#М.Ауэзов
Explore tagged Tumblr posts
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/02/kyrgyz-kazak-yntymagy-zhana-manas/
Кыргыз-казак ынтымагы жана "Манас"
Tumblr media
Сүрөттө: Казакстандагы Абай Кунанбаевдин эстелиги
Жер жүзүндө түпкү теги тамырлаш, дили жана тили жакын бир топ түрк калктары бар. Бирок ошол туугандардын ичинен да эң бир айрып алгыс эгизи – бул кыргыз менен казак элдери экенин эч ким, атүгүл тарых да танбайт.
Бу жөнүндө “Казактын түбү кайдан чыкканы тууралуу” эмгегинде атактуу Абай атабыз: “Эч бир казак кыргыз менен казактын тукумдаш экенин талашпайт” деп, ташка тамга баскандай таасын жазып кеткен.
Ошон үчүн улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин жазма булактарда казактын кең талаасын дайыма “кыргыз-казак талаасы,”ал эми калайык-калкын болсо “кыргыз-казак ордосу” деп, эки элди эч качан бөлбөй, эриш-аркак атап келишкен. Ал тургай Совет бийлиги жаңыдан орногон кезде да эгиз туушкан эки элди бири-биринен айрып тааный алышкан эмес. Ошондон улам Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитети (ВЦИК) менен РСФСР Эл комиссарлар советинин 1920-жылдын 26-августунда чыккан чечими “Кыргыз (Казак) АССРин түзүү жөнүндө декрет” деген ат менен жарык көргөн.
Бул тана алгыс тарыхый фактылар эгиздин сыңарындай болгон биздин боордош эки элибиз жашоонун узак жолунда кылымдар бою малы-жаны аралаш, ою-дили санаалаш өмүр сүрүп, тагдырдын башка салганын бир туугандардай бирге тартып, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк күтүп, жаман-жакшылыгына тең түтүп, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишкенин кабарлайт.
Эки миң жылдан ашуун мезгил мерчеминде элибиздин башынан не бир закымдаган замандар, не бир кыйын кезеңдер өтпөдү. Байыркы гунндар менен сактардын, усундар менен огуздардын доорунан бери карай арстан жүрөк ата-бабаларыбыз Алтай-Шибер күн чыгыштан Кырым-Урум күн батышка, Орол-Жайык түн жүрүштөн Ооган-Эрен күн жүрүшкө чейинки мелмилдеген Евразия мейкиндеринде эчен бир улуу империя дөөлөттөрдү курап, тарыхтын күрөө тамырларында кан дүргүтүп, дүркүрөп агылышты.
  “Манас” жана казак маалымат булактары
“Башканы коюп, Манасты айт” демекчи, биз бу жагынан көөнө көчмөн тарыхыбыздын таберик мурасы – “Манаска” эле серп салып көрөлүчү. Маалым болгондой, ал тууралуу алгачкы маалымат Сайф-ад-дин Аксыкенти молдонун 1504-жылы тажик тилинде жазылган “Маджму ат-таварих” (“Тарыхтар жыйнагы”) аттуу эмгегинен учурайт. Анда Манас, атасы Жакып-бек, душманы Жолой жөнүндө айтылат. Манас тууралуу башка даректер, дегеле эпостун кийинки тагдырына тиешелүү айрым жагдайлар көп жагынан бир тууган казак журту менен тыгыз байланыштуу.
Маселен, 1849-жылы улуу жүздө орус өкмөтүнүн өкүлү болуп турган майор Франель Иле суусунун жакасында жашаган кыргыздардан Манас жана анын уулу Семетей жөнүндө аңыз-уламыш жазып алганы белгилүү. Франель өз жазмасында Манас менен Семетейди реалдуу тарыхый инсандар катары көрсөтөт. Казакстандын ошол эле аймагынан “Манас” эпосунун каармандары тууралуу маалымат жыйнаганын экинчи бир орус кайгуулчусу Г. Н. Потанин да ырастайт. Арийне, казак арасында “Манас” эпосунун эр Төштүк, Көкчө, Жамгырчы, Кошой сыяктуу бир топ кейипкерлери ар кимиси өз-өзүнчө чыгарманын каарманы катары жашаарын, алар өз кезинде ошол эле Потанин тарабынан чогултулуп, жазылып калганын биз азыр жакшы билебиз.
