#Макелек Өмүрбай уулу
Explore tagged Tumblr posts
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/05/04/zh-s-p-mamaj-ajtymy-zhana-balbaj-mamajdyn-kol-zhazmasy-zh-n-nd/
Жүсүп Мамай айтымы жана Балбай Мамайдын кол жазмасы жөнүндө
Жүсүп Мамай айтымын изилдөөнү тереңдетүүдө, биз көбүрөөк Балбай Мамай уулун жана анын кол жазмасын изилдөөнү башкы орунга койсок, «Манастын» түбүн түптөй алабыз. Себеби, «Манастын» 8 бөлүмдүү (сегиз урпак) экенин Балбай Мамай уулу биринчилерден болуп тастыктап, таанып чыккан киши болуп эсептелет. Мындай билимдүү адамга 8 урпактуу «Манастын» айтымы (вариянти) жолукпаса, тигил кийинки 5 бөлүмүн «башка жомоктор экен» деп кол шилтеп жүрүп кетер элек да, бүгүнкү бизге дүйнө боюнча эң толук «Манас» жетмек эмес. Ошого, Балбай Мамайды «жазып алуучу» катары гана тааныбай, «Манас таануу» илиминин, «Манас» маданиятынын эң алдынкы кишиси катары карап, Балбай Мамай уулунун Манасчылыгы, «Манас» таануусу боюнча атайын изилдөөлөр алып барылышы керек. Болуп дагы, быйыл Балбай Мамай уулу сыяктуу «Манас» таануучулардын демилгеси менен, 1917-жылы какшаал өрөөнүндө уюштурган эл аралык «Манас» айтуу чогулушуна жана Балбай Мамай уулу «Манасты» кагаз бетине түшүрө баштаганына шарттуу «100 жылы» деп белгилөөнүн илимий маңызы зор.
Балбай Мамай уулу Жүсүптү чоң жомокчулукка түз жетектеген бир тууган акеси. 1892-жылы туулган, 1937-жылы чагуу менен камалып, 1941- жылы кашкарда абактыда дүйнөдөн өткөн (Мукаш Жүсүп уулунун дептеринен). Балбай Мамай уулу өз кезинде, бир академия жасай турган ишти жасап, «Манастын» көлөмүн белгилеп, болжол менен, «Манасты» кагаз бетине 1910-жылдары эле түшүрө баштаган, эң алгачкы «Манас» жазып алуучу болгон. Ал алды- кийин Жүсүбакун Апайдан «Манастын» алдынкы үч бөлүгүн (1910~1917-) жазып алган. Кийин, Ибирайим Акылбек уулунан кийинки 5 бөлүгүн (1917-1926-жылдар аралыгы) жана Сагымбай Орозбаковдон (1916~1917-жылдыр) «Манасты» кагаз бетине түшүргөн. Тактап айтканда, Балбай Мамай уулу «Манасты» куткарып, аны иниси Жүсүп аркылуу бизге улап жеткирген киши болгон. Чоң жомокчу Жүсүп Мамайдын айтымын илим салаасына тереңдей алып кирүүдө, алдынкы шарты катары, көбүрөөк Балбай Мамай уулун изилдөөнүн илимий ажаты бар.
Менимче, Балбай Мамай уулун изилдөөнүн эки чоң түйүнү турат: биринчисы, ал кишинин «Манас таануу» жагындагы сырларын, болуп да «Манасты» чогултуу аракеттери, «Манастын» көлөмүн белгилөөдөгү чоң билими сыяктууларды чоң түйүн катары чечүү керек; экинчиси, Балбай Мамай уулунун «Манасты» жазып алуу жүрүшүн, кимдерден, качан, кайсы тамгалар (жазуу) менен жазып алганын тактоо, ал тургай, ошол кездин өзүндө (1910-жылдары), кагазды кайдан алды, кандай кагаз колдонду, сыя- калем дегендер кандай болгон? Орфографиялык жазуусу, жазуу истили, колдонгон тили (адабий тилби?), жазып алууга сарпталган убакытты билүү илим үчүн эң зарыл болуп, кадиресе, кыргыздын тил- жазуу колдонуу тарыхын билүүдө жакшы маалымат алмакпыз. Азырдын өзүндө, 8 бөлүмдүү «Манасты» басмадан чыгарганда 7 килогирам кагаз керектелген турса, аны кагазга түшүрүүдө, кем дегенде бир көтөрүм кагаз сарпталат. Ушул жагын бир түйүн катары чечүү керек.
Менин бул макалам, Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө ээ болгон маалыматтарга таянып, аталган кол жазманын жөн-жайын чубап көрмөк.
Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө, Биздин бүгүнкү күндөгү ишенимдүү маалыматыбыз: «Балбайдын кол жазмасын 1937-жылы Жусубакун деген алып кеткен» деген чоң жомокчу Жүсүп Мамай айтканы болуп турат. Бирок, «алып кеткен» деген сөз ал жер бетинен жоголгон, же өрттөлгөн деген сөз эмес экенин кийинки изилдөөбүз ырастап, Балбайдын «алып кеткен» деген ал кол жазмасы эл ичинде сакталып жүргөдүгүн төмөнкү эки далил менен көрсөтө алабыз.
1. Балбай Мамай уулунун кол жазмасы 1960- жылдын соңуна чейин какшаал эл ичинде колдон колго көчүрүлүп жүргөн.
Жүйөсү. Cүйүндүк аттуу «Манас» күйөрмөнү 1992-жылы тогуздун айынын 11- күнү бир барча каты менен, бир кол жазма дептерди менин бөлмөмдүн каалгасынын астынан сойлотуп жибериптир. Көрсөм, Ал катында мындай баян жазылган: «колуңарга тапшырган «Манастын» «Эр Сейит» бөлүгү Манастын уулу Семетей, Семетейден Сейитек, Сейитектен Кененим, Кененимден Сейит болуп Манастын 5- тукуму, андан кийин Бокбача, Жокбача дегендер болгон дейт. Бул кол жазма (китеп) 30- жылдарда кыргызстандын жазуусунда жазылган (басылган) жазмадан 1965-жылдан 1969- жылга чейин Ак-Чий оодан Кара-Чий айылынан Токтобай көчүргөн. Түпкү жазманы 1966-жылы жана 1969-жылдары эки жолу «жумушчулар кызмат гуруппасы», «арбийлер кы- змат гуруппасы» дегендер үйүбүздү оодарып таап алып өрттөгөн. Бирок көчүрүлгөн нускасы Кара-Чийде Токтобай, Ак-Талаада Сарыбай, Үрөөнчүлүк фермада Орозакун сыяктуу үч киши жагынан кайрадан көчүрүлүп жазылып, бүт Ак-Чийде тарап жүргөн. Ал кол жазмалар чогултулуп болгон чыгар. …мен колумдагы «Эр Сейит» бөлүгүн сиздерге тартуу кылайын. Бул нуска 1975-жылдан 1978-жылга чейин Токтобай көчүрөн нуска, анын алды- аркасы бар эле, аларды кимге бергенин билбейим. Муну да жоготуп албасын деп мен 1979-жылы алып алган элем. Мен да көп жолу муну колдон чыгарып салып, зорго кайра таптым. Колумдагы бул нускадан кийинкиси үйдө (Ак-Чийде) бар болчу эле. Издеп таап калсам силерге жиберип берем. Эскертүү, бул кол жазма 19 бап, 8900 сап болуп, 99 пайыз ишенимдүү, пайдаланышыңыздарды сурап, сиздерге ийгилик каалап, Cүйүндүк» деген мазмундагы кат экен (колумда турат), Бул кол жазма 1978- жылы жазылып бүткөнүн эскертип Орозакун кол койгон. Ушул Cүйүндүктүн маалыматына ишенгенде, Балбайдын кол жазмасы Жүсүп Мамайдын үйүнөн 1937-жылдары тери жагданы менен алынып кетилгени менен, Какшаал өрөөнүндө дагы башка бирөөнүн үйүндө сакталып жүрүп, 1966-жылы анан түп нуска чыныгы өрттөлүп, бирок көчүрмөлөрү ушул күндүн өзүндө да Какшаал өрөөнүндө бар экенине ишендирет. Анын далили катары, колубузда «көчүрдүк» деген ат менен богалтырлик дептерге жазган «Эр Сейит» толугу менен турат. Ал эми эскертээр нерсе, Сүйүндүк катында айткан: «1930- жылдары Кыргызстандан келген (чыккан) китептен көчүрдүк, түп нускасы үйүбүздө бар эле…» дегендери ошол эле Балбайдын «алып кетти» деген кол жазмалары бул өрөөндө, эл ичинде тарап жүргөнүн айтып турат. Себеби, кыргызстанда, 1930- жылдарда «Эр Сейит» аты менен, кадыресе «Манас» жомогунун кийинки бөлүмдөрү араб тамгасы менен кагаз бетине түшкөн эмес (Жапыйдын уулу Тыныбектин 1925-жылы басмадан чыккан «Семетейи» болгондон бөлөк). Сүйүндүктүн маалыматында, бул кийинки 5 бөлүм эл ичинде кол жазма менен тараганын туюнтуп ту- рат. Ал Сүйүндүк кат жазган 1992-жылдары Жүсүп Мамай айтуусундагы «Сейитим, Сейит», «Кененим» бөлүктөрү басмадан чыга элек болчу. Ал «Эр Сейитти» көчүрүп жазган жылы 1975-жылы болгондо, алардын колунда Жүсүп Мамайдын азыркы айткан бөлүмдөрү такыр эле болбостук керек. Айтарым, биз Балбайдын кол жазмасын ушул күндө да эл ичинен издесек, натыйжа чыгарына ишенип, кийинки кездерде сурамжалоону уланттык, жогоруда аты аталган көчүрүп алуучулардын барлары менен жолуктук. Бирок алар Ж. Мамайдын айтымы басмадан чыгып болду, эми кереги жок деп таштагандарын, жоготкондорун айтышты.
Сүрөт: «Эр Сейиттин» 1978-жылкы көчүрүлгөн кол жазмасы
2. Балбай Мамай уулунун кол жазмасынын нускасы азыр да бар
Жүйөсү. Кытайда, 1964- жылы «Манас» кызматына мамлекет жагынан уюштурган жетекчилик группасынын башчысы, Кытай мамлекеттик элдик адабиятчылар коомунун илимий кызматкери Тав Яң мырзанын 2010-жылы басмадан чыккан кытайча «Манас кызмат эстеликтеринде», 1965-жылы тогуздун айынын 13-күнкү Жүсүп Мамайдан Тав Яң мырза Балбайдын кол жазмасынын жөн- жайын сураганда, Жүсүп Мамай мындай айтканын ал эстелигине жазган: «агам жалпы ушундай 38 дептерге жазган экен. Ар бир дептер 100 беттен, бир бетине үч кертимден (стондон), бир кертими 69 саптан жазылган. Ошондо, жалпы 3800 бет дептерге 262 миң 200 сап «Манас» текистин түшүргөн болот». Бул маалымат Балбай Мамай уулунун «Манас» эпосун кагаз бетине түшүргөн жалпы кызматы Болгон.
Тав Яң мырза ошол күнү, Балбай Мамай уулунун кол жазмасынан бир дептерди өз көзү менен көргөнүн, аны Жүсүп Мамай «Какшаалда бир үйдөн көрүп, катып жөрдүм эле» деп Тав Яң мырзага тапшырган, ал кол жазма дептерди Тав Яң мырза ошол жолку «Манас» жазып алуу тобунун орун басар башчысы, Жүсүп Мамайды биринчи тапкан, «Манасты» кытай тилине которууга катышкан Лию Фажүнгө тапшырганын жазган. Мен аталган дептерди, 1991-жылы Үрүмчү шаарында ачылган «Манас изилдөөнүн мамлекеттик талкуу жыйынында» көргөзмөгө койгондо көргөн элем. Аталган дептер ШУАР элдик адабият коомунун кол жазмалар фондунда сакталуу болушу керек. Бул дептер Балбай Мамай уулунун кол жазмасынын түп нускасына өкүлдүк кылат.
Жүсүп Мамайдын «Манас» айтымы Балбайдын жогоруда атаган 38 дептерге жазган кол жазмасынан ��аттап, өздөштүргөн (1926-жылдан 1940-жылга чейинки мезгилде). Муну Жүсүп Мамай 1993-жылы баш оонанын 24-күнкү Жапондук илимпоз Нашыю Такию менен өткөзгөн маегинде: «агам Балбай Жусубакун Апайды устат кармап, андан «Манастын» үч бөлүмүн жазып алган, калган кийинки бөлүмүн Ибираимдан жазып алган экен» деген сөзү менен ырастоого болот.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, КНР «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору, филологиа илимдеринин доктору.
Байланыш:
Add: КЭР Үрүмчү шаары ШУАР улуттар тил- жазуу комитети
Телефон: +86- 13579421052
Eimail: [email protected]
QQ байланыш: [email protected]
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/03/13/zhamijla-zhalgyz-emes-ch-ajtmatovdun-kytaj-adabiyatyna-taasiri/
«Жамийла» жалгыз эмес. Ч. Айтматовдун Кытай адабиятына таасири
«Жамийла» жалгыз эмес. Ч. Айтматовдун Кытай адабиятына таасири
Ч.Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөлүк бет алышын карап, бирлешкен мамлекеттер уюмунун 1997-жылкы маалыматына бакканыбызда, 130 өлкөдө 127 тилге которулган дүйнөлүк адабияттын «ал мончогу» катары көрүндү. Биз ушул сандуу маалымат менен сүйүнүп, сыймыктанып жүрүү менен кошо, жер бетиндеги 127 тилге которулгандан кийин, ал тилдердин окурманы кандай кабыл алды, ал тилдердин адабияттарына кандай таасир этти, атап айтканда, жер бетиндеги адамзатка жеткен Айтматовдун чыгармалары инсанга эмнелерди берди? деген суроо менен кайрылуунун шарты жаралды. Биз адабият таануучулар менен тыгыз кызматташып, жогоруда келтирилген суроолордун жообун Кытай адабиятынан издөөнү максат кылдык.
I Ч.Айтматовдун чыгармаларын Кытайда кабылдоосу
Кытайда Ч.Айтматовдун чыгармалары бүт эле орусчадан которуу аркылуу окурмандарга жеткен. Кытайда тунгуч которулган чыгармасы «Жамийла» болуп, 1958-жылы кытай тилине которулган. Ошондон баштап, мына ушул күнгө чейин, Ч.Айтматовдун чыгармалары бүт эле кытай тилине жана Кытайдагы аз сандуу улуттардан уйгур, казак, моңгул, кыргыз тилдерине которулуп, кадыресе, 1980-жылдан кийин Ч. Айтматов чыгармалары чоң толкун менен которулуп, удаа басмадан чыгып олтуруп, ушул бүгүнкү күндө, бардык чыгармалары кытай тилинде жарык көрүп болгон. Ал тургай, кытай тилинде бир чыгармасы бир нече жолу, бир гана басмадан эмес, бир гана котормосу эмес, бир нече адам которгон (котормо варианттары), окшобогон басмалардан, нускасы абдан көптөп тараган. Кадыресе, китеп дүкөндөрүнөн «таламай» алган сыяктуу сатылуусу шыдыр болгон. Кытайда Айтматов окурманынан «Жамийланы» сурасаң, «Ак кемени» сурасаң так айтып берүү даражасында жалпылашканын таасын байкаткан. Бир сөз ��енен айтканда, Ч.Айтматов чыгармаларынын окурманы кыргыз тилинде кандай кабыл алынган болсо, кандай түшүнүлгөн болсо, ошол эле даражада Кытай окурмандары кабылдаганын таң калуу менен айтууга болот.
Айтматовдун чыгармаларын, өзгөчө, адабиятчылар, жазуучулардын кабылдоосу ойдогудан да бөтөнчө болгон. Кытай жазуучулары Айтматовду эки түрдүү максат менен кабылдаган:
биринчи, анын чыгармаларындагы айтылган ойлорго суктануу, ал ойлорду Кытайда да айтууга ылайык көрүү максаты;
экинчи, өз чыгармачылыгына Айтматов чыгармаларынан жол издөө, анын чыгармаларын эликтеп жазуу, Чыңгыз чыгармаларындагы образдарды өз чөлкөмүнөн көрсөтүү, өздөрүнүн чыгармачылыгын ыкма жактан, көркөмдүк жактан, идеалык жактан көтөрүү максатында кабылдаган.
Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын ушундай эки түрдүү максат менен кабылдоосу ийгиликтүү чыгып, Кытайда Айтматовдун чыгармалары кабылданып (таралып) гана калбай, Кытай адабият сахнасында өздөштүрүлүп, Айтматовду туурап чыгарма жазуу, кадыресе, Айтматовдун чыгармаларындагы идея, кейипкерлер Кытай жазуучуларынын калеми менен кайрадан жарала баштаганы Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү, адамзатка керектүү чыгармалар экенин көрсөтүп турат. Айтмак, Айтматов чыгармалары Кытай адабиятына таасир көрсөтүүсү анча-мынча айтылган сөздөр эмес, Кытай салыштырма адабият изилдөөсү колго алган илимий деңгээлге жеткен. Ушул күндө, Кытай адабият изилдөөсүндө, Айтматов таасири өзүнчө сөз боло турган темага айланганын айтса болот.
Айтматовдун Кытай адабиятына көрсөткөн таасирин салыштырма адабият изилдөөчүлөр эки чоң топко бөлүп көрсөтөт:
биринчи тобундагылар, Айтматовдун чыгармачылык таасирине учурадым деп өздөрү айтып, өздөрү ынангандар;
экинчи тобу, салыштырма адабият изилдөөчүлөр адабияттык теорияга салып, талдоо аркылуу салыштыра, окшоштура изилдеп «Айтматовдун таасири тийген» деп айтып чыккан чыгармалар жана жазуучулар болууда.
Төмөндө, биз өздөрү Айтматовду кабылдадык деп айткан Кытайлык жазуучулардан бир нечени мисалга тартып айтсак, Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын кабылдоосу кандай жагдайда экенин айкын көрсөтүп, Айтматовдун «Жамийласы» жалгыз эле кыргыз жергесинде жүрбөй, «Жамийла» окуясы кыргыздар ичинде гана болуп өтпөй, Кытайда да бар экенин, ошондо, Айтматовдун «Жамийласы» адамзат бар жерде көп экенин, Айтматов дүйнөлүк чыгармаларды, инсанатка орток ойлорду айткан жазуучу экенин дагы бир жолу айтууну максат кылдык. Айтматовдун чыгармаларынан жол издеген, аны туурап жазган Кытай жазуучулары:
Ваң Мың
Кытайда алп жазуучунун бирөө, кезинде, Кытайдын маданият министри болгон. Ал Айтматовдун чыгармаларынын Кытайдагы таасирин өтө төп баалаган жазуучу болуп, жаңы заман Кытай адабиятына таасир эткен дүйнөлүк төрт чоң жазуучу, Хемингуэй, Кафка, Маркес жана Айтматов экенин, кадыресе, ошолордун ичинен эң чоң таасир эткени Айтматов экенин өзгөчө белгилеген. Өзү да эң эртеде Айтматов чыгармаларын окуган. Ал тургай, Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен, аны эликтеп чыгармаларды жаратканына өзү макул болгон жазуучу. Анын «Обончунун пири» аттуу чыгармасы «Жамийланы» туураган, анын чыгармасында, Жамийла Айданак деп аталса, Данияр Акирам деген ат менен аталганы, «Нур», «Чаар түс» деген чыгармалары «Гүлсарат» чыгармасын эликтегени, ал эми, «Соңгу тоо» аттуу чыгармасы «Биринчи мугалимди» эликтеп жазганын адабиятчылар салыштырып изилдеп чыккан. Ал тургай, бир романындагы кейипкерине Айтматовдун «Ак кеме» китебин уурдатып, ал чыгарманы алгоолошуп окугандардын баянын киргизгени, Айтматов чыгармаларына окурмандардын канчалык ынтызар экенин көрсөткөнү болгон.
Вин Яжүн
Кытайдагы мыкты жазуучунун бирөө. Вин Яжүн Айтматовдун чыгармалары өзүнүн чыгармачылык жаңы жолун таап бергенин мындай жазган: «Мен, мурда өз чөйрөмдөгү нерселерди, тар идеянын ичине камап, мокок калем менен жазып жүрчүмүн, кыргыз жазуучусу Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин, кокустан ойгонгондой болдум», — дейт да, «Кылым карытар бир күндүн» таасири менен, «Кашатсыз деңиз» аттуу роман жазган; «Ак кемени» эликтеп, «Бөксө тоодогу жомоктор» аттуу чыгармасын жазган.
Жаң Чыңжы
Айтматовго ашыкча суктанган Кытайдын таанылуу жазуучуларынын бирөө − Жаң Чыңжы. Ал Айтматовдун өз чыгармачылыгына тийгизген таасирин мындай дейт: «Кыргыз жазуучусу Айтматов менин чыгармачылыгыма алгылыктуу таасирин тийгизди жана көздү ачты». Жаң Чыңжы Айтматовго баа берип: «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, Айтматовго Теңир- Тоо кыркасынын (Тияншандин) падышалык мартабасын ыйгарган). Жаң Чыңжы дагы Хемингуэй менен Айтматовду салыштыра сүйлөп: «Айтматовдун жаңы жана узакка жашай турган чыгармалары, Хемингуэйди эски боюнча калтырып кете алды» ,- дейт. Жаң Чыңжы «Кара жорго» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Жамийласын» эликтеп, Байинболг менен Сомияны жазган. «Биринчи мугалимди» эликтеп, «Алик футболчу» аттуу чыгармасын жазган. Кытайдагы салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматовдун Кытай адабиятына тийгизген таасирин ушул Жаң Чыңжынын чыгармаларынан көптөп көрсөткөн. Кадыресе, бул эки жазуучунунун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн изилдеп атайын аалым шакирттик жактоо эмгектерди жазышкан. Ал тургай, жазуучу Жаң Чыңжы өзү да макала жазып Айтматовдун адабияттагы жетишкендиктерин талдоого алган.
