#Эстутум
Explore tagged Tumblr posts
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/05/20/yrdyn-biri-yryspaj/
Ырдын бири Ырыспай
![Tumblr media](https://64.media.tumblr.com/18681b2d35c9f77bc98f5986b7a14c1c/tumblr_inline_pk0d8tEeSu1tyzron_540.jpg)
Эстутум
Колума калем кармап публицистика айдыңына аралашканыма 45 жылга чамалап калды, а бирок эскерүү темасынан эң оор бир да жанрды көрө албадым. Албетте, каарман элесин кадимкидей тартып көрсөткөн анча-мынча эскерүүлөр жок эмес, тилекке каршы, мен окуган эскерүүлөрдүн эчени эскерме аты эле болбосо, эскерип жаткан адам арткы планга сүрүлүп, өзүн-өзү көтөрө чаап көкүрөк каккан автордун элеси сороюп чыга келет аягында.
Эсиме жара чыкпаса, “эстутум” деген сөздүн автору ыраматылык Ашыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакыпбеков) менен Алыке (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Токтомушев) болуш керек эле. “Алгы сөз” дегенди да ушул эки алп алып чыккан жарыкка. Көп жыл “Кыргызстан маданияты” гезитинде, кийин “Асаба” (Агым) гезиттеринде колдонулуп келип, азыр акырындап унутулуп бараткансыйт.
“Эстутумду” “эске тутуу” деп түшүнүп алып Алыкеден кагуу жегеним эсимде. “Капар сен кандай гана сөз болсун тар маанисине качырбай, тереңин издеп жүр” деп, “эстутум” деген эстеги көп нерселердин бүтүн-чулусу, чынжырлашкан тутуму экенин айтты эле.
Сүрөтүн көрүп, ырын уккан сайын эстеп коём Ырыспай акени. Эки ирет кенен-чонон маектешкен жайым бар. Ошондогудай жаш, ошондогудай жайдары, ошондогудай ойлуу элеси тартылат көз алдыма. Анан “ошо көз ирмемдер жүрөктө жүрө бербей кагазга түшүп калса, элге-журтка жетсе” деп тилек кылам. Канча жолу колума калем кармабадым, жазып бүтүп эле карасам ал киши тууралуу айтып келатып өз жолоюма ооп кеткенимди байкабай калам. Ошентип, бул эскерүү узак жылдар жазылбай жатты саатын күтүп…
Табиттин тарбиячысы
Жакында бир музыка кабинетине кирип калдым. Мындай кабинет ар бир айыл мектебинде бар. Жупуну жасалгаланган. Комузчу, чоорчу, кыякчылардын сүрөтү, бирин-экин музыкалык аспаптар. Коёндош окшош бардыгы. Бирок, бул кабинеттин өзгөчөлүгү: дубалдын жарымын “Обондун пири Жумамүдүн” деп Кыргыз Эл артисти Ж.Шералиевге, калган жарымын “Ырыспай ырдын Чолпону” деп Кыргыз Респубикасынын эмгек сиңирген артисти Ы.Абдыкадыровго арнап жасалгалап коюптур. Ар кайсыл жылдардагы сүрөттөрү, өмүр баяны, чыгармаларынын тизмеси. Карап алып көзүң тоёт. Анан ыраазы болосуң ушуну жасаган карапайым мугалимге. Акырында нааразы боло кетесиң ушундай асыл адамдардын түйшүгүн түшүнбөй келатканыбызга. Агартуунун атличниги, Эл мугалими наамын алган тарыхчы, тилчи ж.б. мугалимдер арбын, а бирок андай сыйга арзыган музыка мугалимин уга элекмин чынында. Маселен: математика мугалиминен музыка мугалиминин эмнеси кем? Ырас, эсеп керек. А табиттин кереги кимге?.. Музыка мугалими бүтүндөй бир муундун музыкалык табитин таптап жатпайбы. Ошо табиттин тапталбагандыгынан балдарыбыз Батыштын каңкылдак-чаңкылдактарын а��дек тутуп, аюуча арсаңдап, мышыкча мыёлоп ��атпайбы. Жүрөк кылын каккан ноталарды, рух кумарын кандырган обондорду кулагына куя албай, уга албай керең, көрө албай азиз болуп жатпайбы. Музыка рахатын, демек, жашоо рахатын сезбей өтүп кеткен жатпайбы. Андан ашык арман, мындан мыкты мүшкүл жоктур дүйнөдө.
Жупуну жасалган дубал-тактаны тамшана карап отуруп мугалимге ыраазы болдум кайра-кайра. “Ырыспай акенин болгон-күткөн наамы Эмгек сиңирген артист тура, мунун ордуна Эл артистин илип салайын” деп ошол жерге азыркы эстрада жылдыздарынын бирин жамап салса эмне кыла алат элек? Эчтеке. Атургай, аркы Жумамүдүн акенин сүрөтүн сыйрып ыргытып, ал жерге Айчүрөк Иманалиеванын же жылдызы жымыңдап турган Нурлан Насиптин өмүр-таржымалын тагып салса ким элес алмак? Эч ким. Болгону ушул мугалимден таалим алган муундун музыкалык табити ошолордун деңгээлине түшмөк же көтөрүлмөк. Ал эми Жумакебиз менен Ыракебиз улуттук музыканын ушу азыркы таптагы орток чени, алтын өлчөм эталону саналат эмеспи. Ушу залкар таланттардын обондору менен ырларына тамшанып атып такшалат да музыкалык таберик табит. Ошондой таберик табит кыргызды кыргыз кылып сактап келатпайбы кылымдарды карытып.
Ырдан чыккан чыр…
Ырыспай ырдын Чолпону, Ырыспай колдун ортону. Ырынан алат ыракат, Ырыстуу элдин оң-солу.
Ы.Абдыкадыровго арналган дубал-тактада ушул саптар жазылган. Мыкты ыр. Жакты мага. “Автору ким болду экен?” деп төкмөлөрдүн арасынан издесем жооп болгон жок. А бирок, анын түп нускасы, башат теги табылды. Бул саптар Байдыкенин (Кыргыз Эл акыны Б.Сарногоев) калемине таандык экен.
Биз, акындар – колдун болсок оң-солу, А Алыкул – ошол колдун ортону. Биз, акындар – жылдыз болсок көктөгү, А Алыкул – жылдыздардын Чолпону!
Минтип миң акын арасынан Байдыке гана айта алмак! Мыкты ырдын өмүрү ушинтип уланат. Бир карасаң уурдап алган өңдүү, бир карасаң жөндүү: эгер мага жогорудагы ыр саптары жолукпаганда Байдыкемдин Алыкулга арнаган ырын кайдан табат элем? Кантип эстейт элем? Кудай буюрса, ал саптардын сапары карыбайт: “Баланча түкүнчөнүн Чолпону” деп ырдала берет төкмөлөр аман турганда. Ошентип кайталана берип элдин эсине сиңет, элдик ырга айланып тынат акыры.
Музыка мугалимине ичимден ыраазы болуп, ыр сабына тамшанып атсам катарлаш отурган бирөө кабыргага чукуйт “иттей жаман жазып салыптыр” деп. “Ии, кандайча?” деп карасам, үстөлдүн астынан ортону чычайган муштумун көрсөтөт: “Ырыспай аке мобу болуп калып атпайбы…” Адегенде түшүнгөн эмесмин, кийин жетти мээме. Байкашымда ал киши орусча ой жоруптап калган Ороскулдун бири сыңар. “Ой, жок дегенде баш бармакка теңебейби ушундай улуу кишини” деп муңканып коёт. “Алдагының орусча, кыргызчасы мындай” деп мен да ага сөөмөй менен ортондун ортосунан баш бармакты кылтыйтып көргөзүп коюп тим болдум.
Мына – табит тарбиясынын жоктугу, кеп маданиятынын кемтиги. Оруста ортон уят болсо, кыргызда кыйын, улуу, чоң, бийик деген мааниге ээ. “Ортондой болгон уулум бар” деп мактанат ата-эне. “Эл ортону элүү жаш” деп даңазалайт оттой улуу курагын. Ал алдын-күчтүн, акыл-эстин бийик туу чокусу, андан ары өсүү, өнүү, өркүндөө жок деген улуу чындыкты, терең мазмунду билдирип турат. Ортон, андан тышкары, беш манжанын да бийиги, узуну, мырзасы эмеспи.
Маселен, мен Ырыспай акени эгерим баш бармакка теңемек эмесмин. Аны Ырыспай акенин тырмагына да теңемек эмесмин керек болсо. Эмесе, көркөм адабияттагы баш бармактын образына көз чаптырып көрөлү. Аны, адатта, аткаминерлерге салыштырып карашат: бою корто, курсагы кап, муруну муштум, бети бетон, оозу ороо…
Азыр Кыргызстанды так ушундай 120 бармак башкарып жатат Баш Мыйзамдын негизинде. Же туура эмес айтамбы? Кечээ, А.Атамбаев бийликте турганда ��ким мыкты?” десе 115и ордунан тура калчу какайып. 15-октябрдын эртеси 115 бармактын башы тоңкоюп жер челип калганына күбө болду го эл-журт. Азыр кайра тура калды курган 115 бармак сорок этип… Ырыспай акени анан кантип теңейсиң ушундай баш бармакка?..
Ал кишинин ушу күндү көрбөй өтүп кеткени ырас эле болуптур бир четинен. Кейип атып кертилип, үшкүрүп атып үзүлмөк. Жан-дүйнөсү назик, эл дегенде эт-бетинен кеткен адам эле жарыктык. Жаткан жери жайлуу болсун!..
Ырдын бири…
Ар адамда – ар табит. Ал табитти тим тыят. Ырыспай акени “ырдын пири” кылгысы келгендер Пир кылсын. “Ырыспай ырдын кудайы” десе андан бетер кубанат элем. А мен үчүн Ырыспай аке кадимки эле жөп-жөнөкөй бир Адам. Ошон үчүн макаламдын темасын “Ырдын бири” атадым.
Ал киши мага ноталуу ыр китебин тартуу кылган: “жүзгө жакыны кирди” деп. “Жалпысы канча обон жаздыңыз?” деп сурасам: “200дөн араң ашты” деди эле. Ошол 200 обондун баары биригип к��лсе да – бир Ырыспай, жалгыз бири калса да – бир Ырыспай деп билем. Андан Ырыспай аке арыктап же семирип кетпейт, бедели кемибейт. Эл эсинен 199ун өчүрүп салып, жалгыз бирин калтырса да Ырыспай болуп ырдала берет. Залкардын чалкар касиети ушунда.
