Tumgik
#кызык
factsinkg · 5 years
Photo
Tumblr media
Бирок бул Женева шаарындагы Hotel President Wilson мейманканасынын Royal Penthouse Suite номеринен алда канча арзан. Ал жакта бир түн өткөрүү үчүн 65000 $ төлөш керек.😱 @factsinkg @factsinkg @factsinkg #factsinkg#кыргызчафактылар#кызыктууфактылар#кызыкэкен#билипал#нукуракыргыз#нукура#заманбап#кызыктуу#кызык#kg#kyrgyzstan#kgстан#кыргызстан#киргизия#кыргызтили#бишкек#ош#жалалабад#талас#баткен#нарын#ысыккөл#чуй#чүй#иссыккуль#♥️#ilovekg#i♥️kg https://www.instagram.com/p/B4p1RsJB4lc/?igshid=1gmx4c1f46qfh
0 notes
cooper-ation · 3 years
Note
Wildcat белән Nogla туганыннан бирле бер-берсе белән сугыша? Миңа, чыннан да, кызык!
um. so google has told me that this is tatar, and apparently it says
"Wildcat and Nogla have been fighting each other since their birth? I'm really interested!"
and im stupid, and speak mediocre english, so uh, i have no idea what you're asking? sorry :/
6 notes · View notes
gabdrakhmanmuzik · 2 years
Photo
Tumblr media
Кем идем димә, кем булырмын диген! Кеше ни эзләсә, шуны табар. Ничек итсәң ит, морадыңа җит! Ничек туганыңны белү кызык түгел, Кем булып үләчәгеңне белү кызык. °°°🇸 🇺 🇧 🇭 🇦 🇳 🇦 🇱 🇱 🇦 🇭 Ⓜ🅰ТУ🅿 УЙЛ🅰🅿 Ⓜ🅰ТУ🅿 ҖЫ🅿Л🅰🅿Д🅰Н Б🅰ШЛ🅰Н🅰✅ КӨННӘР КИЧКӘ ТАБА АВЫШКАНДА, ЙӨРӘК БЕЛӘН ЙӨРӘК КАВЫШКАНДА. ТЕЛИМ СЕЗГӘ ИЗГЕ ТЕЛӘКЛӘР: АРМЫЙ ТАЛМЫЙ ТИПСЕН ЙӨРӘКЛӘР. МУЛ ТАБЫНЛЫ БУЛСЫН ӨЙ ТҮРЕБЕЗ, ТЫНЫЧ БУЛСЫН  МӘҢГЕ ИЛЕБЕЗ! ШАТ САБЫЙЛАР КӨЛЕП ТОРСЫННАР, САФ БӘХЕТТӘН ОЯ КОРСЫННАР! РАББЫМ ТАШЛАМАСЫН ЯРДӘМЕННӘН КАЙГЫ ҖИЛЕ ИШЕК КАКМАСЫН! БӘХЕТ НУРЫ ЧӘЧЕП ТОРСЫН КҮЗЛӘР, ТИК ЯШЬЛӘРЕ ГЕНӘ ТАММАСЫН! Автор Ирек Габдрахманов #Жырлы_Язмыш  #татарскаяэстрада #ИрекГабдрахманов #татарэстрадасы #казань #татарстан (at Kazan, Republic of Tatarstan) https://www.instagram.com/p/Cea-aEYNWg5/?igshid=NGJjMDIxMWI=
0 notes
tarazzz · 4 years
Text
Рахмет жаник😘😘
Таразды биринши коргенде 15-16 жасар бала сиякты боп коринди , бирден кордим менен уялганын, омиринде кыз кормеген сиякты уялды, караугада уялып отырды, Бирак ишинен куанышты сезим боп турганын байкадым. Арине, ол кезде мен ешкашан ойламадым мен сондай жигитпен журем жане ол менин болашак жарым деп. Мулде менсинбедим (ренжип калмаш жан). Бирак 17.12. Куни мени куттыктап улкендер сиякты сойлесе алатынын корсетти, тормоз емес деп ойладым, тунде фэйл болды видео жиберип 😅, кайта серьезно кабылдай алмадым 😅. Бирак видеодан барлык Маган деген талпынысын коринип турды, калайда болсын каратам деген, ал мен кишкене жаным аши карай бастадым неге осындай минези кушти баланы кушти жигит кылып жибермеске деп. Бираздан кейин келистим онымен бармасам кездесуге ешкашан ол арттан калмайтынын сездим, маганда кызык жигит боп коринди берген поларкаларына караганда 😂😂😅. Журем деп ойламадым ол кездеде, унатпадым да, коп жаным ашып сойлесип журе бердим, ренжитугеде кимайтын адам екенин билдим; Бирнеше рет айтты кездесип бастайык деп мен ешкашан жцрмейм неге сурай беред деп ойладым 😅. Сол 8и куни ол катты корыкты сурайын деп едим бирнарсе деп айта алмай тагы кери Жауап айтады деп, оны сездим одан айт дедим, ол тагы усыныс жасады, осы жолы кайтара бермей Иа дейинши дедим бала тырысып жур гой деп. Сол кездерден бастап уната бастадым ол айтканына барибир жететин жигит екен деп, маган катты унайды сол минез. Сол кезден бастап уната бастадым, омиримде елестетпеген адаммен журем деп ойламадым ешкашан. Окинеде бастадым басында коп окиндим жургенге, кетип калайын десем тастай алмайтын болдым, оданша ози тастасыншы деп айта бердим, солай солай Жаксы корип кеттим, казыр Айта берем барине Жаксы корем оны деп. Казыр бари тыныш сол келе жатырмыз арасында урысып калып! Болды эссе битти