Лу Яв
Айтматов чыгармачылыгын кабылдаган Кытайдын атактуу жазуучусунун дагы бирөө − Лу Яв. Бул жазуучу кайсы бир чыгармасында кейипкери атасынын китеп текчесинен «сары майдай катып» алып окуп жүргөн «Ак кеме» повестин уурдап окуган окуяны киргизген. «Жамийланы» эликтеп «Адам өмүрү» деген чыгарманы жазып, Жамийланын образын Лыю Чавжын, ал Даниярдин образын Гав Жалинден көрсөткөн. «Жөн дүйнө» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Ак кемесин» эликтеп жазган.
Гав Жанчүн
Салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматов чыгармачылыгын өздөштүргөн Кытайдагы белдүү жазуучулардын катарына Гав Жанчүндү тизип, ал Айтматовду: «Мен ага улуу урмат билдирип, аны устат тутунар элем» деген сөзүн туура тартышат. Жазуучу Пав Жанчүн да «Жамийланы» эликтеп, «Кайненесинин эшегин айдаган жигит» аттуу чыгарма жазып, Жамийланын образын Мей Пыңхуаң аттуу кыздан, Даниярдын образын Ли Жыян аттуу жигиттен көрсөтүп чыккан. Андан бөлөк, дагы «Кулжа жылкысы» деген чыгармасында «Гүлсаратты» туурап жазганын танбайт. Гав Жанчүн «алыстан көрүнгөн ак боз үй» сыяктуу чыгармаларында Айтматовдун таасири өтө зор экенин адабиятчылар кенен талдоого алышкан.
Жаң Вий
Айтматовдун үлгүсүн туурап чыгарма жазган Кытайдын таанылуу жазуучусунун бирөө − Жаң Вий. Анын «Обон» аттуу чыгармасы «Жамийланы» эликтеп жазылып, Ар Ланзы аттуу кыз Жамийла, Ло Говр аттуу жигит Даниярдын образында баяндалган. «Тунук суу», «Сагындырган кара балык» аттуу чыгармалары «Ак кемеден», «Күзгү санаа», «Күзгү ачуу», «Байыркы кеме» аттуу чыгармалары «Гүлсаратты», «Кылым карытар бир күндөрдү» эликтеп жазылган. Ал эми «Толгонуу» аттуу романы Айтматовдун «Кыяматын» эликтеп жазылган. Айтмак, Жаң Вий Айтматовдун үлгүсүн Кытай адабиятындагы чыгармалары менен өтө көп көрсөткөн жазуучу эсептелет.
Яң Шыянхуй
Айтматовдун чыгармаларына суктанып өздөштүргөн Кытайдын чоң жазуучуларынын дагы бирөө − Яң Шыянхуй. Ал Айтматовдун чыгармаларына эмнеге тартылып калгандык себебин мындай жазганы бар: «Мен ага кызыкканымдын себеби көп болгонуна карабай, эң эле зарылы, анын чыгармалары мурдагы советтер ынтымагындагы жазуучулардыкына окшобогону, өз алдынча сайган туудай көрүнгөнүн айтар элем. Айтматовду окуудан мурдагы, ал 1980- жылдардагы, Советтер ынтымагы жазуучуларынын чыгармаларынын негизги темасы тек бирөө гана: пролетариат табынын көңтөрүшү, таптык күрөш, Болшевиктин жеңиши гана болчу. Ал тургай, мен эртеде өтө жактырып окуган «Тынч Дон дайрасында» да, жүрөктү сыздаткан ачыныштуу окуя баяндалган, Советтин жеңишин даңазалаган чыгарма эле. Ал эми Айтматов чыгармаларынан карапайым адамдардын эмгегин жана махабаттарын даңазалаган түбөлүк темалар көрүндү. Ал карапайым адамдардын сонун, ак көңүл адамдык сапаттарын, асыл дилин мактап чыккан эле. Болуп дагы анын Теңир-Тоо кыркалары менен жашыл жайлоолорду сүрөттөгөн, анын сезимдүү каргыган калеми менин сүрөттөлгөндөрү жүрөгүмдү элжиретип салды». Яң Шыянхуй Айтматовду өздөштүрүп, «Деңизде алыстан угулган күндүн күркүрөөсү» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн» эликтеген; «Кулан сайы» деген чыгармасын «Жамийланы» эликтеп жазып, Ваң Винйиң аттуу кыздан Жамийланы көрсөткөн. Дагы «Кара какыр» чыгармасында «Кызыл жоолук делбирим» эликтеген.
Чы Зыжыян
Кытайда Айтматовдун чыгармаларын өздөштүргөн таанылуу жазуучулардын дагы бирөө − Чы Зыжыян. Ал Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүүсүн мындай айткан: «Мен Айтматовдун чыгармаларына ыктап кеттим. Ал жазган адамдар арасындагы окуялар мени бейиштин абасынан жыргатып жаткандай туюлат». Чы Зыжан Айтматовдун «Гүлсаратын» эликтеп, «Бир ат эки киши» деген чыгармасын жазган; «Ак кемени» эликтеп «Араккечтин суучулдугу» аттуу чыгармасын жазган; «Эргина дайра боюнда» романын Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романына эликтеп жазган.
Булардан бөлөк, Хуң Ки, Жу Чүнйү, Йи Шызырын, Жаң Шиянлияң сыяктуу жазуучулар да Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүп, анын чыгармаларындагы идея, образдарды Кытайдан жараткан жазуучулардын мисалына кирет.
Биз жогоруда атап өткөн Кытай жазуучулары өздөрү Айтматовду өздөштүргөнүн айткандар, ал эми салыштырма адабият изилдөөчүлөр, булардын чыгармаларын Айтматов чыгармаларына салыштырып изилдөө аркылуу окшоштуктарды көрсөтүп макалалар жарыялаган. Алардын жазган макалаларына караганда, Айтматовдун «Жамийла», «Ак кеме», «Гүлсарат», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кызыл жоолук кырчын талым» сыяктуу чыгармалары Кытай жазуучуларынын, кадыресе, Кытайда «Мав Дун сыйлыгы», «Лу Шүн сыйлыгы» сыяктуу мамлекеттик адабият сыйлыктарынын ээлеринин калеминен ка��ра жаралган.
Ошого, айтар элек, Айтматовдун «Жамийласы» гана жалгыз эмес, бардык эле чыгармалары Кытайда кайра жаралып, жалгыз эмес экенин, ал тургай, «Жамийла» (дагы башка чыгармалары да) Кытайда бир жазуучунун калеминен эмес, жогоруда көрсөткөн жазуучулардын бардыгы бирден «Жамийланы» жазышкан, бардыгы «Гүлсаратты» ж. б. Чыгармаларды кайра жаратышкан. Бууп сүйлөгөндө, Айтматовдун Кытай адабиятына көрсөткөн таасири аябай чоң болгон. Эгерим, жер бетиндеги Айтматов чыгармалары которулган тилдерде да Айтматов чыгармаларынын кайра жаралуусу Кытай адабиятындай чоң таасирде экенин билүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда, азыркы Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу экенине сыймыктанып гана калбай, кыргыз адабиятынын дүйнөдөгү оюн, боюн көрүп, кыргыз адабиятынын дүйнө адабиятына көрсөткөн таасири менен сыймыктанууга акылуу экенбиз!
Кытай адабиятына Айтматов чыгармаларынын таасир этүүсүн, кабылдоосун Кытай адабият сынчылары мындай жактардан корутундулаган:
биринчиден, Айтматов чыгармалары мазмун жагынан карапайым адамдардын адамдыгын, адамгерчилигин, эмгегин, сүйүүсүн баяндаган, чыгармаларынын мазмуну жалпы адамзат көөн буруп жаткан темалардан, атап айтканда, адамгерчилик, экологияны коргоо сыяктуу түбөлүктүү темалар болгондуктан, Кытай жазуучулары да үн кошуу максатында кабылдаган;
экинчи, кээ бир жазуучулардын жашоо чөйрөсү, ал тургай, өмүр баяндары Айтматовдун кечирмиштерине окшош болгондук байланышы менен, алар өздөрүнө Айтматовду жакын сезинишип кабылдаган;
үчүнчү, Айтматовдун чыгармачылык өнөрүнө тартылган. Атап айтканда, анын чыгармаларынын «жарымы төгүн, жарымы чын» болуу өзгөчөлүгү, реалистик жана миф- уламыштык өнөр менен баяндалган ыкманы кабылдоо чыгармачылыкка жол ачарын баамдап кабылдаган.
Корутундулап айтканда, Айтматовдун Кытайдагы таасири, анын түбөлүктүү тема жаратканы, дагы бирөө, чыгармачылык өнөр жагында өзгөчө, ооба, реалистика менен фантазия жуурулушуп келген чыгармачылык өнөрдү өздөштүрүү ажатынан улам кабылдаган.
II Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда изилдениши
Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу 1981- жылдан башталган. Атап айтканда, чыгыш Кытай (Хуадоң) мугалимдик жогору окуу жайынын окумуштуусу Сав Говийдин «Айтматов» деген көлөмдүү макаласы «Азыркы совет жазуучуларын изилдөө» деген 1981- жылы «Чет эл тилин окутуш жана изилдеш басмасы» жагынан жарык көргөн илимий макалалар жыйнагында жарыялоосу менен башталган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Кытайда Айтматов изилдөөсү эки чоң баскыч менен толкуу мүнөздүү жүргөн: биринчи баскычы, 1980- жылдарда болгон; экинчи баскычы, 2002- жылдан башталган, Кытай жогору окуу жайларындагы изилдөөнүн чыйралыш баскычы эсептелет. Азыр ушул күндө Айтматов изилдөөсү Кытай салыштырма адабият изилдөөсүнүн чоң темалары катары урунтуктуу иштелген жумуш эсебине кирген. Биздин колубузда чогулткан материалга таянып айтсак, ушул бүгүнкү бүгүнкү күнгө чейин, Айтматовдун чыгармаларын изилдеген, ырасмий басмалардан жарык көргөн макалалардын саны 300 барчага жеткен. Андан бөлөк дагы жогору окуу жайларындагы аалым шакирттик (аспиранттык) ишин жактоо макалаларынан 17 макала, доктурлукту жактоо эмгегинен үчөө жазылган. Ал тургай, арналуу Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий китептен экөө басмадан чыккан.
Кытайда Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий макалаларды, илимий иштерди корутундулап карасак, изилдөө төмөнкү жети чоң түргө бөлүнгөнүн байкадык. Анда, ар бир түрдү тааныштырып өтөлү.
Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылык абалын тааныштырган макалалар
Бул түрдөгү макалалар да өз ичинен бир нече кичик түргө бөлүнөт: биринчи, Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу, чыгармаларына баа айтылган макалалар; экинчи, чыгармачылык өнөрүн изилдеген макалалар; үчүнчү, чыгармаларынын курулмасын изилдеген макалалар; төртүнчү, Айтматовдун көркөм оюн изилдеген макалалар; бешинчи, чыгармаларындагы баян ыкмаларын изилдеген макалалар; алтынчы, чыгармаларына айрым- айрым талдоо жасаган макалалар сыяктуу топторго бөлүүгө болот. Бул биринчи түр боюнча жалпы 45 макала жарыяланган.
Айтматовдун чыгармаларындагы адамды изилдеген макалалар
Айтматовдун чыгармаларындагы адамдарды изилдеген макалалар да бир нече тема топторго бөлүнгөн. Алар: Айтматов чыгармаарындагы адам муралы, мураты, трагедия, реализим, адамгерчилик жана адамдык, аялдар жана балдар сыяктуу темаларда изилденген. Бул түрдө жалпы 30 макала жарыяланган.
Айтматов чыгармаларындагы экологияны изилдеген макалалар
Бул түрдөгү макалаларда, Айтматов чыгармаларындагы табият экологиясы, айбандар экологиясы, жалпы эле жер шары экологиясы жөнүндө изилдеген макалалар болуп, жалпы 35 макала жарыяланган.
Айтматовдун чыгармаларындагы мифтер, уламыштарды изилдеген макалалар
Бул түрдөгү макалалар Айтматов чыгармаларындагы мифтер- уламыштарды колдонуу ыкымдары, алардын чыгармадагы кызматы жөнүндө талдоого алган. Андан бөлөк, көбүнчө макалалар ар бир чыгармасындагы мифтер жана уламыштардын колдонулуу жагдайын бөлөк- бөлөк талдоого алган макалалар болгон. Бул түрдө жалпы 15 макала жарыяланган.
Айтматовдун чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдү изилдеген макалалар
Айтматов чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдөн: Айтматовдун маданият таанымы; адабият таанымы, трагедия таанымы, тарых карашы, символдук түшүнүктөр сыяктуу жактардан изилдөө алып барган. Бул түр боюнча жалпы 20 макала жарыяланган.
Айтматовдун чыгармаларын салыштырып изилдеген макалалар
Бул түрдөгү макалалар Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын чыгармалары менен салыштырып изилдеген макалалар эсептелет. Кытай жазуучуларынан: Жаң Чыңжы − Айтматов; Йи Шызырын − Айтматов; Гав Жанчүн − Айтматов; Лию Шавтаң − Айтматов; Жаң Вий − Айтматов; Дың Гаң − Айтматов; Жаң Шиянлияң − Айтматов; Айтматов жана Шинжаңдагы аз сандуу улуттар адабияты; Лу Яв − Айтматов; Чын Жоңшы − Айтматов; дагы чет элдик жазуучулар менен салыштырган макалалар болуп, жалпы 40 макала жарыяланган.
Айтматовдун романдарын изилдеген макалалар
Бул түрдөгү макалалар арналуу Айтматовдун төмөндөгү романдарын изилдеген.
«Кыямат» романы боюнча, бул романды изилдегендер чыгарманын маңызын талдоого алуу, чыгарманын курулмасын талдоого алуу, баян өнөрүн көрсөтүү болгон. Андан бөлөк, «Кыяматтагы» мурал, жакшы менен жаман, дин түшүнүгү, трагедия, экология сыяктуу темаларда изилдөө жүрүп, ушул «Кыямат» романы боюнча эле 40 макала жарыяланган.
«Кылым карытар бир күн» боюнча, изилдөө бир кыйла тереңдеп, романдын курулмасы, анда колдонулган миф- уламыштар, реал турмуш, илимий фантазия сыяктууларды изилдеген. Бул роман боюнча жалпы 10 барча макала жарыяланган.
«Тоолор кулаганда» боюнча, андагы салтты сактоо, тагдыр, базар экономикасынын жашоого таасири, экология боюнча талдоого алган макалалардан болуп, жалпы 5 макала жарыяланган.
Бул түрлөрдөн бөлөк, эң көлөмдүүсү аалым шакирттик жана докторлук жактаган макалалар болуп, алар ырасмий басма сөздөрдө жарыяланбаган. Алардын мазмундарынан алып карасак, дале жогорудагы 7 чоң түр боюнча изилдеген макалалар болуп эсептелет.
Кытай изилдөөчүлөрүнүн тыянагында, Айтматов чыгармалары үч баскыч боюнча тепкич мүнөздүү өнүккөн: биринчи баскычы, жайлоо маданиятын, эл ичин, жаңы адамдарды даңазалаган чыгармалар болгон. Булардын катарына «Жамийла», «Кызыл жоолук кырчын талым», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим», «Жер эне», «Гүлсарат» сыяктуу чыгармаларын тизмектеп, Айтматовдун жөрөлгөлүү реалистик чыгармалары деген темага жыйынтыктайт. Убакыт жагынан, 1960- жылдардан мурдагы чыгармалары ушул баскычка кирерин айтышат; экинчи баскычы, өтмөлүк баскыч, миф- уламыш аралашкан, атап айтканда, Айтматов чыгармалары «жарымы төгүн, жарымы чын» ыкмага өтүп, реалистика менен фантазия жуурулушкан чыгармачылык өнөрдү өнүктүргөн баскыч деп эсептейт. Бул баскычтагы чыгармалары: «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн» сыяктуулар экен. Ал убакыт жагынан, 1960- жылдан 1980- жылдарга чейинки мезгил экен; үчүнчү баскыч, ааламдашуу баскычы болуп, Айтматов чыгармалары көркөмдүк жагынан миф- уламыштар менен жасанган, идея жактан адамдардын тазарышын самап, динге кайрылган, ааламдашууда жер бетинин экологиясына санаа тарткан чыгармалары экенин, анын катарына: «Кыямат», «Кар эне», «Чыңгызхандын ак булуту», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» сыяктууларды тизген. Убакыт жагынан 1980- жылдан баштап өмүрүнүн соңунда жарыялаган чыгармаларына чейинки убакыт экен.
Ушул күндө, Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу калыпташуу, кесиптешүү баскычында жүрүп, докторлор, аалым шакирттер жана профессорлордон атайын Айтматов таануучу кошуун калыптанган жана алар шакирт жетиштирүү менен кесиптик кошуун кеңейип жаткан кези. Ал Айтматов боюнча жазылган илимий макалалар жыйнакталып, аны кыргыз тилине которуу жумушу уюшулду. «Айтматов Кытайда» аттуу Айтматов энциклопедиялык сөздүк түзүлүүгө уюштурулду. Айтматовду эликтеп жазган Кытай жазуучуларынын чыгармаларын чогултуу, кыргыз тилине которуу жумуштары уюштурулду.
Кайырма: Айтматовдун «Жамийласы» «алкактан» чыгып, жер бетин кезип жүрөрүнө автор өзү ушул чыгармасын жазып жатканда эле ишенип, «Жамийланын» башталышында мындай жазган экен: «ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. ….тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир эки кадам шилтесе, алкактын сыртына аттап, ошондон ары кетип калчудай сезилет».
Көрсө, мына ошол алкактан аттап, Жамийла менен Данияр Кытайда «…алардын издери жерге даана түшүп» жүргөнүн Кытай адабиятчылары айтканынан улам билинди.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, КЭР, Филология илимдеринин доктору
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/12/karmyshtegin-makelek-m-rbaj-uulu-kyrgyz-mamlekett-l-g-n-n-bash-kishileri-kagandary/
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баш кишилери (кагандары)
Кытай жазмаларындагы ырасмий маалыматта, Кыргыз мамлекетинин баш кишилери булар болгон:
1. Какей хан (583-жылы).
Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583- жылынан 603-жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы 99-ором. «Түрктөр баян»).
2. Элтебер Ишбара ажо (643-жылы).
Жазма тарыхка караганда, Элтебер Ишбара ажо 643-жылы Кыргыз бийлигинин ажосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхый жазмаларда кенен жазылган. Ажо 648-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң- анга өзү элчилик тобун баштап келип, эмператордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажого сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажо да сый дасторкондо, кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнчү болуп: «Теги-түбүбүз бир экен», — деген сөздү айтып, ажоону абдан урматтаган. Элтебер Ишбара ажо 37 жыл тактыда олтурган деген маалымат жазылган.
3. Тачам кутлук (681-жылы).
Кытай жазма булактарында, кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изделип жатат. Тачам Кутлук 681-жылдан 693-жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турганы жазылган.
4. Жетисан Бекбай Багачор (693-708)
Кыргыз бийлигинин Тактысында 14 жыл чамасы отурган. Бул кыргыз хаганынын ысмы жана мансабы кытай тарыхында айкын жазылып гана калбай, анын таштан сомдолгон айкели да таң падышалыгынын байыркы ордосу «Чаң-анда» ушул күнгө чейин турат. Кытай тарыхында, бул кишиинин өз аты «Жетисан» экени, ал өз кезинде «бек» болгону жана «бай» деген атагы бар экени, ошол кездеги мансабы «багачор» аталган деп чечмелеген. Ал эми таң падышалыгы аны «сол канат сангун, кыргыз коргоочу мекемесинин тутугу» деген наам менен атаганы жазылган. Кыргыздын бул баш кишисинин байыркы ордо Чаң-анда (азыркы «Ши-анда») таш айкелинин тургузулушун мындай чечмелеген: биздин санактын 683-жылы таң падышасы Таң Гавзоң (Ли Жие) каза болгондо, анын кара ашына келген чет элдик төрөлөрдү эстеликке алуу үчүн, 684-жылы таң падышалыгынын тактысына чыккан аял падыша Ву Зытыян буйрук берип, ал кара ашка келген чет элдик төрөлөрдүн айкелин таштан ойдуруп, падыша көрүстөнүнө тургузууну чечет; ошону менен, азыркы Ши-Ан шаарында, 61 мамлекет жана бектиктердин төрөсүнүн таш айкели «Чыянлың» аттуу Таң Гавзуңдун көрүстөнүнүн аянтына аза күтүп турган кейипте, 24 жыл ичинде бүтүп тургузулган; бирок кийин ал таш айкелдердин баштары жоголуп, «61 башсыз таш айкел» деген аталыш менен ушул күнгө жеткен. Бирок мен барып көргөн кезде, кыргыздын бул баш кишисинин айкели башы менен (чокусу учуп кеткени болбосо) турган эки айкелдин бирөө болуп чыкты. Көрсө, ал баш 1974-жылы жергиликтүү дыйкандар жагынан ��айсы бир жерди казууда таап алынат да, изилдөө аркылуу ал «кыргыздын башы» экени ырасталып, башын өзүнө аштап кайра катырыптыр. Ал эми өз кезинде, алардын аты- жөнүн жон жагына чегип койгон экен, ошол жазмасы сак калган 6 айкелдин дагы бирөө ушул кыргыздын баш кишиси Жетисан Бекбай Багачор болуп чыкты. Мен бул айкелди өз көзүм менен көрүп, ал таш айкелди сүрөткө алдым.
5. Барс бек (708-жылы).
Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барс бек кыргыз хандыгына 708-жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барс бектин баяны чыгыш түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барс бектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барсбек Чыгыш Түрк хаганы кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк деген баяндагы хаган ошол Барс бек болмогу убакытка шай келип турат.
6. Кутлук Билге хаган (711-жылы).
Кутлук Билге хагандын баяны 718-жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен бирге согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган» кошуун деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына «Оң канат ноён сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.