Экинчи себеби: мен өзүм ашкан динчил, кудайга кудай ургандай бек ишенген радикалдардын биримин. А бирок, алты кабат асмандын ары жагындагы Алла-Таалага эмес, көкүрөктү жара тилип, жүрөк каалгасын ачып туруп ичине салып алган бир Теңирим бар, ошого ишенем. Анткени, ал денеме жакын: алдастап шашып калганда асмандын кайсы тешигинен издеп убара болмок элем, жүрөк тушуна алаканды коё салып акыл сураганга, ыйман тилегенге, өз эне тилимде келме келтиргенге ыңгайлуу. Айрымдар ата-баба арбагы да ошол алты кабат асмандын ары жагына кетип калат дешет экен өзү барып көрүп келгенсип. Мен үчүн ата-энемдин арбагы – пайгамбар. Ошондуктан аларды да алыс кетирбей нурдан өрүлгөн жип менен аркандап алгам желкеме. Корксом, ошолордон корком. Ыйманы саламат болгур атам күрөктөй болгон колу менен жаткыра чаап жүрүп тарбиялаган мени. Азыр эми атакемдин арбагы өлтүрө чаап салбасын деп арам ишке бармак турсун, арам ойду ойлогондон айбыгам. Ырыспай акени Пир туткандар кечирип коюшсун, мага көзүн көрүп, сөзүн уккан, ата-энемдин арбактары менен аралаш кейисем кейип, күлсөм кошо күлө багып жыргаган бир Ырыспай аке эле артык.
Үчүнчү себеби: бир Ырыспай аке деп анын талант катары кайталангыстыгын, бийиктигин даңазалагым бар. Жамакчы журналист-акын досум Үсөнбек Дайырбековдун мындай бир ыры бар мага жаккан: “Асман бирөө, Кудай бирөө, Мен бирөө. А калганы болбогон бир келжирөө”. Керемет саптар ушундай кыска, анан нуска болот. Ансыңары, асман бир, кудай бир, анан эле Ырыспай аке бир. Аны миң туураса да, ырларын так өзүнүн үнү менен дал өзүндөй ырдап чыкса да эч ким Ырыспай боло албайт эми. Ырыспай аке бир Ырыспай бойдон өмүр сүрөт түбөлүк. Бул менин ак дилден айтылган арзуум, асыл чындыгым.
Ырыспай акенин ырысы чындап эле тоодой экен. Кыргыз кыйырында андай зор таланттар далай-далай чыга келген, буюрса, дагы чыгат. Бу кишинин маңдайына жазылган жазмыш шыбагасы – аны Кудай-Таала кыргыз маданияты үчүн марттык менен ыроолоп койгон бир чоң толкундун өркөчү, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында жылдыздай жарк этип жанган бүтүндөй бир таланттардын көч башы эркечи, аксакал эркеси кылып койгондугунда. Балким, ал шыбага Аксуубай авага (Кыргыз Эл артисти А.Атабаев) буюрмак эки жыл алты ай мурда төрөлүп же “Тооло��у” Ырыспай акенин “Алмашымынан” алты эле күн мурда жаралып калганда.
Албетте, Ырыспай акени оргуштаган таланты, табигый арген үнү, муңканып ыйлап, эргип сайраган аккардеону, анан талыкпаган аракети Ырыспай кылды. А бирок, улуттук музыка айдыңына артынан ээрчите чыкпадыбы Аксуубай деген ыр алпын. Асангалый Керимбаев, Мукан Рыскулбеков, Түгөлбай Казаков, Каныкей Эралиева… Эмне деген таланттар? Эмне деген ырлар? Эмне деген обондор? Эмне деген толкун?.. Ырыспай аке ушулардын бири. Ушул топтон бөлүп алып карасак жапыздай түшөт, тобу менен карасак өзүнчө бир опол тоо.
Мен билгенден даңазасы далайга кеткен атактуу эки эле мектеп бар Кыргызстанда: биринчиси – “Дүйшөндүн мектеби”, экинчиси – “Ырыспайдын мектеби”.
Кыргыз адабиятында Аалыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Токомбаев) баштаган бир толкун өттү өткөн кылым башында. Өткөн кылым ортосунда Чыке (Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматов) баштаган дагы бир толкун жаралып, кыргыз деген эл барын таанытты го дүйнөнү дүңгүрөтө. Ал эми Төкө (Кыргыз Эл артисти Т.Океев) баштаган зор толкун кыргыз киносун “керемет!” даражасына көтөрүп салган эмеспи.
Ушундай бир толкун чыкпай турат ХХ1 кылымдын 20 жылы артта калып баратса дагы. Чыкса да жалгыздап чыгып күйдүрүп атат… Кыргыз кыйырында адабий, маданий, рухий же экономикалык толкун жаралбай, саясий толкундардын заманы болуп туру, аттигиң!.. Ырыспай аке айтмакчы, “азыр эмне көп? Ызы-чуулуу шайлоо көп. Анан токтобогон тойлор көп”.
Акыркы маек
Анда мен “Кыргызстан маданияты” гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштейм. Телефонду алсам Ырыспай аке чалып жатыптыр.
– Капар досум, кандайсың? Бу мен – Ырыспай акең,- дейт: -Капаска түшүп камалып калдым. Эгер колуң бош болсо, эригип өлүп атам, эки-үч гезит сатып келип бер.
– Азыр эле барам Ырыспай аке,- деп адресин жазып алып жөнөп калдым. Киоскага токтоп беш-алты гезит, гастрономго кайрылып “асылдан” бирди алып, аны топ гезит менен тоголоктоп ороп койгом. Ал кезде “Юбилейная” аталган аялдамадан түшүп, азыркы “Учкун” басмаканасы танаптагы беш кабат үйлөрдүн бирине кирдим. Давлет жеңе менен аяшы чыгып “конфискациялап коюшту” колумдагыны. Ырыспай аке төркү бөлмөгө камалыптыр, каткырып келип кучактап калды. Курган киши “урушуп койгон жокпу тигилер?” деп кулагыма шыбырап, мени аяп аткан экен көрсө.
Давлет жеңени алгач ирет Ырыспай акенин Оштогу өз үйүнөн көргөм. Мен барганда энеси экөө ашканада манты жасап жатышыптыр. Биз жакта мантынын этин да, пиязын да күл майда кылып салышат. Алардыкы Кочкордун шишкебегиндей кесек майдаланып жатканын көзүм чалды.
Ырыспай аке экөөбүз иш бөлмөсүндө эки саатча маектештик болжолу. Аны “Ленинчил жаш” гезитине “Ырдалып бүтпөйт Ырыспай” деген ат менен жарыялагам. “Аябай көтөрө чаап мактап салыптырсың, аз жерден көөп кете жаздадым” деп тамашалады кийин бир жолуккан жерибизде.
Давлет жеңенин ошондогу мантысынын ширин даамы эмдигиче таңдайымда! Жебей эле карап отура бергиң келет тамшанып. Биз жактагылардын мантылары балбандардын кулагына окшоп мырыйып-тырыйып, ар бири ар башка формада болуп калат го, Давлет жеңенин ар мантысы өзүнчө эле искусство: парадга тизилген жоокердей бир көлөм, бир формада. Жада калса чымчып бекиткени да бип-бирдей. Жакшылап караган адамга алары саймага окшоп кетет.
Ош шаарындагы Ырыспай акенин айкели мыкты жасалган негизи. Бир гана жери: постаменти жапыз, анысы аз келгенсип, же ташка, же дөңгөчкө окшобогон бирдемеге чөктүрүп коюшканына курсагым чыкпайт дегеле. Эгер менин эркимде болсо ошол жапыз постамент ордуна Давлет жеңени жасап салмакмын Ырыспай акени ийинине кондуруп. Айкелин карап алып ыраматылыктар каткырып-күлүп жыргашмак. Ырасында, Ырыспай акенин Ырыспай болушуна Давлет жеңенин салымы албан. Жалгыз гана ал эмес, дегеле бардык талант ээлеринин аялдарына таандык касиет-мүшкүл бу. Анан эле өзүнөн өзү жаркын талант болуп чыга калгансып баркталса алар баркталат да, даңкталса ошолор даңкталат. Тозок отун кечип, өмүр бою моюнуна көтөрүп талантты таптаган тиги бечаралар эске алынбай унутта калат. Белгилүү обончу-музыкант агабыз Мукан Рыскулбековдун 50 жылдыгында жоро-жолдоштору “эми дагы 60 жыл жаша, 70ке, 80ге, 90го чык” дей беришкен го, ошондо айымзаттын асылы, ыраматылык Орунгүл жеңе айткан тура: “ой-иий, Муканды 50гө чыкканча моюнума көтөрдүм, дагы 50 жыл көтөрөт турбайымбы” деп.
Көзүн көрүп, кебин угуп калган Асаке (А.Керимбаев) деле ичи таза, сырты кежир жан болчу. Кез-кез “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакциясы чуру-чуу түшүп калаар эле каалгаларын шарактатып бекитип. Алыкул атабыздын арбагы менен сүйлөшүп адал жолуна түшүп алган Нуке досум (Н.Капаров) “бекит Капар эшикти, Асангалый (же Мукан, же Орозбек (Кыргыз Эл жазуучусу О.Айтымбетов), же Баратбай (белгилүү жазуучу, журналист Б.Аракеев) келатат” дей салып качкан бойдон кетет кабинетине. Кудай акы, ошолордун биринен да бекинип качкан жан эмесмин. ��акшы сөзүнөн башка жамандыгын көргөнүм жок. Ырас, жакпаган кишилерин кычык сөз менен кууруп, кыжыры кайнап кеткенде анча-мынча мыжып коюшчу. Асангалый байкенин “бир эле кучактап коёюнчу” деп келип чоң курсакка кысып алмай адаты бар эле. Балбан киши эмес беле, кысканда көзүмөн жаш атып кете жаздачу. Мукан байке “кейибе бака, саз биздики” деп күрөктөй чоң алаканы менен далыга таптап койгондо өзөрө түшүп оңолоор элем.
Атаңдын көрү, азыркы Жогорку Кеңешибиз “таланттуу өнөр адамдарынын айкелдери аялдарынын айкелинин ийинине отургузуп жасалсын” деген мыйзам чүргөп койсо кыргыз тарыхына “гениалдуу парламент” деген ат менен катталып калат беле деп ойлоп коём кээде…
Давлет жеңе менен аяшы экөө ашканада тамак камын көрүп жатышкан экен, бир башбаксам жеңем кууп чыкты артымдан түртүп: “бар, байкең менен баарлашып отура тур, камсанаба, баягы сен жакшы көргөн мантыны жасап жатабыз” деп. Ошо бойдон төркү бөлмөдөн чыккан жокпуз. Энди, Ырыспай акенин катарында беш мүнөт отургандын өзү бейиш, ырыскы-таалай эмеспи!