0 notes
tatdig-blog · 5 years
Text
"Халык балаларына нинди генә исем кушмый, әйтерсең…"
Кечкенә вакытта бүләк ителгән курчакка, яңа туган мәче баласына яки ишегалдында йөгереп йөрүче этләргә кушамат эзләү кызык тоела иде. Андыйлардан – Тузик, Барси
0 notes
bashklip · 6 years
Text
Автор повести «Не оставляй, мама!» Айгиз Баймухаметов выпустил новую книгу
В Уфимском издательстве «Инеш» вышла новая книга башкирского писателя и журналиста Айгиза Баймухаметова «Кызык был тормош...» («Интересна эта жизнь...»). В нее вошли байки об известных современниках, смешные рассказы, а также фотографии из личного архива писателя. Тираж издания — две тысячи экземпляров. Одним из первых читателей сборника «Кызык был тормош...» стал народный поэт Башкортостана Кадим Аралбай, который отметил, что новая книга молодого автора стала радостным явлением в литературной ж... Читать дальше »
0 notes
garipoof · 4 years
Photo
Tumblr media
Подписка лучшая оценка👉 @GARIPOOF . #вайны2019 #вайны2018 #татаршоу #кызыкмызык #татарстан #юмор #татар #татарин #татарский #анекдот #челны #альметьевск #нижнекамск #уфа #кызык #кызыквидеолар #уфасити #ишимбай #уфарб #аул #деревня🏡 #деревнястайл #башкирия #башкир #башкортсавайн #татарстан #казань #башкортэстрадасы (at Kazan, Tatarstan) https://www.instagram.com/p/CGVAPyhho-M/?igshid=1teuhpgtnltm
0 notes
factsinkg · 5 years
Photo
Tumblr media
Бирок бул Женева шаарындагы Hotel President Wilson мейманканасынын Royal Penthouse Suite номеринен алда канча арзан. Ал жакта бир түн өткөрүү үчүн 65000 $ төлөш керек.😱 @factsinkg @factsinkg @factsinkg #factsinkg#кыргызчафактылар#кызыктууфактылар#кызыкэкен#билипал#нукуракыргыз#нукура#заманбап#кызыктуу#кызык#kg#kyrgyzstan#kgстан#кыргызстан#киргизия#кыргызтили#бишкек#ош#жалалабад#талас#баткен#нарын#ысыккөл#чуй#чүй#иссыккуль#♥️#ilovekg#i♥️kg https://www.instagram.com/p/B4p1RsJB4lc/?igshid=20jejl99vjhb
0 notes
koyonbaatyr · 6 years
Text
Эркалы Өскөналиев: ЭНЕ ТИЛ КАЙРЫКТАРЫ
(поэма)
Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын, Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың. Бала-чакаң жоктоп сени ошондо, «Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан, Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам. Жашоо-турмуш титиретип үшүтсө, Жалынына ушу тилдин жылынам.
Кыргыз Тилде кызык кепти сүйлөшсөм, Кыдыр даарып жолум шыдыр ачылат. Күн өрттөнүп, таш куйкалап турса да, Чаңкоом канып, суусаганым басылат.
Куу турмушуң кууратканда жүдөтүп, Кыргыз Тилим кол булгалап чакырат. Жашымды аарчып жаагым ылдый куюлган, Жарпым жазып, жардам берет батыраак!
Эне Тилим энекемдей үйрүлүп, Кут төгүлгөн дасторконун жайнатат. Куурап калган бутактарым гүлдөшүп, Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.
Кыялданып бак аралап баратсам, Куштар дагы кыргызча так сайрашат. Кыргыз көйнөк кийинишкен кыздардай, Кызгалдактар жан-жагымда жайнашат.
Тээтетиги жашыл дөңдө жайылган, Козу-улактар кыпкыргызча маарашат. Эх, досум ай! Эшектер да атургай, Өз тилинде айкырганды каалашат!
* * *
Кудуреттүү, кереметтүү, канаттуу, Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө. Кудай мени кыргыз кылып жараткан, Кыргыз Тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!
