдук ишмер Күмүш Суранова, диктор Капар Алиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, этнограф Какен Мамбеталиева, обончу Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева, генерал Бейше Молдогазиев, ж.б.) тууралуу Кеңеш агайдын публицистикалык жана даректүү эскермелери жана чыгармалары 1920-80-жылдардагы Теңир-Тоодогу тепкедей айылдын турмушун жана андагы инсандардын өмүр жолдорунун урунттуу учурларын чагылдырат.
Айылга трактор же башка мүлк сатып берген же мечит курган кишилерди гана даңазалагандарга айтаарым – Кеңеш агай сыяктуу өз кыштагын ай-ааламга даңазалаган калемгерлер өтө сейрек.
  Ата журт таануучулардын данакери
Эсимде, дал ошол 1970-80-жылдары “родина” сөзүн да көкөлөтүп, кыргыз лексиконуна “саясий жактан туура термин – ушул орус сөзү” деп таңуулоо аракети болгон жылдары, Кеңеш Жусупов агай “Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть” деген аталыштагы китебин (Мектеп, 1977) жарыялаган. Бул кезең – нукура элдик термин аркылуу маңкурттукка каршы тымызын руханий күрөштүн учуру болчу.
Кеңеш агайдын дагы бир козголоңчул руху – совет доорунда эч жарытылуу айтылбаган тарыхый инсандар жөнүндө өзү гана казбастан, башка да ачык жазууга бел байлаган калемгерлерге “Ала Тоо” журналын платформа, пайдубал катары сунуштагандыгында болгон. Ошол “Кайра куруулар” жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгын жетектеген замандаштары да Кеңеш агай менен эриш-аркак иштешкен тайманбас үзөңгүлөштөр болушкан. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигине жалпы жетекчи болгон Чыңгыз Айтматов аларга руханий жана саясий калка болгону да жашыруун эмес.
  Энциклопедиячы айдың
Ал эми эгемендик доорубузда Кеңеш Жусупов агайдын тапкан-ташыганынын көпчүлүгү тарыхчы илимпоздорго жана педагогдорго өзгөчө огожо болду. Азыр дагы калайык тарых илимине таандык эне тилдеги адабиятка суусап турган чак. Кеңеш агай негизги түзүүчүсү болгон жыйнактын — “Кыргыздар” көп томдугунун 90 пайыздайы – совет доорунда карапайым окурман түгүл тарых факультетинин окутуучулары менен студенттери да эч таба албай келген чыгармалардын жана жаңы жазылган же ��аңыдан которулган эмгектердин жыйындысы болуп саналат.
Бул жыйнакты илимпоздордун бири булак таануучу катары караса, бири – тарыхнаамачы катары, дагы бири – фолклор таануучу катары, дагы бири – инсан таануучу катары карашат. Демек, бул – кыргыз адабиятында буга чейин болуп көрбөгөндөй энциклопедиялык жана хрестоматиялык жыйнак.
Эгерде Кеңеш Жусупов өз өмүрүндө “Кыргыздар” жыйнагы менен гана чектелсе, ошонун өзү дагы анын ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырууга жетет болчу.
Бирок калемгерлердин дулдулу азыр дагы көп тарамдуу иш-аракетин улантып келет.
  Сый-урматка ээ аксакал
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон 2016-жылдын бештин айынын (декабрынын) 31индеги жарлыкка ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды жана бул сыйлык ага 2017-жылдын жалган куран (март) айынын 6сында салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Tumblr media
Кыргыз эл жазуучусу К.Жусуповго президент А.Атамбаев II даражадагы “Манас” орденин тапшырууда. 06.3.2017.
Бул жогорку сыйлык кыргыздын чыныгы атуулуна ыйгарылды деп санайбыз.
Урматтуу Кеңеш байке! Сизге энциклопедиялык терең билимин элине талбай арнап келе жаткан калемгер агабыз катары чың ден соолук, бери дегенде 120га чыккандай узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы чыгармачыл бийик серелерди, урпактарыңыз жана сиз тарбиялаган муундар эгемен жана демократиялуу Кыргызстанды ырааттуу өнүктүргөн сиз сыяктуу нагыз атуул болушун каалайбыз.
  Кеңеш Жусупов тууралуу айрым маалыматтар:
Википедияда: http://ky.wikipedia.org/wiki/Жусупов,_Кеңеш
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 — Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. — Бишкек, 2014. — 30 бет. — КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. — (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте УИАда корголду. Илимий жетекчиси академик А.Акматалиев).
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Улуттук баалуулук К.Жусуповдун калеминде // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. — 2013. -= № 2. — Б. 140-142.
Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). — ISBN 5-89750-100-9.
Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. — Фрунзе: «Адабият», 1989. — 656 стр. — (мында: 246-247-бетте). — ISBN 5-660-00084-3.
Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.
Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 24.04.2017-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/26/zuurakan-sydykova-manaschy-manas-zhashoomdun-ma-yzy/
Зууракан Сыдыкова, манасчы: “ Манас — жашоомдун маңызы!”
Tumblr media
— Зуура эже, сиз жөнүндө көп кишилер биле бербейт. Балким, айымдардан чыккан манасчы десе, кай бир адамдар бул жаттама манасчы эмеспи деген дагы күдүк ойдо болушу мүмкүн. Манас дүйнөсүнө алгач качан, кандайча аралашып калдыңыз?
— 1971-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтту окуп бүтүрүп жаткам. Ошол жылы Саякбай Каралаев каза болгон эле. Жатаканада 5 кыз бир бөлмөдө жатчубуз. Бир жолу мен кыйналып, аларды түнү менен уктатпай чыгыпмын. Көрсө аян берүү ошондо башталыптыр. Аны мен кайдан билейин, оозума куюлуп ырлар келе берчү. Талаага барып ырдап бугумду чыгарган күндөр болду. Окуу жайын аяктаган соң жолдомо менен Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айлына мугалим болуп бардым. Ал жерде бир жылча иштегенден кийин Көк-Мойнок айылына жиберишти. Ошол жерден менин кыйналуум күчөдү. Бир жолу Талды-Суудан Көк-Мойнокко келе жатып, ырларды айткым келди, ички дүйнөм түрткөн сыяктуу толкуп ырдай бердим. Автобустагы элге карабай ырдадым. Жолдошум экөөбүз болчубуз. Үйгө келгенден кийин ал мага абдан таң калды.