7. Ишбара Шайжо Баш эркин (722-жылы).
Тарыхый булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара Шайжо Баш эркини 722-жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш эркин тактыда бир жыл гана олтурганы жазылган.
8. Чолпон Бага Чоң эркин (723-жылы).
Тарыхый жазмада, кыргыздын Чолпон Бага Чоң эркин баш кишиси 723-жыл дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң эркин тактыда 35 жыл отурганы жазылган.
9. Билге Тон эркин (758- жылы).
758-жылдан 790 жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон эркин кезинде, арабтардан абдан оор кебез булаа олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганын жөнүндө баян жазылган.
10. Кыргыз хан (790-жылы).
Кыргыздарды карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин, уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте кыргыздардын баш кишиси «Кыргыз хан» деп аталат деп да жазылганы бар.
11. Бойла Кутлук жаркан (822-жылы).
Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхый жазмаларында эң көп баяндалган хаганы болуп, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаг��н изилдөөчүлөр да көп. Асыресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыгыз байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Эне-сайдан баштап, Тияншан- Памирга чейинки аймактар экени тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң-анга келгенде, падыша өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгениги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, баянын жаздырып, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Ал китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок бул китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу турат. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы Таң императору өтө салтанат менен, атайын элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.
12. Орус инал (1207-).
Кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «Инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инали, Каркатай инали деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз.
13. Мөңкө Темир хан (1399~ 1415)
Тарыхта Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталган. моңгол бийлиги тушунда ооматы келип, Атсо, арт��й уруулару менен биргелешип, ойрот ханын жеңип, кандык тактыда олтурган. Юан падышалыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. Бийлик жүргүзгөн кезде «ойротто жок» баш киши болуп өкүмүн жүргүзгөн.
14. Эскей хан (1415~1425)
Мөңкө Темир хандын баласы. Аны эл ичинде Отор хан деп да атаган. атасы Мөңкө Темир хан (Огачы Кашка) ойроттор жагынан өлтүрүлүп, бир мезгил бийликти ойроттор алган. Эскей эр жетип, Миң падышалыгынын колдоосу менен моңгол талаасынын бийлигин кайрадан алып, 10 жыл тактыда олтурган. Кийин бийликти кайра батыш ойроттор алуу менен, кыргыз бийлиги колдон кеткен. Ошондон соң кыргыздардын батышка көчүүсү басым болуп, моңгол талаасы кыргыздын колунан кеткен.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/10/karmyshtegin-makelek-m-rbaj-uulu-kyrgyz-mamlekett-l-g-nd-bijlik-mansap-attary/
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыз мамлекеттүүлүгүндө бийлик мансап аттары
Кыргыздар бийлик башында болгон, өз хандыгы жана улуу хагандык курган эл. Ал бийлигинин көптөгөн мансап аттары жазма тарыхта жазылып калган. Ошол тарыхта жазылган мансап атоолору «Манас» жомогунда да көп кезигет. Ал тургай жоо жактын мансап атоолору да тарыхта жазылгандай, толук айтылганы кызыгуу туудурат. Ал үчүн Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манас» жомогундагыны алып көрсөк: «…Оң жагында олтурган\ Отуз алты ду-дусу,\ Ордону бузуп көп чуусу.\ Сол жагында дагы бар,\ Токсон эки баңбаңы,\ …Суңдуң менен калдай,\ Журт билгендин далайы,\ Жаңжуң менен ду- дусу,\ Көпчүлүктүн басылбай\ Кулак тунган көп чуусу. Тыйтай менен чыйтайы,\ Доотай менен баңбаңы…» деген сыяктуу байыркы кидандардин мансап аттары айтылат. Ал эми кыргыздын мансап аттары өзүнүн төл сөздөрү менен аталганы, башка тилдер менен аталганы деген эки чоң топко бөлүүгө болот. Төмөндөгү атоолор тарыхта жана «Манас» жомогунда айтылган мансап аттары болуп, «Манас» жомогунун окуяларынын тарыхий арткы көрүнүштөрү катарында турат.
Бий
Кыргыздарда эртеде коюлган мансап аты болуп, анын колдонулушу байыркы кыргыз доорунан башталса, жетип келген доору 19-кылымдын соңку кезине чейин болуп, кыргыздардын коомдук түзүлүшүндө бий нечелеген кылымдарды басты.
Бий мансабы жөнүндөгү жазма баян «Жаңы таңнаама. Кыргыз санжырасында» айтылган, анда «Бий» сөзү кытайча «辈» жана «比» каттары менен берилген. Ушул «Жаңы таңнааманын» баянына негиз тарыхчыбыз Анвар Байтур кыргыз бийлери жөнүндө өзүнүн «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» деген китебинде мындай жазат: «630-, 646-жылдарда Эне-Сай кыргыздары Сыртардуш хагандыгынын карамагында болуп турган. Анда Сыртардуштар кыргыздарга элтебир аталган мансаптар жиберип башкарган. Бирок, кыргыздардын ичинен Кешик бий, Көлжасак бий, Умай бий дегендер кыргыздардын аймактарын өздөрү башкарып турушкан» (537-бет). Кытайча жазылган «Батыш өрөөндөн көргөн- билгендер эстелиги» дегендин 3-оромунда: «Кыргыздар баш кишисин бий дейт, ар бир бийдин бийлей турган аймагы, бөлүп алган элдери болот. Бий өлсө, анын баласы же бир туугандары ордуна отурат» деп жазылган.
«Бий» сөзү жөнүндө кээ бир бирдиктүү эмес пикирлер да бар. Алып айтсак, кээ бир кытай жазмаларында «辈» каты «Бек» деген мансапты туюнтат, «Бий» деген мансап аты 18- кылымда пайда болгон деп карашат. Кыргызстандан чыккан Сейдакматовдун «Кыргыз тилинин кыскача этимология сөздүгүндө» «Бий» сөзү илгерки «Бек» сөзүнүн өзгөрүп айтылган дегенди көрсөтөт. Дегинкиси, «Бий» ��өзүндөгү окшобостук пикирлер, биринчиден, анын кийинки кезде пайда болушу деген караштагылар болсо, экинчиси, «Бий» сөзү «Бек» сөзүнөн өзгөрүп айтылган деген караш болуп олтурат.
Кыргыз тилинин тарыхий абалы жана кытайча материалдардагы баяндарга караганда, биздин оюбузча, «Бий» мансабы эртеде эле болгон мансап, 19-кылымдын соңуна чейин колдонулуп келген. Ал «Бек» сөзүнөн өзгөрүп айтылды дегенге азыр айтылган сөздөр ынанта албайт. Ага карата биздин айтар жүйө сөзүбүз мындай: «Бий» сөзү кыргыз сөздүк корунда эчактан бери келе жаткан уңгу сөз, ал сөздөн улам «Бийлик, бийлөөчү» деген кыргыз коомдун түзүлүшүнүн сөздөрү жаралган. Кадыресе, бул сөздөр жаңы сөздөргө жатпайт. «Манас» эпосунда 40 чорого «Бий» шайлоо баяны сонун сүрөттөлүп, «Таш салуу» аркылуу шайлоо өткөн. Мында, Абдылда «Ажы бий» болгону айтылат (Ж.Мамайда), «Манас» баштаган элдик чыгармаларда «Бий» сөзү жөнүндө көптөгөн баяндар айтылган. Эмнеси болсо да, «Бий» сөзү жөнүндөгү изилдөөнү улантууга тийиштүү болуп турат.
Ал эми, 19-кылымдын ичинде бийлер жөнүндө эл ичинде кеңири кеп, сөздөр калган. Асыресе, Кыргызстандык кыргыздарда 19-кылымда бийлер сотчулук милдетти аткарган. Аларда акимчилик болуш, айыл боюнча бөлүнгөн, бийлик да болуштук бий, айылдык бий деп бөлүнгөн. Айылдык бий менен болуштук бий үч жылда курултай аркылуу шайланган. Шайлоодо он башы, элүү башы бир айыл болсо, бир болуш бир нече айылды бирдик кылган. Курултай шайлоосунда «Коргол салуу» аркылуу болуш, бий шайланган. Анын өкүлдөрү 50 түтүнгө бир коргол берип, ал элүү түтүндүн түтүн башы шайлап, элүү түтүн башына ошол бир коргол тийген. Ошондой түтүн башылар өзүнүн элүү адамын шайлоо болгон күнү чогултуп шайлоо болчу жерге чок кылып отургузуп, эсептен өткөргөн соң анан бир корголго ээ болгон. Бий шайлоонун негизи мына ушундай өткөн. Ал эми, Кытайлык кыргыздарда да бийлер болгон. Эң атактуусу Кутчу бий Кашкарда болгон Ак кожо – Кара кожолордун кагылышында зор басырык болуп турганы тарыхий китептерде жазылып калган. Кыргыздардын белгилүү тарыхчысы Осмоналы Сыдык өзүнүн эмгектеринде минтип жазганы бар: «Мен Кашкарга 1901- жылы барган элем. Анда сегиз ай турдум, ал жакта кыргыздар бар. Бизде болуш болсо, аларда бий аталат». Анвар Байтур кыргыздардын тарыхын баяндаганда: «Тияншан кыргыздарында уруунун баш кишиси «Бий» деп аталган. Ал эми, ичкилик кыргыздарда «Бийдин» ордуна «бек» мансабы коюлган»,- дейт.
Эмнеси болбосун, «Бий» өз кезинде сотчулук милдетте болгон. Айылдык бийлер бир жылда бир нече ирет «Бий олтурушу» өткөрүп, айыл доо- док иштерин караган. Бир жылда бир жолу «Болуштук бий олтурушу» өткөрүлүп, анда ар кайсы айылдардын бийлери келип, атайын бир жерге үй тиктирип, болуштун бийи доо- док сурап, ар кайсы айылдар арасындагы чыр- чатактарды кесим кылып турган. Бийлер бийлик акысын эки жактан тең алып турган. Дагы бир кызыгы, бийлерге бардык эле түтүндөр сүр берүүгө милдеттүү болгон. Колунда жоктор бийлерге өзүнө сойгон согумунун эң жакшы чүйгүн жиликтерин алып барып беришкен. Ошого эл ичинде азыр жылкы мүчө-устукандарынын «Бийлер жечүү» деген арналуу мүчөсү айтылып келет.
Бек
Кыргыздарда эң эртеде колдонулган мансап, тарыхый жазмаларда жана элдик баяндарда бүгүнгө чейин уланып айтылып келген, жакынкы заманда эле бул мансап эл ичинде болгон, айтор кылымды кыркалай басып, бизге жеткен мансап аты болуп эсептелет.
«Бек» эң эртеде бардык эле түркү тилдеш улуттарда колдонулган мансап болгон. Уламышта түрктөрдүн эң алгачкы баш кишиси «Абам бек» (阿谤步) болгон имиш. Эне-сай ташка тамга баскан жазмаларында «Бек» жөнүндө көптөгөн баяндар жазылып калган. Мисалга алып көрсөк, «Уюк тарлак эстелигинде»: «Алты уруу журтка бек элем» деген баян жазылган.
«Бек» мансабы тээ уруулук коомдо эле бар болуп, бир уруу же бир нече уруу бирикмесинин баш билги кишиси бек мансабында турган түрү бар. Кытай жазмаларында «Бек» мансабы «贝格, 匐 ,伯克, 步» каттары менен которулган. Махмут Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Бег» болуп айтылып, бектердин түрдүү баяндары айтылат. Мисали: «Бег аңа ога берди» (Бек ага уу берди) (1-том, 49-бет, уйгурчасы).
Кыргыз хаганатында бектерден Ынанчу Алп Билге Барс бек деп айтылат. Ал 711-жылы кайтыш болгон. Ошондо «Бек» мансабы «Хаган» даражасында болгонун Барс бектин тарыхий баянынан билдик. «Бек» мансабы тарыхта бектиктер курулган кездерде бийликтин баш кишиси болгон. Кээ бир тарыхтарда «Бек» мансабы алдына аныктооч сөз кошулуп, барча бектик мансаптар болгон. Алып айтсак, тарыхта түмөн бек, миң бек, жүз беги, куш беги (Катчылык башкаруучу) сыяктуу даражаларда болгонун тарыхий китептерден көрөбүз.
«Бек» мансабы кечөө Чиң доорунда түштүк Шинжаңда колдонулуп, айыл башы даражада болгон. Ал эми, түндүк Шинжаңда «Бек» мансабынын ордуна «Акылакчы» колдонулган. Дегинкиси, бек мансабы кыргыздарда эң эртедеги жөрөлгөлүү мансап болгондуктан, «Бек» даңазасынан улам балдарга ат койгондо да бек эмес эле балдарды «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет» деген ой менен ат койгондо бек сөзүн улап койгон абалды көптөп учуратабыз. Ал тургай «Бек» сөзү уланган ысымдар кыргыздардын жөрөлгөлүү киши ысымдары катарында көрүнүп турат.
Чын эле айта турган бир нерсе, «Бек» сөзү тээ илгери парысчадан кабылданган сөз деген караштар да бар. «Бек» сөзү жана «Бышык, бекем» деген сөзгө тыбышташ экенин «түркү тилдер сөздүгү»нөн окудук. Кыргыздарда ушул күндө «Бек кармап сенин колуңду, бергемин сага оюмду» деген сыяктуу «Бек» мансабына тыбышташ айтылган «Бек» сөзү ушул күндө да колдонулуп келет.
Эр
Эр мансабы кыргыздарда «Бий», «Бек» мансабынан кийин колдонулган мансап аты, кыргыздар хагандык куруудан мурда (Хаган деген аталма чыгуудан мурда) башкы өкүмдар «Эр, эр киши» болуп аталган түрү бар. Бул сөзүбүздү мындай жазма маалыматтар жана эл ичиндеги айтылыштар менен ырастап көрөлү. Эртеде ташка чегилген орхон- энесай жазуусундагы «Уюк аркан эстелиги»нде «Эр атым яшак баш» деп чегилсе, «1-барк таш» жазмасында «Мен эрлик атакка жеттим» деп жазылган. Бул ташка жазылган маалыматтарда «Эр» сөзү кандайдыр бир жогору атак же жогору даражадагы өкүмдарлык мансап экенин билдирип турат.
Ал эми, эртедеги кытай жазмаларында кыргыздардын баш кишиси «Эр 阿热» деп аталганы жөнүндө бизге ишенимдүү маалыматтарды берет. Алып көрсөк, «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» мындай баян жазылган: «Кыргыздардын өкүмдары (Баш кишиси) «Эр» деп аталат. Ал сөз бара- бара уруунун атын туюнтуп кеткен. Анын туусу кызыл болгон… Эр киши кыштын күнү илбээсиндин терисинен тебетей кийет, жайындасы шоңшогой ак калпак кийет. Эр көкмөн тоосунда коргон ичинде, ак боз үйдүн ичине кабаттап тигилген нече кабат үйдө отурат. Андай үйдү алар «Бөдкө» (медижи) деп аташат. Эр мансабынын алдында жайсаң, тутук, куш беги, мырза, сангун, даркан сыяктуу алты даражада мансап болот. Башка адамдар эт менен кымызды тамак- аш катары ичишсе, Эр киши нан жегенге жетишет. Уйгурларга каранды болуп турган кезде эр киши «Билге тон эркин» деген мансап берилген». Бул баян кытайча «Тынчтык аалам эстелиги. Кыргыздар» бөлүмүндө да айтылган.
Мында биз тактап айта турган нерсе, «Эр» мансабы жогоруда аталган кытайча тарыхтарда «阿热» деген кат менен жазылган. Аны кээ бир тарыхчылар «Аз» деп которсо, кээ бирөөлө «Азы» деп алып айтат да, теги ошол кезде Кытай тарыхында жазылган бул эки каттуу мансап аты өз кезинде кыргыздарда эмне деп айтылгандыгына жөн сал карап келет. Айтпаса да ошол кездерде башка түркү тилдеш элдерде «Эр» мансабын колдонгондугу жөнүндө маалымат жок. Бул мансап тек кыргыздарда гана болгонун жоромолдошот. Менимче, кытайча жазмаларда жазылган «阿热» эки кат өз кезинде кыргыздар «Эр» деп айткан сөздүн түз котормосу катары айтууга мындай жүйө сөзүбүз бар. Анын биринчиси, таш жазма эстеликтерде «Эр» эң зобололуу атак, мансап катары айтылганын көрдүк. Экинчиден, кыргыз эл ооз эки адабиятында «Эр Манас», «Эр Төштүк», «Эр Солтоной» сыяктуу эпостор жаралган. Бул эпостогу башкы каармандардын ысымдарынын алдына «Эр» сөзүнүн кошо айтылышы алардын баатырдык мартабасын гана туюнтуп калбай, арийне алардын өз кезиндеги эл башы болгон адамдардан экенин да туюнтат. Мындан бөлөк кыргыз тилинде, «Эр, эрен» деген сөздөр кайсыл бир тарыхий доордо эң жогору мансап атын туюнтканын санжырачылардын сөздөрүнөн билгели болот. Алып айтсак, кыргыз санжырасында эң чоң мансап эрен, анан б��рен, андан ноён болгонун айтат («Кыргыз санжырасы», Кыргызстанда басылышы 23- бет). Андан бөлөк, санжыраларда уруунун баш кишилери да «Эр» аталганын айтышат. Алып айтсак, Чоң багыш уруусунун баш кишиси Эрмыкты деген ал урууну Үч каркыра- Көк дөбөдөн көчүрүп Анжиян багытына алып баргандыгы жөнүндө кызыктуу ылакап жомогу айтылып келет.
Корутуп айтканда, «Эр» деген сөз тарыхтан бери кыргыздарда мансап аты жана зобололуу атак катары ушул күнгө келип жетти десек болот. Ооба, тарых менен бирге анын мааниси кээде кеңейип, кээде тарайып келгенин айтпаса да түшүнүктүү.
Аажа, ажоо
Бул мансап аты илгери кыргыздарда хагандык курулуудан мурда, мамлекет өкүмдарына айтылуучу мансап болгон. «Ажоо, ажа» сөзү кытайча «Жаңы тарыхнама. Кыргыздар санжырасында» «阿栈» каты менен жазылып, мындай баян кылынган: 648-жылы кыргыздардын баш кишиси Элтебир Ишбара ажо Таң ордосуна барган. Таң тайзуң ажоонун келгенин өтө кызуу тосуп алган да, чоң конок ашы берип сыйлап, аны Кыргыз Тутук мекемесинин тутугу, сол канат коргонуу кошуунунун сангуну (жаңжүн) деген атагын берген. Бул баяндан «Ажоо» кыргыз мамлекетинин баш кишисинин мансабы экенин кытайча тарыхий материалдардан айкын билгели болот.
Ал эми кыргыз санжыраларында, эл ооз адабиятинда «Ажа, ажоо» мансап катары баяндалганын көп кезиктире албайбыз. Бир гана «Ай! дээр ажа жок, кой! дээр ага жок» деген ылакап сөзүн жолуктурабыз. Бул айтылыш нускасы 1940-жылы түзүлгөн Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» (23-бет) айтылган. Бирок, азыркы эл ичинде бул ылакап «Ай! деген ажоо жок, кой! деген кожо жок» болуп айтылып жүрөт. Менче, жогоруда айтылган Юдахиндин өз кезинде жазып алган нускасы өзгөргөн түрү болуп, эл ичиндеги айтылышы байыркысын сактап калганы билинет. Себеби, «Ажоо», «Кожо» байыркы кыргыз тилинде (азыр деле бар) «Башы, баш болгону, башкаруучу, ээси, ээ» деген маанилерде болуптур. Бул сөз байыркы Кидан тилине кыргыздардан кирип, алар да мансаптарын «Ажа, ажоо, кожо» боюнча айта турганын алардын сөздүгүнөн таптык. Ушуга караганда, булар эртедеги кыргыздардын мансап аты экени билинип турат. Ошого, кыргыздардын байыркы баш кишисинин мансабын билдирген «Ажоо, ажа» сөзү ылакаптын ичинде унутулбай бизге жеткен экен деп айта алабыз.
Хаган, хан
Мансап аты кытай тарыхый китептерде «可汗» болуп жазылган. Ал эң эртеде, «Жалпы баян» (通典) деген кытайча санжыра китептин 196-оромунун «Аварлар санжырасы» дегенде тилге алынган. Бирок, Япония окумуштуусу Бейнавкоженин маалыматында «Хаган» сөзү кытайлардын «Суңнааманын» (宋书) 96- оромунда «可寒» (Кыхан) деген кат менен жазылганын айтат. Ошондо хаган деген сөз биздин санактын 288- жылдары эле Кытай жазмаларында белгилүү болгон түрү бар. Бирок, көп сандуу окумуштуулар «Хаган» сөзү аварлар бийлик көтөргөн кезден (Биздин санактын 402-жылынан) кийин айтыла баштаган деп карашат. Мына ошондон кийин түндүктөгү улут- тайпалар көтөргөн бийликтерин «Хагандык, хаганат» деп аташат да, бийликтин жогорку өкүмдарынын мансабын «Хаган, хан» деп айтышат. Атап айтканда, түркү тилдеш улуттар кидандар, моңгулдар «Хаган» мансабын аварларды туурап иштеткен деген жоромол бар.