Кыргыз Тилдин кудуретин карачы, Кылымдарга кылчайып көр азыраак. Жаактуулар “Манас” айтып жатканда, Жамгыр төгүп жиберчү экен шатырап!
Улуу тилге Жер-Асман да багынып, Улуп бороон, уук-кереге качырап. Кар жаачу экен таңгалдырып жайында, Коломтодо от күйчү экен чатырап!
Билбейм башка кудуреттүү тилди мен, Кыргыз Тилге ийик сыяк ийрилем. Жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп кыргыздар, Жыланды да чыгарышкан ийнинен!
Аталарым сөз сүйлөшүп олуттуу, Токтотушкан уруш-чабыш, согушту. Аксакалдар ак бата арнап сүйлөсө, Баласыздар балалуу да болушчу!
Айланайын Кыргыз Тилим күчүңдөн, Акынсынам сен бардыгың үчүн мен. Аталарым айбарлуу сөз агытып, Асманда учкан кушту жерге түшүргөн!
Тил жок биздин тилибизге теңешчү, Жүрөгүмдөй бул тил мага керектүү! Эй, Култегин! Жан дүйнөңдө жашаган, Кудай тили – Кыргыз Тили эмеспи!
Кереметтүү, кудуреттүү, сыйкырдуу, Укпаптырмын бөтөн дагы тил барын! Миң жыл бою комуз чертип, кыйкырып, Кыргыз Тилин келет даңктап ырдагым!
Жаздай сулуу, жай түнүндөй жылдыздуу, Эне Тилдей тил жок аалам койнунда. Көз сүзүлүп көргө башым киргиче, Кыргыз Тилин сүйүү парзы мойнумда!
Курсагынан түшкөндө эле энемдин, Сүтү аркылуу Эне Тилин эмгемин. Ошондуктан, «ата тил» деп атабай, Эң жогору баалайм Эне эмгегин!
Кыйшаңдашып Кыргыз Тилин чангандар, Энелерин сыйлабаган айбандар! Эмген сыяк орус катын эмчегин, Буруу тилге аргындашып алгандар!
Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр, Кыргыз Тилин дагы далай өгөйлөөр… Кыргыз Тилге кыянаттык кылышып, Кылыч шилтеп келишет чоң сөрөйлор!
Жаштар жайнайт дүнүйөгө кул болгон, Жашоо Мүдөө – жалаң Акча пул болгон. Маңкуртбектер, Маңкуртгүлдөр болгуча, Жакшы эмеспи жайыттагы уй болгон.
Ушулардын мээси иштесе кичине, Кыргыз Тили кирет эле түшүнө. Түндүктөрүн түшүрө чаап кыйратып, Түкүргүлө киргиздердин жүзүнө!
Депутаттар, министрлер, кыргызча, Тамтаңдашып чалды-куйду сүйлөшөт. Жарымы орусча сүйлөп жаткан сөздөрү, Жарылдашып эл-журтка акыл үйрөтөт.
Татынакай, сулуу тилди булгаган, Такайлардан жакшылык жок кыргызга. Таасын айтып так билдирип оюңду, Тайгаланбай, таза сүйлө кыргызча!
Орус тили – эл аралык тил дечи, Эне Тилди андан артык баалаймын. Англис тил – дүйнөлүк тил болсо да, Ала-Тоолук тилде бакыт-таалайым!
Кыргыз Тилин сүйбөгөндөр кыйшаңдап, Кыргызстанды сүйүп деле жарытпайт. Кыргыздар көп киргиздерге айланган, О, буларды даарыласаң айыкпайт!
Эне Тилин сүйбөгөндөр чынында, Элин-журтун сүйүп деле жарытпайт. «Маа демектен кыргыз эртең мал болсун!» Маңкурттардын кабыргасы кайышпайт.
Мамлекет башкарышып жаткандар, Мамлекет тилин сүйүп жарытпайт. Мамлекет тилин жактап, сүйгөндөр, Мамлекет саясатын аныктайт.
Мамлекет тилин жерип чангандар, Мекенин да мээнип сүйө алышпайт. Мээси таза мекенчилдер чыныгы, Мамлекет тилин жерип чанышпайт.
Кыргызстандын жер-суулары, абасы, Кыргыздардын жан-канына барабар. Киши тургай мамлекет тилинде, Сүйлөп турсун тоолор жана талаалар!
Адам тургай сүйлөп турсун кыргызча, Ак калпакчан айыл-кыштак, калаалар. Бак-дарактар, жайма базар, дүкөндөр, Баары ушунун жан-канына барабар!
Бакылдашып Кыргыз Тилде сүйлөшсүн, Бала бакча, мектеп, окуу жайлары. Конок үйлөр, жолдор жана көчөлөр, Койчу баары, Кыргызстан аймагы!