— Ал ырлар эмне жөнүндө эле?
— Эстегениме караганда, жаратылыш, гүлдөр, чөптөр тууралу эле. Ошентип, мугалим болуп жүрдүм. Түнкүсүн уктай албайм, төрт жыл кыйналдым. Өзүмчө ойлонуп, акылдан айныдымбы деп жүрдүм. Бир күнү эртең менен алгебра сабагынан жүрөгүм акылдап, көзүм караңгылап сүзүлө баштады. Окуучуларга жүрөгүм ооруп жатат деп койдум. Олтургучка олтуруп, партага эңкейдим, чекем шак этип партага тийди. Кулагыма аттардын дүбүртү угулуп, анан көзүмө жылкылардын үйүрү көрүндү. Чекелерине жоолук байлаган, кармаганы укурук, укурук башында чалма чалып алган жигиттер топ жылкыны айдап келе жатат. Мектеп жок эле ээн талаа болуп калды. “Уу-уу” деп ызы-чуу болуп дүбүрттөп өтүп кетти.
Кийин катуу жыгылдым. Өзүмөн кийинки иним Касмакун кыздуу болуп той берип жаткан. Үй толтура мейман эле. Эт чыгарабыз деп жатканда бирөө кулагыма шыбырап “чык, эшикке, чык” деди. “Бол батырак” деп шаштырып жатат. Мен бут кийимимди кийгенге жетише албай, байпакчан эшикке чыктым. Очоктун жанына барсам, жеңем сорпо сапырып жатыптыр. Сорпо ичесиңби деген суроого “жок” деп айтканга үлүрдүм да, тарс жыгылдым. Денемдин баары муздап, өлүп калгандай болупмун. Эми бул атамдын айтуусу. Мен эч нерсе билбейм. Ошол кезде мага бир кылка тизилген ак боз үй, сол жагында кара боз үйлөр көрүндү. Аппак өргөнү эки жигит кайтарып турат. Бир кезде Сыдык чоң атам пайда болуп, жүрү мен сенин жолуңду ачайын деп ээрчитип алды. Өргөгө барсак, эки жигит найзасын кайчылаштырып, атам бир нерсени айтканда гана кое берди. Боз үйгө киргенде атам жүгүнүп эле атты, бозүйдөгүлөрдүн баарына жүгүндү. Сыдык чоң атамды мен эмес, атам Акимхан жакшы эстебей калган. Алты жашында атадан калган экен. Чоң атам: “Бул — небере кызым. Ушул кызым Манас айтсынчы, уруксат бергиле” деп айтты. Манас төрдө жамбаштап жаткан экен. Бакай, Чубак, Сыргак, Алмамбет баары олтурат. Чоң атам — бул кызым оорулуу, айта алабы, айта албайбы, көргүлө, — дегенедей ишарат кылды. Ошондо Манас бабабыз: Кызың оорубайт, айтат, — деп, “айт, айт” деди. Көрсө, ошол кезде атам башыма чүпөрөк коюп, айт, айт деп жаткан экен. Анан мен: “Эки жакта эки тоо, ортосунда эки жоо, бири кара бири ак…” деп эле айта баштадым.
— Аял манасчылардын тагдыры татаал болгон эмеспи, семетейчи Сейдене, Сейде Дейди кызы да жашоосунда көп кайгы-муң көргөн дейт. Сиздин турмушуңуз кандай болду?
Tumblr media
Жаш кези…
— Менин тагдырым деле татаал болду десем болот. Мени күйөөм ала качып алды. Өзү жакшы эле үй бүлөнүн баласы өңдөнөт, бирок, аракка берилип, аны таштабай, мага тынчтык бербей койду. Менин “Манас” айтканы��ды шылдыңдап жүрдү. Мен жинди болгон экенмин деп өзүмөн өзүм чочудум. Төрт жыл чайналып жүрүп, бешинчи жылы ажырашууга туура келди. 1975- жыл эле. Бир балалуу болгонбуз. Аны тай энеси багып жаткан.
— Туугандарыңыз, коомчулук кандай кабыл алды?
— Мен ичимдеги сырды эч кимге айткан эмесмин. Өзүм эле кыйналып жүрдүм. Түшүмө чоң калпак кийген ак сакалдар, ортодо булоолонгон эт көрүнчү. “Көргөнүңдү айт” деген үндөр угулчу. Эмнени айтам деп кыйналчумун. Аска зоодон учуп өткөн аттарды көрдүм. Бир жолу сары мадыл тоонун бир бетинен бир бетине аттап өткөнүн көрдүм. Мен Манас айтып жатканда мага башка бирөө айтып, кулагыма шыбырагандай сезилет. Совет учурунда өздүк көркөм чыгармачылык менен ар кандай фестиваль, кароолорго катыштым. Ошондо мен өзүм айтам деген теманы айтпай, башканы айтып алган күндөр көп болду. Азыр деле ошондой учурлар болот. Кээде олтуруп, менин жолумду чоң атам ачпаса, балким, мага берилген кутту көтөрө албай, психикалык жактан оорулуу болуп калмакмын деп да ойлоп кетем. Себеби, ошол учурда мени түшүнүп кеткен деле эч ким болгон жок. Манасты аял айтпайт дегендер да көп болду. Азыр бирге өмүр сүрүп жаткан жолдошум Садырбек мени туура түшүнгөнүнө ырахмат.
— Манастын текстин кандайча кагазга түшүрүп калдыңыз?