Эң байыркы түшүнүктө, «Хаган, хан» сөзү «Теңирдин жер бетиндеги элчиси», «Теңирдин сүйгөн пендеси» деген маанилерде болгон. Кийин кандайдыр бир бийликтин баш кишиси «Хаган» мансабын тутунган. Кытай жазмаларында жана арап- фарс жазмаларындагы тарыхый материалдарда «Хаган» мансабы хондордун «Теңир кут», араптардын «Падыша» мансабы менен төп келет деген баяндарды айтышкан. Тарыхый материалдарга жана окумуштуулардын укумчул сөздөрүнө караганда, «Хаган» эң алгачында, бир бийликте бирөө гана болгон болсо, кийинчерээк бир бийликте бир же бир нече «Хагандык» мансап тургузулган. Алып айтсак, Түркү хагандыгында бир улуу хаган, бир нече кенже (кичи) хагандар болгон. Мисали: Түмөн хаган улуу хаган болуп турган кезинде, ал иниси Көл кенже хаган болуп турган. «Гректердин тарыхынын толук эмес томунда» Мукан хаган кезинде Түрктөр хаганатында бир улуу каган, үч кенже хаган коюлган (Шө зоңжин түзгөн «Күрктөр тарыхы» деген китептин 112-бетинде). Ошол себептүү, улуусу «Хаган» делип, ал эми, кенжеси «Хан» болуп аталып келгенби деген ой туулат. Айтмак, орхон- энесай жазмаларына караганда, «Хаган» мансабы эң алгачында «Теңир атаа кылган» улуу мансап болгонуна карабай, улам кийинки «Хаган» деген сөздүн алдына дагы да аныктык, тактык сөздөрдөн кошуп, ал мансапты ого бетер улуулатып атаганы байкалат. Алып айтсак, түркү улуттарында «Билге хаган» (Даанышман, билгич хаган), «Ишбара каган» (Ишмер хаган, ишкер хаган) моңгулдарда, Чиңгизхан (Теңиз хан, теңдеши жок хан) болуп айтылып олтурган.
Ал эми, кыргыздарда хагандык (хандык) мансап түркү тилдеш улуттар менен катар иштетилген деп жоромолдоого болот. Бирок, тарых таануучу окумуштуулардын айтуусуна караганда (Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» деген китебинде айтылышынча), кыргыздарда хандык курулуп, андан соң хаганат курулган болуп, андан мурдагы кыргыз мамлекет бийлөөчүсүнүн мансап аты өз тилинин атоосу менен жүргөн экен. Ал эми, ооз эки уланып жеткен санжыраларда, улуу жомок «Манаста» көптөгөн хандардын ысымдары айтылып келет. Алып айтсак, Бөйөн хан, Бөйөн хандан Чаян хан, Чаян хандан Кара кан, Кара хандан Орозду хан, Орозду хандан Жакып хан, Жакып хандан хан Манас болуп, санжыралык желе менен айтылат. Ал «Манастын» жомоктук окуялары ички жети хан жана сырткы жети хандын окуялары менен толгон. «Манас» жомогунда «Хан» сөзү жалпы эле бийликтин баш кишиси жана кол башчысы болгону ал ар бир уруу- урук кичи хандар болуп, өз алдынча асабасы, урааны, эн- белгиси болгону айтылат. Жакынкы замандарда кыргыздарда Ормон хан менен Жантай хан атанганы эл ичинде санжырачыларда кеңири айтылып жүрөт. Ошондой болгондо, кыргыздарда хаган, хан мансап аты эң соңунда 19-кылымда «Ормон хан» менен бирге көмүлгөнүн айтса болчудай.
Дагы бир маанилүү нерсе, хандык тактыга отуруу аз��ми да өтө салтанаттуу өткөндүгүн кытайча тарыхый китеп «Жовнаама. Түрктөр санжырасынын» 50-оромунда мындай баяндалган: «Алардын хаганы тактыга отурарда, аксакал адамы кийиз жаят да, анын үстүнө хан көтөрүүчүнү отургузат. Анан жан кишилери аны көтөрүп күндүн көзүн тогуз айлантып, тегерене басышат. Анан соң атка мингизишет, анын мойнуна ак кездемени (Ак матаны) кылкынып кетпегидей кылып орой тартат да, андан ороону кайра секин бошотуп барып, ага чукул суроо салып: «Канча жыл хан боло аласың?» деп сурайт. Анда тигил хан көтөрүлгөн киши аптыгып, так бирдеме дей албай калганда, жанагы аксакал кайра кандайдыр бир санды айтып жоруп коёт (Шө зуңжин «Күрктөр тарыхы» кытайча 109- бет). Бул эң эртедеги түркү улуттардын хан көтөргөндөгү абалын кытайча жазмада айткан баян болуп эсептелет. Бирок, бул баян «Манас» жомогунда, Эр Манасты хан көтөргөндөгү окуя менен төп келет. Манасты хан көтөрөөрдө да ак кийизге отургузуп, шөөкөт менен хан көтөргөнү мындай айтылат:
«Ал (Бакай) иштин кылып адатын, Атасы Калаш санатын. Ак кийизден жайышып, Ак кийиздин үстүнө, Арстан Манас баатырды, Отургузуп алышып, Жетимиш киши көтөрүп, Төбөсүнө орундун, Төр жагына өткөрүп, Хан көтөрдүк муну деп, Калайыкка көрсөтүп» (Жүсүп Мамайдан).
«Манас» жомогунда хан көтөрүүнүн шөөкөтү тигил баян менен бирдей болуп турганынын себеби, кыргызда тээ эчакта эле мамлекеттүүлүк жана бийлик болгондугун, ал тургай өзүнчө эреже, каадалары менен калыпташканын түшүндүрүп турат.
Элтебир
Бул мансап атын орто кылымдагы Эне-сай кыргыздарында колдонулган. Элтебир мансабы жөнүндөгү баянды биз кытай жазма тарыхтарынан «Жовнаама», «Көөнө таңнаамалардын» түркү элине байланыштуу баяндарына көрөбүз. Ал китептерде элтебир сөзү «俟利发,颉利发,颉利吐发» деген каттар менен жазылган. Күлтегин эстелигинде эндегей жаткан кыргыздарды уйкуда басып, алардын элтебирин туткунга алгандыгы жөнүндө баян айтылган. Тарыхчылардын айтуусу боюнча, кыргыздарга элтебир мансабы Эне-сайда өздөрүнө коңшу отурган түркөштөргө каранды болуп турган кезде колдонгон деген жоромол бар. Кээ бир материалдарда, элтебир мансабы хан жана ябгудан төмөн мансап делинет. Япон түркологу М. Моринин пикирине караганда, түмөн же андан көп кол курай ала турган элдердин баш кишиси «Элтебир» деп аталат, түмөндөн төмөн кол курай ала тургандардын баш кишиси эркин мансабы менен аталат дейт (Алынды, Э. Кычанов. Кыргыздар 2- том). Ошондо, элтебир өз кезинде, эркинден мурда колдонулган мансап болгон. Кыргыздардын Элтебир Ишбара ажосу 648- жылы Таң ордосу Чаң- анга баргандыгы жөнүндө баян Кытай тарыхий жазмаларында кеңири айтылат. Корутуп айтканда, кыргыздардын кайсы бир доорунда, жоромолдо түрктөргө каранды болуп турганда, баш кишиси бир элтебир мансабы менен аталган экен.
Тутук
Кытайлардын Хан су��аласынын соңунда коюлган мансап аты болуп, бийликтин кошуунун башкарган мансап болгон. Кытайча «都督» деп жазылган. Бул мансап эртеде кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттарга тараган. Тарыхый даректерге караганда, кыргыздарга тээ эртеде эле бул мансап белгилүү болгон көрүнөт. Алып айтсак, таш жазмаларыбыздагы «Уюк тарлак» эстелигинде «Атым Эл Мууган тутук, Теңиримдин элчиси элем» деген саптарды окуйбуз. Мындагы атым дегени «Атагым, намым» деген болуп, тутук мансабында болгонун көрөбүз. Андан бөлөк, кытайча тарыхый жазмаларда кыргыздардын бийлигинде «Эр киши» болгон кезде үч тутук мансабы болгонун айтат («Тынчтык аалам эстелигинде»). 648- жылы кыргыздын Элтебир Ишбара ажосу Таң ордосуна келгенде, ага кыргыз тутук мекемесинин тутугу, сол канат коргоочу кошуундун сангуну мансабын бергенин «Жаңы таңнаамадан» окуп жүрөбүз. Тутук сөзүн «Манас» жомогунда «Дуду» боюнча айтылып келет. Сагымбай Орозбак уулунун айтымында: «…Оң жагында олтурган,\ Отуз алты ду- дусу,\ Ордону бузуп көп чуусу…», «…Ду- дунун кызы Турнаны\ Жандаган жерим ушул жер…» болуп айтылган. Айтмак, «Манас» эпосунда «Дуду» (Тутук) мансабы абдан көп айтылат.
Эркин
Кыргыздарда тээ эртеде колдонулган бийлик ордосундагы мансап аты болуп, бул мансапты башка түркү тилдеш улуттар да колдонгон. «Иркин» мансабын Кытай жазмаларында «颉斤, 俟斤» деген каттар менен тыбыштап жазган, «Көөнө таңнаама. Түрктөр санжырасында» эркин мансабы тутундан кийинки мансап болгон деп жазат. Ал эми, шө зуңжин түзгөн «Түрктөр тарыхы» деген китепте «Батыш түрктөрдүн сол беш уругунун баш кишиси эркин мансабы менен аталган. Оң беш урук элдин баш кишиси чоро деп аталган», «Эркин мансабы соогат жеткирүүгө жооптуу болгон» деген баяндарды айтат (аталган китептин 271-, 562-беттери).
Махмуд Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Иркин же эркин» сөзү «Теркен» деп жазылган болуп, анда мындай чечмелеген: «Теркен: бирер аймак өкүмдарина кагандар жагынан бериле турган атак. Бул «Эй, моюн сунуучу» деген маанидеги сөз болуп, аймак башчыларынан башкаларга айтылбайт» деген (1-том, 575-бет, уйгурча нускасы). Ушул мааниден караганда, «Иркин» мансабы бир аймактын бийлөөчүсүнө коюлган мансап аты көрүнөт.
Жогоруда, «Элтебир» жөнүндө баяныбызда «Түмөндөн төмөн кол курай ала тургандардын баш кишиси иркин мансабы менен аталат» деген окумуштуунун сөзүн мисалга тартканбыз. Ошондой эле, Кыргыз каганаты мүңкүрөп, уйгурларга каранды болуп турган кезде, кыргыздын мансаптарына «Билге тон эркин» деген мансап берилгенин «Жаңы таңнаама. Кыргыз санжырасынан» накыл келтиргенбиз. Ушуларга караганда «Эркин» мансабы өз кезинде белгилүү бир аймактын башы кишисине берилген мансап болсо керек, же болбосо, тарыхтын жүрүмүндө ал мансаптын даражасы бирде улуулап, бирде төмөндөп турган болушу мүмкүн. Кантсе да, «Эркинди» кыргыздарда качанкы бир тарыхта колдонгон мансап аты катарында саноого акылуубуз. Кыргыз тарыхында: «Ишбара Шайжо Баш эркин, Чолпон Бага Чоң эркин, Билге Тон эркин» деген мансап кармаган кыргыз хандыгынын баш кишилери Уйгур хаганатынын тушунда кыргыз тактысында олтурган. Ал мезгилде, кыргыздын баш кишилери хан аталбай калган экен.
«Эркин» сөзү кийинки кыргыздардын жазма же ооз эки баяндарында таасын айтылганын таба элекпиз. Бирок, кыргыздарда «Шерне» өткөргөн кезде «Шерне башы» катары «Эрке бала» дегенди коюшат. Ушул соорундагы айтылган «Эрке бала» тарыхтагы «Эркин, теркен» деген мансап атынан улам өзгөрмөлөнүп айтылып келгенби деген ой кылт эте калат экен, кишиге.
Инал
Кыргыздарда орто кылымдарда колдонулган мансап аты. Көбүнчө мусулман авторлору кыргыздар жөнүндөгү баяндарында кыргыздардын өкүмдари инал деп аталаарын айтышкан. Алып айтсак, Абылгазы Багадурхандын (1674-жылы кайтыш болгон) айтылуу санжыра китеби «Түрктөр санжырасы» дегенде, инал жөнүндө мындай айтылган: «Кыргыз эли төрөсүн инал дейт, моңгул, тажик падыша дегендей сөз. Ал убакытта төрөсү Орос инал эле». 14-кылымда фарс тарыхчысы Рашидад Диндин «Тарыхтар жыйнагы» деген китебинде инал тууралуу мындай баяндалат: «Алардын ханынын инал деген мансабы бар. Дагы бир областы Эди орун деп аталат. Алардын ханы Орус инал». Ал эми, «Моңгул купуя тарыхында» 1207-жылы (Коён жылы) Чиңгизхан кыргыздарды каратып алууга Айтан, Бухурак деген эки элчисин жибергенин, кыргыздардын ошол кездеги баш кишиси Орус инал элчилерин кабылдап, Чиңгизханга каранды болгонун билдирип, кымбаттуу соогаттар менен Чиңгизханга эл болгонун билдиргендиги жөнүндө маалыматтар айтылат. Бул маалыматтардан караганда, кыргыздар 13-кылымдын 1-чейрегинде баш кишисин «Инал» деген мансап менен атаганын билгели болот. Айтмак, «Дивани лугатыт түрк» сөздүгүндө: «Инал − энеси асыл зат, атасы жөнөкөй букарадан болгон жаштар инал делет. Бул − эреже» (1-том 166-бет. Уйгурча нускасы) деген баянды айткан. Ошого караганда, «Инал» сөзү түркү тилдеринде тээ эртеде эле бар болуп, эртедеги мааниси ошондой болсо керек. Кийинки кыргыздарда бул маани ого бетер кеңейип, бийликтин өкүмдары инал мансабы менен аталган түрү бар. Тыянактап айтканда, моңгул тушунда, кыргыздардын баш кишиси «Инал» аталганы билинип турат. Ал кезде: «Орозду (Орус) инал, Каркатай инал» сыяктуу бир нече баш кишилердин аттары жазылып калган.
Шаа, шад
Байыркы доордо кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттар колдонгон мансап аты, кытайча тарыхый материалдарда «Шаа» мансабы жөнүндө көптөгөн баяндар айтылып калган. Ошону менен бирге, орхон-энесай жазма эстеликтеринде да аз болбогон баяндар бар. Алып айтсак, «Жовнаама, түрктөр жөнүндө», «Көөнө таңнаама. Түрктөр жөнүндө» деген китептерде «Шаа, шад» сөздөрү «世,杀,设» деген каттар менен жазылган, ал китептерде мындай баяндалат: «Шаа хагандын аздектеген мансабы, хагандын бүткүл колун башкарат. Ал кичик хаган катарында мамилеге ээ боло алган. Шаа мансап аты: түндүк шаа, батыш шаа, чыгыш шаа деген түрлөр боюнча мансапка коюлган. Анда батыш шаанын зоболосу абдан зор болгон» (Шө зуңжин «Күрктөр тарыхы»нан алынды). Орхон- энесай жазуусундагы «Уюк архан эстелигинде» «Досум, мугалимим, шадым − ушулардан айрылдым» деген сапта «Шаа» сөзү «Шад» болуп жазылган. Ал эми, кыргыз санжыраларында жана эл ооз адабиятинда «Шаа» мансабы да айтылганын учуратабыз. Алып айтсак, кыргыз макалдарында «Дөөлөр келсе, шаалар качат» деген макалдар бар. Осмоналы Сыдык уулу айткан санжырада «Шаа дегени − хан дегени. Кыргызда Сапар шаа деген болгон экен» (158-бет) дейт. Корутуп айтканда, жогоруда келтирилген материалдык далилдерге негиз, «Шаа» мансабы кол баштаган, ч��рүү тартканга кол башчылык кылган адамга берилген мансап аты болгон экен. Бул мансапта эң эртеде Күрк хаганатында Акын шаа (阿贤) деген адам турган экен. Айтмак, шаа мансабынын алдына да атак сөздөр кошулуп, «Тутук шаа, Тартуш шаа» сыяктуу аталыштар менен айтылганын тарыхый китептерден кезиктиребиз. Кийинки кылымдарда кыргыздар да шаа мансабы коюлбаганы менен, «Шаа» сөзү келип жетти. Ал эми, кээ бир окумуштуулар «Шаа» сөзү фарстардын «Шах же шадпыт» деген мансаптарынан келген деген жоромолдорун айтышат. Бирок, бул сөз тээ биздин эранын 200- жылдарында эле бар экенине карап, фарстан кирген сөз дегенге ишенгиси келбей берет. Андан көрө, эртедеги «侠» деген сөзгө жакын көрүнөт. Эмне болсо да изилдөөнү талап кыла турган тема экени ырас.
Бойла
Орхон-энесай таш жазмаларында баяндалган мансап аты. Кыргыз каганатында, же болбосо, кыргыз бийлигинин өкүмдарынын алдында бойла мансабы коюлган. Алып айтсак, «суджы» эстелигинде «Мен бойла, улук сотчу болом» деген баянды учуратабыз. Мындан караганда, ал адам мурда бойла мансабында, андан кийин улук сотчу болгондугун бул ташка чегилген бир сап баяндан билсе болот. Тарыхчыбыз Анвар байтур «Шинжаңдагы улуттардын тарыхы» деген эмгегинде: «Хандын иштерине жана бойла менен ярган деген эки чоң мансаптар көмөктөшүп иштеген. Бойла кандын оң кол вазири катарында болгон. Ал саясий, акимчилик жана жоокердик иштерге өкүм чыгара алган» деп жазат (553- бетте). Бойла мансабы жөнүндө азыркы кыргыз тилиндеги мааниси «Буйрукчу» сөзүн жорууга болот. Бирок эл адабияттарынан маалымат таба элекпиз. Ал мындан аркынын изилдөө темасы катары тура турат.
Ярган
Илгерки кыргыз бийлигинде коюлган мансап аттарынын бирөө. Бойла мансабы бар кездер ярган мансабы да болгон. Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» китебинде: «Ярган бийликтин сол кол вазири катары кызматта болгон. Ал өкүмдардын өкүмдөрүнүн аткарылыштарын айдактаган жана бакылаган милдетти үстүнө алган» — деп жазат (553-бетте). Ярган мансабы кыргыздардын кийинки элдик адабият булактарында айтылганын таба элекпиз.
Тутун, туртун
Байыркы кыргыз бийлигинде койулган мансап болуп, ал ар кайсы урууларга же бектиктерге элчи катары жиберилген. Бул мансап кытайча тарыхый китептерде «吐屯» деген кат менен жазылган. окумуштуулардын жазгандарына караганда тутун мансабы бийликтен төмөн даражадагы мансабы болуп, ал ��руулардын жосундарын башкарып турган.
Тутун мансабы жөнүндө азыркы кыргыздардан калган санжыра баяндарын же адабияттык баяндардан маалымат ала элекпиз. Бирок, ушул кезде да «Түтүн» бойунча эл санагы айтылганын, түтүн башы, түтүн ээси деген сөздөрдүн азырга чейин айтылып жүргөнүн билебиз. Азыркы түтүн ээси ошол эле байыркы «Тутун» мансабынын жугуму бойунча уланып келгенби? деген ой туулат.
Катын, хатун
кыргыздарда илгери колдонулган мансап аты болуп есептелет. Ал кытайча жазма материалдарда «可敦, 可贺享» болуп жазылган. Айтмак, «Хатун, катын» мансабы хагандык курулган элдердин бардыгында, атап айтканда, түркү тилдеш улуттар менен моңгулдарда кеңири колдонулган. Ал мансап хагандыктын оорук иштери, ички иштери сыяктууларды башкаргандыгын тарыхый жазмалардан көрүүгө болот. Катын мансабы жөнүндө кытайча жазма тарыхтарында көптөгөн баяндар жазылып калган. Алып айтсак, «Көөнө таңнаама. Түрктөр баянында» мындай жазылган: «Алардын хаганы болот, ал мурдагы Теңиркут менен барабар, аялдары катун деген мансап менен аталат. Анын балдары тегин деп айтылат» делген. Катын мансабы Махмуд Кашгаринин «Дивани лугатит түрктө» (Түркү тилдер сөздүгүндө) мындай айтылат: «Катун Афырасияптын (Уламышта айтылган түрктөрдүн алгачкы хаганы) кыздарына эле таан атак. Макалда мындай айтылат: «Хандын иши чыкса, катындын иши кала турат» (Дивани лугатит түрктүн 1- том 533-бет, уйгурча нускасы). Түркү тилдери сөздүгүндө айтылган бул баяндан караганда, «Катын» деген мансап, эң алгачында хагандын жамаатындагы ургаачыларга берилген мансап болгон. Ал мансап жогоруда айтылган макалга караганда, хагандан кийинки мансап катары айтылып турат. Жазма материалдардан караганда, хагандык курулган элдерде катын мансабы кийин, көбүнчө, хагандардын аялдарына (Канышааларга) берилген.
Кыргыздарда «Катын» мансабы Эне-сай Кыргыз каганаты тушунда болгондугун «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» мындай айтылат: «Уйгурларга карандысыз болгон кыргыздардын «Эр киши» (阿热) өзүн хаган деп жарыялайт да, түркөш кызына болгон энесин «Эне хатун», өз жубайы болгон Келийенени «Хатун» мансабына коёт» (Алынды кытайча «Кыргыз энсиклопедиясы, Кыргыз хаганаты» тилкесинен).
Улуу жомок «Манаста» катын мансабы Каныкейге берилген болуп, «Кайран катын Каныкей бар сарамжалын так кылып» деп айтылат. Хан Манастын кезинде, ал бүт мүлктү, жоокерлердин камдоо иштерин башкарганын билебиз. Ал тургай маңыздуу иштерди башкарганын билебиз. Ал маңыздуу иштерди чечүүнүн баш кеңешинде болот. Мындай катын мансабы кыргыздарда «Манас дооруна» чейин колдонулуп келген өңдөнөт. Бирок, айтпай болбойт, «Катын» мансабы жакынкы жана ушул замандын кишилерине беймаалым, унут болуп кетти. Дегинкиси, кылымдын жүрүшүндө «Катын» мансап аты карып, өтмө мааниге кетти да, «Кара баштуу эле эрге тийген ургаачынын» бардыгы катын атала турган, ал тургай ушул күндө «Катын, катындар» деп айтса, одоно сөз болуп угула турган болуп кетти. Мына − тарых дегенде эл жаңы болот деген ушул.