Мекемелер жазып-сызсын кыргызча, Мээ чаңдатпай орус элдин тилинде. Кыйынсынбай чоочун тилде чулдурап, Кыргызча эле сүйлөчү эй, үйүңдө!
Өбүшсөңөр өбүшкүлө кыргызча, Сөгүшсөңөр мейли өзүңдүн тилиңде. Түн ичинде жарык төккөн чырактай, Эне Тилиң күйүп турсун дилиңде.
Уккула эй, уйкудагы кыргыздар, Уул-кызыңа канат тагып күүлөткүн! Узун акыл тилеп бала-чакаңа, Улуу Кыргыз Тилин таасын үйрөткүн!
Узап кеткен кылымдарга кылчайып, Улуу Ырыбыз бардыгына шерденем. Кыргыз Тилин билип деле кыйратпайт, Өмүрүндө «Манасты» ачып көрбөгөн!
Аталарым сөз учуруп дембе-дем, Асмандагы жылдыздарды сермеген. Арабызда айланбаштар көбөйдү, Атан төөдөй сөзгө маани бербеген!
Күмүш ээк карыялар калган жок, Улуу Сөзгө уккандарды уюткан. Ой чубасам, бирок, менде арман жок, Ошол Отко жүрөгүмдү жылыткам!
Кыргыз-Ата тилин жакшы билбесең, Какап-чакап, онтоп, араң сүйлөсөң. Кыргыз элге чыккынчылык кылганың, Кыргыз-Ата уулу эмессиң анда сен!
Эне Тилин жарытылуу билбесең, Элдир-селдир, эптеп-септеп сүйлөсөң. Кыргыз элге кыянаттык кылганың, Кыргыз-Эне кызы эмессиң анда сен!
Кыргыз Тилди сөөмөй кезеп тилдесең, Кыжырланып сөгүп-сагып, жиндесең. Кызыталак кызматыңа чиренбе, Ким болсоң да киши эмессиң, анда сен!
Эне тилди бузуп, булгап сүйлөсөң, Эл-Журтту ага каршы үгүттөп, үндөсөң. Кызсыңбы же эркексиңби баары бир, Кыргыз элдин душманысың, анда сен!
Бөтөн калктын көчүктөрүн жалаган бөлтүрүктөр чыгат экен арадан. Башка тилди кемсинтпеймин, а бирок, Басмырлаба өз тилиңди, садагам!
Орусия көзүн дале караган ооматтуулар тилибизди аяган жок кылайып! Мына ушу дөбөттөр, Кыргыз Тилди жаман аңга камаган!
Эне тилим үчүн далай ыйладым, Жүрөгүмдү жүз мертебе кыйнадым. Өрттү кечип, сууга түшө беремин, Өз тилиңе камчы үйрүбө, урганым!
Атаганат, татаал адам турмушу, Алмустактан[1], бир ташы кем дүйнө ушу! Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт, Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!
Кыргызым ай, качан күйөт жылдызың, Кыргыз болбой баратышат, уул-кызың… Кайран тилге калкан болор калдайган, Кайып болду Түгөлбайың, Чынгызың.
Кыргыз үчүн кынсыз кылыч байланган, Кайтып келбейт Касымбеков Төлөгөн. Кыргыз болбой баратабыз кыйлабыз, Кыргыз болуп туулсак да энеден!
Гезит жана радио, теледен, Кыргыздар көп орус сөзүн элеген. Алибетте, бул учурда кубанам… А бирок да кыйрап уук-керегем,
Ушуларга жиним кайнайт кайрадан, Атка окшоймун чунаңдаган, тебеген. Эй, ушулар, душман болуп жатышат, Эне тилге жебелерин мээлеген!
Башканы кой, жазуучулар, акындар, журналисттер – тил дүйнөгө жакындар, Кыргыз Тилин кыйып, кыркып жатышат Кыйкырууга, бакырууга акым бар!
«Кыргызмын!» деп, эчен кейбир киргиздер, Эл ичинде басып жүрөт сырайып. Кыргыз эмес, орус эмес айбанга, Кайбирде мен, карап калам муңайып.
Бечаралар, тирүүгө окшош өлүктөр, Эне Тилин жактырышпайт кылайып. О, мен үчүн, булар эчак өлүшкөн, Жатышат эй, жалпайышып, тырайып!
Атаганат, татаал адам турмушу, Алмустактан, бир ташы кем дүйнө ушу! Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт, Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!
* * *
Кыргыз злим, тазалагын дилиңди, Коркпой-үркпөй, коргой билгин тилиңди. Этегине акчабайдын жыгылбай, Эне Тилге арна, аппак сүйүүңдү!
Кыргыз Тили дүйнөдөгү кымбатың, Кыл чайнаган, кыйын чакта кыйбасың. Акча эмне?.. Бирде бар да, бирде жок, А Кыргыз Тил санаалашың, сырдашың!
Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын, Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың! Бала-чакаң жоктоп сени ошондо, «Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
Жашоо чиркин, өчпөй кантип турбасын, Жүрөк чарчап, жер жазданат бул башың! Уул-кыздарың, жоктоп сени ошондо, «Апакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
Кыргызым ай, жууп-сыгып дилиңди, Кыйыктанбай, коргой билгин тилиңди. Кытмырлардын кылтагына илинбей, Кыргыз Тилге арна, аппак сүйүүңдү!
Жашоо-турмуш оңго-солго чимирди, Жалпайтышты кыргызым ай, гүлүңдү! Эртеңкисин улутуңдун ойлосоң, Эне тилге арна, жүрөк-жүлүндү!
Эне тилиң уйпаланды, бүлүндү, Төрдө эле, улагага сүрүлдү. Энекеңдей Эне тилиң эң ыйык, Ыза жутуп, ыйламсырап, күйүндү!
Акчабайдан алаңдабай, чочубай, Ар-намыстан айрылба элим, кокуй ай! Акбоз атка минип жолго чыгалы, Арык-торук эшегиңди токубай!
Акча, акча, абдан керек, бу дагы, Ансыз күйбөйт караңгы үйдүн чырагы. Курдаштар эй, курсакка эле баш ийбей, Жүрөктүн да сүйлөгөнүн угалы!
Укчу сөздү, Акыйкатка жанашчы, Узартпачы, учу-кыйырсыз талашты. Англис тил – аалам тили болсо да, Англисче айтам кантип «Манасты»?
Эл аралык тилдерге сен болушпа, Бакыт Кушу мынабу, Ата-Конушта! Орус тилин төмөнсүнтпөйм, а бирок, «Ой, булбулду» кантип ырдайм орусча?
Чет элдердин тилин жактап, жээликпе, Чебелектеп, телтеңдебе, терикпе. Кыргыз жаны кылдарында жашаган комуз чертип, ырдайм кантип немисче?
Чындыкты айтам, сөзүмдү көп бөлбөгүн, Чыйт түкүрүп, мени жаман көрбөгүн. Кана айтчы, корей элдин тилинде кантип толкуйм, Барпы акындын «Мөлмөлүн»?
Түркүм сырын караңгынын, жарыктын иликтедим, талдап, тандап, каныктым. Уккандарды жашытып, мен жапончо кантип төгөм, «Курманбегин» Калыктын?
Ак булуттай каалгыган Анара, Азын-оолак акыл сунам сага да. Кыргыз элдин жомокторун жобурап, Кытайча сен айта албайсың, балаңа!
Мидин менен Байдылданын ырларын миң мертебе окуп-чокуп, жыргагын. Эне тилиң эске түшүп ошондо, Эртели-кеч келип турат ырдагың!
* * *
Кыргыз Тилим үчүн күйөм, өрттөнөм, Аскадагы алгыр бүркүт көздөнөм. Орус тилин жек көрбөймүн, а бирок, Орус чалыш кыргыздарды жек көрөм!
Мейлиң талаш, үрбө бирок, канчыкча, Мээни чагып ажылдаба, айтышпа. Урпагына Улуу Кыргыз элинии, Улуу тил жок, Кыргыз тилден артыкча!
Кыргыз Тилим сен үшүсөң, муздаймын, Бир канаты жараланган куштаймын. Аргымагың менмин, сүрөп турбасаң, Атырылып, алга учуп чыкпаймын!
Ырга айлантып, кереметтүү тилимди, Өмүр бою созо берем үнүмдү. Өз тилимде жакшы ыр жаза албасам, Өрттөп мени, сапыргыла күлүмдү!
Жасалгалап көп тил менен дилиңди, Жакшы эмей, алган албан билимди. Ээрчип кетпей бирок, бөтөн тилдерди, Эне тилге тартуулагын, гүлүңдү!
Көзүм бардап, төгөрөккө үңүлдүм, Кесепети тийип орус тилиңдин Кемчонтойлор арабызда көбөйүп, Керемети кемиди Эне тилимдин!
Кыргыз Тили – Айжарыгы иңирдин, Күнжарыгы – илим менен билимдин. Кыргыз Тилин өркүндөтө албасак, Кызыктары сууй берет сүйүүңдүн!
Кызылдары өчүп калат гүлүңдүн, Кымыздыгы cooлуп калат бүрүңдүн. Кылымдарды кечип жашай берели, Кыргыз Тилин кымыз сыяк шимиргин!
Кыргыз Тилге чөгөлөгүн, бүгүлгүн, Кыз-келиндей таазым эткин, жүгүнгүн. Ырыс-кешик босогоңдон төргө өтүп, Ырахаты ысый берет сүйүүңдүн!