— Бир жолу радиону угуп олтурсам, Жусуп Мамай маек берип жатыптыр. Ал: “Мен айтуучу манасчы эмесмин, жазгыч манасчымын”, — деп айтты. Ошону уккандан кийин мен муну айтып эле жүрбөй, жазсам болот турбайбы деген ойго келдим да 4-5 жыл жаздым. 1978-жылдан баштап бош убакыт болгондо чиймелеп койчумун.
— Жакында “Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” бөлүмдөрү сиздин вариантыңызда китеп болуп басылып чыкпадыбы. Эски дептерлер кандайча китеп болгонун айтып бериңизчи?
— Мен ушул жазгандарымды китеп кылып чыгарсам деп ойлоп жүрдүм. Бирок, акча керек эле да. Мугалимдердин акчасы аз да билесиң. Бир туугандарымдын өз жашоосу бар дегендей. Мен алгач муну кагазга түшүргөндө ушул окуяны жазып бүтөйүн деген ой да болгон эмес. Жөн гана бугумду кагаздан чыгарып жүрдүм. Шилтеп коюп, таштап коюп жүрө бергем. Бирок, кызып кеткенден кийин улам бир дептери жазып олтуруп, бир да сол таштабай калың дептерден 8-9ду жазыпмын. Бул китеп болуп басылат деп ишенгеним, бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө чоң мал баккан сарайдын жанында экенмин. Ошол жерге узун-узун столдор коюлуп, трибуна даярдалыптыр. Трибунада Таштанбек Акматов доклад жасап жатат. Кырка отургучтардын биринде жалгыз Чыңгыз Айтматов олтурат. Эки-үч катар аркасында мен олтурам. Бир кезде Айтматов артка бурулуп мени карады да: “Зукай, сен капа болбо, китебиң чыгат бир күнү” – деди. Бир топтон кийин “кичине кечирээк чыгат” деп койду. Анын айтканы келди, 1988-жылы көргөм ушул түштү, быйыл китебим жарыкка чыкты. Буга демөөрчүлүк кылган Республикалык “Манас” жаштар ордосунун директору Бакыт Рамановго, китепти редакциялап чыккан манастаануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобековага, текстти карап чыккан филология илимдеринин кандидаты Сүйүн Дүйшөмбиевге, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиевага, анан албетте, ушул китепти чыгаралы деп жанымды койбой ары чаап, бери чаап жүрүп, максатына жеткен Бейшенбек иним, Гүлай келиниме ыразылыгымды билдирем.
— Сизди Манас ааламы кандайча тандап алды деп ойлойсуз?
— Өзүм да ушуну көп ойлодум. Менин атам чоң комузчу эле. Анын бир канча күүсү Кыргыз радиосунун алтын казынасында жазылып калган. Энем ооз комуз чертчү. Чоң энем, өз энем да кол өнөрчү болчу, жаны тынчу эмес. Союз убагында өздүк көркөм чыгармачылык деген бар болчу. Атам, агам комуз чертет, мен “Манас” айтам, үчөбүз конкурстарга катышып, байгелүү орундарга татып жүрдүк. Мени Манас дүйнөсү кандай тандады билбейм, балким, мага ишенгендир. Өзүмдүн мүнөзүм абдан катуу. Менден мурда эки агам, аркамда эки иним бар, төрт эркектин арасында чоңойдум. Кыймыл-аракетим, жүргөн-турганым эркектей болчу. Апам көп балалуу болду. Жумуштан колум бошогон жок. Тамак жасоо, үйдү иретке келтирүү менин мойнумда, колго кир жууганды сураба.
— “Манас” эпосу турмушуңузда канчалык орунду ээлейт?
— Манас — менин жашоомдун маңызы. Мен кыргыз болуп калганыма, мага “Манас” айтуу буюруп калганына, Кудай Таалам толгондон “Манасты” менин көкүрөгүмө салып бергенине сыймыктанам. Манас — Кыргыз элинин колдоочусу. Кээ бирөө аны жок деп жүрбөйбү, ал туура эмес. Манас бар үчүн улуу баян муундан-муунга, бизге жетип жатат. Кыргыз жоголмоюн “Манас” жашай берет. Аны Айтматов океанга салыштырганы бекер эмес. Себеби, улам бир манасчы чыгып, улам “Манас” айтуучулар жашарып жатат.
—  Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарын окудуңуз беле?
— Жок, окуган эмесмин. Ыр түрүндө жазылган чыгармаларды окугум келчү эмес. Ошол боюнча эле окуганым жок. Кийин Талантаалы Бакчиевдин китебин гана окудум.
— Улуу манасчылардын ичинен кимдер менен бирге “Манас” айтып калдыңыз?
— Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Сапарбек Касманбетов, Асанкан Жуманалиев менен чогуу айтып жүрдүм. Алар сен такыр башкача айтат экенсиң дешчү. Мен болсо алар айткан көп сөздөрдү түшүнбөйм, өзүм жөнөкөй тил менен айтам. Балким, мен математик болбой, кыргыз тилчи болсом, башкача айтат белем, ким билсин.
— Уркаш Мамбеталиев айылдашыңыз эле да. Андан акыл-кеңеш алган учур болдубу?
— Жок, Уркаш Мамбеталиевге кезикпей калганыма азыр да өкүнөм. Балким андан тарбия алганда, башкача болмок. Мени ага жетелеп барган эч ким болгон жок. Бир жолу мени менен жолугайын деп келгенде атам каршы болуп, мага да айтпай коюптур. Балким, ошондо өзүмө жолукканда, мен аны ээрчип кетмекмин. Себеби, ошондо эмне кыларымды, жанымды кайда коерумду билбей делөөрүп жүргөн кез эле да.
Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА, “Чагылган”,  10.02.2017-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/07/kimdin-kancha-ayaly-bar-bolgonu-arhivde-turat-toluktalgany/
Кимдин канча аялы бар болгону архивде турат (толукталганы)
Tumblr media
Урматтуу окурман, «Кереге» (мурунку «Диалог Евразия») коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институту 20-декабрда 2016-жылын жыйынтыктаган «Тарых жана маданият жылы – сабактар жана жетишкендиктер» атту кереге-кеңеште темадагыдан да жакшы маселелер козголгонуна ишендирип кете алабыз
«Кереге» коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институтунун кординатору Искендер Ормон кереге-кеңешти ачып жатып: «Тарыхчы агаларыбыз жыйнаган сукпат «Диалог Евразия» «Кереге» фонду болгондон кийинки биринчи чогулуш. Ошондуктан бул биз үчүн тарыхий күн десек болот. Бир курактагы жакын санаалаш тарыхчылар келип олтурасыздар. Сиздер учурда кыргыз тарыхын жазып аткан дос аалымдарсыз. Тарых жана маданият жылы эмне кыла алдык, ал бизге кандай сабак берди, бул жыл бизге келечектеги тарых жаатында ачылыштарга күчтүү дем бере алдыбы деген суроолорго жооп издеп көрөлү деп сиздерди чакырдык.
  Атанын туулган жылы эмес калтырган изи маанилүү
Аблабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор: «Менимче быйылкы «Тарых жана маданият жылы» жемиштүү болду. Айрыкча Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алдындагы «Мурас» фонду чоң иш жасады. Жеке өзүмдү айтсам, 1916-жылкы Үркүн боюнча изилдөө кылуума түрткү болду. Таякелерим Кытайга чейин качып барып, азап чеккени тууралуу изилдедим. Жусуп Баласагын бабабыздын «Куттуу билимин» эки сыйра окуп чыкканымда, билим гана эмес башкаруу тууралуу китеп экени мен үчүн ачылыш болду. Ар бир тарыхчы бул жылы эски китептерди жаңыча көз-караш менен окуп чыкты болуш керек. Анын аркасы менен тарыхтын бир топ актай барактарын толтурдук. Тарыхий аң-сезим улуттук аң-сезимди калыптайт. Өз элибиздин тарыхын билсек, ал бизди ашкере улутчулдукка алдырбай, мекенчилдикке тарбиялайт экен. Быйылкы жылдын сабактарына келген болсок, кээ бир тарыхчылардын «датомания жана инсаномания менен ооруп калдык» дегенине кошулбайм. Бизге бул даталар менен инсандар жалпы улуттун өтмүшүн эстеп, изилдегенге шарт түзүп атканы кандай жакшы. Мисалы, мен быйыл Молдо Кылычты да эки сыйра окуп чыктым. Анын туулган жылына эмес, ал улуу бабабыздын кыргыздын өзүн таануусуна кошкон салымына кызыктым. Анын эмгектеринен эл менен уруунун ортосундагы карым-катнаштарды изилдеп, таң калычтуу бүтүмгө келдим. Молдо Кылычтан жүз жыл чамасы мурун жашаган Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармалары менен үндөшүп турат. Мындан улам кыргыз эли байыртадан эле өзүн жалпы журт катары таанып келген. Быйыл тарых жылынын алкагында эки чоң китептин беттеринде жаш тарыхчылардын эмгектери басымдуулук кылганы кандай сонун натыйжа. Ар бир окуя менен инсандын көп кырдуу экенин билип, келечек муунга жеткиргенде оң-терс жактарын туура ыкмалар менен жеткирсек, тарыхыбыздан кандай күчтүү сабактарды алат элек! «Мурас» фондунун жетекчилигине ишти баштаган соң аягына чыгуу керек деген оюмду айтам.
Жюринин арасына тери өңдөгөн, кийиз, жыгач жана алтын-күмүш иштеткен, аңчылык жана өрмөкчүлүктү изилдеген илимдин кандидаттарын кошсок, алар өз тармактарындагы кол өнөрчүлөр менен сонун иштешмек. Үй куруп, үй чечкенде жалаң эркектер болуп калыптыр, салт боюнча жарымы аялдар болчу да. Биз маданият тармагына ушуга окшогон бир нече илимий сунуштарды киргизели деп турабыз. Кийикиде мунун баары эске алынса.
  1916-жылкы көтөрүлүш Хоженттен башталып, лейлектиктер катышкан
Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, “Мурас” фондунун төрагасы: «Тарых жана маданият жылынын» кызыктуу иш-чаралары төмөнкүлөр болду. Оболу Фуи кыргыздарын изилдеген кытайлык дунган улутундагы Мухаммед Хожен Хуа жөнүндө кеп кылсак. Бул адам «Манас» баптарынын сакталып калуусуна жана Жусуп Мамайдын ханзу тилиндеги илимий чөйрөгө таанылуусуна негизги салым кошкон окумуштуу. Жусуп Мамай бул кишинин үйүндө жатып, эмгектенген учуру да көп болгон. Хожен Хуа кыргызчаны суудай билген аксакал. Анын 85 жылдыгын биз Кыргызстанда өткөрүп, жакында эмгектеринин жыйнагын чыгармакчыбыз. Алтайлык кыргыздарды изилдеген Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгы да бизде өттү. Биздеги улуттук боштондук көтөрүлүшү Хожентте от алгандыктан, анын 100 жылдыгына арналган жыйындарды Баткенден баштадык. Хоженттеги көтөрүлүшкө ал жердин кыргыздары, андан кийин лейлектик кыргыздар да активдүү катышыптыр. Ал эрдик унутулбай, өзбек туугандар кыргыздарга арналган музей ачып, анын борбордук экспозициясы Исхак Раззаковго арналган экен. Андан кийинки жыйын Ош шаарында болду. Ал чогулушка Тажикстан, Орусиядан өкүлдөр катышты. «Манас таануу» боюнча, Президенттин жарлыгына ылайык, быйыл III эл аралык конференция Жалал-Абадда болду. Эмдиги жылы апрелде Баткенде өткөрмөкчү болуп турабыз. Ош шаарында антропологдордун III конференциясында көп чет элдик адисттер катышып, олуттуу маселелер каралды. «Эгемендүүлүк, демократиялык коом, эркин атуул» деген жыйын өткөрүк. Биз эгемендүүлүгүбүзгө өзүнчө кубанабыз, коомубуз демократиячыл болгонуна өзүнчө сүйүнөбүз, атуулдарыбыздын эркин болгону өзүнчө байлык. Ушул баалуулуктарга арналган конференция болду. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналаган иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүмү Ысык-Көлдө өттү. Тайлак баатырдын юбилейин аны даңазалаган Абдыкалык Чоробаевдин 120 жылдыгы менен бирге өткөрдүк. Бул кырыз улутун бириктирген баатыр болгон. Окумуштуулар Нарында Тайлак батырдын күмбөзүнө Куран окутуп кайтышты. Молдо Кылыч Шамыркан уулу – кыргыз улутун бириктирген жазма акындардын бири. Анын мааракеси Арабаев университетинде өттү. 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү боюнча көп багыттуу иштер болду. Анын жыйынтыктоочу отурушу «Ала-Арча» ордо конушунда болду. Орусияга архивдерин ачып бергени үчүн терең ыраазылык билдирсек болот. Алар менен бирге көп илимий олтуруштар болду. Алардын бири Алтай университетинде өттү. Казакстан да архивдерине иштегенге шарт түздү. Кыяз Молдокасымов ал жерде Канат Ыбыкенин каза болгон күнүн тактаган документти таап келди. Мындан нары да орус, казак, өзбек архивдеринде иликтөөлөр жүргүзүлмөкчү. Германиянын архивинен алып келинген маалыматтар кайзерлик Германиянын учурундагы немис тилинде болгондуктан аларды которгонго акча издештирип атабыз. Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына арналган иш-чарада кызыктүү талкуулар болду. Тиешелүү университет жана институттар өз каражаттарына археологиялык казууларды кылышты.