Кончой, кунчуй
Мансап аты кыргыздарда Эне-сай доорунда жана андан мурда колдонулган түрү бар. Бул мансап аты тарыхый жазмалардан, Эне-сай ташка тамга баскан жазмаларында жана «Дивани лугатит түрктө» маалыматтар калган. Алып айтсак, Барк суусунун боюнан табылган «Барк эстелигинин» (2-, 3-, 4- Барк эстеликтери) көп жеринде: «Куйда кунчуйумга адырылдым» деген саптар кезигет (Маанисы «Ордодо кунчуйумдан айрылдым»). Ушул жазылгандарга караганда, кунчуй ордодогу мансап болуп, ал бийлөөчүлөрдүн аялдарына берилген мансап көрүнөт. «Дивани лугатит түрктө»: «Кончой хатундан эки даражада төмөн турат, мындан улам «Хатун-кончой» деп аталат» дейт («Дивани лугатит түрк» 3-том. кыргызчасы). Орхон-Энесай ташка тамга басылган жазууларды таануучу кээ бир окумуштуулардын «Кунчуй» сөзү кытайлардын «公主» (Гоңжу – канышай) деген сөзүнөн улам айтылганына ынангысы келбейт экен. Ал эми, к��ргыз эл санжырасы, эл ооз адабияттарында бул сөз «Күнүчүм, күнүм, күнү» деген сөздөр менен айтылып, көп аял алган (Же эки аял алган) эрдин аялдары бири- бирине күнү болот. Балким бул сөз кыргыздардын «Күнү» сөзүнүн кылымдарда унут калган бир мааниси чыгар.
Тегин
Мансап аты кыргыздарда эртеде колдонгон мансап аттарынын бирөө эсептелет. Тегин мансабы жөнүндө кытайча тарыхий материалдардан көптөгөн баяндарды ала алабыз. Ал материалдарда тегин сөзүн «低根,特勒,的斤» деген каттар менен жазган. «Көөнө таңнаама. Түрктөр баянында» хагандын балдары тегин деп наам менен аталат деп жазган. «Жалпы баяндын典通» 197- оромунда «Тынчтык аалам эстелиги 太平寰宇记» 194- оромдорунда тегин хагандардын балдары менен анын инилерине берилчү мансап деп баяндаган да, анын милдети хагандыктын башка элдер менен байланыш түзүү иштерине жооптуу болгонун айтат.
Айтмак, тегин сөзүн «Дивани лугатит түрктө» (Түркү тилдер сөздүгүндө) бул сөздүн түпкү мааниси кул деген болот. Бирок, ал сөздүн мааниси кийин өзгөрүп хагандын тукумдары тегин аталып кеткенин айтат. Бул сөздүктө андай аталып кетишин мындай түшүндүрөт: «Өкүмдардын балдары (хагандын) аталарына кат жазганда кичи пейилдик менен өздөрүн аталарынын кулу катары кармап, аттарын жазганда тегиниңиз (кулуңуз) деп жазышат экен. Ошондон улам хандын тукумдары, өкүмдардын балдары тегин аталып калышты» (Дивани лугатит түрк 1-том 539-бет, уйгурча нускасы). Бирок, кийин тегин сөзү башка кулдардан айырмалануу үчүн алдына аныктооч сөз кошулуп «Көл тегин, Болмуш тегин, Алп тегин» болуп аталып, ырасмий мансапка көтөрүлүп кеткен. Кээде ал эрдик атагы алдына коюлуп, айбандардын сырттандарынын аты менен кошо аталган. Мисалы: Карчыга тегин, Күч тегин, Барс тегин болуп аталган. Тегин сөзү кийинки кездерде «Урпактары, теги» деген сөздүн ордунда колдонулганын жазмалардан ырастоого болот. Орхон-Энесай ташка тамга басылган эстеликтерде тегин сөзү «Текин» болуп жазылып, белгилүү даражадагы мансап катары айтылат. Тегин мансабы хагандык курган элдердин инилери менен балдарына берилчү мансап аты болуп, ал тактыга отуруучу бала «太子» катарында ордодо белгилүү милдеттерди аткарган.
Кыргыздарда «Тегин, теги» сөзү жогоруда Кытай жазмаларында жана «Дивани лугатит түрктө» баяндагандай маанилерди басып, көптөгөн өзгөрүүлөр менен бизге келип жетти. Ушул күндө «Тегин» сөзүн биз жаңыртып, фамилиянын ордуна колдонууга болот деген караштабыз. Ошого азыр «Ов» деген белги менен фамилия туйунтуучулар «Тегинге» өтүп жаткан кези. Сөз оңутуна келгенде айта кетели, дүйнөдө көптөгөн улуттар өздөрүнүн аттарын басма сөздөрдө, соорундарда атаганда фамилиясын, өз атасын кошо туйунтуп келет. Бул инсанат маданиятындагы бир белги болсо керек. Кыргыздарда да жети атасын, тегин сүрүштө кылып келген жөрөлгө бар. Улуу эпос «Манаста» «Тек атыңды терип айт, элиңдеги жакшыны атам деп айтып албагын» деген саптар кезигет. Демек, тек атыбызды айта жүрүү зарыл экен. Ошого мен жетинчи атам «Кармыш балбанды» тек ат (Фамилия) кылып урунууну чечип, бир канча жылдан бери басма сөздөрдө жазып келем. Аны көптөгөн окурмандар менден сураган. Ошого ушул жерде кыпчып (кыстарып) кетким келди.
Чоро
Кыргыздарда эртеде колдонулган мансап аты болуп, хагандын оң- сол кол жоокер башчысы болуп милдет аткарган. Балким эң эртеде бир бийликтин баш кишиси болушу мүмкүн. Себеби, Кытай тарыхтарында «Чоро» сөзү «都,啜,咄» каттары менен жазылган. Ал маалыматтарда түрктөрдүн эң мурдагы баш кишиси «Илинса чоро» деп аталганын айтат. Тоголок молдонун айткан санжырасында Тагай бий «Чоро» деген сөз «Хандын обозгери дегенге жатат» дегенин айткан («Кыргыз санжырасы. Тоголок молдо» 54-бет). Шө зуңжин түзгөн «Түрктөр тарыхында»: «Батыш түрктөр (Кыргыздарды өз ичине алган) эки чоң тайпадан куралган. Алар оң жана сол болуп бөлүнөт. Оңдогу беш уруунун баш кишиси чоро деп аталат. Солдогу беш уруунун баш кишиси эркин деп аталат»,- деп жазат. Ал эми, 8-кылымдын баш ченинде Күлтегинге арналган Орхон ташка тамга баскан жазма эстеликте, Күлтегиндин кара ашына (731-жылы) кыргыз хаганы «Чор- Тардуш ынанчуну» кара ашына келгенин жазган.
Чоро мансабы улуу жомок «Манаста» абдан айкын баяндалып, хан Манас 40 чоро койгон. Себеби Манас колу кырк уруу элден куралган (Ар бир уруу элден бирден чоро алган). Кытай жазмаларында «Кыргыздын колу сексен миң» деп айтылган кез ошол Манас хан доорунда болгон. Аны башкаруу үчүн бир нече кичи хаган (Мисалы: Бакай хан, Алмамбет хан, Жакып хан), 40 чоро койгон. Чоролордун алдында миң башы, жүз башы, он башы даражалары болгон.
Эпосто Семетей төрө мансабында болот да, андан кийин эки чоро мансабы койулат. Себеби, Семетей көптөгөн кол, кошуун курабаган (Ошого Манаска окшош 40 чоро албаган). Айтмак, эпостун «Семетей» бөлүмүндө айтылган Гүлчор�� Кытай жазма тарыхтарында «阙啜» болуп жазылган. Андан бөлөк, тарыхый жазмаларда Гүлчоро ысымы көп кезигет. Түркөштөрдүн ханы Сохаба деген өзүнүн чоросу Гүлчоро менен ички уруш жасагандык тарыхты Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» аттуу уйгурча китебинен окудук. Дегинкиси, чоро мансабы орто кылымда зор даражадагы мансап болгон. Эне-сай «Барк эстелигинин» 3-сүндө «Мен сангун оглы Күлүг-чор» деген ташка чегилген эстеликти окуйбуз. Ушул баян «Семетейде» айтылган Күлчоронун ташка жазган эстелиги болушу мүмкүн экен. Кыргыздарда Манас дооруна чейин чоро мансабы иштетилген. Андан кийин кыргыздардын бийлөөчүлөрү чоро мансабынын ордуна «Жигит башы» мансабын койгон түрү бар. Себеби кийинки кыргыз өкүмдарлары (Баатырлары) жанына «Жигит курап» жүргөн. Бул «Курманбекте» таасын байкалат. Курманбек өзү баатыр жана хандык мансапта болгон (Хан Курманбек). Ал жанына 40 жигит алып жүргөн. Андан кийинки бий, бектер да жигит курап жүргөнү кыргыз санжыраларында айтылат. Демек, чоро мансабы эчен кылымдын алдында калган болсо да, чоро сөзүнө кыргыздар жаздемдебей түшүнөт.
Жайсаң
Кытай тилинен (宰相) кирген мансап аты. Ал Кытай бийлигинде Чин жана Батыш Хан сулаларынан баштап койулган мансап аты болуп, падышанын вазири милдетинде бол��он. Кыргыздарга да бул мансап аты эртеде ��ле жеткен болуп, Кытай тарыхый жазмаларында кыргыздардын «Эр киши» өкүмдар болуп турган кезде, анын кол алдында жайсаң сыяктуу алты мансап даражасы бар экени айтылган. Ошол «Эр киши» кезинде жайсаң жетөө болгонун «Тынчтык аалам эстелиги» деген Кытайча тарыхтан көрдүк.
«Жайсаң» мансап аты катары «Манас» жомогунда да көп кезигет. Мисалга тартсак: «Алгарасын аргытып\ Артынан чаңын баргытып\ Кырк жайсаңы жанында\ Коңурбай өзү жөнөдү\ Эр сайышка барууга» («Манас», Жүсүп Мамай, ички материяал 268- бет). Мындан бөлөк, Сагымбай Орозбак уулунун айтымында «Жайсаң» сөзү эки түрдүү жолугат: бирөө, адам ысмы болуп, «Жайсаңбай» деген кейипкеринин окуясында, дагы бирөө, Үмөттүн уулу Жайсаң болуп: «…Үйшүндөрдүн Үмөтү,\ Үмөт уулу Жайсаңы,…» деп айтылат. Ал эми Сагымбайда деле, көбүнчө мансап атоосу катары келип: «…Он сегизи жайсаңы,\ Ачбуудан аты бүгүлүп,\ Албүбү кызга жүгүрүп…», «…Дебеги, Шалкым баш болуп,\ Алты жайсаң барганы…», «…Эки жайсаң чаптырып,\ Туура тосуп салыптыр…», «…Тулпар аттар алкылдап,\ Ар бирөөнүн жылоондо\ Экиден желдет талпылдап,\ Он эки жайсаң келгени…», «…Алты жасоол жол баштап,\ Ортосунда чоң кула ат\ Онжоңдотуп жетелеп,\ Он эки жайсаң бош коштоп,\ Жети желдет желдирип,\ Жол ачкын деп бош- боштоп…», «… Капка баккан жайсаңдар\ Катар жатыр булайып,\ Өлүп жатыр сулайып…» деген саптар көптөп кезигет. Ушулардан караганда, жайсаң өз кезинде хагандын вазири болгон. Кыргызда бийлигинде да вазир (Чоро) катары каралат. Бирок, кийинки кездерде жайсаң мансабы колдонулгандыгы жөнүндө ишенимдүү материалдарды көрө элекпиз.
Жаңжүн, сангун
Бул мансап байыркы кытай тилинен «Жаңжүн» (将军) боюнча кирген. Эң алгачында илгери Чүнчию доорунун Жиго бектиги «Жаңжүн» мансабын койгон. Кийинки доорлордо улуу жаңжүн, кенже жаңжүндөр коюлган. Жаңжүн мансабы Кытайда илгертен тартып, изи суубай биздин доорго жеткен жоокердик мансап аты болуп саналат. Түркү тилдеш улуттарга, асыресе, кыргыздарга тараган мансап аты. Бул мансап аты кыргыздарга тээ Эне-сай доорунда эле жеткен (Балким Лии Лиң кол башчы тараткандыр), Эне-сай ташка тамга басылган жазмаларда «Сангун» деген айтылыш менен ташка чегилген. Алып көрсөк, барк 3- эстелик ташта «Байна сангун Оглы Күлүг Чор» деген баян сабы бар. Бул жазмадан Күлчоронун атасы жаңжүн деген түшүнүккө келебиз. Балким, Алмамбеттин ислам динине кирүүдөн мурдагы аты Сорандиктин уулу Байна болуп жүрбөсүн деген ой кетет. Эмнеси болсо да, жаңжүн мансабы кыргыздарда эртеде колдонулгандыгын ырастоого абдан болот. «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» кыргыз өкүмдары «Эр кишинин» кол алдындагы алты даражанын бирөө «Сангун» экени айтылган.
«Жаңжүн» мансабы жоокердик тарыхты баяндаган «Манас» жомогунда да кеңири айтылат. Айтмак, Кытайдагы Манасчылар эле жаңжүн мансабын кошо айтып эле калбай, Кыргызстанды�� залкар Манасчысы Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манасынан» да жаңжуң деген мансап атын көптөп айтканын жолуктурабыз. Мисалга тартсак: «Малакай кийди башына\ Алты жаңжуң ээрчитип\ Жолдош алып кашына\ Жаңжуң деген улугу» деген баянды кезиктиребиз (Сагымбай Орозбак, «Манас» 3-китеп 121-бет). Ал эми, Жүсүп Мамай айтымында: «Ай жаңжүндүн жерине\ Келип калды элине\ Кайгуулчу келип капташты\ Кароолчу турган белине» деген саптар бар. («Манас» ички материал 297-бет).
Кийинки кездерде, атап айтканда, Чиң доорунда Чиң өкүмөтү чек ара райондорго «Жаңжуңфу» куруп, элди бийлеткен. Кытайлык кыргыздарда 1940- жылдары Ысакбек Монон уулу жаңжүндүк мансапты алган (中将军Генерал- лейтенант). Ал эми Кыргызстандагы кыргыздар азыр (30- жылдардан кийин) жаңжүн мансабын «Генерал» деген сөз менен туюнтуп келет.
Даркан
Эртеде кыргыздарды өз ичине алган түркү- моңгул тилдеш улуттар колдонгон мансап аты. Эң эртеде бийликтин кол башчысы «Даркан, таркан» болуп аталган. Кытайча тарыхый жазмаларда даркан сөзү «答刺罕 ,达干» деген каттар менен тыбышталып жазылган. Окумуштуулардын жоромолунда, бул сөз аварлардан туурап иштетилген «答寒» сөзү болушу мүмкүн экен. Бирок, 11-кылымдагы кеменгер бабабыз Махмуд «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Таркан сөз исламдан мурдагы «Бег» маанисиндеги бир мансап аты − аргуча» деп чечмелеп өткөн (1-том, 568-бет. Уйгурча нускасы). Жакынкы окумуштуулар даркан сөзү кытайча «达官» деген мансап атынан улам айтылган деген түкшөмөлдөрүн айтышат.
Абылгазы Багадурхан «Түрк санжырасы» деген китебинде «Даркан, ханга качан кирем десе эшик ачык, андан эч нерсе албайт. Күнөө өткөрсө, тогузгача сурабайт. Тогуз муун өткөндөн кийин анан сурайт» деп жазат. Бул мааниден караганда, даркан мансабы хагандык бийликтин эң жогору кол башчылык мансабы болуп, ал бийликте кызматы аябай өткөн эрлерге берилген түрү бар.
Кыргыздарда «Даркан» мансабы кыргыздардын бийлигинин баш кишиси «Эр» аталып турган кезде болгонун «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» айтылганын билебиз. Андагы алты мансап даражасында 6-болуп саналат. 848- жылы айланасында Кыргыз хаганатында Аба даркан деген кол башчы адам болгон. Ал түндүк жакка кол тартып, кыргыз чебин түндүккө карай чойгону тарыхта жазылган. Андан бөлөк, Аба даркан кол башчы Таң ханышайы Тай хыны алып качкан жоонун колунан куткарып, аны Таң ордосуна жеткиргендиги жөнүндө баянды «Куйчаң салтанат жылдарындагы баяндар» дегенден окуганыбыз бар.
«Даркан» сөзү ташка тамга баскан жазууларыбыздан «Сужи эстелигиндеги» «Мен Кутлук Бага тархан оге буйрукчумун» деген сабын окуйбуз. Буга караганда, даркан сөзү таш жазма эстеликтерде да болгонун көрөбүз.
«Даркан» сөзү кыргыз эл адабиятында, «Манас» эпосунда да кезигет. Бирок, ал кандайдыр бир мансап катары эмес, сөз мааниси «Зор, кенен, олбурлуу» деген маанилердеги сөздөр катары айтылганын көрөбүз. «Даркан» сөзү азыркы моңгул тил��нде да айтылып «Зобололуу, кеменгер» деген маанилерде колдонуп келет. Ушуга караганда, «Даркан» алтай тил системасындагы карт сөздөн болуп, кайсы бир тарыхтарда мансап аты, андан кийин ардактуу атак катары айтылып, ушул заманда кыргыз, моңгул тилдери сыяктуу тарыхый узун тилдерде сакталып калган окшойт.
Япгу
Тарыхый материалдардан караганда, япгу мансабы тарыхта кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттарда эң эртеде жалпы колдонулган мансап аты. Эң алгачында башкы өкүмдарга айтылган, андан кийин хагандык курулган кездерде бул мансап бийликтин экинчи даражасында, же болбосо, хагандын мартабасы үчүн хаган деген сөздүн алдына коюлуп атала турган болгон. Ал кытайча тарыхый материалдарда «叶护» деген кат менен тыбыштап жазылган. «Жовнаама. Түрктөр санжырасында» түрктөрдүн баш кишиси япгу деп аталат, андан кийинки мансаптар шаа, тегин, элтебир, тутун болот. Андан төмөн да 28 даража кенже мансаптар коюлат деген маалымат бар. Орхон-энесай ташка тамга басылган эстеликтерде «Ябх» болуп жазылган. Таш жазма эстеликтерде: «Батыш түрктөрдүн 3- урпак каханы япгу кахан деп аталган» (Шө зуңжин «Түрктөр тарыхы» 120- бет). Ал эми, Махмут Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө»: «Япгу хагандан эки даража төмөнүрөөк болуп, бухарадан чыккан мансап аты» делинген (Т. Т. сөздүк 3-том).
Айтмак, кыргыздарда орто кылымда же андан кийин «Япгу» мансабы колдонулгандыгы жөнүндө колубузда ишенимдүү материал азырынча жок. Эл санжыраларында, «Манас» эпосунда да япгу мансабы айтылгандыгын таба элекпиз. Ушуга караганда, «япгу» кыргыз тарыхынын терең катмарында бүктөлүп, жабы��ып калган өңдөнөт. Эң эле кийинкиси «Түркү тилдер сөздүгүндө» жазылып калган окшойт деген жоромолдон башка сөз айта албайбыз.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/06/kytaj-arhivindegi-kyrgyz-kitebi/
Кытай архивиндеги кыргыз китеби
Кыргыз тарыхы болуп да кыргыздардын бийлик-мамлекеттүүлүк тарыхы кытай жазмаларында өтө ишенимдүү сакталып калган. Кыргыздар 7-кылымдын башында эле күчтүү мамлекет (кытай жазмаларында жана Билге каган таш эстелиги сыяктуу түрк кагандарынын эстеликтеринде ушундай атаган) катары эл арага таанылып, дипломатиялык барды-келдиде болгону кытай архивдеринде айкын жазылган. Биз көргөн кытай архивинде, биздин санактын 843-жылдан баштап кытай императорунун кыргыз каганына жазган каттары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын билүүдөгү абдан ишенимдүү материал болуп берет деп эсептейбиз. Каттардын мазмунунда Кытай менен барды-келди качантан башталгандыгы, Кыргыздардын 9-кылымда улуу кагандык куруп, бүткүл эле Гоби аталган түндүктөгү улуттарды бийлеп тургандыгын, Кыргыз каганынын оорагын (сыймыгын) император биздин санактын 843-жылы чын курандын 15-күнү жазган катында мындай баяндаган:
«Каган сиздин көсөмдүгүңүз башкача, акылмандыгыңыз ашыкча, ары баатыр, ары иш билги экенсиз. Ошондуктан өз чебиңизден бөлөк, бүткүл эле чоң чөлдүктү (гобини) тынч кармап жатасыз. Даңкыңыз түз эле биздин ордого угулуп турат. Сиздин (коомго) өткөргөн кызматыңыз жана кол жеткирген ийгиликтериңизди ойлосом, өзүнчө тереңден терең сагынычта болом»
(караңыз, Ли Дыйү макалалар жыйнагынын кыргыз каганына жазган каттарына).
Бул баяндан, кыргыз каганынын ошол кездеги оорагы «Манас» жомогунда айтылып жеткен Манас бабанын элесин көзгө тартат. Ал эми тарых жагынан карасак, катта айтылган сүйлөмдөрдөн Кыргыздын улуу мамлекеттүүлүгүн билдирип турат.
Кытай архивиндеги баяндарга караганда, Кытай менен Кыргыздын мамлекет даражадагы дипломатиялык катышы биздин санактын 632-жылдан башталган болуп, өз кезиндеги Кытайдын Таң падышалыгынын падышасы Таң Тайзуң өзүнүн Ваң Йиху аттуу вазирин Кыргыз кагандыгына жөнөткөн. Андан соң, Кыргыздын ажоосу Ишбара ажоо өзү 647-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң Анга келген. Бул эки мамлекеттин алакасына тарыхта көрүлбөгөн жакындыкты байланыштыра алганы айкын жазылган. Таң падышасы Кыргыз ажоосун өзгөчө күтүп, чоң атактарды берип сыйлаган. Ошондон баштап 756-жылга чейин, чамасы жүз жыл ичинде, Кытай менен Кыргыз мамлекетинин барды-келдиси үзүлбөгөн (караңыз, императордун катына). Бул баяндан 7-8-кылымдарда кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзүп турганын билүүгө болот. Аралыкта кыргыздар башка улуттарга каранды болуп калып, Кытай менен өз алдынча каттоо биздин санактын 840-жылына чейин үзүлүп калганы жазылган. Ал кыргыздар 840-жылы улуу Кыргыз каганатын кургандан кийин, Кытай менен мамлекеттик байланышты тыгыз алып барган. Архивдик материалдарда, 840-жылдан 847-жылга чейин болгону 7 жыл ичинде, Кыргыз каганатынан Тапказ сангун, Жоокусол, Онкор, Дадас Ынанчор сыяктуу сангундар Кытайдын Таң падышалыгына элчиликке барган. Ал Кытайдан падышанын вазирлери Жа Дан, Жав Фан, Лү Шу, Вий Зоңчың, Ли Йе, Жиң Су сыяктуулар Кыргыз кагандыгына элчиликке келген.