Жаңы жылдын башы болчу ошо туш. Туулган күнү өттү беле, же өтө элек беле эсимде жок, а бирок ошонун ары-бериси экени анык. Анткени, ичсек да, ичпесек да чечилип сүйлөшө турган кезең экенин илгертпей сезип, диктофонду кармай келгем. Ангеме-дүкөнүбүз башталганда иштетип туруп, ортого таштап койдум.
Көрсө, чыгармачылыгынын 35 жылдыгына арналган чоң концерт өткөн экен ошонун алдында. Кожомкул атындагы спорт сарайы толо эл келиптир эки күн. Үчүнчү күнү зал толбой калат. “Толбосо да толкундап ырдап бердим” деп айтып отурду. Концерт бүткөндөн кийин Давлет жеңе менен аяш-достору акча-тыйын эсептешип алаксып калышкан бейм, Ырыспай акени казак туугандар ала качып кетиптир. Барса, алты айыл казак чогулуп күтүп турган экен түн ортосу болгонуна карабай. Ойдуң жерге бортун ачып эки-үч машинаны катар токтотуп койгон экен сахнага окшотуп. Ана-аан, боздоттум деди боздотчуну, созчуну созуп, чойчуну чойдум алымдын жетишинче деди. Казак калкы тим калмак беле, колдон келишинче сыйлап салган экен. Давлет жеңе түнү менен издеп жүрүп эртеси таап келиптир Ырыспай акени казактын ана-даласынын бир бурчунан.
Кечирип кой окурманым, алтындай убактыңды алып койдум. Аз жазам деп жатып арбытып жибердим. Эскере турган көп нерселер бар эле, камтылбай калды арбыны. Ушунусуна да шүгүр деп кан��ет кылдым. Ырыспай акени эле эскерип, башканы кошпойм деп убада кылды элем башында, ал сөзүмө да тура алган жокмун. Кечирим сурайм кайталап. Эмесе, “бербестин ашы бышпас” кылбай ошондогу маегибизди ортого таштайын. Маек 1994-жылы 19-январда “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланган.
«Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн…»
– Ырыспай аке, өткөндө чыгармачылыгыңыздын 35 жылдагын жупуну белгилеп, Бишкекте концерт бердиңиз эле. Чыгармачылыктын 35 жылы Сизди чарчаткан жокпу?
– Өзүңөр билесиңер, 1959-жылдан бери ырдап келе жатам. Дагын деле ырдагым келет. Чарчаган жокмун. Ал-күчүм бар. Элге-журтка жете элек бир топ жаңы чыгармаларды жараттым. Ошолорду радиого жаздыра албай жүрөм. Жаздыра албаган себебим: жалаң аккардеон менен ырдаш менин азыркы деңгээлиме туура келбей калды. Менин оюм, максатым бөлөк. Жок дегенде кичинекей бир ансамбль же оркестр керек. Экинчиден, ырларымды жакшы аткарган ырчылар жок.
– «Акын чарчаса кара сөзгө өтөт, жазуучу чарчаса романга өтөт» дечү эле, Сизди депутаттыкка өтүп кетти деп уктук…
– Калп айтышат. Обонду чана элекмин, чанбайм дагы. Мен баягы эле Ырыспаймын. Ырыспай бойдон кала берем. Чыгармачылыгым токтоп калган жок. Көп тажрыйба топтодум. Беш-алты чоң прелюдия, этюд, вокалдык чыгармаларды жаздым. Эл ишеним артып облус кеңешине депутат кылып шайлап салышса, бул милдетти аткарбаска айла калбайт экен. Аны алымдын жетишинче аткарып келатам. Чоң мансапты каалабайм. Ушу кызматым эле жетет. Наам болсо бар. Наам демекчи… Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамымды алып коюшса жеңил болот эле мага. Мисалы, ошону менден алып Мукан Рыскулбеков иним 50гө чыгып кетиптир, ошого ыйгарып коюшса, Президентке алкыш айтаар элем.
– Аны неге чанып калгансыз, ал наамыңыз Сиздин талантка берилген баа эмеспи?
– Талантты наам баалабайт, эл баалайт. Ошон үчүн алып коюшса деп жатпаймбы. Элиң аман турганда наамыңдын кереги жок болуп калат тура. Элүүдөн өттүм, эми мактана берсем жарашат. Анүстүнө, чындыкты айтып мактанса ден соолукка жакшы дейт. Элим мени баалап эле келген. Дагы деле баалап алат. Дегеле, талантты бапестеш кыйын иш. Мен ойлойм «таланттуу болуш оңой, адам болуш кыйын» деп. Ох, аябай кыйын! Таланттуу адамды даңктай берсе акылдуулары бир аз козголуп барып, эгер түбүндө данеги болсо мактанып кетпейт, көөп кетпейт, бузулуп кетпейт. Токтойт. Данеги жок болсо ��чип кетет.
– Таланттын 99 проценти эмгек деген чынбы?
– Чын эмей. Эмгексиз эч бир иштин маңызы болбойт. Биздин обончу сөрөйлөр эмгектенбей калбадыбы. Эки обон чыгарып алып акчанын артынан түшүшөт. Албетте, акча керек. Бирок, ушунча эле үзүнүп-тытынып акча артынан түшсө талант нөл болот да. Обончу деген музыка теориясын жатка билиши керек, адабиятты, көркөм өнөрдү жанындай көрүш керек. Мен китеп окуп жыргап алам.
– Ошон үчүн обончулар көп болуп жатабы?
– Ооба, азыр ким көп? Обончу көп, анан ойлонбой жазган токтом көп.
– Сиз чыгармачылыктын бай тажрыйбасына ээсиз. Ошо тажрыйба көзү менен караганда чыгармачылыгыңызга кандай баа бересиз?
– Ог-гоо, абдан көп кемчиликтерди табам чыгармаларыман. Ыр аткарууда тажрыйбасыздык кылганымды көрөм, ырдоо маданиятымдын жоктугун көрөм, вокалдык даярсыздыгымды көрөм, кээде аккардеонду катуу ойноп өзүмдүн үнүмдү басып койгонумду көрөм. Дурус обондорумду убагында жеткире ырдай албапмын. Жеткире ырдоо мүмкүндүгүнө мына азыр ээмин. Кээ бир ырларымды радиодон уктуруп жатса уялганыман өчүрүп коём.
– Азыркы жаш обончуларга устат катары кандай кеңеш айткыңыз келет?
– Мен аларга “экинчи өзүңөр ырга текст жазбай жүргүлөчү” деп жалынып-жалбарып суранар элем. Поэзия деген – опол тоо обон үчүн. Жакшы ыр обонду өзү эле таап, кулагыңа шыбырап берет. Жакшы ырга обон өзү келет, жароокерленип, жабышып келет. Жаман ыр обонду зордуктайт, музыканы кордойт.
– Жаштарга сабак болуш үчүн өзүңүздүн тажрыйбадан бөлүшө кетпейсизби. Сиз адегенде текстти тандап аласызбы же обон чыгарып алып, анан текст издейсизби?
– Экөөнү тең жасайм. Кээде ой келет. Ошондо дароо пианиного отурам. Ичим эзилип-эзилип кетет дейсиң. Андайда, адегенде обон чыгат. Анан ага ылайык текст издейм. Кээде сонун текст таап алам деп кой. Анда обон өзү келет жалбарып. Обон үстүндө бир ай, эки айлап иштейм. Жаман обон чыкса бүтөөрү менен тытып ыргытып салам.
– Чыгармачылык деген шыр жүрбөгөн нерсе тура. Кайсы бир мерчемде аксамай болот, сылтымай болот дегендей?..
– Ооба, аксаган учурларым болгон. Эки бөлмө үйдө жашадым. Суук, кышы-жайы тамчы тамат. Ошондо эки жыл эч обон жазбай койгом. Кийин ыйлап жүрүп башка үй алдык. Аныбыз деле кышында суук. Ошондуктан кышкысын обон жарата албайм, а жайкысын үйдөн чыкпай иштей берем.
– Сиздин жазгандарыңыз көбүрөөкпү же жаза электериңиз көбүрөөкпү?
– Бул суроого жооп бериш мен үчүн кыйын. Ушуга чейин көп эле чыгарма жаздым. Дагы эле жазгым келет. Жазгандарымды санай элекмин. Көп да дебейм, аз да дебейм. Жаза электерим канча экенин да билбейм. Болгону өзүмдүн азыркы деңгээлиме жараша, купулума куп толгон бир музыка жазсам чыгармачылыкты ошо күнү токтотом. Ошону жаза албай убара чегип жүргөн кезим.
– Ошону жазгандан соң чын эле музыка жазганды токтотосузбу? Чыгармачылыктын жемиш берчү кези алтымыш менен жетимиштин ортосунда дешет го?..
– Алтымыш эмес, жетимишке чыксаң да дараметиң бүткөн соң жемиш кайда? Жетимишке чыгып чыгаан чыгарма жараткан гений көрө элекмин. Чыкса чыгат ал-күч барында. Чыкпаса жок. Чыгарам деп кыйнай берсе эптеп бирдеме чыгат. Анын не кереги бар? Мен чыныгы чыгармамды чыгарышка кийинки эки жылдан бери жакындад��м деп ойлойм. Жүзгө жакын цикл жаздым. Кышында Кытайга барып, алардын ансамбли үчүн төрт бөлүм концерт жаздым. Обондун жаңы түрүн таптым. Эгемберди Эрматовдун махабат саптарына 16 саптык обон жараттым. Бул өзүм үчүн да жаңылык, музыка тарыхында да жаңылык десем жаңылбайм.
– Эми буларды биз качан угаар экенбиз?
– Көзүм тирүүсүндө жаздырып кетсем, элдикин элге берсем дегенде көзүм төрт эмес, сегиз. Оркестр жок. Оркестр түзүп иштеш үчүн каражат жок. Ал эми кээ бир чыгармаларым аткарылып жүрөт. «Прелюдия соль-минор» деген чыгармам Ош университетинин бүтүрүү экзаменинде ойнолот. Алматыда ойнолот, Ташкент консерваториясында ойнолот, Украинада ойнолот.
– Балким мүмкүндүктөрүңүздү пайдаланып калыш үчүн жеке фондуңузду түзүш ылайыктыр?