Эң негизкиси, жылдын тарых жана маданият деп аталганы, Орусия президенти Владими Путиндин 1916-жылкы курман болгондордун эстелигине гүл койгондугу биз үчүн саясий утуш болду окшойт. Себеби: «Бул окуяга байланыштуу жүрүштөрдү кылбагыла, кыргыз менен орус чатакташып кетет», — деп быйыл да айтып чыгышты. Тетирисинче орус тарап Нарышкиндин буйругу менен архивинде атайын портал ачып, маалыматтарды жарыялай башташты. Албетте, баары айкын болду дегенден алыспыз. Болочок изилдөөчүлөргө арбын материалдар калды. Ар бир илимий тармак өзүнүн божомолдорун тастыкташ үчүн ишеп жатты. Тарыхчылар көп эмгек жарыялашты. Тарыхчылардын көз-карашы боюнча 1916-жылы геноцид же башкача айтканда тукум курут кылуу аракети болгон эмес деген жыйынтыкка келди. Анткени падышалыктын кыргыз этносун тукум-курут кылгыла деген жарлыгы жок. Ал келде падышалык бийликтин бир бутагы болгон парламент – Мамлекеттик Дума зомбулуктарга каршы чыкканы тууралуу документтер бар. Керенскийдин комиссиясы менен баяндамасы буга далил. Бирок жер-жерлерде генерал-губернатор Куропаткиндин кыргыздарды Чүй, Жети-Суу, Ысык-Көлдөн Нарындын тоолуу жерлерине айдап салалы деген аракеттери бир улутка каршы саясаттын элементтери болгонун көрсөтөт. Бирок бул колниалдык администрациянын деңгелинен жогору көтөрүлгөн эмес. Ошол эле убакта кыргыздын ичинен орус тарапка кошоматчылык кылып, чыккынчылык кылган, саткан адамдар медал алып сыйланган учурлары болгон. Жол көрсөтүп, жазалоочу аскерлерди алып келген кыргыз төбөлдөрү болгон. Алардын бардыгы да жазылып атат. Улуттук көтөрүлүштө канча киши кырылган деген суроого да жооп каралды. Жарым миллионго чейин өлгөн деген маалыматтар чыгып кеткен. Өтө азайтып салганга аракет кылгандар да болду. Диссертациялардын биринде славян улутундагылардан 2500-3000, кыргыздардан түздөн-түз көтөрүлүш учурунда 5 миңдей эле киши өлгөн деп жазылган. Тарыхчылардын басымдуу көбү болсо 120 миңдин тегерегинде адам өлгөн деген бүтүмгө келишкен. Быйыл биз көйгөйлөрдүн башын гана ачып бердик. Келерки жылдары бул изилдөөлөр уланмакчы. Бул көтөрүлүшкө чет өлкөлүктөрдүн кандай тиешеси болгон дегенге тарыхчылардын көпчүлүгү кыргыздар өз эрки менен көтөрүлгөн деген жыйынтыкка келишкен. Кыргыз немис же осмон дөөлөттөрүнүн шыкагы менен көтөрүлгөн эмес. Күбөө болуп калган беш түрк бар экен. Алар көтөрүлүштүн негизги очоктору кыйроого учураганда келишкен. Алар колунда куралы, акчасы да жок, кыргызчаны деле билбеген, акыл парасаты багыттоочу деңгелде болгон инсандар эмес. Ал эми немистердин катышын кайзердик архивдерди карап чыккан соң билебиз. Алар көбүнчөсүн Ооганстан, Кавказ жана Хорезм жактарда катуураак иштеген болушу мүмкүн. Бирок кыргыздар басымдуулук кылган көтөрүлүш очокторунда алардын таасири буга чейин тастыктала элек. Келерки жылы «дата менен алек» деген сынга карабастан, урунтуктуу инсан жана учурлардын мааракелерин уюштурууну улантабыз. Алар чын эле бизге элибиздин өтмүшүн ачып бергенге шылтоо гана болот. Келерки жылы Махмуд Кашгари Барсканинин арап ариби менен жазылган «Араб лугати түрк» аттуу китебинин жазыла башташынын 945, жазылып бүтүүсүнүн 940 жылдыгын өткөрөбүз.