Сакталган китептин сүрөттүү бети. 843- жылы, Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен, бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып, бүт улуттук кийим кийип, аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып Таң падышалыгына келген көрүнүш.
Ушул 7 жылдык Кытай менен болгон дипломатиялык барды-келдинин ичинде көптөгөн маанилүү окуялар чечилген. Ошолордун ичинде, Кыргыздын тарыхы, маданиятына түз байланышы бар бир улуу жумуш − кыргыздар боюнча сүрөттүү китеп жазылып калган. Биздин бул макала ошол китептин чоо-жайы боюнча сөз кылып, кыргыз тарыхы, этнографиясы боюнча ал 1-китепти кыргыз тарыхындагы табылгыс байлык деп көрсөтүүнү ылайык көрдү.
843-жылы, Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен, бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып; бүт улуттук кийим кийип; аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып, Таң падышалыгына келген. Бул Кыргыздын элчилик тобунун көрүнүшү Кытай падышасынын көөнүн бурган. Падыша өзүнүн такты мурасчы ханзаадасы Вий Зоңчын, ордонун улук бүтүкчүсү Лү Шу экөөн кыргыз элчилиги түшкөн конок сарайына жиберип, кыргыздардын бүт салт-санаа, ошондо ордого алып келген белектери, кийим, кебете-туругу сыяктууларды жазып, бир китеп кылуу буйругун берген. Канчалаган убакыт ичинде алар өтө кылдаттык менен жазып бүтүп, китептин атын «кыргыздардын ордого келиши жана тартуу белектери, алар жөнүндө баян» атаган. Ал китеп бүткөндөн кийин, ошол кездеги Таң падышалыгынын окумуштуу вазири Ли Дыйүгө тапшырат. Ал вазир жазылган китепти окуп чыгып, ал китепти ого бетер күчтүүлөтүү максатында, сүрөт сызма устатка, китепте баяндалган окуяларга сызма сүрөт коштоткон. Андан соң ал китепке вазир өзү баш сөз жазып, аны падышага тастыктоого жолдогон. Ошол баш сөзүндө мындай санжыраны жазып коюу мурдагы падышалардан калган салт экенин атайын белгилеп, бул кыргыздар жөнүндө жазылган китептин чындыгын баса белгилеп мындай деген: «Вий Зоңчың, Лү Шулар конок сарайына барышып, келген элчиликтегилер (кыргыздар) менен сүйлөшүп, алардын биз менен окшош жана окшош эместиктерин байкашып, алардын жол азабын сурап билишкен. Мурдагы (кыргыздар жөнүндө) жазылгандарды толукташкан. Ал түгүл алар ашы�� келген тоолор, басып келген жолдоруна чейин баяндашкан. Бул китепте айтылууга тийиштүү мазмундар толук баяндалган. Китеп бир кыйла бышык болуптур, баяны да жатык тил менен берилип, түшүнүктүү чыгыптыр. Мен Вий Зоңчың, Лү Шулардын жазган нарктуу, кызыктуу окуяларына негиз, бирөөгө сүрөттөр сыздырып чыктым. Бакырыңыз батылдуулук кылып, бул баш сөздү жазып койдум. Мында сүрөт менен баян шай келишти. Баш сөздү ошолордун алдына койдум» деген (караңыз, Ли Дыйү чыгармалар жыйнагына).
843-жылы Жоокусол алп баштаган Кыргыз элчилиги Таң падышалыгынын ордосунда
Китептин баш сөзүндөгү бул баянга караганда, 9-кылымдын башында жазылган бул китепти кыргыздын маданияты, тарыхы, этнографиясы боюнча баяндалган төл башы китеп десек болот. Ошол доордо жазылган бул китеп кыргыздын тарыхынын узундугун белгилеп гана калбай, кыргыз улуу кагандык курган, кадыресе башка элдерге да барктуу эл экенин биринчи иретте эле түшүндүрүп турганы менен сыймыктанабыз.
Китептин баш сөзүн жазган падышанын окумуштуу вазири баш болуп, кыргыз таануу илимин баштаганы алардын китептеги баянынан ачык билинген. Эң оболу, «кыргыз» деген ары улуттун аты, ары мамлекеттин аты экенин айкындашкан. «Кыргыз» сөзүнүн маанисин кыргыздын өз оозунан сурашып, аны так атоо жана тарыхтан бери жазылып келген кытай жазмаларында��ы «кыргыз» сөзүн тыбыштап, аны кытай иероглиф менен бирдиктүү калыпташтырып жазуу жагын изилдеп-такташкан. Ал тургай, «кыргыз» сөзүн туюнткан кытайча иероглифти падышага жолдоп, падышалык тастык менен кыргыз деген сөздүн ошол улут айтымына жакын болушун көңүлгө алып, «ke-kuet-sie»(纥扢斯), боюнча тыбыштап, жазууну сунуштаган (Ли Дыйү). Соңунда, биздин санактын 843-жылы жалган куран айынын ортосунда, падыша өзү окумуштуулар менен кеңешүү аркылуу «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, түндүктөгү улуттардын (жети кыраанын тилин билген) кытай окумуштуусу Жа Дан мурдагы чыгармаларында жазган боюнча, «Get-ket-sie» («黠戛斯») болуп жазылсын деген коолуну падышалык буйрук деген наамда түшүргөн. Ал буйрукту толук окусак: «Кыргыз мамлекет атынын жазылышы мурда батыштагы улуттардын жазууларынан тыбыштап которулуп жазылып келген. Ошол себептүү иероглифтик жазылышы окшош болбой жүргөн. (Мындан ары) падышалык буйрук боюнча, алардын (Кыргыздардын) мамлекет башчысына наам бергенде, Жа Дан жайсаңдын «Чар тараптан баян» чыгармасында жазылганы боюнча «Get-ket-sie» (黠戛斯) деген үч иероглиф менен бул мамлекеттин аты тыбышталып жазылсын» делген.
Айтмак, Кытай архивинде сакталып турган кыргыздар жөнүндөгү бул китептин баасы, оболу, ушул күнгө дейре «кыргыз» сөзүн ар кандай жоруп сүйлөөнү ачып бергенинен көрүндү. Өкүнүчтүүсү, бул китептин ушул күндө баш сөзү гана колго тийип, аны кыргызчага которуп, ушунчалык маалымат алганыбыз менен, китептин толук мазмунуну менен али тааныша элекпиз. Китептин толук мазмуну колго түшсө, байыркы кыргыздын өңү-түсү, кийими, бардык эле этнографиясы менен таанышууга жетер элек. Өзгөчө белгилөөчү нерсе, китеп Кытай архвинде жатканына 1300 жыл болуптур, барактаган, барктаган киши ушул күнгө чейин табыла элек. Кыргыз тарыхына болгон кайдыгер мамиленин мисалы ушул китепке кызыкпаганыбыздан көрүнүп келет. Бул китептин баш сөзү бар, ичиндеги сүрөттөрүнөн көрдүк, ушуга таянып «Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китеби», — деп атоого акылуу болуп турабыз. Бирок бул китепти ким табат? Кыргызга керекпи? деген максат менен бул макала талкууга түшкөнүн атайын айтууга туура келди.
Макелек Өмүрбай уулу, ШУАР «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/05/zhazma-bulaktardagy-zharkyn-taryh/
Жазма булактардагы жаркын тарых
Макелек Өмүрбай уулунун “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” деген китеби Президент А.Атамбаевдин колдоосу менен жыл башында жарыкка чыгып, элге тартууланды. “Кылым кыйырындагы кыргыздардын күчтүү мамлекет экендигин тастыктаган тарыхтын ак шооласы” аталган бул китепке ар кандай пикирлер айтылып кызыгуу жаратууда. Китепте биздин мамлекекеттүүлүктүн түпкү пайдубалы кантип калыптангандыгы тууралуу кашкайган чындык карт тарыхтын баалуу барактарында мааниси толук ачылбай ушул күнгө жеткени жазылат. Андагы маанилүү маалыматтарды кабыл алуу, жайылтуу, ал гана эмес тарыхыбыздын алтын барактарына айлантуу да биздин ички даярдыгыбызга, түшүнүгүбүзгө, табылгыс мураска болгон мамилебизге келип такалары бышык. Ал эми бул китеп керек болсо келечек алдында жооп берчү ар-намысыбызга карата кагылган коңгуроодой жооп күтүп тургансыйт. Китептеги “Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китебин ким табат? Кыргызга керекпи?” деп сызылып чыккан суроо – бул алтын коңгуроо! Ачык айтылбаса да анда купуя катылган сыр Бийлик – Бакытты ар бир адам кантип түшүнүүдөн башталарын эске салып, ата-бабаларыбыздын ата-журтка ак кызматын, айтып бүткүс ак тилегин, алдастаган арман-үмүтүн алаканга салгандай анык кылып алдыбызга жайып койду. Эгемен элибиздин узун учугу кыйырсыз кылымдардын чокусунан чыкканы кокусунан эмес экендигин Манас бабабыздын басып өткөн изи да айгинелеп турат. Көрсө, көркөм адабият менен тарыхтын ашташкан жеринен асылдыктар жараларын акылман адамдар илгертеден эле билип, көмөкөйүн күүгө, көкүрөгүн ырга бөлөп, көркөм сөзгө рухун суугарып келген тура…
Бийлик – бакытпы? Чынында бул сөзгө абдан таң калдым, анын тереңинде уюп жаткан түшүнүк, артында да аска-тоодой асмандаган маани бар экени кызыктырды… Бийликти зоболо, мартаба, мансап катары гана караганда, анын артында азаптын айыкпас жараты калары азыркы мезгилде айкын болбодубу.
“Мамлекеттүүлүк – маданият шаңы, уюган улуттук күч! Бакыт — бактын куту. Куттун эң алгачкы мааниси мамлекет болгон. Мамлекет деген сөз кийин, фарс тилинен кирген. Тегинде бийлик кут болуп, элге, жерге бакыт алып келген. Адамзаттын жетишкен маданияты уюшуу, уруулук топ түзүп, бийлик менен чогуу аракетке келүү болгон. Ал эми «Түрк» деген сөздүн дагы бир маанисин кытай жазмаларында жазып, Ашынанын он жети баласы бирөөн бийлик башына коюу үчүн ким терекке мурда чыкса, ошол «түркүк» болот деген. Бул уюшуунун алгачкы түрү катары каралат. Бийлик — түркүк, бакыт – бийлик” — деп автор айткандай, мамлекеттүүлүк – эл-жери бар, эгемен бир бүтүн улуттун сыймыктанган сезими эмеспи. Акылдуу, күчтүү, бекем бийликтин ага аяр, аздек мамиле менен ээлик кылып, ар дайым журттун жыргалчылыгында желегин желбиретип турганы мекенибиздин куту, бакыты эмей эмине деген ой келет экен!..
Көрсө, бийликтин түпкү тереңинде катылган сыр карт тарыхтын бүктөмдөрүндө калган БАКЫТТЫН уюткусундай биздин күнгө жеткен тура. Ооба, бизге жеткен китеп мамлекеттүүлүктүн маани-маңызын даңазалуу доорлордун далилдүү фактылары менен кештелеп, келечекке тартуулаган бирден-бир баалуу маалымат, илимий булак болду.
Бул китеп тууралуу айтылган ойлорго караганда китеп кээ бир тарыхчыларга абдан жаккандыгы, кээ бир тарыхчыларды ойго салгандыгы, кээ бирөөлөрүн кызууланткандыгы, жалпы эле окурмандарды кайдыгер калтырбагандыгы менен айырмаланат. Кызыгуу жараткан китептин келечекте кереги көп тиери, ошол эле мезгилде буга чейинки тарыхыбызды тактоо жолундагы улуу бурулуштардан болору шексиз.
Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, профессор: Аскар Беделбаев:
Быйылкы жылдын башы менен Кытайдагы боордошубуз окумуштуу Макелек Өмүрбайдын “Кыргыздын мамлекетүүлүгү жазма булактарда “ деген кызыктуу эмгеги биздин колубузга тийди . Бул окумуштуу , Кытайда жашап кытай тилинде билим алган, кытайдын архивдериндеги көптөгөн маалыматтарды алып чыгып, ошондогу кытай башкаруучуларынын кыргыз-кагандарына жазган каттарынын баарын түп нускасында берген экен. Бөтөнчө бизде уланып калган кыргыз деген аттын чечмел��ниши жөнүндө өзүнчө жаңы көз карашты берет . Буга чейин биз европалык көз караштарды гана колдонулуп келе турган болсок, мында тунгуч жолу кытай иероглифи терең талданып түшүндүрүлүү менен “Get-ket-sie” деген сөз “кыргыз” деген сөздү билдирери биринчи ирет ушул китепте айтылып жатат. Кытай тарыхый булактарынан изилдөөнүн негизинде жаңы ысымдарды, кыргыздардын башчыларынын 583-жылга таандык Какей хандан тартып 14 адамдын ысымын киргизип жатат, албетте, эми толугу менен бул адамдар жөнүндө биздеги маалыматтарды дагы изилдешибиз керек.
Макелек Өмүрбай көпчүлүгү кыргыз тилинде жарыяланган биздин мурдагы тарыхчылардын, изилдөөчүлөрдүн анан кийин кытай тилиндеги булактардын негизинде гана изилдеп, дүйнөлүк илимпоздордун изилдөөлөрүн көп алган эмес. Кытайдагы болгон маалыматтарды архивдерден алып, баардыгын бөлүктөргө бөлүп, ошону менен бирге Кытайда жашаган кыргыздар тууралуу да жазган. Тарбагатай кыргыздарынын жөн-жайы тууралуу жана 1916-жылдагы уулу үркүн учурунда Кытайга үркүп барган кыргыздар бардык жерге таралбастан өзүнчө бир айылга Боз-Дөң деген жерге туруп калгандыгы жөнүндө, ба��ка да кызыктуу маалыматтар көп. Мисалы, Дөрбөлжүн , азыр биз Ак-талаа районундагы Баетов айылы деп жүрөбүз, мына ошол Дөрбөлжүн — 4 чарчы деген шаарды билдирет экен, ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтарды берген илимий булактары да бар. Албетте, бул биздин кыргыз тарыхын тактоого карата кошкон чоң салым десек болот. Кыргыздын каада-салттары менен ай, жыл санагы жөнүндө кызыктуу көз караштары, кыргыз термининин келип чыгышы, кыргыздар жөнүндө архивде сакталып турган китептерди мындан ары дагы изилдөөнүн зарылдыгы жөнүндөгү ойлору абдан баалуу жана окуган адамды ынандыра алат. Бул биздин тарыхчылар үчүн, бир эле тарыхчылар үчүн эмес , коомдук илимдер, адабиятчылар,тилчилер , журналисттер үчүн дагы кызыктуу китеп болуп, аларга мындан аркы изилдөөлөрүндө пайдаланууга булак катары кызмат кылат деген ойдобуз.
КУУнун профессору, тарых илимдеринин доктору,Токторбек Өмүрбеков:
Макелек Өмүрбай — кыйла жылдардан бери жалпы кыргыз элинин салттуу маданиятын, турмуш-тиричилигин жана тарыхын иликтөөгө олуттуу салым кошуп келе жаткан кытайлык кыргыз окумуштуусу. Ал кийинки учурда кыргыздын көөнө тарыхына көбүрөөк көңүл бөлүүдө. Анткени байыркы тарыхыбыздын урунттуу учурларын кытай тарыхый булактарысыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Ал эми Макелек Өмүрбай кытай, уйгур тилдерин мыкты билген таланттуу окумуштуу жана көп кырдуу чыгармачыл инсан. Айрыкча кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаттарын аныктап тактоодо, 2200 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөөдө анын көрсөткөн көмөгү али эсибизден чыга элек. Ошол маараке маалында Макелек Өмүрбай, Мамбеттурду Мамбетакун, Мухамед Хучженхуа өңдөнгөн кытайлык илимпоздор Н.Я.Бичуриндин кытайлык тарыхый булактарды орусча которгондогу жаңылыштыктарын оңдоп, туура котормосун сунуш кылышкан, алар маанисин тактап бергендей Сыма Цяндын “Тарыхый жазмаларындагы” “Кыргыз мамлекети” деген маалыматты Бичурин Н.Я. негедир маани-маңызын төмөндөтүп, жөнөкөй “кыргыз ээлигине”, хяргас-кыргыз атын жасалма “хагас-хакас” атына айландырып салыптыр. Андай жаңылыштыктардан аталган кытайлык аалымдардын жардамы аркасында гана арылып, тарыхый чындыкты, адилеттикти калыбына келтире алганбыз.
Ошондой болсо да көөнө кыргыз тарыхынын көптөгөн көйгөйлүү маселелери өзгөргөн замандын өктөм талаптарына шайкеш изилденбей кала бергени да чындык. Анткени Кыргызстанда кытай тилин жакшы билген тарыхчы кесипкөй адистер жокко эсе, Кытайдын башкы архивдерин аңтарып чыкканга чамабыз чак. Бактыга жараша так ушу кендирди кескен кемчилик-кенемтенин ордун кытайлык агайын-тууганыбыз Макелек Өмүрбай толтуруп келет. Андыктан өткөн “Тарых жана маданият” жылынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик жетекчилик тарабынан ага “Манас” ордени ыйгарылганы акыйкат ишарат жана сый-урмат болду. Анан калса түздөн-түз КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин колдоосу менен автордун жаңы илимий эмгегинин жарык көрүшү жакшы жөрөлгө эмей эмине! – дээр элек.
“Кыргыз мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” деп аталган бул китепте чын-чынына келгенде “сөздүн ток этер жери” айтылганы айтпаса да түшүнүктүү. Китептеги негизги өзөктүү идея – улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхый тамырынын тереңдиги, бекемдиги, чынжырдай чырмалышканы, чынар текректей канат-бутак улам жайып, өрдү көздөй өсүп келе жаткандыгы, түбөлүктүүлүгү тууралуу ой, үмүт-тилек. Дагы бир кубанычтуу жагдай, аалым ар башка доордогу кытайча кыргыз аталышын (мурдагы гэгунь, гяньгунь, цяньгунь, хэгу, цигу ж.б. аталыштарды) тактап, талаш-тартыштуу маселелердин башын ачып берүүгө далалат кылганы кош колдоп колдоого арзыйт. Ачыгын айтканда азырынча андай талылуу маселелерди туура чечүүгө, республикабыздагы адис аалымдардын дарамети жетмек эмес.
Китептин кийинки бөлүмдөрүндө кыргыз эл башыларынын байыркы доордогу, орто кылымдардагы жана жаңы мезгилдеги мансап, мартабалары, алардын маани-маңызы ирээттүү түрдө илимий сыдыргыдан өткөрүлгөнү менен окурмандарды өзүнө тартаары талашсыз. Мындан тышкары кыргыз каган, хан, инал, элтебер ж.б. эл башыларынын кытай тилиндеги ысымдары эзелки элибиздин тилинин тарыхый кыртышына ылайык которулганы да көңүлдү жубатып турат. Анан калса алардын көбү буга чейин дайынсыз эле. Башкасын айтпаганда да Хань, Тань империяларынын саясий борбору Чанъан шаарына жакын жердеги Кытай императорлорунун көрүстөндөгү кыргыз ажосу Жетисан Бекбай Багачордун (693-708-ж.ж.) айкели жөнүндө маалымат менен Кыргызстандык тарых күйөрмандарын тааныштырганы эмне деген керемет кенч, баа жеткис табылга!
Биз буга чейин 648-жылы Чанъанга барган кыргыз элтеберин Шибокуй Аджан деген кытайча ысмын өзгөртпөй келгенбиз. Макелек Өмүрбай аны Ишбара Ажо деп адекваттуу котормосун берди. Айтор Макелек Өмүрбайды чыгаан окумуштуу, эл-жерин чындап сүйгөн-күйгөн, чыныгы мекенчил, улуттун анык уулу катары урматтоо ар бир кыргыздын парзы деп айтууга толук негиз бар.
Ал эми китептин толук мазмуну кенен-чонон өзүнчө кеп учугун улоону талап кылаары анык. Андыктан азырынча кыскача пикир билдирүүнү эп көрдүк. Алдыда айтыла турган ойлор али арбын…
Ала-Тоонун аркы тарабындагы ар дайым жүрөгү кыргыз деп соккон ардактуу агайын аалымга ири ийгиликтерди, ак калпак элдин сыймыгы болууну каалайм. Эч качан арыбаңыз, сүйүктүү да, сүйкүмдүү да боордошубуз!