– Фонд дегендин мага кереги да жок, зарылдыгы да жок. Бир жолу чыгармачылык кечемде залдан бирөө кат берип жибериптир «Ырыспайдын эсебине мен 1000 рубль котором» деп. Күлкүм келди «кайсы эсебиме которот?» деп. Эл ансыз деле кыйналып турат. Кайышып турат. Эгер колума анча-мынча акча тийсе мен аны бүт Кубатбек Жусубалиевдин фондуна которор элем.
– Азыр кандай үмүттөр менен жашап жатасыз?
– Жакшы үмүттөр, албетте, бар. Эгер адам жакшы үмүттөр менен жашабаса, анда жашоонун кызыгы эмне?.. Мен иштеген институт жакында университетке айланды. Мен иштеген факультет искусство факультети болду. Факультеттин аксакалымын. Сыйлашат. Ушул факультетке пайдам тийсе деп үмүт кылам. Балдар үчүн ыр китеп чыгарсам деп үмүт кылам. Чыгармаларымдын баарын топтоп, сүрөт коштоп, кооз китеп кылып элге тартуулап кетсем көзүмдүн барында деп үмүт кылам. Эгер көзүм өтүп кетсе, алар чачылган бойдон калабы деп чочулайм.
– Эми Сиз депутат эмессизби, ошо багытта мындай собол салсак: кыргыз бечараны “кандайсың?” десең, өлүп баратса деле “жакшы” дей бермейи бар го. Облуста маданият жаатынын абалы кандай?
– Республикабыздын башка жерлериндегидей эле кыйын абалда. Облус кеңешинин депутаты катары жылаңач баатыр болуп маданият маселелерин козгоп эле келатам. Биздин облустук маданият бөлүмүнүн башчылыгына илгертен бери партсистемада иштеп- иштеп, таптакыр майнап чыгара албай койгон бечараны алып келип отургузуп коймойлору бар деп кой. Маданият деген эмне экенин билишпейт. Анан башкарат да-а! Ушуну айта берип, айта берип жаман көрүнүп бүттүм. Ичим кайышат. Жалгыз өзүң чуркай берсең, сени эч бирөө колдоп койгонго жарабаса, мындан жаман эч нерсе жок экен. Маданиятка караган киши жок азыр. Мамлекетиң да карабайт. А менин колумдан эмне келет? Кудай-таала акчанын баркын түгөтүп, маскара кылат деп мендей март кишиге акча бербей коёт тура. Берсе ошонун баарын маданият үчүн чачат элем.
– Азыр чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү чыгармачылыкка шарт жоктугунан, каражаттын тартыштыгынан кесип өзгөртүп кетип жатышпайбы…
– Эми мен кесип өзгөртө алмак белем? Кала берем ушу калыбымда. Менден коммерсант чыкпайт, бизнесмен чыкпайт. Ал эми жаштар антпегенде кантмек эле? Бирок, нака чыгармачыл адамдар эч кайда кете алышпайт. Илхам деген итиң көкүрөгүңдү жара тээп турса кайда барасың? Мисалы, Шуман деген романтик болгон. Ачка жүрүп жазган чыгармасын. Же Бетховенди ким бапестеп бага коюптур? Нота жазганга кагазы жок, ресторандын менюсун кытып алып, артына жазган тура.
– Балким, ушинтип ачка калуу, көңүлдөн тыш калуу чыгармачылыктын бир шарты чыгар?
– Бир ирет Кубатбек Жусубалиевдин айтканын уктум эле “чыныгы чыгармачыл адам үчүн кыйналып, ачка жүргөн жакшы” дегенин. Курсагың ток болсо жазбай коюшуң мүмкүн. Жакшы чыгарма кыйналып турганда чыгат. Дагы бир нерсени жашырбай айтып кетейин: ичип-ичип, эртеси башың ооруп кыйналып турганда да жакшы чыгарма чыгып калат. Анан дагы, адам өзүнүн кыйындыгын билбей-ак койгону дурус. “Бетховен өзүнүн улуулугун угуп жүрөгү жарылып өлбөсүн” деп кудай аны керең кылып салган дешет. Негизи улуу адамдар өзүнүн улуулугун, бийиктигин сезишпейт. Булар бала кыял болушат. Ошон үчүн токтолбойт да. Мына, мен алтымышка жакындап калдым, дагы эле баламын. Менин кылган кылыктарымды жаш бала да жасабайт.
– Ырыспай аке, азыр жашоо кыйындап кетти деп жатабыз. Ушул абалдан элибиз качан, кантип чыгып кетээр экен?
– Ооба, ��ири кем дүйнө деген ушу. Азыр миңи кем дүйнө. Бирок, биз тез эле оңолуп кетишибиз мүмкүн. Биздин аталарыбыз мындан жаманды баштан кечиришкен. Кыргызды намысы кырат, намысы оңойт. Намысыбызга келе албай, бири-бирибизге асылып куруп атпайбызбы. Псих болуп атпайбызбы. Минте берсек келечек муундарыбыз да псих болот. Туулганда эле псих болуп туулат. Ошондон этият болуш керек. Жакшы күндү биз көрбөсөк мейли, бала-чакабыз көрсө дурус болбойбу. Кандай адамдар өлүмдөн коркпойт, билесиңби? Бардык адамдар өлүмдөн коркот, бир гана элге алынган эмгеги бар адам коркпойт. Мындай адамдар күлүп өлөт. Ал эми ырайы суук өлгөндөр ким, билесиңби? Билбейсиң. Мен билем. Бирөөлөр болот, акчасы бар, басып, катып алган. Аны ал аялына бербейт, баласына бербейт, элге да бербейт. Акыры өлөрүн сезгенде акчасынын калып жатканына күйүп, акшыңдап атып өлөт. Мындайларды көмбөй койгон эле оң.
– Жанараакта “элди сагынып бук болом, эл аралабасам куса болом” дедиңиз. Андан башка да бук болгон учурларыңыз болобу?
– Кээде өзүм жалгыз олтурганда эмнеге ыйлап жатканымды сезбей калам. Ыйлай эле берем, ыйлай эле берем. Бирок, жыргайм ошого. Бук болгонумду ушинтип сезем. Кудай мага жакшы жан бериптир. Оорубаган оору калбады, жатпаган оорукана калбады. А-баса, мен жатпаган бир гана оорукана калыптыр. Ушу жашка чыкканы төрөт үйүнө жатып көрө элекмин. Ушулардын баарын эстеп бук болом. Өзүмдүн өмүрүмдө жалпысынан бактылуу экенимди сезип бук болом. Былтыр кышта Кытайга бардым дебедимби. Кетип жатканымда “айланайын булбулум, айланайын күкүгүм” деп кемпир-чалдар кучактап, балбалактап ыйлап атса, озондогум келди ой! Кайра чочудум, «бу бала ичип алгандан сообу?» дешпес бекен деп. Ырдап атып ыйлап алдым. Ыйлабасам көкүрөгүм жарылып кетпейби. Ошондо өлүп кеткиң келет экен. Эшикке чыксак миңдей киши мени төбөсүнө көтөрүп кетти. Биз менен кошо облус акими да барды эле. Ошо киши айтты: “аким болгондон көрө, Абдыкадыров болуш керек экен” деп. Бул деген бакыт эмей эмине?!
– Өткөндө, Бишкектеги концертиңизге “эл аз келди” деп таарынбадыңызбы?
– Таарынсам кудай төбөгө урбайбы! Ырас, тээ алтымышынчы жылдары концертиме эл кара таандай каптап келээр эле. Азыр жагдай башка. Айланайын элим, кыйналып турганын көрүп турам. Келгенине тобо деш керек. Бирок кимдер келишти? Мени чындап баалагандар. Арасында жаштар көп. Ошого сүйүндүм. Ырым менен эки эле кишиге жаксам, мен тирүүмүн. Эл кол чапса, ошондон кубат алам. Анүстүнө, мен анда акча үчүн келген эмесмин. Угуучуларымды сагынып келгем.
– Пар��ияга мүчө болдуңуз беле?
– Йe, бир жылча ��блустук чыгармачылык үйүнө деректир болгом. 90 сом айлыгы бар эле. Иштетпей эле чогулуштан чогулушка чакыра беришет. Бир күнү “партияга өтпөсөң деректир боло албайсың” деп калышты. Өтпөй койдум. Чакырып алып, “эмнеге өтпөйсүң?” деп сурашты. “Партияңарга өтсөм, кайра аял ала албай калам” дедим. “Кераяк экенсиң” деп, кийин ишин да алып коюшкан. Партиядан көргөн жакшылыгым ушу.
– Азыр көп партиялар бар эмеспи. Ошолордун кайсынысына өтөөр элеңиз?
– Калкка пайдасы чындап тийген партия болсо өтөөр элем. Жөн жатканча, калкка пайдам тийсин да. Маянамды бүт эле мүчө акыга төлөмөкмүн. Мени байбичем эле багып алат.
– Кийинки шайлоодо дагы депутаттыкка ат салышасызбы?
– Эгер, эл ишенип шайлап салса арга жок. Ал эми азыркы депутатчылап эл камын ойлобой, эки аял алыш-коюшту талашып жатканча, депутат болбой эле койдум.
– Музыкасыз жашоону элестете алаар белеңиз?
– Музыкасыз жашоо жок. Жашоонун өзү – музыка. Симфониянын өзөгүн обон түзөт. Ал эми аалам, космос деген – симфония. Куранда айтылат: кудай адамдын денесин чоподон ийлеп, музыка менен жан салган деп.
– У��акыт деген учкул нерсе турбайбы, Ырыспай аке. Ардактуу эс алууга чыгаарыңызга деле аз калыптыр. Ошондо эмне кылсам дейсиз?
– Баарын токтотом. Музыка жазганды да, ырдаганды да. Эшек жайлоого кетем. Бала болуп кетем. Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн. Тилегим ушундай.
Сөз соңу
Бул маекти, “кудай өзү кечирсин” деп туруп, 1994-жылдын 12-январында, Ыракемдин туулган күнүндө болгон деп болжоп койдум. Ошондон туп-туура тогуз ай өткөн соң Ырыспай акем аттанып кете берди алтын балалыгына. Туп-туура 53 жашка толгон күнү тиленди эле кудайынан, тилегин берип салды ал дагы. “Кете берди” деген сөзүмдү кайта артка алам, урматтуу окурманым, ошол жылдын 12-сентябрында Ырыспай акем балалыктын ак таңына аралашып атып кетти…
Ар күнү таң атканда эстеп калам Ырыспай акемди. Агарып, жадырап аткан таңды ага окшотом… Күлмүңдөп күлүп кылтыйган күндү дагы ага окшотом… Балага окшотом… Балама окшотом…
Капар Токтошов, “Кыргыз тили”
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/20/on-eki-zhyldan-beri-chykpaj-turgan-tomduktar/
Он эки жылдан бери чыкпай турган томдуктар
![Tumblr media](https://64.media.tumblr.com/4a310550703890554d3481fbc863d803/tumblr_inline_pk0em21Zei1tyzron_540.jpg)
Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын, андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сы�� жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат.