Чокан Валихановдун портрети.
Бирок, канткен күндө да, “Манас” эпосун эң биринчи кагаз бетине түшүрүп, аны олуттуу түрдө изилдеген алгачкы окумуштуу өзүбүздүн аша таланттуу кулунубуз Чокан Валиханов болгонуна биз асыресе сүйүнүп сыймыктанабыз. Чокан дастандын “Көкөтөйдүн ашы” деген үлкөн бир үзүмүн 1856-жылы Ысык-Көлдөн жазып алып, ага өз маанисин бүгүн да эч бир кемитпеген өтө терең ой айткан. “Манас” эпосу,- деп тастыктаган ал,- бир убакытка келтирилген жана бир адамдын – Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул – талаа “Илиадасы” сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салт-санаасы, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган.”
“Манас” туурасында кийинки пикирлердин баарысы тең азырга чейин Чокан Валиханов мындан бир жарым кылым ашуун илгери айтып кеткен ошол орошон ойдон аша элек. Кезинде Валиханов тарабынан кагазга түшүрүлгөн “Манас” текстинин илимий зор маанисин дагы бир фактыдан көрсө болот. Чокан араб ариби менен жазып алган ал текстти соңку убактарда Лондон университетинин профессору А. Т. Хатто латын тамгасына көчүрүп, аны англисче котормосу менен өзүнчө китеп кылып чыгарды. Хатто ошондой эле Валиханов жазып алган вариант менен В. Радлов жазып алган вариантты салыштырып, 1969-жылы “Манас” тууралуу атайын монография да жарыялады.
Ушу жерден Чокан жазып алган “Манас” текстинин тагдырына байланыштуу дагы бир орчун окуя тууралуу айта кетүүнүн кези келип турат. Чокан Валиханов дүйнөдөн өтө эрте кайтыш болуп, ошону менен ал кол жазма жүз жыл бою архив түпкүрүнө түшүп кетип, окурмандарга белгисиз бойдон кала берген. Арадан бир кылым өткөндөн кийин аны академик А. Х. Маргулан СССР илимдер Академиясынын Азия элдери институтунун архивинен таап чыккан. Ошентип дагы бир казак боордошубуз “Манастын” Чокандан калган кайнар булагынын жабылган көзүн кайра ачкан. Маргулан ошол кол жазманы кийин казакча оодарып, өзүнчө китеп кылып чыгарды. Анын негизинде “Чокан жана “Манас” деген ат менен илимий эмгек жазып, артына айтарлык мурас калтырып кетти.
  “Манас” жана Муктар Ауэзовдун илимий эрдиги
Айкөл “Манас” дастаныбыздын андан соңку тагдыры казактын даңктуу уулу, кыргыздын жан күйөр боору Мухтар Ауэзовдун кажыбас кайраты, чымырканган эмгеги менен эриш-аркак байланыштуу болду. Мухтар агабыз “Манасты” Орхон-Энисей рун жазмалары менен салыштыра зерттеп, анын түпкү маңызындагы не бир сырдуу маанилерди өтө билгилик менен терең изилдеди. “Тарыхтын үзүл-кесил маалыматтарынан “Манас” деген ысымдын кабары чыкпай жатышы бизди эч кабатыр кылбаш керек”,- деп жазды ал. “Манас, биздин оюбузча, үлкөн кол башы же Бейжинди жеңген ажо болгон; ал 847-жылы көз жумган. Лингвистика жагынан алганда, Манас ысымы не шаманчылык пантеонундагы теңирдин аталышы же, аныгы, ошо кезде Орто Азияда кеңири тараган манихейчилик менен байланыштуу болушу мүмүн. Балким, ал кездеги атактуу баатырдын чын ысымы башкадыр, бирок кийин эрдигинен улам теңирдин ысымы менен Манас аталып калса керек”.