Филология илимдеринин кандидаты, Жеңишгүл Абдырасулова:
Макелек агайдын бул изилдөөсү элибиз үчүн абдан зарыл жана зор табылга. Бул китептеги Кытай мамлекетиндеги байыркы тарыхый жазмаларда сакталган байыркы Кыргыз мамлекети күчтүү мамлекет болгондугун жана бийлик башындагы 14 кагандын аты-жөнү менен канча жыл башкаргандыгы, алар кандай башчы болгондугу, байыркы кыргыз дипломатиясы тууралуу маалыматтар кыргыз эли үчүн чоң жаңылык болуп эсептелет. Алардын ар бирин тизмелеп урпактарга жеткирүүнүн өзү учурда абдан баалуу жана жоопкерчиликтүү иш. 8-кылымдагы кыргыз ажосу Жетисан Бекбай Багачор ажонун таштан жасалган айкели Кытай мамлекетинин Ши-Ан шаарында тургандыгын элибиз үчүн тарыхый ачылыш болгондугун баса белгилеп кетүүгө болот. Таң падышалыгынын кыргыз кагандарына жазган каттары менен жана алгачкы Кыргыз дипломатиясы боюнча такталган маалыматтар окурмандарга байыркы карт тарыхтын белгисиз барактарын кайрадан ачып берип, миңдеген жылдарга жашырынып кала берген баалуулуктарды кайрадан жан дүйнөбүзгө алып кирип, биз буга чейин билбеген, баалабаган асыл ойлордун учкунун жандандыра алды. Аталган китепте Кыргыз эли менен Кытай элинин байыркы алака мамилелери баяндалгандыгын жана ал каттарды мыкты денгээлде ошол мезгилдердин тарыхын таасын чагылдыруу менен которуп, калыс жана так баяндап берген агайыбызга ыраазычылык айтууга баарыбыз милдеттүүбүз. Бул китеп миңдеген жылдарды кучагына карыткан Кыргыз дипломатиясынын тарыхына чыйыр салган, ошол мезгилдин лексикологиясын сактай билген тарыхый-илимий ачылыш катары баалай турган алгачкы эмгектердин бири деп баса айтууга негиз бар, анткени байыркы Кытай жазмаларындагы жазылып такталып калган, мөөрү менен берилген каттар алгачкы жолу которулуп жарык көрүп отурат, дал ушунун өзү эле элибиз тээ алмустактан бери дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүп келгендигинен кабар берип отурат. “Кыргыз” сөзүнүн келип чыгышын тарыхий маалыматтар менен тактап салыштырып, изилдеп ачып бергендигинин өзү эле чоң иш. Кыргыз элинде колдонулуп келген мансап аттары да тарыхый контексте чечмеленип берилген. Кытайда жашаган кыргыз улуту боюнча алар качан жана кайдан келгендиги, туткан дини жөнүндө кызыктуу изилдөө багытын көздөгөн маалыматтар да орун алгандыгы китептин баалуулугун арттырып турат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушунун башаты катарында кытайдын жазма булактарында түбөлүктүү сакталып калган, балким ошол бойдон унутулуп белгисиз болуп кала турган асыл баалуулуктарды, тарыхый эстелик баяндарга жан берип учурдагы тарыхый жактан изилдене турган илимий эмгектерге жол ачкан, Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү жана эртеңки келечегин кубаттаган бул китеп, биз үчүн алгачкы саамалык жана тарыхый табылга катары баалоого менде толук ишеним жаралды.
Ушундай ишти колго алуунун өзү чыгармачылык өжөрлүк менен тынымсыз ишмердүүлүктүн натыйжасы экендигин баса белгилеймин. Макелек Өмүрбай агайыбыз кыргыз элинин түптүү эл экендигин тастыкталган маалыматтардын бар экенин тактап ушул эмгекте жарыялагандыгы Кыргыз мамлекети жана элибиз үчүн зор жана жоопкерчиликтүү иш деп эсептейм. Чет элде жүрсөңүз дагы Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн күйгөн сиздей адам менен биз сыймыктанабыз, бар болуңуз агай!
Даярдаган филология илимдеринин кандидаты Бакыт Мырзатаева
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/04/28/izden-rn-g-bolgon-zalkar-kalemger-ke-esh-zhusupovdun-80-zhyldygyna/
Изденүү өрнөгү болгон залкар калемгер (Кеңеш Жусуповдун 80 жылдыгына)
Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин ээси Кеңеш Жусупов үстүбүздөгү жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө 80ге чыкты. Анын торколуу тоюна арналган атайын коомдук жыйын шейшембиде, чын курандын 25инде, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү.
Миң кырлуу багытты багынтууда
Заманбап кыргыз адабиятында жазуучу Кеңеш Жусуповдун салымын бир сап менен баалап-чагылдырууга эч мүмкүн эмес.
Сыртынан караганда өтө жоош, өтө карапайым, кичи пейил, эч ким менен кайым айтышпаган бул калемгер, иш жүзүндө, кылымдар бою топтолуп, бууракандап келген кыргыз деминин кубатына толукшуп, калеми аркылуу тынымсыз козголоңчу жана мээнеткеч атуул катары элине кызмат кылып келет.
Бул күч жана касиет – улуу жомокчулар, дастанчылар, төкмөлөр, жазгыч калемгерлер жана кеменгер ойчулдар сыйдырган кудуреттин жаңыча улантылышы.
Манас таануучу
“Манас” дастанынын кара сөз түрүндөгү кыска вариантын жаратып, Кеңеш агай жатык тил аркылуу бул залкар эпостун мазмунун кеңири окурмандар катмарына жеткире алды. Бул кара сөз вариант дүйнөнүн жети тилине которулган.
Индиялыктардын “Махабхарата”, “Рамаяна” дастандары жана гректердин Гомер калтырган “Илиада”, “Одиссея” дастандары дүйнө калктарына көбүнесе толук оригиналы аркылуу эмес, жеңилдетилген баяндар аркылуу көбүрөөк таркагандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан дүйнөнүн чар тарабын кезген жана айдыңдык тажрыйбага сугарылган Кеңеш агайдын “Манас” дастанын даңазалоого багытталган жогорудагы эмгеги көркөм дүйнөнүн башка өкүлдөрү (киночулар, драматургдар ж.б.) үчүн да өрнөк.
Жазуучу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж.
Тыныбек, Сагынбай, Сайакбай, Жусуп Мамай ж.б. айткан варианттарды дүйнөнүн ар кыл тилдерине которуу менен чектелбестен, Теодор Герцендин гравюралары, бедизчилердин чыгармалары, Мелис Убукеев, Нурбек Эген сыяктуу киночулардын эмгектери, Кеңеш Жусуповдун жана анын досу Ашым Жакыпбековдун кара сөз бермети аркылуу тааныштырган варианттары, Самар Мусаевдин чакан илимий этюду, манас таануучулардын изилдөөлөрү аркылуу да бул улуу жомоктун дүйнөгө маалым болушунун чектерин кеңейтүү иши жүзөгө ашырылууда.
Кыргыз таануучу
“Кыргыздар” көп томдугун жарыкка чыгаруу аркылуу Кеңеш агай миңдеген ата-бабалардын арбагы ыраазы болгондой милдетти аркалап келет. Анда жалпы Евразиянын кеңирсиген мейкиндигине чачылган тарыхый кыргыз этносунун дээрлик бардык чөлкөмдөрү жөнүндөгү тарыхый булактар, санжыралык жана башка фолклордук казына, сейрек жыйынтыктары бар изилдөөлөр камтылган.
Бул – азыркы окурманга бүркүт жете алгыс космостук бийиктикке чыгып алып, Евразия мейкиндигин оңой-олтоң багындырып, жыйырма эки кылымдан ашык мезгилдеги орчун закымдарга сересеп салууга мүмкүн кылган энциклопедиялык казына.
Бул көп томдукта кытай тарыхынын “атасы” Сыма Цяндын жазгандары да жүрөт, рун сымал жазмалар аркылуу бабалар тарыхын калтыргандардын эмгеги да жүрөт, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин (11-кылым), Ахсыкентинин (16-кылым), Арстанбектин, Жеңижоктун, Нур Молдонун (19-кылым), Тыныбек Жапый уулунан Жусуп Мамайга чейинки улуу жомокчулардын, Осмонаалы Сыдык уулу менен менен Белек Солтоноевдин (19-кылымдын соңу – 20-кылымдын башы), ж.б. мурастары, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Океев сыяктуу залкарлар жөнүндө иликтөөлөр жүрөт.
Кеңеш Жусуповдун “Кыргыздар” жыйнагында жана ал 1987-жылдан бери редакторлук кылган “Ала Тоо” журналында чуваш Николай Бичурин, казактар Чокон Валиханов, Муктар Авезов (Ауэзов), орусташкан немистер В.Радлофф (Радлов), В.Бартольд, орустар Н.Аристов, Е.Поливанов, А.Бернштам, С.Абрамзон, Ю.С.Худяков, хакас Астайбек (Виктор) Бутанаев, франсуз Реми Дор, ала-тоолуктар Өмүркул Караев, Салмоорбек Табышалиев, Имел Молдобаев, Дөөлөт Сапаралиев, Абылабек Асанканов, Муратбек Кожобеков, Сынару Алымкулова, Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Капай уулу, ошондой эле Анвар Байтур, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Хы Жихоң, Макелек Өмүрбай, Амантур Абдырасул, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак баштаган кытайлык кыргыз, ханзу, дунган тектүү ж.б. илимпоздордун эмгектери жарык көргөн.
Атуул таануучу
Кеңеш агай телескоп менен гана эмес, микроскоп менен да куралданган инсан. Анын тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, акын Алыкул Осмонов тууралуу иликтөөлөрү өз заманында жаңы дың бузган эмгектер болгону маалым.
“Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редактору, журналист Нуралы Капаров менен курган маегинде Кеңеш Жусупов чыныгы ата уулдары тууралуу суроого жооп узатып:
“ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү ��олуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти”, — деп жооп бергени эсибизде.
Бул инсандардын ичинен Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин чыгармасынын эч жарыялана элек кол жазмасын Кеңеш агай 1980-жылдары Алматыдан таптырып, “кайра куруулар” доорунда “Ала Тоо” журналына биринчи жолу жарыялаган. Бул — каармандык иш эле.
“Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илимпоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына, советтик идеологиянын каргашасы”, — деп Кеңеш агайдын айтканы чындык.
Кеңеш агайдын XX кылымдагы Б.Солтоноев, К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов сыяктуу кыргыз залкарлары жөнүндө:
“Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр-дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)”, — деп айткан сөзү чып-чыргасы коробой анын жеке өзүнө да мыкты мүнөздөмө боло алат.
Абрамзондун алкоосуна татыган
Жогоруда Кеңеш агайга “козголоңчу” деген мүнөздөмө бере кеттим. Аны айрым далилдер менен чечмелеп берсем, жаш муундар бул залкар калемгердин өз бетинче коомдук ишмер катары жүзөгө ашырган атуулдук иштерин дурусураак аңдашат ко дейм.
Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.
1971-жылы Ленинградда заманбап кыргыз этнографиялык илиминин негиз салуучуларынын бири Саул Менделевич (Матвеевич) Абрамзондун (1905-1977) кыргыздардын теги, этностук-маданий байланыштары тууралуу өзгөчө маанилүү монографиясы жарык көргөн. Бул – кыргыз таануунун ошол кездеги салтанатына айланган китеп эле. Бирок ал кездеги жападан-жалгыз бийликтеги партиянын – Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги бул китепти жана анын авторун адилетсиз сынга алган.
Бул жөнүндө тарыхчы, кыргыз таануучу, булак таануучу, этнолог Өмүркул Караев мындайча эскерген:
“…Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К.К.Орозалиев, С.И.Ильясов жана А.Г.Зималар С.Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С.Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этностук түзүлүшүн (структурасын) иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.
Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги коммунисттик партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.
С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган.
Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч.Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «…Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз….”, — деп Өмүркул агай 1999-жылы калыс жазган.
Ал эми Кеңеш агайга келсек, ал тээ 1973-жылы, С.Абрамзон адилетсиз сынга кабылгандан көп узабай, Ленинградга (Санкт-Петербургга) барып, ага атайын жолуккан. Ала-Тоодон атайы ала барган ак калпакты С.Абрамзонго кийгизип, чапан жаап, айтылуу кыргыз бальзамын өз элинин атынан тапшырган.
Бул жөнүндө Кеңеш Жусупов агай жакында, 2017-жылы чын курандын 18инде, маркум этнограф Имел Молдобаевди эскерген эл аралык илимий жыйын маалында да эскерип өттү.
Кеңеш агайдын: «Сизди кыргыздар өтө сыйлайт, сыймыктанат, урматтайт. Кээ бир басма сөздө сиздин эмгегиңиз жазылган сындарга жалпы эл кошулбайт, интеллигенция сизди колдойт», — деген сөзүнө Саул Менделевич ыраазы болуп көзүнөн жаш тегеренип:
«Мен өмүрүмдү чыгармачылык излдөөлөрүмдү кыргыздарга жумшадым, эмгектендим. Мен кыргыздардын патриотумун. Мен дагы сиз айткандай ойлогон элем. Сизге алкыш!» — деген экен.
Бул – күжүлдөп ылдый аккан идеологиялык толкунга карама-каршы башат тарапка тайманбай сүзүүнүн бир көрүнүшү эле.
Тымызын атуулдук ийрим түзүү ниети
Нуралы Капаров байкебизге айткан ыймандай сырларынын биринде Кеңеш агай 1960-жылдардагы романтикалуу козголоңчу рухун эскергени бар:
“Буга чейин эч айтылбаган сырды чечилип айтайын. 1950-60-жылдары биз анда студентпиз, жаш кезибиз. Насаатчы таппай, ар кандай адабиятты окуп алып, келечектеги турмушубузду кандай курсак деп кыялданып жүргөн маал. Адабиятка кызыгабыз, кээде эл тагдырын ойлоп, кейип калабыз. Көчөдө жүргөн бир автобус эл түшсө, ичинде араң төрт-беш кыргыз болчу, калганы башкалар.
Биз баскынчылык заманга, андагы башкарууга, советтик идеологияга, анын үстөмдүгүнө нааразы элек. Бугубузду бири-бирибизге жашыруун айтып, ошол “советтик” деп аталган, орусташкан идеологияга, саясатка каршы кружок топ (ийрим) уюштурууну ойлодук.
Мен бул сырымды университетти бүтөр жылы Капар Алиев деген диктор, журналист, котормочу агама айттым. Ал киши өтө интеллектуалдуу, таланттуу, нарктуу, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн акылман адам эле. Ал мени дароо түшүндү да, «Кокуй, от менен ойнобо, жаштыгың куруйт. Андай кыйын болсоң, айылга барып, элиңдин кудурет-дээрин байка. Жакшылап ойлонуп көрчү», — деди.
Анын акылы боюнча эки жылдай Нарында редакцияда иштеп, элдин абалын байкап-көрүп, аралашкан соң, баягы туталанган рух кыйла өчүп, шаабайым сууган. Анан саясий күрөштөн көрө маданият күрөшүнө өткөнгө бел байлагам. Анүчүн көп окуп, көптү билип, элдин тарыхына кызыгып, ошол билгениңди, тапканыңды кайрадан элге жеткирүүнү ойлонгон элем” – деп эскерет Кеңеш агай.
Мында ысымы эскерилген Капар Алиев (8.5.1927 — 12.5.1970) Эчки-Башы айылындагы бай кишинин тукуму болгон. Анын агасы Абдыракман Аалы уулу экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан соң нацисттик концлагерден качып, Югославиядагы партизандык кыймылга катышкан, бирок со��уш бүткөн соң жазыксыз жерден ГУЛагга айдалып, кийин гана акталып келген. Капар Алиев кыргыздын көрүнүктүү журналисти, сыналгы жана үналгы диктору, юморчу жазуучу болчу, аны замандашы Райкан Шүкүрбеков “Кыргыздын Левитаны” деп атаганы белгилүү.
Шибер таануучу
Кеңеш агай кыргыздын бай тарыхынын Сибирдеги (Шибердеги) катмарын иликтөөгө да бараануу салым кошуп келе жаткан калемгер.
“Ошол мезгилде, 1980-жылдарда, басма сөздө болсун, жалпы эле саясий-маданий турмушубузда болсун: «Кыргыздардын тарыхы тайкы, маданият жок, Октябрь революциядан кийин гана эл болгон» деген саясат, идеология жүрчү. Кыргыздардын байыркы Түштүк Сибирдеги тарыхына тыюу салынган. Буга мындайча каршы чыксаң, кендириңди кесип койчу: кесибиңен, ишиңен, партиялуулугуңан кол жууп, атургай камакка кетчүсүң. Биздин, Кубатбек Жусубалиев экөөбүздүн Түштүк Сибир, Алтай, Х��касия, Тува элдерине эки ай сапарыбыздын максатын кыскартып айтканда: ошол учурдагы саясатка каршы өзүбүздүн бунтубуз, күрөшүбүз эле. Экинчиси — бабаларыбыздын байыркы мекенине барып сыйынуу жана тарыхты, ата конушту таануунун алгачкы рухий жолун чабуу болду…” – деп ал кичүү кесиптеши Нуралы Капаров агабызга айтканы эсте.
Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.
Кеңеш агай досу Кердегей (Кубатбек Жусубалиев) менен чогуу Эне-Сайга саякаты маалында аларга айылуу хакас этнографы Астайбек Бутанаев көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу 1988-жылы Кубатбек Жусубалиев агайдын үйүндө Астайбек байке менен чогуу болгонубузда, алар кыраан каткы күлүп, ошондогу атуулдук рух менен жүзөгө ашкан саякатты эскерип отурушканы азыр да көз алдымда турат.
Кеңеш агайдын мындагы козголоңчулугун даана түшүнүү үчүн 1970-жылдардын акыры – 1987-жылдары Кыргызстан Компартиясы жана ага түз кыңк дебей баш ийген Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилиги илимий жактан таптакыр туура эмес жобону карманганын – Эне Сай Кыргыз каганатынын тарыхына теңир-тоолук кыргыздардын эч тийешеси жок деген азыр эч түшкө кирбестей болгон концепцияны расмий таңуулаганын айта кетүү эп.
Буга тарыхчылар Өмүркул Караев, Александр Грач, Николай Сердобов, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Мидил Жамгырчинов, Ысман Кожомбердиев, Имел Молдобаев ж.б. каршы чыгышкан, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б. каршы турушкан.
1974-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести орусча жарык көрдү (После сказки: («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1974). 1982-жылы “Мектеп” басмасынан мектеп окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Бугу-эне: Жомок” чыгармасы кыргызча өзүнчө китеп болуп чыкты. Мындагы негизги идеялардын бири – “маңкурт болгуң келбесе, Эне-Сай, Алтай жана жалпы Сибир жана Ички Азия менен байланыштуу тарыхыңды унутпагын” деген тымызын ураанда камтылган.
Жазуучулар Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиевдин, кинорежиссер Мелис Убукеевдин Алтай – Эне-Сай сапарларын, Түгөлбай Сыдыкбек уулунун Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун жана Кыргызстан Компартиясынын идеологдорунун тайкы жоболорун айыптаган катын, археолог Юлий Худяковдун, чыгыш таануучу Өмүркул Караевдин, этнографтар Астайбек Бутанаевдин, Имел Молдобаевдин, манас таануучулардын, фолклор таануучулардын ж.б. илимий эмгектерин эске алсак, демек, маңкурттукка каршы күрөштө Чыңгыз Айтматов жалгыз болгон эмес.
Саякатнаамачы
Кеңеш Жусупов агай кыргыз адабиятында саякаттарды кызыктуу жазуу аркылуу элди ойготкон калемгерлердин ана башы болду. Ал Италияга, Жапонияга, Индияга, Түркияга жана башка аймактарга саякат менен барган соң, окурман өзү да аралап жүргөндөй кылып тамшандыра баян жазып келчү.
Чоң аталар четтеги айылга барып, устукан ала келишсе, Кеңеш агабыз кызыктуу китептерди жана руханий дүйнөнү ажарланткан таасирлүү жолсапар баяндарды жалпыга олжо кылып ала келчү. Ушул калыбынан агабыз эч жазбайт деп ишенебиз.
Айыл таанытуучу
Бир кезде томуктай болгон Эчки-Башы айылы азыр таанылгыстай өзгөрдү. Мурдагы “Коммунизм” орто мектеби эми Кеңеш агайдын атасы, агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымын алып жүрөт.
Ал эми айылдыктардын турмушун ай-ааламга тааныткан калемгер – Кеңеш Жусупов болду.
Кеңеш агабыз көркөм чыгармасында тагдырын шөкөттөп жазган экинчи дүйнөлүк согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Ал эми өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштап, кыядан кулаган жаткан автоунааны өз денеси менен токтотуп калган Акылбекти көрбөсөм да, Акылбек-Кыяда тестиер кезимде чана тээп ойноп калдым. Азыр Акылбек-Кыя жок (Эмгекчил, Миң-Булак сыяктуу коңшу айылдарга суу жеткирчү ири канал курулганда, бул чакан кыя басырылып жок болду), бирок ысымы кыяга коюлган Акылбек ата жөнүндө татынакай баян Кеңеш аганын калеми менен түбөлүккө жазылып калды.
Тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар, далай чыгаан эчки-башылыктар жана он-арчалыктар (манасчы Дуңкана Кочуке уулу ата, акын Жумакан Тынымсейитова, коомдук ишмер Күмүш Суранова, диктор Капар Алиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, этнограф Какен Мамбеталиева, обончу Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева, генерал Бейше Молдогазиев, ж.б.) тууралуу Кеңеш агайдын публицистикалык жана даректүү эскермелери жана чыгармалары 1920-80-жылдардагы Теңир-Тоодогу тепкедей айылдын турмушун жана андагы инсандардын өмүр жолдорунун урунттуу учурларын чагылдырат.
Айылга трактор же башка мүлк сатып берген же мечит курган кишилерди гана даңазалагандарга айтаарым – Кеңеш агай сыяктуу өз кыштагын ай-ааламга даңазалаган калемгерлер өтө сейрек.
Ата журт таануучулардын данакери
Эсимде, дал ошол 1970-80-жылдары “родина” сөзүн да көкөлөтүп, кыргыз лексиконуна “саясий жактан туура термин – ушул орус сөзү” деп таңуулоо аракети болгон жылдары, Кеңеш Жусупов агай “Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть” деген аталыштагы китебин (Мектеп, 1977) жарыялаган. Бул кезең – нукура элдик термин аркылуу маңкурттукка каршы тымызын руханий күрөштүн учуру болчу.