Убада берилгенди узак күтөбү?
Өкүндүргөнү, улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин чыгарылчу эмгектери кендирди кескен каражаттын жогунан чыкпай турат. Кылымда бир жаралчу улуу таланттын жазгандарынын жаңы муунга жетиши кыйын ишке айланууда.
2006-жылдын 11-февралы ушул азыр да көз алдымда. Салижан акенин үйүнүн жанында тигилген боз үй, казганактаган эл, улуу инсанды кайтпас сапарга узатууга келген көпчүлүк. Салижан аке топураган көпчүлүктү анча жактырчу эмес, бирок анын талантын сыйлагандар, жан жыргаткан азилдерин, курч кептерин, анан да калеминен чыкканды калтырбай окугандар арбын экен, эл көп чогулган.
С.Жигитов тууралуу китеп. 16.3.2012.
Мына андан бери арадан билинбей 12 жыл өтүп кетти. Асыл ойчулдун сексен жылдыгы деле билинбей, андан бери дагы эки жыл колдон суурулду. Ошол улуу устатты узатуу, кийин эскерүү учурларында айтылган көп томдуктарын чыгаруу иши негедир кечеңдеп, кийинки кездери сөз болбой деле калды.
Жубата турган нерсе – устатынын сабактарын чогултуп Алым Токтомушев китеп кылып чыгарып, өкүттүү дүйнө, аз өтпөй артынан өзү да бу жарыкчылыкты таштап кете берди.
Таберик китептин чыгышына көмөк-жардамын аябаган ал кездеги өкмөт башчыга ыраматы Алыке ыраазылыгын айтып түгөтө албаганына, устатынан эстелик окурман колуна тийгенине ал кишинин кантип кубанганына китептин бет ачарына катышкандар күбө.
Убакыт деген ушул экен, кечээки көргөн бүгүн жок, Салижан Жигитовдун өмүрлүк жары Кимия эженин, жалгыз уулу Акбардын да көзү өтүп кетти. Чыгат деген китептердин кол жазмасы ушу тапта жазуучунун жалгыз кызы Салиманын колунда, ал болсо алышкан оору менен алек.
Чыкчу китептер бу жалганды таштап кеткен Салижан Жигитовго эмес, артында калган тирүүлөргө керек. Зарыктырган ал китептер чыгып калса жок эле дегенде кыргыз тилинде өрнөктүү текст жаратууга болорун ырастап берүүгө жарамак. Ырды кантип жазыш керек, сын кандай болот, котормочу, кара сөз – кагаз менен калемге өч жазарман журтка сабак, улуттун бүгүнкүсү менен эртеңкисине кабатыр интеллигенция өкүлдөрүнө жардамчы, элим деген азаматтын үстөлүнөн түшпөс китептер болмок.
Салижан Жигитовдун жоктугу ушу 12 жыл ичинде кадимкидей сезилди. Көпчүлүктүн көөнүндөгү акыйкатты айтыш деле кыйла оор иш окшобойбу, Салижан Жигитовдон кийин кемчилигибизди көзгө сайып, ачуу акыйкатты алдыга жайчу азамат деле көрүнбөйт.
��ши кылып, Салижан Жигитовдун китептери чыгып калса биздин коомдук аң-сезимибизде кыйла өзгөрүүлөр болмок, илгери-кийин окуган ойлорду кайра таразалап, өткөндөн сабак алып, келечек багытыбызды дагы бир ирет аныктап алышыбызга өбөлгө түзүлүп калар беле деген ой.
Узакка созулган иш
Салижан Жигитовдун көзү өткөн соң эмгектерин чогултуп чыгаруу боюнча оболу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде демилге көтөрүлгөн.
Улуу устаттын сүймөнчүк шакирти, белгилүү ишкер Разак Сайдилкановдун айтмында, алгач иш демдүү башталган, түйшүгү түмөн жумушту Салижан Жигитовдун дагы бир шакирти, белгилүү акын жана илимпоз Абдил Шерматов ишке ашырган:
Ишкер Разак Сайдилканов.
– Кол жазмаларын Салима менен Кимия эжеден алып, аны папкаларга бөлүп “чыгарганча сенде болсун” деп Сулайманга алып барып бергем. Кол жазма Сулайманда болчу, ал “бир сыйра карап бериңиз” деп Кеңеш Жусуповго бериптир. Анан ал киши биз билбей калган, таппай калган нерселерди кошуп, анан ошол папкалардын ичиндегилерди хронологиялык тартипте мазмунун түзүптүр. Бул иш көп убакытка созулуп кетти.
Анан бир күнү “эмне болду” деп Сулайманга барсам: “Салима алып кетип калды” дешти. “Силер басып жата берет экенсиңер. Өзүм чыгарам” деп. Барып кол жазманы кайтарып алып келдим. Анан бир жолу Салима келди, күздүн күнү эле, мен Түркияга кетмек элем. Кол жазмалар менде эле. “Байке, кол жазмаларды мага бериңиз. Мен чыгарам”.
“Сен кайсы акчага чыгарасың, айланайын?” десем “менин акчам бар, мага бериңиз” деди. Анан “макул” деп ошондо Салимага бергемин. Менде биринчи мүмкүнчүлүк болору менен Салижан агайдын китептерин чыгарууну мен өзүмдүн парзым деп эсептейм. Эч ким чыгарбаса, эртеби-кечпи өзүм чыгарам.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Абдиев ушу тапта окуу жайы Салижан Жигитовдун тандалмаларын чыгарууну көздөп жатканын ырастап, маселенин баары барып-келип каржыга такалып жатканын жашырган жок.
Профессор Т.Абдиев.
– Бул эмгектердин чыкпай жатышы бир жагынан, албетте, акча маселесине барып такалат. Экинчиден, бул жерде автордук укук маселеси да бар. Анткени Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованын колунда атасынын бардык кол жазмалары турат. Кыргыз-түрк “Манас” университети Салижан Жигитовдун эмгектерин, чыгармаларын чыгарып беребиз деп убагында иреттеп бериш үчүн Кеңеш Жусупов агайга берген экен.
“Тандалмаларын бир том кылып чыгарып берели” деп университетте маселе көтөрүлдү. Биринчи проректор Кулмурзаев агай мени өзүнө чакырып: “Кызы менен байланышсаңыз, жок дегенде бир томдук кылып тандалмаларын чыгаралы” деген. Бирок негедир Салима университетке келип агайга жолуккан жок. Эми бул жерде а�� кишинин чыгармаларын, бардыгын эмес, өтүмдүүлөрүн бир томдукпу, эки томдукпу, ал китептерди чыгарып койсо, ал китептер сөзсүз сатылат.
Атасынын китептерин өзүнчө чыгарууга аракеттенген Салима Жигитова соңку кездери оору менен алышып, убактысы болбой жатканын, шарты чыкса эле 8 томдукту чыгарууга демөөрчү издей турганын айтты.
– Даяр эле болчу, жаткан да. Анда Сулайман Кайыпов ректор болуп турган. Жатты, жатты, анан “комиссия түзөм, ана-мына” деп чыгарбай койду. Билбейм, мен өзүм аябай ооруп атам. Онкология жагынан, дагы диабетим бар. Азырынча ден соолук жагынан начармын. Азыр араң-араң өзүмө келип атам. Жок, ойдо бар, мен деле чыгарайын деп турам. Ден соолук жакшы болбой атпайбы. Себеби “демөөрчү болуп бересиңби” деп кыдырыш керек, бир топ кишилер менен сүйлөшүш керек. Алардын көз карашы, шарты кандай, кандай шарт менен акча берет? Азыр эми капитализм да. “50% түшкөн акчаны мага бересиңерби” деп, ар кандай сөздөр болуп атат.
Техникалык жагынан чечилген, илимий, анан көркөм чыгармалары санарипке өткөрүлгөн. Анан азыр каражат эле жок болуп атат. 8 томдук болду. Бүт баары кыргызча, котормолору. Эң акыркы эмгеги – “Адабият теориясын” жазып аткан. Баары бар, “сюжет деген эмне, пролог, эпилог, кульминация” деп, орус-кыргыз тилинде жазып аткан. Ошону аябай шашып көп иштеген, анан ооруп калды.
“Жаңы заман” келди, китептер кантти?
Ошентип маселенин баары чогулуп келип каржы деген каадалуу маселеге байланууда. Коомдук турмуштагы аракет-кыймылдын баки-жогу улуу-урматтуу акчага байланарын, мамлекеттин гана көзүн кароого көнүп алгандарга бул заманда кыйын болорун чейрек кылым илгери эле Салижан Жигитов “Жаңы заман келатат, биз кантебиз?” деген маегинде кемелине келтире сыпаттап берген. Ошо жаңы заман тушунда устатынын жазгандарын чыгарууга дилгир Разак Сайдилканов каржы маселесинен баштаган ишин аягына чыгара албай отурат.
Салижан Жигитовдун жаңы заман тууралуу ойлоруна, коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдү кылдат туюп, анын тереңде катылган маани-мазмунун так чечмелеген терең талдоолоруна коомубуз дагы эле муктаж.
Публицист, журналист Эсенбай Нурушев. 16-сентябрь, 2010-жыл.
Айтылуу публицист, журналист Эсенбай Нурушев Салижан Жигитовдун эмгектеринин барк-баасы мезгил арылаган сайын тереңдей берет деген ойдо.
– Эми Салижан агайдын өзүнүн чыгармачылыгынын жалпы илимий жолдорун алсак, өзү айткандай, бул жерде бир нече “коён” бар. “Көп коёндун артынан кубалап жүрүп, бирөөнө да жете албай калдым, кысталак” деп арман кылчу эле.
Мына адабиятчы жагын алганда, 1924-жылдан баштап, ага чейинки маалыматтар, “кыргыз адабияты кантип пайда болгон” деген чоң эмгектери, макалалары бар. Ошондо башка адабиятчылардын баамы жетпеген, башка адистер айтпаган көп маалыматтар, эл биле элек кызык жактары бар.