Кыргыз Тили аркылуу мол, тунукпуз, Кыргыз Тили таңшып турса, улутпуз. Кереметтүү тилибизди өксүтсөк, Келесообуз, сокур, дүлөй, дудукпуз!
Кыргыз Тили шаңшып турса ар кайдан, Кожомкулдай дөө балбанбыз, дардайган. Кордоп, зордоп, булгай берсе тилиңди, Кой-эчкиге айланабыз айдалган!
Кул болобуз чынжырланган, байланган, Күңбүз анда, күн чак түштө жайланган. Жорулардай, каргалардай жашайбыз, Жондо жаткан өлүү тарпты айланган!
Булганып да, бөксөрүп да, тонолуп, Тил байлыктан биз укмуштай кородук. Эй, кыргызым! Кыргыз Тилиң эмне үчүн, Билесиңби, баратканын жоголуп?
Бөтөн тилдин сөздөрүнө оронуп, койколоңдоп, короздонуп, боёнуп. Эй, кыргызым! Эне Тилиң таанылбай бара жатат, акырындап жоголуп.
Тил жоголсо, айрылабыз баарынан, Атка окшойбуз, бычып салган жаңыдан. Атаганат, соолуп, чирип бүтөбүз, Алмалардай күүлүп түшкөн шагынан!
Баарыңарды тил коргоого чакырам, Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам. Эгерде эртең, Эне тилим жоголсо, Уу ичемин, муунам же атынам!
Жок, жок болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн, Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн! Жакшылыгын гана арнап элиме, Жаратканым, андай күндү бербесин!
Кыргыздар ай, жата бербей жашынып, Кабыландай чыксаң боло качырып. Кайран тилдин душмандары көбөйдү, Качанкыга жашайбыз эй, басынып!
Качанкыга жашайт тилим кордолуп, Келчи эмесе, келечекти ойлонуп… Тил душмандын тилин сууруп алалы, Тим койсок эй, жатышпайбы, чоң болуп!
Өлкөсүндө өгөйлөнүп өз тили, Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили. Эгемен эл болгондугуң ушубу, Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү!
Азаттыкты алгандыгың, ушубу! Жакалашып, тилибизди утуру, Төшкө түртүп, төмөнсүнтө беришсе, Төп сүйлөтпөй уул жана кызыңды,
Элейесиң, эртең өзүң түшүнбөй, Эжигейдей эзип ичи-тышыңды, Ушунчада тарткыла эй, тизгинди, Уруп салат Манас тилдин кусуру!
Эне тилге душман четтен келген жок, Эртегидей Маскөө буйрук берген жок. Кыргыз тилге кыргыздар жоо болушту, Күйөм, түтөйм, тышым жалын, ичим чок!
Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр, Жүз мертебе Эне тилди өгөйлөөр… Кыргыз тилге кыянаттык кылышып, Кылыч шилтеп жатышат, чоң сөрөйлөр!
Уул-кыздары Улуу Кыргыз элинин, Кыргыз болбой баратканга арданам. Эки кыргыз теке маңдай отуруп, Орусчалап сүйлөшкөн��ө таң калам.
Кыргыздарга кыргыз акмак орусча акыл айтып жатса, кыжыр келтирет. Кылчактабай Орусия тарапка, Качан деги жашайбыз эй, элчилеп?
* * *
О, мекендеш! Биздин Кыргызстанда, Мамлекет тили – Кыргыз тили эмес. Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы, Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!
Жан-дүйнөмдү жаркыраткан, агарткан, Жалгыз гана Кыргыз тилге сыйынам. Жаратканга жалбаргандай жалбарып, Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам!
Башка тил жок, тилибизге теңешчү, Башың сыяк бул тил сага керектүү! Эй, Мартеке! Жан-дүйнөңдө жашаган Машаяк тил – Кыргыз тили эмеспи!
Кылымдарды кезген диним – Кыргыз тил, Кыргыз жолун арууланткан, жылдыз тил! Жезди алтынга айландырган сулуулап, Жерди огунда чимирилткен, чындык тил!
Кыргыз тили – жан-канымда жашаган, Мен багынган, мен табынган Кудайым! Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып, Улуу Кыргыз куунап жаша, ылайым!
О, элим ай! Уулуң менмин, муңайым, Уруксат эт, сөз дүйнөңө кулайын! Агар алтын, ак күмүштөн[2] асыл баа, Ата-Баба уламасын[3] угайын!
Тим жатпастан, Чоң Казатка чыгайын, Тил душмандын ичегисин чубайын! Манас-Ата тирүү арбагы жылоолоп, Улаңгайыр[4] тарых жолун улайын!
Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын, Көккө учуп, жерге конуп турайын. Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче, Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын!
2012-жыл
[1]Алмустак – Асман жаралган, жер каймактаган, эң байыркы учур.
[2] Агар алтын, ак күмүш – чылк алтын, накта күмүш.
[3] Улама – улама сөз, санжыра, тарых ж.б.