Кеңеш агайдын дагы бир козголоңчул руху – совет доорунда эч жарытылуу айтылбаган тарыхый инсандар жөнүндө өзү гана казбастан, башка да ачык жазууга бел байлаган калемгерлерге “Ала Тоо” журналын платформа, пайдубал катары сунуштагандыгында болгон. Ошол “Кайра куруулар” жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгын жетектеген замандаштары да Кеңеш агай менен эриш-аркак иштешкен тайманбас үзөңгүлөштөр болушкан. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигине жалпы жетекчи болгон Чыңгыз Айтматов аларга руханий жана саясий калка болгону да жашыруун эмес.
Энциклопедиячы айдың
Ал эми эгемендик доорубузда Кеңеш Жусупов агайдын тапкан-ташыганынын көпчүлүгү тарыхчы илимпоздорго жана педагогдорго өзгөчө огожо болду. Азыр дагы калайык тарых илимине таандык эне тилдеги адабиятка суусап турган чак. Кеңеш агай негизги түзүүчүсү болгон жыйнактын — “Кыргыздар” көп томдугунун 90 пайыздайы – совет доорунда карапайым окурман түгүл тарых факультетинин окутуучулары менен студенттери да эч таба албай келген чыгармалардын жана жаңы жазылган же жаңыдан которулган эмгектердин жыйындысы болуп саналат.
Бул жыйнакты илимпоздордун бири булак таануучу катары караса, бири – тарыхнаамачы катары, дагы бири – фолклор таануучу катары, дагы бири – инсан таануучу катары карашат. Демек, бул – кыргыз адабиятында буга чейин болуп көрбөгөндөй энциклопедиялык жана хрестоматиялык жыйнак.
Эгерде Кеңеш Жусупов өз өмүрүндө “Кыргыздар” жыйнагы менен гана чектелсе, ошонун өзү дагы анын ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырууга жетет болчу.
Бирок калемгерлердин дулдулу азыр дагы көп тарамдуу иш-аракетин улантып келет.
Сый-урматка ээ аксакал
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон 2016-жылдын бештин айынын (декабрынын) 31индеги жарлыкка ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды жана бул сыйлык ага 2017-жылдын жалган куран (март) айынын 6сында салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Кыргыз эл жазуучусу К.Жусуповго президент А.Атамбаев II даражадагы “Манас” орденин тапшырууда. 06.3.2017.
Бул жогорку сыйлык кыргыздын чыныгы атуулуна ыйгарылды деп санайбыз.
Урматтуу Кеңеш байке! Сизге энциклопедиялык терең билимин элине талбай арнап келе жаткан калемгер агабыз катары чың ден соолук, бери дегенде 120га чыккандай узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы чыгармачыл бийик серелерди, урпактарыңыз жана сиз тарбиялаган муундар эгемен жана демократиялуу Кыргызстанды ырааттуу өнүктүргөн сиз сыяктуу нагыз атуул болушун каалайбыз.
Кеңеш Жусупов тууралуу айрым маалыматтар:
Википедияда: http://ky.wikipedia.org/wiki/Жусупов,_Кеңеш
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 — Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. — Бишкек, 2014. — 30 бет. — КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. — (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте УИАда корголду. Илимий жетекчиси академик А.Акматалиев).
Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Улуттук баалуулук К.Жусуповдун калеминде // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. — 2013. -= № 2. — Б. 140-142.
Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). — ISBN 5-89750-100-9.
Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. — Фрунзе: «Адабият», 1989. — 656 стр. — (мында: 246-247-бетте). — ISBN 5-660-00084-3.
Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.
Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 24.04.2017-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/08/karmyshtegin-makelek-m-rbaj-uulu-kyrgyzdyn-mamlekett-l-g/
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыздын мамлекеттүүлүгү
«Манас» жомогунда кыргыздардын биримдүү бийлик куруу, өз мамлекетин, элин коргоо тарыхый чындыгы көркөм чагылдырылган. Эпосто айтылган Манасты хан көтөрүү окуялары тарыхта жазылган кыргыздардын мамлекети болгонун айтканы эле. Кыргыз мамлекети жөнүндө жазмадагы эң эртеде айтылган баян биздин санактан мурдагы Кытай тарыхынын атасы Сыма Чандын «Тарыхий эстеликтер» (史记) китебинде тунгуч жолу тилге алынып «Кыргыз мамлекети» (鬲昆国) деп жазылган (Караңыз, «Тарыхий эстеликтердин» «Хондор баяны» 2893-кертимине) Кытайдын тарыхий булактарына кайрылсак, кыргыздардын тарыхы Кытай жазмасына өтө эрте түшкөн, атап айтсак, санактан мурдагы үчүнчү кылымдын соңунда, Кытайдын Чын (秦), Хан (汉) доорлорунун өтмөлүк кезинде кыргыздар «kek-kun» (鬲昆) деген тыбышталуу кат менен тарых бетине жазма түрүндө түшкөн. Андан кийин «隔昆» каты менен жазылган, бирок окулушу жогорку менен окшош болгон. Хан-вий (汉魏) доорлорунда (санактын 25- 220-жылдарда) кыргыздар «kian-kun» (坚昆) деген жазылышта баяндалган. Андан кийин беш доордон Сүй падышалыгына чейинки жазмаларда дагы башкача жазылыш менен баяндалган. Алсак, «Жовнаама», «Түндүк тарыхы» деген китептерде «契骨», «结骨», «纥骨», «护骨» деген каттар менен кыргыз аты жазылганы менен, анын бардыгы «ki-i-kud» болуп тыбышталып окулушун кытай изилдөөчүлөр ырастап чыгышты. Ал эми Таң (唐) доорунда кыргыздар жана «kian-kun» (坚昆) деген кат менен кээ бир жазма булактарда колдонгон.
Ал эми Таң падышалыгы тушунда «Кыргыз» атын атайын изилдөөгө алып, аны тактап жазууну ырасмий кармаган. Алып айтсак, биздин санактын 843-жылы кыргыз элчисин кабыл кылган жана ал элчилерден кыргыздардын этнографиясын сурап, китеп жаздырган Таң падышалыгынын вазири Ли дийү кыргыз элчисинен «Кыргыз» сөзүнүн айтылышын түз эле сурап, ал китепке кыргыздын улут атын «ke-kuet-sie»(纥扢斯) деп жазган. Бул жазуу кыргыз улутунун өзүнүн оозунан айтылышын сурап 1-жолу тактап жазылышы болгон. Кийин, 843-жылы чын курандын 5-күнү Кытай падышасы окумуштуулар менен акылдашып, «Кыргыз» улут атын Кытай жазмаларында калыпташтырып, окумуштуу Жа дандын кытайча тыбыштап жазуусу боюнча «Get-ket-sie» («黠戛斯») боюнча атоону бекиткен (Караңыз, Ли дийү «Жыйнагына»). Айтмак, «Кыргыз» сөзүнүн кытайча жазылыштарынын көптүгү ошол кездин падышасынын көөнүн бурган. Ал эми падыша атайын жазмача коолу түшүргөн жогорку жазылыш «Кыргыз» сөзүнүн өз атоосуна, кыргыз тилине абдан жакын болгон. Ал эми азыркы тарыхчылар, атап айтканда, кыргыз тарыхын баяндоочулар Кытай тарыхы булактарындагы жогорку жазылыштардын бардыгы «Кыргыз» деген сөздүн кытайча каттар менен тыбышталып жазылышы экенин моюнга албай, алса да удургутуп «Гиянгүн, гегун, хиягас, хакас» (Караңыз, «Кыргыз энсиклопедиясына»), ал тургай «Жиянкүн» деген сыяктуу «Кыянатчыл» айтылыштар менен айтып, кыргыз тарыхы боюнча кытайча жазма баяндардагы «Кыргыз» сөзүн өз олутунда которуп айткысы келбей жүрөт. Анын себеби, Никита Яковлевич Бичурун (1777-1853) кытайча Таң доорунда жалпылашкан «黠戛斯» жазылышын орусча тамгалар менен «Хагас» («Хагас») деп тыбыштап, 19-кылымдын кытай тилинин окулушу менен туура эмес жазып салгандыгы башкы себеп болгон. Андан кийинки Бичурундан пайдаланган эмгектерде бүт эле «Кыргыз» сөзү «Хагас, хакас» болуп айтылып, байыртадан жаркын тарыхы бар, жазмаларда айкын жазылып калган кыргыз тарыхын бүдөмүктөштүрүүгө алып келип салган. Аны кыргыз таануучу Юлий Худяков мындай дейт: «Хакас деген ойдон чыгарылган китептик терминдин реалдуу жашап жаткан элде этноним (Улут аты) катары кабыл алынышы «Кыргыз» жана «Хакас» деген терминдерди карама-каршы коюп, ал экөөнүн ортосунда сапаттык жаңы абалды түздү. «Хакас» термининин тарыхийлыгын, анан «Кыргыз» улут атынын кытайча транскрипциясынан да башка мааниси бар экендигин негиздөө аракеттери дал ушул жылдары башталганы бекеринен эмес. Бул мезгилге чейин мындай зарылдык болбосо да керек» (Алынды, «Кыргыздар» Кыргызстан басмасы. 3-том. 152-беттеги автордун «Кыргыздар талаш-тартыш чордонунда» аттуу макаласынан). Бышыктап айтканда, кыргыз тарыхы Кытай жазмаларындагы түрдүүчө жазылган каттар «Кыргыз» сөзүн кыргыз тилин өз ичине алган башка тилдерге «Кыргыз» деген түпкү аталышы менен которуп жазганда, анан кыргыз тарыхы төп баяндалган болот. Себеби, ��ыргыздын тарыхын, тегин, жайгашуу ордун так билүүгө Кытай жазма булактары гана негиз болуп берет. Бул сөздү академик В. В. Бартольддун сөзү менен айтсак: «…Бир кыйла мурунку Кытай тарыхый чыгармаларына караганда, кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз.»④ — дейт. Чынында, академик Бартольд да кыргыздар жөнүндө жазган маалыматтарынын бардыгы Бичуриндун котормосун такоол кылып Кытай тарыхы булактары боюнча далилдеген.
Ал кийинки Юан доорундагы кытайча тарыхий булактарда, «Килихис» (纥里迄斯), «Жылжыс» (吉利吉思) болуп жазылган. Ал башка тилдерде жазылган тарыхтарда «Кыргыз» сөзү мүмкүнчүлүктүн барынча өз айтылуусун сактап жазылган. Ал эми Чиң доорунда (清), атап айтканда, манжу кезинде кыргыздарды «Бурут» (布鲁特) деген айтылыш менен баяндаган. Бирок, «Бурут» сөзү «Кыр огуз» деген маанинин которулмасы болуп, «Кырдагы гуздар» деген түпкү маанисин чыгарып атаган. Кыргыздардын Кытай жазмаларында жазылышы менен аталышын төмөнкү жадыбалга жыйнактап көрсөтүүнү туура көрдүм, айтарлуусу, бул жадыбал тарых илимдеринин доктору Ваң жийе айымдын изилдөө ийгиликтерин негиз кылды.
Жогорудагы Кытай жазмалардагы баяндарга караганда, кыргыздын мамлекеттүүлүгү санактан мурдагы 3-кылымда Сыма Чандын тарыхына жазылган. Андан соң, кыргыздар Эне-сай өрөөнүндө «Кем-кемжут» аталыштагы мамлекеттик бийлиги болгон. Ал түрктөр кезинде мамлекетинин хакандык деген аталыш менен атаганы тарыхта жазылуу турат. Ал эми кыргыздын улуу хагандыгы 840-жылдан 934-жылга чейинки кезде болгону белгилүү. Ал эми кыргыздын мамлекети өз тилинде «Бийлик, бектик» деген сөздөр менен туюнтулуп келген. Кийинки кездерде «Хагандык» сөзү менен айтылып, анын баш кишиси «Хаган, хан» болуп айтылган. Кыргыздар эң эртеде бийлигинин баш кишисин «Бек, бий» атагандыгы жөнүндө жазма булактарда жазылган (Барс бек). Андан кийин, баш кишисин «Эр» (Эр Манас, эр Солтоной ж. б.) Атаган. Андан соң, өзүнүн канатташ урууларына ээлик кыла баштаганда, баш кишисин «Ажоо» айтымы менен атаган. Андан соң, түрктөрдүн бийлик таасири менен (Же илгерки аварлардын атоосу боюнча), баш кишисин «Хаган, хан» мансабы менен атаган. Ал кийин түрктөргө каранды болуп турган доордо баш кишисин «Элтебер» мансабы менен атаган. Ал Кытайдын Таң эмпириясы менен байланыш түзгөндөн кийин, «Тутук» мансабы кошумча колдонулган. Кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кезде, баш кишиси «Эркин» мансабы менен аталган. Кыргыздар моңгул доорунда, баш кишисин «Инал» менен атаган. Мындай бийлигинин баш кишисин көп мансап аттары менен аталышы кээ бир мансап аталышы кыргыздын өз төл сөзү аталышы болсо, көбү, өз мамлекети болгону менен, башка бийликке каранды болгон кезде, же ынтымакташ бийлик жүргүзгөн кезде, ошол башка бийлик жагынан коюлган мансап аталыштарын колдонгону белгилүү болду. Төмөнкү ысымдардан караганда, көбү адамдын өзүнүн ысмы эмес, ошол кезде атаган мансаптык аталыштары катары көрүнөт. Мындай көрүнүш байыркы бийлик жүргүзгөн бардык эле элдерде болгон, бийликтин баш кишисинин ысмын тергеп, анын улук наамын атаган экен. Кыргыздар да мына ошол жосун боюнча өздөрүнүн хагандарын атаганы билинет.
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/04/babalar-ruhu-bajyrlagan-syrgak-kitep/
Бабалар руху байырлаган “Сыргак китеп”
Жуңго кыргыздарынын туңгуч китепканасы — “Сыргак китеп” ачылды! Бул жагымдуу жаңылыкты жалпы кыргыз эли кубануу менен кабыл алды.
Филология илимдеринин доктору, Жуңго жана чет элге белгилүү тил маманы, көп кырдуу изилдөөчү агайыбыз Макелек Өмүрбай уулунун улуттук казынабызга кошкон салымы – көөнөрбөс рухий булак болгон “Сыргак китеп” китепканасын ачкандыгы жөнүндө Жуңгонун массалык маалыматтарында айтылып, жылуу пикир, каалоо-тилектер жазылып жатат.
“Сыргак китеп”тин бет ачары да өкүмөттү туурабай өзгөчөлөнгөн, агарып-көгөрүү, к��ктөө ырымы боюнча сөгөт дүмүрүнө көк жалбырак жабылуусу табигый келип, көргөндөрдүн көөнүн бурду.
Китепкана короосунун төрүнө сөгөт жыгачынын дүмүрүнө 100 килограмм көк уюл таш коюлуп, “Манас акылы колдо” деген кат чегилген, уучубуз кур эмес деген мааниси бар, уучубуздан Манастын акылы үзүлбөсүн, Манастын акылы ар дайым колдоп, акылдан азбайлы деген үмүт-тилек чагылдырылган.
Астанасын аттаганда эле короодогу койкойгон элестер руху бийик ата-бабаларыбыздын баскан байсалдуу изине жетелегенсийт да, заматта кан-жаныңды жылуу сезим аралап, сыймыктануу менен таанышууга ашыгасың.
Китепкананын дубалына илинген алкактар өзгөчөлөнүп көзгө дароо урунат. Биринчи алкакта кыргыз тарыхы андан кийин кыргыз кагандары, ошондой отуз алкак бар, китеп окубагандар “дубал китеп” окуп, сүрөтүн көрүү аркылуу маалымат ала алышат, чынында азыркы адамдар көрбөсө ишенбейт, ачпаса көрбөйт, ошого сүрөт менен түшүндүрмөсү илинип коюлганы заманга бап келген. Жер бетиндеги Манастын айкелдеринин сүрөттөрү топтолуп, түшүндүрмөсү менен бул алкакка жайгаштырылганы да зор кызыгууну жаратат. Бакай атанын символикасы арчадан жасалып, башындагы калпак кыргызда бирөө эле болгондугун айгинелеп турат.
Китепкананын ачылышында элге кызмат кылуунун бийик үлгүсү катары, коомдун күзгүсү катары да калайык-калкка түбөлүккө кала турган рухий казынабызга карата алкыштар, ак тилектер айтылды.
“Макелек аганын кадыр-баркы буга чейин эле бийик болчу, бул китепкананы келечек үчүн курганын көрүп анын зоболосу мурдагыдан да жогорулап баратканын сездим. Азыр адамдар той-ашка куру намыс менен кетирип жаткан каражаттарын чогултуп урпактар үчүн бир иш жасап коюшса, улутка кылган көөнөрбөс кызматы болоор эле деген ойлорго кабылдык. Аралап жүргөндө бизди тааныштырып жаткан Макелек ага: “Бул китепкананын биринчи кабатын өмүрүмдүн аягына чейин толтурууга аракет кыламын, калган кабаттарын кийинки муундар толтурушаар” деген тилегин билдиргенде терең ойго кабылдым”, — дейт акын Мамбеткерим Осмон.
Коомдук ишмер Токтонур Аамат: “Китеп үйүндө сакталган китептердин түрү сегиз миңден ашат. Китеп үйүнө кирген киши өтө чоң ойго кабылат экен, китептердин энергиясы таасир кылат окшойт. Жеке адамдын демилгеси менен курулган бул китеп үйү көргөн ар бир адамдын жан-дүйнөсүн толкутуп, ойлорун курчутат”- деген оюн билдирди.
Атактуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев ага «Сыргак китеп»ке атайын ат арытып келип, арноо сөзүн жазып калтырды жана “Жети сөз жана Куңзы” китебин тартуу кылды.
«Сыргак китеп»те Кубатбек Жусубалиев ага «Манас» боюнча сакталган китептерди көрүп, узак маек курду. «Манас»тын сыры ачылуу доору келип жеткенин, адамзатка айкөлдүк идея Манастан келерин, табиятка, адамдар ара айкөлдүк болсо, дүйнө тынчтыгы жаралары жөнүндө улуу сөздөр айтылды. Баш аягы 40 мүнөттүк маек тасмага алынып, «Сыргак китеп»тин казынасына коюлуп, улуу сөздөрдүн башаты катары сакталып кала турган болду.
Кубатбек Жусубалиев ага менен кийинки «Сыргак китеп» маеги «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» деген темада болду. Ачыла элек сандык «Манас», ал ичиндеги бычыла элек кундуз анын мазмуну экени айтылды.
Кубат ага ушул күндө «Лаозы» өнөгөлүү чыгарманын орусчасын окуп жаткандыгын айтып, маекте Куңзы менен Лавзынын ойлорунун окшош жана айырмалары боюнча сөз козгоду. Давчулукту (Лаозы)ны Кубат ага которуп жатканын ашкереледи. Аны которуудагы максаты байыркы чыгарманы кыргызча сүйлөтсө өзүндөй чыгабы? Кыргыз тилинин кубатын сынап көрүүнү максат кылганын да жашырбады. Куңзы менен Лавзынын ар бир оюна «ооба да» деп которуп жатканын, «Манас»тын сандыгы ушул ачкычтар менен ачыларына ишенерин билдирди.
«Манас» илим, адамзаттын улуу карашы, ошол карашты ачууга умтулуубуз керек деген сөздөр айтылды. Убактысын аябай, урпактарыбызга улуу сөздөн белек кылган агага алкыш айтабыз. Бул рухий баарлашуу болочокто (а балким ушу күндө) баа жеткис байлык болуп калары эске алынганы менен баалуу болду. Улуу-Чат ооданына кайрылып өтөр “Рух ордобуз – “Сыргак китепти”” кудайым бизге кут кылсын, казынасы касиеттүү болуп, андагы ар бир айтылган улуу сөздөр жан-дүйнөбүздү жазгы желаргыдай сылап, журтубузга жугумдуу болсун!
Тилибизге, маданиятыбызга болгон камкордукту Макелек агайдын жасаган иштеринен, айткан кеп-кеңештеринен байкап, бактыбызга ушундай адамдардын болгонуна каниет кылып келебиз. Жакында эле 2016-жылы жетинин айынын 15-16-күнү Тарым университетиндеги кыргыз окуучулардын талабына ылайык, ШУАР улуттар тил-жазуу комитетинин алдындагы тарбиялоо борборунун чечими менен «Кыргыз адабий тилинин айтылыш жана жазылыш эрежеси»н үйрөнүү, сыноо берүү курсу аталган университетте ачылды. Курска ырасмий катышкан окуучу-окутуулар 47, сырттан катышкандар 50гө жакын болуп, жалпы 90дон ашуун киши катышты. Курста филология илимдеринин доктору, профессор Өмүрбай уулу Макелек агайыбыз кыргыз жазуу тарыхы, кыргыз тилинин адабий айтымы жана эмила эрежеси, грамматикада сакталып жаткан маселелер боюнча сабак өттү. “Макелек агайдын биздин университетте лекция береринен кабардар болгон жакын аймактардагы университеттерде, колледждерде билим алган кыргыз жаштары да атайлап келишти. Көптөн бери кыргыз тилинде сабак болбогонуна байланыштуу абдан толкундануу менен кабыл алып, кызыгуу менен угуп отурдук. Азыркы жаштардын келечек жолуна жарык, акылына азык берген акылман агайыбызды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!” – дейт угуучулардын бири Салыйка Осмон кызы.
Жогоруда ойлорун билдирген замандаштар менен бирге бизди да сыймыктануу сезими бийледи. Агайыбыз биз эңсеген билим дүйнөсүнө жетелеп, биз жетпеген китептер дүйнөсүнө жолубузду ачып берди. А балким, бабалар руху байырлаган жердин касиети ыроолоп, бул “Сыргак китепке” келген болочок окумуштууларыбыздын, бийик инсандарыбыздын бешенеси жаркып тургандыр… Ылайым ниетибиз жолдош болсун, китеп өргөөбүз түндүгү бийик, астанасы ыйык болгон БИЛИМ очогуна айлансын!
Дабыт Абдылбары уулу, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Кыргыз-кытай факультетинин магистранты
0 notes