  Өзүбүздү жеткиликтүү тааныганда чыныгы азаттыкка жетебиз
Асан Ормушев, тарых илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин профессору: «Бул жыл тарыхчылар жана маданиятчылар гана эмес жалпы коомчулук үчүн жетишкендик болду. Биз тарыхий окуяларды кайра тереңдетип изилдөөгө, тарыхий инсандарыбызды жеткиликтүү даңазалоого жана улуттук каада-салттарды көтөрүүгө мүмкүндүк алдык. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюнунда үрп-адаттарыбызды дагы бир жандантып алууга шарт түзүлдү. Хан көтөрүүдөн баштап, тогуз түрдүү каада-салтты жандандырдык. Улуттук тамак-аш, улуттук кийим, улуттук күрөш боюнча бири-биринен өткөн көргөзмөлөр болду. Уюштуруучулар жана министрлик тараптан кемчиликтер кетти, бирок жети дубандан келген элибиз маарекенин кем-карчын бүтөп кетти. Ушунчалык эргүү менен, эч кандай талашып-тартышуу жок, бири-биринен намыстанып, бир жуманын ичинде жыйылган эл кадимкидей өзгөрдү. Эч ким жетекчиликке же бири-бирине нааразы эмес, эл үчүн, журт үчүн деген эле ой менен болуп калдык. Бишкектен барган, орус тарбиясында өсүп калган балдардан бери: «Ой, сонун турбайбы. Биз Баткендиктер менен дос болуп, чайлашып, тамак ичип атабыз» деп сүйүнүп жүрүшөт. Чыныгы азаттык өзүбүздү таанып, адамзаттын асыл-мурастарына үлүш кошкондо ишке ашат экен да.
Бир гана кемчилиги болду, иштин маданий жагына гана көңүл бурулуп, илимий жагы каралбай калды. Мисалы Кырчын жайлоосунда тигилген боз-үйлөрдүн баарын сүрөткө тартып, жасалгаларын жазып, каттап койсок болмок. Биздин болгону калыстар тобунун иштөө жобосун илимий негизде жазып, ишке ашырганга үлгүрдүк. Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылды. Башка жерди айтпай эле коелу, океандын нары жагындагы Америкадагы жердештерибизге чалып «Ысык-Көлдө шумдуктай маареке болуп атыптыр, ошол жактасыңбы?» д��п сураган америкалыктар көп болутур. Биз Чыгыш университети «Мурас» фондунун бир нече иш-чараларына катышып, илимий макалаларыбызды бердик. «Мурас» жакшы баштаган ишин чарчап чаалыкпай аягына чыгарышы керек.
  1916-жылкы окуялардын Жалпыламасы англис, орус тилине которулса
Ташмамбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын университетинин профессору: «Биздин Кыргызстандын тарыхында «Баланча жыл баланча деп аталсын. Тоо, эмгек, курулуш жылы» деп келишкен. Бирок ал нерсеге убактылуу көңүл бурулуп, узак мөөнөттүк натыйжа берген эмес. Мен бул жерде Кыргызстанга алып келишкен чоң инвестициялар тууралуу эмес, инветицияларды тарта турган көрөңгө түзүү жөнүндө айткым келет. Быйыл Көчмөндөр оюну чын эле эл аралык деңгелдеги иш болуп, дүйнөлүк аброй алып келди. Көчмөндөргө тиешелүү конференциялар Кыргызстанда гана эмес Москвада, Барнаулда, Астана, Алматыда, Түркияда өттү. Биздеги иш-чараларга бүт дүйнө катышты. Кыргызстанды бул мамлекеттерге караганда жогорураак абройго жетишине, канчалаган жылдардан бери тыюу салынып келген 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү темасын, эл аралык деңгээлге чыгарганы себеп болду. Бул конференциялардын корутундусу катары жазылган Жалпылама аттуу документте кээ бир талаш болуп келе жаткан маселелерге чекит коюлду десек болот. Ал англис жана орус тилине которулуп, жарык көрсө, жакшы болот деген ойдомун.
Илимий-теориялык маанисине келсек, методологиялык чоң натыйжалар болду. Быйыл 1916-жылкы улуттук боштондук күрөшү боюнча иштелип чыккан методологиялык ыкмалар колдонулуп, талашыраак болуп жүргөн келерки жылкы келчү революция, басмачылык, советтик курулуш, колхоздо��туруу, индустриялаштыруу жана маданий ыңкылап, 1937-жылкы репрессия тууралуу концептуалдык жыйынтыктарга келебиз деген ойдомун. СССРдын курамында кыргыздар экинчи дүйнөлүк согушка катышуусу туура же туура эмес болгонбу деген маселени да койсо болот.
Көчмөндөр оюну кыргыздарды тарбиялоо боюнча чоң мааниге ээ болду. Жети дубанда өзүнчө Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, андан кийин мыктыларын жыйынтыктоочу маарекеге алып келүү чечими да өтө туура болду.
«Мурас» фонду тарыхчы, антрополог жана археологдорду жылда бир багытка үндөсө жакшы болот. Ар кандай кызыктуу ойлору бар жаш, регионалдык окуяларды изилдеген тарыхчылар көп. Ошолорду тартып, башын бириктирген иш-чараларды өткөрүү керек деген ойдомун. Адатка айланган конференцияга көп адам келбей коет экен. Ошондуктан адамдардын идеялары айтылчу башка бир формадагы жыйындарды уюштурсак. Ар бир изилденип жаткан нерсени каттаган маалымат банкын уюштурсак, ким эмнени изилдеп атат, региондо жарыя кылынган макалалардагы концепцияларды колдонсок.
  Дагы эле «бай-манап эзип ийди» деп окутуп келебиз
Аскар Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы: «Диалог Евразия» жана «Себат» билим берүү мекемелериндей уюмдарды Президентибиз да колдоп, аты өзгөрсө да заты өзгөрбөгөн бойдон калат деп айтты. «Кереге» фонду да баарлашуу жана толеранттуулукту жайылтуу багытындагы иштерди уланта берээрине тилектешпиз.