[4] Улаңгайыр – абалкы, байыркы.
0 notes
temirlik · 6 years
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/05/21/erkaly-sk-naliev-ene-til-kajryktary/

Уул-кыздары Улуу Кыргыз элинин, Кыргыз болбой баратканга арданам. Эки кыргыз теке маңдай отуруп, Орусчалап сүйлөшкөнгө таң калам.
Кыргыздарга кыргыз акмак орусча акыл айтып жатса, кыжыр келтирет. Кылчактабай Орусия тарапка, Качан деги жашайбыз эй, элчилеп?
  * * *
О, мекендеш! Биздин Кыргызстанда, Мамлекет тили – Кыргыз тили эмес. Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы, Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!
Жан-дүйнөмдү жаркыраткан, агарткан, Жалгыз гана Кыргыз тилге сыйынам. Жаратканга жалбаргандай жалбарып, Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам!
Башка тил жок, тилибизге теңешчү, Башың сыяк бул тил сага керектүү! Эй, Мартеке! Жан-дүйнөңдө жашаган Машаяк тил – Кыргыз тили эмеспи!
Кылымдарды кезген диним – Кыргыз тил, Кыргыз жолун арууланткан, жылдыз тил! Жезди алтынга айландырган сулуулап, Жерди огунда чимирилткен, чындык тил!
Кыргыз тили – жан-канымда жашаган, Мен багынган, мен табынган Кудайым! Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып, Улуу Кыргыз куунап жаша, ылайым!
О, элим ай! Уулуң менмин, муңайым, Уруксат эт, сөз дүйнөңө кулайын! Агар алтын, ак күмүштөн[2] асыл баа, Ата-Баба уламасын[3] угайын!
Тим жатпастан, Чоң Казатка чыгайын, Тил душмандын ичегисин чубайын! Манас-Ата тирүү арбагы жылоолоп, Улаңгайыр[4] тарых жолун улайын!
Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын, Көккө учуп, жерге конуп турайын. Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче, Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын!
2012-жыл
[1]Алмустак – Асман жаралган, жер каймактаган, эң байыркы учур.
[2] Агар алтын, ак күмүш – чылк алтын, накта күмүш.
[3] Улама – улама сөз, санжыра, тарых ж.б.
[4] Улаңгайыр – абалкы, байыркы.
  “Кыргыз тили”
0 notes
tatdig-blog · 5 years
Text
Башка төшкән «исем»
Кечкенә вакытта бүләк ителгән курчакка, яңа туган мәче баласына яки ишегалдында йөгереп йөрүче этләргә кушамат эзләү кызык тоела иде. Андыйлардан – Тузик, Барси
0 notes
oi5 · 7 years
Text
Алекс Хавр: ОТВЕТ МОКШИ ХАВРЕ
Abstract ШОК! СЕНСАЦИЯ! Открыто истинное происхождение мокшан! — Кэм буласез?(*) — мотоциклист обвел нагайкой остальных прохожих. — Марий улына...(**) — севшим голосом ответил передний. — Нинди кызык!.. — мотоциклист сдвинул каляпуш на лоб и деланно-озадаченно почесал затылок. — Финнча хайваннэр! (***)— радостно сообщил он своим спутникам. То загоготали, хлопая себя по бедрам и выбивая тучи пыли из чапанов и жилэнов. (*) – Кто будете? (тат.) (**) – Мы марийцы (мар.) (***) – Как интересно... Финские ... Читать дальше: https://oi5.ru/n346479489
0 notes
Photo
Tumblr media
иHello to ones who doesn’t sleep in a night :)
I know it’s late but I was so excited to share with you my findings and couldn’t stand that. ;)
So I’ve been recently in Primark and for those who don’t live in UK I will explain in details: Primark is Irish company and very low budget closing and cosmetics store, something like cheap outlet where you can find cloth starting from £1 and most luxurious things will cost about £20, no more :) They have stores over Europe and even in US so you can double check closest store.
So as per my findings... I was recently in a shop by accident and decided to grab some stuff for our out trips and also couple of cosmetics products to myself.
And what can I say? For the price this products have got, they are pretty decent.
I really loved nail polishers, those autumn / winter colors, dark, deep and glorious... absolutely favorite and costs just £2, so 50 pennies per polisher. I can’t day that polishers lasts for long, but with a good spa manicure and base/top coat it will last around 3 days.
I also loved eye shadows. You must understand that shadows are my passion, so I really can’t pass by nice pallets. In this pallet I really loved colors. Although they are not deep but nice shades and also good for a day makeup. Also costs £2.50. Along to this shadows I have purchased also a brush however it is not ideal, it is still usable. £1.50.
I could say I loved tissues and in fact the time I bought them, there was offer 1+1 for just £1.00. Fresh nice tissues, with good smell and quite gentle so you can be brave enough to use for face.