Жалаң адабият теориясынан алганда да шумдук жактары бар. Ал эми адабий сын макалалары, талаш-тартышка катышкан макалаларычы? Адабий сын, жалпы адабиятчылар боюнча бул кишинин теориялык макалалары жалаң илимий негизде сыпатталып, шөкөттөлүп, ошонун негизинде жазган абдан оригиналдуу, кайталангыс ойлору бар. Кыргыз адабиятынын тарыхы, адабият деген эмне, аны кантип түшүнөбүз, бу көркөм адабият деген кыргызда кантип жаралган – ошонун жолун көрсөткөн уникалдуу чоң эмгектери бар.
Жалаң сынчылыгын алганда деле бул эми шумдук да. “Акындарга үч суроо”, анан сынга байланыштуу “Ала-Тоо” журналында чыккан макалалары, кийин китептерине үзүл-кесил жарыяланган. Ошолордун өзүндө деле табылгыс бир талант экени, тапкыр ойчул киши экени көрүнүп турат.
Салижан агайдын жалаң котормо өнөрүн өзүнчө сөз кылса болот. Бул бир доктордук диссертацияга татыктуу “коёндун” бири. Назым Хикметти, Мустай Каримди, Антуан де Сент Экзюперини шумдук которгон. Мындай окуп олтурсаң кыргыз эле жазган болуш керек деп ойлоп коёсуң, авторунун аты менен “которгон Жигитов” дегенди алып койсоң. Ушунчалык кыргызга жеткиликтүү, жетимдүү кылып которуп салган. Мындай талант котормочулар жагында сейрек кезигет. Бул бир жагы.
Экинчи жагы – поэзиясын алалы. “Аз жазса да саз жазды” деген принцип ушул кишиде болгон. Бардык ырларын, анын ичинде поэмаларын, мындан тышкары кара сөз “Күн тууду”, анан бүтпөй калган романы – ушулардын баарын чыгарып койсо, көркөм адабият, аңгеме, повесть, поэма, жөнөкөй ыр, пародия деген эмне – ушунун баары ачылмак. Классикалык пародиянын үлгүлөрүн жазган. Ошолору сабак, анан кичине бир санат болот эле.
Анан эң башкысы – бул киши өмүр бою коомдук-социалдык деп коёбуз го, ушул кыргыздын көкөйүндө, азыркыга чейин айтылып жүргөн маселелерди көп козгоп өттү. Ошолордун баары эми калып кетсе эч ким билбей калат. Аларды кайра алып чыгып коюп койсо болот эле.
Анан мен бир нерсени айта кетейин. Салижан агайдын 8 томдугу бар деп уккан элем. Анын баарын чыгарыш албетте, барып-барып акчага, каражатка такалат. Учурунда ушуну ыраматы Эгемберди Эрматовго айттым эле. “Колуңан келип турат, чыгарып койбойсуңбу” деп. “Шумдук болот эле, сонун болот эле” деп ал да айткан. Колуна тийбей жүрүп бул да өтүп кетти.
Ушундай чакта жакшы бир демөөрчү табылбаса же жогорто турган бирөөлөр колго албаса, Салижан агайдын артында калган мурасын элге жеткирүү дагы бир топ заманга артка жылып калабы деп ойлоп каласың кээде. Колубуздан эчтеке келбейт, ушинтип арман кылып жүрө берет экенбиз.
С.Жигитовдун “Күн тууду” аттуу китеби.
Канткен менен Салижан Жигитов сындуу ойчулдар кыргыз кыйырында саналуу гана. Жарыкчылык менен кош айтышкандан кийин андайлар кылымда бир жаралчу руханий таберикке айланып кетерин эске алганда, күттүргөн томдуктардын жарыяланышы барып-келип улуттук ар-намыска байланышкан маселеге айланып баратат.
Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 07.02.2018-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/04/11/ak-ta-daj-akyn-ashyraaly-ajtaliev-90-zhashta/
Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев 90 жашта
![Tumblr media](https://64.media.tumblr.com/a1618930236c2bfdd212a81cd3742053/6463e2c0dfde4746-19/s540x810/4809ce22300afb3e5c6ec35a98a0e92348da483c.jpg)
Кыргыз чыгармачыл дүйнөсүндө не бир улуу таланттар өткөн. Алардын ичинен, бир нече элдик дастандарды, ошону менен бирге «Карагул ботом» дастанын өз вариантында ийине жеткире иштеп чыгып, эл оозунан али күнчө түшпөй келген ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев да бар эмеспи. Акын көзү тирүү болгондо, быйыл 90 жаштын чайын ичип, дагы да элинин сыйына татып, үй-бүлөсүнүн төрүндө отурмак экен. Мына ушу акындын 8-марттагы туулган кунун утурлай 11- мартта Кыргыз драмтеатрынын чоң залында бир топ таланттардын катышуусунда, Ашыраалы Айталиевге арналган жаш акындардын айтышы болуп өттү. Ашыкенин 85 жылдыгында Ак үй тараптан ат бастырып келген бир да «азаматты» көрө алган жок элек, мында башкасы келбесе да, Маданият министри келип куттук сөзүн сүйлөп кетти.Акындын атын атап, эмгегин айтып жамактаган жаш акындарды коруп, таланттын баа-баркын жогору билген карапайым-калк айтыш өнөрүнүн уучу кур эместигине дагы бир ирет ынана, саясаттан бир күн болсо да алыстап, маданиятка саякат жасап кайтышты.
Эми, бул киши менен 34 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыгын сыймыктануу менен эскерген байбичеси Наиля апа төмөнкүлөрдү айтып берди:
— Ашыраалы атабыздын 90 жылдык мааракеси келип калган экен?
— Ооба, быйыл каза болгонуна тогузунчу жылдан онунчу жылга карады. 90 жылдык мааракесин өткөрүү максатында, Филармониянын директору К.Осмоновго кайрылгам. Себеби, Ашыкем 1946-1991-жылга чейин Филармонияда эмгектенди. Филармония пенсияга чыгаргандан кийин, П.Шубин, М. Абдраев, М.Күрөңкеев ��тындагы музыкалык окуу-жайында «Манас», дастандар боюнча сабак берип жүрдү. Кийин 2001-жылы Садык Шернияз «Айтыш» коомун ачканда, Шерниязовдун чакыруусу менен балдарга сөздүн ыкмаларын, айтышуунун жол-жобосун үйрөтүп, устат болуп иштеди. «Өнөрлүү өлбөйт» деген чын экен. Мына бүгүн сахнада Ашыкемдин ырлары жаңырып, жоруктары айтылып бир топ эскерилди. Балдарга рахмат!. Кийин ооруп калганда, доктурлар «баспа, турба» дегенине болбой бир айда үч жолу «барбасам болбойт» деп акын балдарга барып сабак берип жүрдү. Барба дегенге болчу эмес. Кийиндирип, таксиге салып жиберчүмүн да, балдарга: «атаңар кетти. Тосуп алгыла»- деп телефон чалчумун. К.Осмонов кузундо 90 жылдык мааракени өткөрүүгө жардам берээрин айтып, калын элдин астында убада берди.Абдан ыраазымын. Ошондой эле, Чуй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу элчисине аты коюлган мектептин жанына эстелигин тургузууну суранып, Нарын облусунун башчысына Нарын шаарындагы бир көчөгө болбосо да маданият үйүө Ашыраалы Айталиевдин атын берүүнү сурап кат жолдодум
— 85 жылдыгында да филармония эскерүү кечесин өткөргөндөй болду эле?
— Анда да филармониянын артисттери Филармониянын чон залында эскеруу кечесин откоруп беришкен. Бирок, ал кишинин маданият, айтыш өнөрүнө ушунчалык күйүп-бышканын аткаминерлер тарабынан көңүлгө алынбаганы мени өкүндүргөн. «Дөөлөт, байлык- тоголок, кырсык болсо -бир мүнөттө жоголот» дейт. Анын сыңары, мансап түбөлүк колдо турбайт. Бат эле карылык келет.Адамды сыйлай билген киши — өзүн да сыйлай билет. Баарыбыз Кудайдын пендесибиз. Чоңдор да келип эскерип койсо болмок дегем. Ошого үй-бүлөсү кейип калгамбыз. Бул кишинин 80 жылдыгында да ошол кездеги Маданият министри С.Раев өзү келбестен, жардамчысынан «Мыктылардын мыктысы» деген медалын берип жиберген. Ошентсе да, бул киши андан жогорку сыйлыкка татыктуу эле. 85 жылдыгында Маданият министрликтен же жогору жактан эч ким кыймылдабагандыктан, анда да өзүм чуркап, З.Үсөнбаевге чалып анан уюштургамбыз. Мындай таланттарды эскерип туруу журт башчыларынын милдети эмеспи. Муну алардын өнөрдүн баасын билбегендиги деп эсептейм.
— Ашыраалы атабыз менен 34 жыл өмүр сүргөн экенсиз. Өзү өмүрүндө мансапка, сыйлыкка жулунбаган адам болчу дешет…
— Ашыраалы бул чындыгында өнөр үчүн жаралган адам эле. Эгерим, дүнүйө күтөйүн, байлык күтөйүн деп ойлогон киши эмес. Ошондой эле, наамга жутунуп, чоңдордун эшигин кагып кирген эмес. Тескерисинче, өкмөт өзү билет, өзү баалайт деп жүрүп, ак��ры элдин министрликке жазган өтүнүч каттары менен айласыздан «Эмгек сиңирген артист» наамын алган. Ошол наам менен Филармонияда ырдап жүрбөдүбү. Андан кийин пенсияга чыгып кетти. Шубинде иштеп жүргөндө баягы эле элдин өтүнүч катынын негизинде Шубиндин ошол кездеги директордун жардамчысы Чоко деген бала демилге көтөрүп чыгып, чуркап жүрүп, анын натыйжасында «Эл артисти» наамын алган. Кийин 75 жашка чыкканда ошол кездеги Президент А.Акаев өз колу менен 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Мен А.Акаевге ыраазымын.
Антпесе, азыркы паракорчулук ошол кезде деле бар болчу. Мисалга, күлүк атты деле «алдыга озбосун» деп торогондой, убагында бул кишиге да далай бут тоскондор көп болгон. Азыр деле ошол. Өнөрдү баалаган залкарлардын арасында татыктуу баасын алалбай кеткендер көп. Кээ бир эки ыры бар ырчылар «Эл артисти» болуп, жылдыз болуп атышпайбы.
— Ырдалбай унутта калган да чыгармалары болсо керек?