«Мурас» фондунун жасап жаткан иштерин баарыбыз баса белгилеп кеттик. Ага кирген чакан топ бир жыл ичинде элдин духун көтөргөн нар көтөргүс оор, тарбиялык маанидеги көп иш жасады. Семинар, тегерек үстөл жана башка аракеттин баары жаштардын тарбиясына жакшы таасир берет экен. Жогорку окуу жайлар, орто мектептер тарыхчылардын терин жерге тамызбый, тындырбай чакырып атышты. Массалык маалымат каражаттары аябагандай чоң иш жасашты. Гезит-журналдарда кеңири орун берилип атты. Радио-теледеги берүүлөргө бардыгыңыздар катышып аттыңыздар. Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдакматов макалаларды да окуп, берүүлөргө да калтырбай катышып атканы таң калтырды. Бир берүүгө барыш үчүн жок эле дегенде энциклопедияны карашың керек да. Режиссер, драматургдар чоң иш жасашты. Бексултан Жакиевдин, Кубан Мамбетовдордун драмалары коюлду.
«Мурас» фондунун тарыхы терең. Аны «Манас – 1000 жылдыгында» Аблабек башында туруп түптөгөн. Ал быйыл президенттик аппаратта иштеген кезинде фондду кайра жандантып кетти. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жарыялаган «Тарых жана маданият жылынын» алкагында белгиленген токсондон ашык иш-чаранын дээрлик бардыгы аткарылды. Мамлекеттик дирекция которгон каражаттын эсебинен тарых институту тарабынан Кыргызстан тарыхынын үчүнчү тому, 1916-жыл боюнча эскерүүлөр жыйнагы даярдалып атат, байыркы жана орто кылымдагы чет элдик чыгармалар кыргыз тилинде чыгып жатат. Келерки жылды Президентибиз «Тарбия, адеп жана маданият» деп жарыялаганы кайра эле тарыхыбызды изилдөөгө шарт түзөт. Мунун баары биздин жетишкендиктер.
Сабактарына келген болсок. Асан айтып кеткендей, илим менен маданияттын ажырым болуп калуусу өкүнтөт. Кырчынга этнограф окумуштууларыбыз барса кандай сонун материалдарды жыйнап алат эле! Нарктуу карыялар, байбичелер жүрбөдүбү. Экинчиден, Ташыкем айткандай тарыхчылардын башын бириктирүү керек. Бизге философ, адабиятчылардын таарынычтары бар. Аларды эстен чыгарбай чакырышыбыз керек экен. Үчүнчүдөн жаштарды окутууда жаңы концептуалдык көз-караштарды, методологиялык ыкмаларды колдонуубуз керек. Окуу куралдарыбыздын көбү эски, таптык көз-карашта жазылгандыктан аны окуп алган бала баягы эле «бай-манап эзип ийген» менен жүрө берет экен. Жаңы окуу китептерин жазып чыгаруу керек. Билим берүү академиясынын Тарых институту мурун күчтүү кадрларды даярдачу эле, көңүл бурулбагандыктан деңгелдери өтө төмөндөп кетти. Абыке аны жандантсаң тарыхта каласың. Мисалы Тогузаков философия тармагын сактап кала алды. Башкалары кыскарып жатса, философия илими кеңейип атат.
  Баткенден Америкада иштеген дизайнерлер кийим тандашты
Акимбек Текешов, “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси: «Тарых жылына арналган иш-чаралар ушул күнгө чейин уланып келет. «Мурас» фондунун демилгеси менен мектептерде дил баяндар, диктанттар жазылып атат. Чын эле кыргыз элинин тарыхий аң-сезими ойгонду. Ал албетте, маданиятыбызга да таасир берип, искусствобуз тирилди. Тарых жана маданият бирдей жанданганы жакшы болду.
Мыйзамда бүтжеттин 3 пайызга чейинки каражаты маданиятка бөлүнсүн деп жазылган. Кийин 3 пайыздан кем эмес деп жазылганы менен беш жылдан бери бир пайыз да каражат берилген жок. Бүтжеттин 0,5, 0,7 же 0,6 пайызын гана алып турдук. «Кыргыз театры» деген эмне деген театр жана артисттер болгон. Биздин спектаклдерге элдер көчөдөн билет сурап жүрчү. Азыр болсо, залдагы киши сахнада ойногон артисттерден аз. Быйыл жүгүрүп жүрүп театрга 15 миллион каражат бөлдүрдүк. Буга чейин бир тыйын бөлүнгөн эмес. Жалаң тарыхий спектаклдерди койдук. 20 театрыбыз жыйырма түрлүү спектакль даярдап, баары башка региондорго чыгып коюп келишти. Жыйынтыгында Ошто тарыхий спектаклдин фестивалы болду. Көчмөндөр оюнунан мурун Баткен, Жалалабад, Ош облусту болуп биринчи этнофестиваль өткөрдүк. Ар районунан келип, 2000 киши катышты. Ар бир райондун этномузыкантын көрүп, угуп, тандап чакырып келдик. ��тномода, б.а. улуттук кийимдердин көргөзмөсү болду. Биздин Америка, Европада иштеген дизайнерлерибиз тандап алып келишти. Кол өнөрчүлүк, каада-салт кошулуп эртең мененки саат 9дан, кечки 18ге чейин тынымсыз болуп, канчалаган эл келип көрүп кетишти. Улуттук тамактарды айтпай эле коеюн. Чоң-Алайда 160 кыргыздын улуттук тамагы бар экен. Кино жана музыка жумалыктары өткөрүлдү.