Last but not least is a lipstick balm with gentle pinkish tint. It is very light and cares lips and I already almost finished it as in a winter I really need to cover my lips from cold weather condition. 
So and what do you think of PS - Primark cosmetic products? Do you like them? If yes, then visit their site for more details and enjoy your findings :)
Nighty night!
Сәлам йокламыйчыларга:)
Беләм инде, бу - соң, әмма сезгә бу пост салырга телим ;)
Шулай итеп, мин монда күптән түгел Primarkта косметик продукция сатып алдым. Аның  турында ишетмәсездә - ул ирландия компаниясе һәм бик түбән бюджеты ябу һәм косметика кибете, нидер аутлет кебек кибет, кайда табарга була тукыма £1 башлап һәм иң кыйбәт әйберләре £20 торачак :) Ауропада кибетләр бар, хәтта АКШта да - шуңа күрә тикшереп алыгыз якындагы кибетен.
Мин күптән түгел кибеттә очраклы түгел һәм кайбер әйберләр безнең сәфәр өчен сатып алырга уйладым, шулай ук берничә косметика чараларын үзем өчен.
Һәм мин шулай әйтә алам - бәясе кечкенә  әмма продукция  әйбәт икән.
Миңа бигерәк-тә лак ошады - ул көз / кыш төсендә, тирән һәм данлы... тора барлыгы £2, димәк, 50 тиен хәр бер өчен. Яхшы спа-маникюр һәм база/топ салсагыз, бу лаклар якынча 3 көн дәвам итәр.
Күләгәдәне дә яраттым - яныннан тыныч кына узып китә алмадым. Хәер, алар тирән, әмма матур төсле, шулай ук көндезге макияжга әйбәт булыр. Шулай ук £2.50 тора. Бу күләгәне мин пумаланы сатып алдым, ләкин бу идеал тугел... бәясе £1.50.
Мин шуны әйтә алам: мин тукымаларны да яраттым һәм шул вакытта мин аларның 1+1 сатып алдым нибары £1.00 генэ. Өр-яңа матур, яхшы исле һәм бик нәфис тукыма, шуңа күрә шактый кыю булып файдаланырга затлар катнашты.
Соңгы, иреннәр очен алсу бальзам. Бу бик җиңел помада, кышкы вакытта салкын һава торышыннын иреннәрне саклый.  
PS- Primark косметика и продуктларын кызык дип уйласагыз - сайтын тикшерегез :)
Чао!
0 notes
factsinkg · 5 years
Photo
Tumblr media
Кир кийимдер менен чогуу жуулуп кеткенде эмнеге эзилип калбайт десе. Булар кагаз эмес тура😂. @factsinkg @factsinkg @factsinkg #factsinkg#кыргызчафактылар#кызыктууфактылар#кызыкэкен#билипал#нукуракыргыз#нукура#заманбап#кызыктуу#кызык#kg#kyrgyzstan#kgстан#кыргызстан#киргизия#кыргызтили#бишкек#ош#жалалабад#талас#баткен#нарын#ысыккөл#чуй#чүй#иссыккуль#♥️#love#ilovekg#i♥️kg https://www.instagram.com/p/B4pz4YJhFfX/?igshid=fmvev2pt6yg3
0 notes
factsinkg · 5 years
Photo
Tumblr media
Муну кандай түшүнсөк болот. Мисалы: 142857*2=285714, 142857*3=428571, 142857*4=571428, 142857*5=714285, 142857*6=857142 текшерип көрсөңөр болот). Бирок, баарынан кызыгы бул санды 7 көбөйтсөк чыгат 142857*7=999999. Жалаң кыргыз тилинде жазылган кызыктуу фактылар. Бизге катталгыла. @factsinkg @factsinkg @factsinkg #factsinkg#кыргызчафактылар#кызыктууфактылар#кызыкэкен#билипал#билгимкелет#нукуракыргыз#нукура#заманбап#кызыктуу#кызык#kg#kyrgyzstan#kgстан#кыргызстан#киргизия#кыргызтили#бишкек#ош#жалалабад#талас#баткен#нарын#ысыккөл#чуй#чүй#иссыккуль#♥️#love#ilovekg https://www.instagram.com/p/B4pyQAWBGto/?igshid=e5teazsht6ye
0 notes
factsinkg · 5 years
Photo
Tumblr media
Бул дүйнөдө баарынан ылдам кыймылдагандардын тизмеси болду. @factsinkg @factsinkg @factsinkg #кызыктууфактылар#билипал#кызык#нукура#кыргызстан#киргизия#кыргыз#kgстан#kg#кыргызча#ош#бишкек#талас#жалалабад#нарын#ысыккөл#иссыккуль#чуй#чүй#баткен##❤️#🔥 https://www.instagram.com/p/B4DQDTdA-Lq/?igshid=61o4khy65vyz
0 notes