— Эң алгачкы чыгармалары «Таппай жүрөм», «Биздин айылда», «Өрүк гүлү», «Жаш чабан» өңдүү ырлары ырдалбай калууда. Ар бир чыгармасынын биринчи сабында эле кандай улуу түшүнүк бар. Мисалга: «Эл алдында келет ырдагым» деген ырындагы «Карысам да какпайт катарым»-деген саптарында не деген ой жатат. Мындан «Нарындан жазган салам кат» менен «Жылкычынын ыры» эле анда-мында ырдалып калып жүрөт. «Акмөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Карагул ботом» өңдүү элдик дастандарды иштеп чыгып, өзүнүн вариантында элге тартуулаган. Булардын бардыгы кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталып калганы менен сейрек гана берилип жатат. Ал эми телевидениеден такыр эле көрсөтпөй калды.
Замирбек Үсөнбаев, төкмө акын: «Карагул ботомду» Ашыкемчелик эч ким ырдаган жок»…
![Tumblr media](https://64.media.tumblr.com/7b90536737093e018ff99db76f088634/6463e2c0dfde4746-20/s250x250_c1/3cf791a4b0af562f4db96d85e8752bd768991531.jpg)
— Ашыкем менен 1970-жылы филармонияда иштеп калганда тааныштым. Ага чейин мурда концерттерде бири-бирибизди көрүп калчубуз. Ошол жылы талаада гастролдо жүргөндө жолугуп, ошондо биринчи учурашып ырдагам. Ощол мезгилден тартып, Ашыкем менен ал кишин��н көзү өткөнчө бирге ырдаштык. Сахнада бирге айтышып жүрдүк. Баа берип айта келгенде, Ашыкем чоң залкар акын эле. Ошол эле учурда санжыраны да сайраган чечендиги да бар эле.
Обондору кыргыздын нак эл сүйгөн классикасына айланып кетти. Аны жалаң кыргыз эли эмес, коңшулаш казак эли да өзүнүн обонундай кылып ырдап жүрөт. Ашыкемдин мен билген өзгөчөлүгү, бир күнү экөөбүз Көлгө командировкага барып калып, экөөбүз эле концерт койдук. Эл ушунчалык көп. Анда эски театр болчу.
Бир маалда мага: «Замирбек, ушул театрда көп жыл иштедим эле. Ырдагым келип, эргүү келип турат. Мен бир ырдайынчы»-деп калды. «Ырдаңыз»дедим. Экөөбүз концерттин башында чыгып саламдаштык. Анан Ашыкем обондуу «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат» ж.б. ырларын ырдады. Демейде ырдап жүргөн, кулакка сиңип калган ырлары төрт куплеттен эле. Ашыкем ошондо ар бир ырды он куплеттен ырдады. Мен бери жакта таң калып угуп атам. Себеби, калган куплеттерин а киши даярданбай эле, турган жерден обонго салып жаратып атты да. Мына бул кишинин акындыгы. Ошол жердеги жараткан саптары тиги кулакка сиңип калган ырларынан эч айырмаланбайт, ашса ашат. «Карагул ботомду» мен уккандан Ашыкемчелик деңгээлге жеткирип, эч ким ырдаган жок. Анткени, анын обонун Ашыкем жараткан. Командировкада жүргөндө бул ырды адатта он беш мүнөттөй ырдачу. Ал эми илхом келип, эргигенде бир сааттай ырдачу.
Жогоруда мен айткан саптарындай эле төгүп ырдаганда, улам жаңы саптары, кайрыктары биринен-бири ашкан шумдук болчу. Ал ыры элдин көзүнө жаш алдырып, иши кылып, буркурап-боздоп ыйлап жаткан адамдарды көрдүм. Бул Ашыкемдин бийиктигин, залкар аткаруучу экендигин аныктап турат. Анан Ашыкем менен биз өзүбүз көп айтышып ырдадык.
Бул кишинин таалим-тарбиясын мен көп алдым. Акындыктан мурда, бу киши жакшы карыды. Баягы «карылыкка жетип, касиети жетпеген жаман» деп кыргыздын макалында айтылгандай, карылыкка жетип, касиети да жеткен адам болду. Мага айтып койчу «Замирбек, биздин сөзүбүздү көп угуп, тыңшап жүр. Сен ырдайсың аларды» деп.
Жашоонун мыйзамы ушундай болот экен. Мына алардын бири агамдай болгон Ашыкем жөнүндө сурап атасыңар. Өз доорумда Ашыкем, Токтокем, Мамбет байкелер менен эң кичүүсү болуп, ырдап келдим. Алардын эң аксакалы Ашыкем эле. Улам жашы өйдөлөгөн сайын Ашыкемдин оозунан бейчеки орой, одоно сөздөр чыккан жок. Салабаттуу сүйлөчү.
Келдибек Ниязов, куудул: «Казакча да төгүп жиберчү эле»
![Tumblr media](https://64.media.tumblr.com/605802543fae9bf9a36f54c2f14fd3e4/6463e2c0dfde4746-f9/s250x250_c1/3d81fa875ce71f505f2c80489b8ce95702a33168.jpg)
— Ал кишини жаш-кары дебей эле Ашыке дечүбүз. Акындардын улуусу да, сыйлуусу да болчу. Кээде эргип турганда «бүгүн сүйүү ырларынан ырдайынчы» деп калчу. «Биздин айылда» деген ырында өзүнүн айылындагы жылкычы, койчу, саанчынын баарын атап ырдап келип, кайырмасын «ушунун бары биздин айылда» деп кыйкырып койчу.
Бул киши абдан унутчаак эле. Адаттагыдай концерт берип жүрөбүз. Бир күнү сахнада «Биздин айылдасын» ырдап атат. Мен сахнанын капталында отургам. Анан айылында саанчысы бар эле Люса деген орус. Ырдап атып анын атын таппай калып, мени карап: «А-ай кайним саанчынын аты ким эле?» деп сурап атпайбы. Мен «Люса» деп кыйкырып койдум. Элдин баары кыраан-каткы түшүп кыйрап жатып калды. Ашыкенин дагы бир жери тарыхый китептерди көп окуп, чайчыл болчу. Портфелинде дайыма индия чайы жүрчү.
Маектешкен Нурайым Рысмамбетова, “Чагылган”, 01.04.2017-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/24/shahzadakan-zhumabekova-asan-akem-televizordon-chykkanda-b-t-ajyl-s-j-ng-n/
Шахзадакан Жумабекова: “Асан акем телевизордон чыкканда бүт айыл сүйүнгөн”
7-февраль — залкар обончу Асанкалый Керимбаевдин туулган күнү. Ал бу жарыкчылыкта болгону 49 жыл өмүр сүргөн.
“Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам, Жашагым келген эмес сенде жалган. Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм, Айырмам ошол эле башкалардан”, — деп акын Турганбай Эргешов жазгандай, кайран талант ыр менен ыйлап, ыр менен күлүп өттү. Кайталангыс обончуну эскерүү үчүн бир тууган карындашы Шахзадакан Жумабекова менен маектештик.
– Эже, кыргыз эли сүйгөн обончунун бир тууганы болгонуңузга сыймыктанасызбы?
– Сыймыктанбагандачы?! Асан акем кандай гана мыкты инсан эле. Ал мен үчүн атамдан кийинки таянар тоом болгон. “Жакшы адамдар аз жашайт” деген чын окшойт, 49 жашында бизди арманга салып кете берди. Азыр аны эскерүүдөн башка аргабыз жок.
– Бүгүн агайды эскерип сиздердин балалыкка кайрылалы.
– Оо, биздин балалык аябай бактылуу болгон. Ата-энебизге эркелеп чоңойдук. Мен Асан акемден 7 жаш кичүүмүн. Менин атымды Шахзадакан деп Асан акем койгон экен. Көрсө, ал ошол мезгилде эле “Миң бир түн” жомогун, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” аттуу кичи эпосторду шар окуп калыптыр. Себеби эң улуу агабыз Султанкалый менен чогуу 5 жашында өзбек мектепке барып тамга таанып калат. “Асан “Курманбекти” окуганда ыйлай берчү, тим эле китептин барактары суу болуп калчу”, — деп апам айтып калар эле. Бала өңдөнүп бири-бирибизге каяша айтышкан эмеспиз. Аябай ынтымактуу чоңойдук.
– Асанкалый агай өзбек мектепте окуганбы?
– Ооба, өзбек мектепте окуган. Себеби манаптын тукумдары болуп советтик саясаттын айынан куугунтукталышкан да. Анан тагдыр ата-энебизди Өзбекстанга айдап барыптыр. Апабыз Илаш Саралаева энесиз жетим калат, таенебиз 19 жашында төрөттөн каза болуптур. Анан кадимки Токтогул Сатылгановдун жакын инисинин колунда чоңоёт. Анын Бурулча деген төрөбөгөн аялы апамды өз кызындай бапестеп чоңойткон экен. Илаш бой жеткенде Жалал-Абад облустук театрында ырчы, актриса болуп 6 жыл иштептир. Анан турмушка чыгат. Биринчи күйөөсү белгилүү партиялык кызматкер болуптур, аны менен 5 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кетет. Бир топ убакыттан кийин 45 жаштагы Ысакжан атага турмушка чыгат. Ал кезде Ысакжан атанын аялы каза болуп үч уулу менен калган болот. Төрөбөгөн 25 жаштагы жаш аял балдарыма эне болор деген үмүт менен үйлөнөт. Айткандай эле, апам үч баланы өз баласындай карап, көп өтпөй Султанкалый акемди төрөйт, андан кийин Асан акем төрөлөт. Ысакжан ата менен бактылуу турмушта жашашат, ошол мезгилде апамдын үй кызматчылары болгон экен. Бирок кө�� узабай Ысакжан ата ооруп, болгону 7 күн төшөктө жатып 49 жашында каза болот. Апам 5 баласы менен жесир калат. Ысакжан атанын 3 уулун туугандары алып кетишиптир. Өзүнүн эки баласын багыш үчүн өзбектердин кийимин тигип кол өнөрчүлүк менен жан багыптыр. Ошентип, тагдыр апамды менин атам Ырысбекке жолуктурат. Ал киши биринчи аялы менен 25 жыл бирге жашап, балалуу болбой ажырашат да, 47 жашында 34 жаштагы апама үйлөнүптүр. Ошондо 4 жаштагы Асан акем: “Өзүмдүн өлгөн атам тирилип келди”, — деп сүйүнүп, чыбык минип элге сүйүнчүлөгөн экен. Ырысбек атам дагы Султан акем менен Асан акемди өз балдарындай көрүп, аябай эркелетип, өтө ынак мамиледе болот. Асан акем дароо эле “ата” деп алыптыр, апам кайын журтунан ыйбаа кылып “аке” деп айткын деп урушуп жүрүп атамды “аке” дедирген экен. Ошентип, Асан акем 11 жашына чейин Өзбекстанда окуйт да, андан кийин Ырысбек атамдын туугандары Токтогулга көчүрүп келишиптир.