31-август эгемендик күнүнүн алдында билесиздер теракт болуп, болобу же болбойбу, эл келеби-келбейби деп шаштыбыз кетип калды. Болуп бүткөн соң ички иштер министрлиги 40 миң адам катышты деп билирди. Тарыхчылардын иш-чараларын биз маданиятчылар аркасынан көркөмдөп, элдин аң-сезимине бекемдеп кетип жаткандай болдук. Тайлак батыр менен Жусуп Баласагындын жылдыктарын, эгемендиктин 25 жылдыгы, Путин, Бордюжа катышкан Үркүндүн 100 жылдыгында, баарында ушундай эриш-аркак иш болду.
  Эл саясаттан жадап, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады
Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, “Мурас” фондунун төрагасынын орун басары: «Быйыл тарыхыбыз тарыхчылардын тар чөйрөсүнөн чыгып, элге аралашты десек болот. Айтылган иш-чаралар болбосо, эл шайлоо учурунда гана эске алынып анан унутулуп калат экен. Тынчтыкбек экөөбүз район-облустардын маданият үйлөрүндө жыйын өткөрүп аттык. Элге орун калбай, т��руп алып эки сааттан ашык катышкандар көп болду. Башында биздин баяндама болуп, андан кийин эл суроо жаадырып жатты. Демек, элдин өз тарыхына болгон кызыгуусу бар экен. Быйыл ал ого бетер күчөдү. Биз мындай жолугууларды күчөтүп, элге жакыныраак болушубуз керек экен. Тарыхчыларыбыз да жанданып, борбор менен аймактык тарыхчылардын карым-катнашы күчөдү. Биз бул алакаларды токтотпостон, эмдиги жылы күчөтүп кетишибиз керек. Архивдер менен да жаңыча иштеш керек экенин түшүндүк. Буга чейин ар бирибиз өзүбүзгө таандык тар тема боюнча эле материалдарды издеп, калган маалыматтарга көңүл бурчу эмеспиз. Ошондуктан кыргыздын тарыхына жарык түшүрө турган материалдар көз жаздымда калып калчу экен. Мына жаныбызда турган Алматынын архивинде ушунчалык бай материалдар бар экен. Ташкент менен мамилелер оңоло баштады, анын архивинде иштегенге мүмкүндүк алсак. Баарынын көчүрмөсүн албасак да темаларынын тизмесин алсак чоң жеңиш болмок. Былтыр жакшы акча бөлүнүп Москва менен Петербургдун архивдеринде иштеп келдик. Былтыр аз эле каражатка чоң иштер бүттү. Мындай каражаттар кээде талаага деле кетип калып атат. Каражаттын тартыштыгы чын эле кендирди кесет экен. Президент өзү баш болуп, тарыхты изилдөөнү улантууга каражат караштырабыз, иштерди улантыш керек деп жатат. Анын тапшырмасы менен Тайлак баатыр, Алымбек датка боюнча сценарийлер жазылып, көркөм кеңеште жактырылды. Биз тарыхчылар барып баяндама кылгандан көрө, он көркөм тасма тартылса, элге батыраак сиң��т экен. Быйыл радио жакшы иштеди, бирок телевидение начар чагылдырды. Мисалы Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына КТРК баш болгон көп телеканал келбей койду. Газет-журналдарга айтат элем, тарыхка кызыккан окурмандар көп, өз убагында темаларды алып чыкса окурмандарын көбөйтө алмак. Мисалы мен Кыргыз Туусунда иштеп жатканда, тарых, маданият, улуттук менталитетке тиешелүү рубрикалар менен нускасы 3000ден 16000ге чейин жеткен. Эл саясаттан жадап, руханий, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады. Бир бет бөлүп коюшса, биз, тарыхчылар кызыктуу материал берүүгө дайыма даярбыз.
(Бул жерде Баткендин нукура сакталып калган эски салттары тууралуу кеп болуп кетти. Токол жумшаар алдында «Байбиче көтөрүү» каада-салты бар экен. Тарыхчы агалар «Жакшы салт экен, муну жайылтып, аткаминерлердин токолдорун жибериш керек экен» деп тамашалап күлүп калышты. Бир агабыз «Архивдерде ар бир аттуу-баштуу кыргыздын аялдарынын аттарынан бери бар» деп тамашалады)
  Тарых жанданбаса башкалардын таасири алдында болобуз
Ордо ээси Искендер Ормон кереге кеңешти төмөнкүчө жыйынтыктады: «Тарыхтын жандануусу бул эгемендүүлүктүн жанданып, мамлекеттүүлүктүн күчтөнүп баштаганы дегендик. Чын эле эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгы 1916-жылкы боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгы менен бир келип калуусу өтө кооптондурган. Бирок жетекчиликтин кылдаттыгы, сиздердин натыйжалуу иштериңиздер жана элибиздин кең пейилдиги менен тетирисинче эгемендүүлүгүбүздү куттуктаган Орусия президенти Владимир Путин көтөрүлүштө курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эки датанын бир келгени чоң пайда берди. Тарых жана маданият жылы коомдун бардык тармактарына, анын ичинде бизнес тармагына да оң таасирин тийгизди. Быйыл улуттук символикаларды чагылдырган көптөгөн өндүрүмдөр чыкты. Ильбер Ортайлы деген дүйнөгө таанымал түркиялык агайым: «Борбор Азиянын тарыхы өтө бай. Бирок өз элиңер аны билбейт. Эгер тарыхты жандандырбасаңар, орустун таасиринен кутулганыңар менен кийин башка супер күчтөрдүн таасиринде каласыңар», — дейт эле. Учурдун заманбап технологиялары аркылуу тарыхыбызды таанытпасак, коом бир жакта тарыхчылардын жетишкендиктери бир жакта кала берет экен. Ошондуктан илимий даражадагы тарых менен карапайым калктын ортосунда «популярдуу тарых» көпүрөсү болушу керек экен. Бул тасма, мультфильм, тарыхты көркөм тилде сунган журналдар аркылуу болот экен. Агайларыбыз иштерин улантып кете берсе, элдин тарыхий аң-сезими тереңдеп, мамлекеттүүлүгүбүз бекемдеп кете берет деген ишенимдебиз.
Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 30.12.2016-ж.
0 notes