– Асанкалый агай кантип чыгармачылыкка аралашып кетти?
– Асан акем мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, оюн коюп, чоң атасы Керимбайдын ролун аткарып эл көзүнө көрүнөт. 5-классынан тартып Тургунаалы Орозов деген музыкант агайдан аккордеон үйрөнөт. Эң биринчи Какен Алмазбековдун калемине таандык “Кайдасың?” деген ырга обон чыгарат. Ал обону ак жолтой болуп элге тарап, чыгармачылыкка биротоло киришип кеткен. Эсимде, Асан акем алгачкы жолу 1968-жылы телевизорго чыкты. Анда элде телевизор жок болчу. Биздин айылда Орозбек Мырзырайымов деген киши телевизорду сыйлыкка алган. Бир айылга бир телевизор. Асан акем телевизордон ырдап чыкканда биз эле эмес, бүт айыл сүйүнгөн Атам тим эле терисине батпай: “Асандын ыры чыгып, Асан ушинтип ырдап”, – деп ал окуяны далайга чейин мактанып жүрдү. Асан акемдин ар бир ыры чыкканда жарыктык киши баласын мактап эле жатып калчу. Бир да жолу ага өгөй баласындай мамиле кылган эмес. Асан акем да атама аябай жакын болчу. Атам “Асан келатат” дегенде малын союп, дасторкон жайдырып төрөдөй эле тосуп алчу. Ал өзгөчө куурдакты, дымдаманы жакшы көрчү. Анан Асан акем менен тамак ичүү өзүнчө бейиштей эле болчу, ар кайсыны айтып берип, ырдап берип, түн бир убакка чейин маектешип олтурчу элек.
– “Атама” деген ырын Ырысбек атага арнап чыгарган да ээ?
– Албетте, атам каза болгондо аябай жаман болгон. Анан кыркылыгында ушул ырды чыгарып келген экен. “Апа, акеме арнап ыр чыгардым, ырдап берейин угуңуз”, — деди. Аккордеонун сыздатып, өзү ыйлап ырдады, угуп олтургандардын баары ыйладык. Баарыбызды ыйлатып туруп, кайра тамашалап: “Апа, көрүндүк бересизби?” — деп күлдүрүп бир торпок алган. Кийинчерээк Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген ырына обон жазды. Ошол ырдагыдай атабыз чын эле миң түп терек тиккен.
– Адатта атактуу адамдар тээ төрөлгөндө эле бир белгилер менен төрөлөт эмеспи. Дегеним, Асанкалый агай да батадан бүткөн баладыр?
– Анысын билбейм. Бирок кичинекейинде апам ырдамайынча уктачу эмес экен. “Ырда” деп ыйлачу тура. А Султан акем, тескерисинче, апамды “ырдаба” деп ыйлачу экен.
– “Ал өмүрдөн эрте кетерин билген” дешет…
– Билген окшойт, сезген окшойт. Бир ирет апама: “Мен деле өзүмдүн Ысакжан атама окшоп элүүгө чыкпай өлөт окшойм”, — деп атпайбы. Апам: “Каяктагыны айтпачы, менин энем 19 жашында өлгөн, мен жүрөм го силердин жаныңарда. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында болот. Жакшы сүйлөсөң”, — деп урушуп койгон. Өлөрүнө жакын: “Рысбай Абдыкадыров түшүмө кирип мени ээрчитип кетти”, — деп да айтып жүргөн экен. Айтор, ошол жылы мен үчүн аябай оор жыл болгон. 1999-жылы 28-майда апам каза болду. Арадан алты ай өтүп 10-декабрда Асан акем каза болду. Бир жылда эки тирегимден айрылып кан жутуп катуу кайгыргам.
– Асан акеңизден айрыларды сиз дагы сездиңизби?
– Менин үйүмө кайдан-жайдан бир ургаачы ит байырлап келди. Апам ыраматылык: “Үйдөгү аялдын жакшысы короодогу итинен билинет, итти жакшылап карагыла”, — дечү. Ал итти аябай бактым. Үч күн катары менен улуду. Иттин улуганы жаман эмеспи. Ичимден “өз башыңа көрүнсө экен” деп коём, же тигинин жаагы басылбайт. Тандырга нан жаап, жаңы бышкан нанды бир тегеретип алдына ыргыттым. Бирок болгон жок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип өзүмө-өзүм батпай, бир орунда тура албай жаман болуп аттым. Асан акемди эмнегедир өлөт деп такыр ойлобоптурмун. Түн ортосунда короого дабырап эле кирип келишти, эшикти ача салсам, “Асандан айрылдык” дешти. Өзүмдү жоготуп коюпмун. Эми айта берсем арман көп, эрте кетти да, жашай турса болмок. Канча сонун тилектери бар эле, канча сонун ырларды жаратмак. Асан акемди азыр эстесем, азыр ыйлайм. Теле-радиодон ырларын уксам да ыйлайм. Анан кайра каниет кылам, ал өлбөс инсандардын катарында. Чыгармачылыгы менен экинчи өмүрүн жашап атат. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Канча залкарлар өткөн. Кээ бири такыр унутта калды, ал эми Асан акемдин ырларын элибиз сүйүп угуп келет, ошондуктан анын ысмы унутулбайт дегим келет. Кудайга шүгүр, аркасында үч уулу калды. Ошолордун өмүрүн тилеп жүрөм.
– Сизге акеңиздин кайсы ырлары жагат?
– Дээрлик бардык ырлары жагат. Өзгөчө “Атама”, “Энекем”, “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген ырларын жакшы көрөм. 1994-жылы апам аябай катуу ооруду. Асан акем өзү Бишкектен дарылатып аман алып калган. Анан апам жакшы болгондо “Энекем” деген ырын ырдап апамдын батасын алган. Өмүрүнүн акыркы жылдары “Жалгыздык”, “Өткөндү мага баяндап” деген ырлары чыккан. Шайлообек Дүйшеев жазган “Жалгыздык” деген ырды Рысбай Абдыкадыровго арнап обон чыгарган. Апам сөздөргө аябай маани берчү да, ушул ырын укканда: “Ээ балам, мага сөздөрү жакпай калды, ырдабай эле койчу”, — деп суранган. Анткени ал ырда “Бозортуп турар карааным, боз турпак баскан мүрзөмдү” деген саптар бар болчу. Ошондой эле “Өткөндү мага баяндап” деген Манап Алиевдин жазган ырына да обон чыгарган экен. Ошол ырда да “Өмүрдүн арты кайгы экен, өлүмү ээрчип акырын” деген саптар бар.
– Эже, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат.
– Силерге рахмат. Элден айланса болот, кыргыз элим барда Асанкалый Керимбаев унутулбайт. Токтогул районунун маданият үйүнө ысмы ыйгарылган. Марафон аркылуу ошол маданият үйүнүн алдына акемдин эстелиги орнотулду, ачылышы жакында болот.
Чолпон Асанова, “Леди.КГ”, 02.2017-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/01/21/ysyk-k-l-zhana-auezov-zh-n-nd-kazak-zhurnalistinin-makalasy/
Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө казак журналистинин макаласы
«Ысык-Көлдү кандай гана сүйөм! Абасынан дем алуу кандай керемет! Эгерде кайра жарала турган болсом, ушул жерди тандамакмын” – деп белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзов айткан.
“Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жанында анын кичинекей үйү жайгашкан. Азыркы чоң үйл��ргө салыштырмалуу өтө эле кичине, бирок, ал жерден чыгармачылыктын аурасы сезилип турат. Дал ушул жерде жазуучу чыгармаларын жараткан”, – деп Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө “Экспресс К” гезитине казак журналисти жазат.
Башкалардай болуп ал бийликтин сөзүн сүйлөй алган эмес. Чыгармалары да эски элдик нарктарга, улуттук баалуулуктарга багытталган. Элдик чыгармаларга кызыгып, 1920-жылдары “Манас” эпосун изилдөөгө киришкен.
1952-жылы бүткүл союздук жыйында “Манас” эпосу “элге каршы” чыгарма деп табылышы керек болот. Көпчүлүк трибунага чыгуудан коркуп турганда Ауэзов чыгып тартынбай сүйлөгөн (ал тургай кыргыз адабиятчылары да корккон). Ал эми жазуучу тобокелге салып жатканын билип, аялына “билсем дагы болбой кетип баратам” деп кат калтырган.
“Ал сүйлөгөн соң зал тынч алып, арадан бирөө терезеге чуркап барып, сырттагыларга “Манас” куткарылды” деп кыйкырган. Ошондуктан, кыргыздар “Манаста” Ауэзовдун салымы бар экенин унутпайт” – деп жазат журналист.
Ошондон кийин ал жумушунан айдалып, камоого ордер берилет. Жазуучу жашыруун Моквага кетип жашайт. Бир топ убакыт өтүү менен кайрадан Алматыга кайтат.
Ошол кездерде Ысык-Көл жергесине келип эс алып, жаратылышына абдан суктанат. “Абасынан дем алуу кандай керемет!” деген сөздү жазуучу көп кайталаган.
Кийинки жылы кайрадан көлгө келип эс алат. Көп өтпөй кыргыз эли ыраазычылын билдир��п, ага көл жээгинен жер тилкесин берет. Ал жерге эс алуу үйүн (дача) салууга Түгөлбай Сыдыкбеков кол кабыш кылат. Там салынып бүткөндө аялы менен эки баласын алып келип эс алып турат.
Ауэзовдун үйүндө көптөгөн чыгармачыл адамдар конокто болушат. Манасчы Саякбай Каралаев, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов деген сыяктуу алптар келип –кетип турушкан.
“Казак классиги көл жээктеп басканды абдан жакшы көргөн. Жашоочулар менен тамашалып, кыргыз жармасын тамшанып ичкен” – дейт журналист.
1961-жылы дарылануу үчүн Москвага кетип, операция учурунда көз жумат. Ал эми үй бүлөсү кийин деле Ысык-Көлгө келип эс алып турат. “Үйдү кийинчерээк өткөрүп беришет да, кийин ал жер жазуучунун китепканасы менен музейине айланат. Азыр ал там дагы деле бар. Айрым бөлмө, оокаттар ошол калыбында”, — деп макаласын аяктайт.
Назира Кенжебекова, “Саат.КГ”, 09.08.2016-ж.
0 notes