Мухтар Ауэзов.
Андан ары ой учугун улай келип, кемеңгер Мухтар агабыз өз пикирин төмөнкүчө жыйынтыктайт: “Кыргыздардын уйгурларга каршы жортуулу жана алардын Бейжин калаасын каратып алышы “Манас” дастанына уютку болгон. Ушундан улам, биз “Манас” биздин замандын 840-жылынан эрте эмес эртеги доордо жаралды деп болжойбуз, демек, 1110 жылдан ашуун убактан бери жашап жатат деп ойлойбуз. Арийне, бул болжолдуу гана дата”.
Бирок, ошол эле учурда Мухтар ага “Манастын” маңызы кыргыздар улуу дөөлөт-журт курап турган күрдөөлдүү доорду чагылдыраарын баса белгилейт.
Кийин, 50-жылдардын башында “Манаска” идеологиялык айып коюлуп, аны “эл душманы” катары каралап, капаска камай турган болушканда Мухтар ага калкыбыздын улуттук улуу рух-казынасын кара ниеттердин уу чеңгелинен аман алып калыш үчүн алар менен эр Манастын өзүндөй баатырдык менен кармашты. Жер үстүндө кыргыз барда, кыргыз рухунун туу чокусу – улуу баян “Манас” барда элибиз Мухтар боорунун бул эрдигин эч качан унутпайт.
“Манастын” ушундай улуттук улуу Сөз экенин астейдил аңдап түшүнгөн Мухтар Ауэзов Ысык-Көлгө келген сайын бул океандай чалкыган ата мурас баянды томуктай башына сыйгызып жүргөн залкар манасчы Саякбай Карала уулунун сыйкырдуу өнөрүнө күбө болуп, “Манасты” көзүнө жаш ала олтуруп, тунжурап ук��у экен. Ошон үчүн, Мухтар ага “Манастын” миллион сабын жат айткан Саякбай манасчыга “азыркынын Гомери”, “жыйырманчы гасырдын рапсоду” деп баа берген.
Ошон үчүн, биз, кыргыздар, “Манас” дегенде эң оболу Мухтар агабызды ойлойбуз, Мухтар Ауэзовдун ысымын эшиткенде, эрксизден, “Манасты” эстейбиз. Ошондуктан, Чыңгыз Айтматовдон “Сиз бул ааламга эмне менен чыгасыз?”-деп сурашканда, ал “менин ааламга көрсөтө турган эки ыйык нерсем бар. Биринчиси – бул теңдешсиз “Манас”. Экинчи менин ыйыгым – ал Мухтар Ауэзов” деп жооп бергени бекеринен эмес да.
  “Манастагы” казак каармандарынын сүрөттөлүшү
Ошон үчүн, биз, кыргыздар, кылымдар кыйырынан бери жоону бирге чалышып, күлүгүн чогуу чабышып, кою короолош, коломтосу аралаш өмүр кечирип келе жаткан боордош казак туугандарыбызга, анын Чокан менен Мухтардай азамат уулдарынын жаркын элесине ар дайыма таазим этебиз. Казак менен кыргыздын абалтан түптөлгөн түбөлүктүү биримдигин билдирген улуу Манастын арбагына сыйынабыз. Анткени, дастан өзү даңазалап тургандай, Манас:
“Казак, кыргыз уругу, Кабылан Манас улугу. Бабасы улук Ногой хан, Баштагынын жомогу. Манас деген бу бир жан Казак, кыргыз нуркунан Калк башкарган улук хан”, – болгон. Манастын атасы Жакып тууралуу эпосто:
“Казак, кыргыз калкы бар Карыя Жакып каркыбар”, – деп айтылат. “Манаста” казак, кыргыз эгиз тууган эл катары дайыма бирге эскерилет. Бу тууралуу эпос мындай дейт:
“Казак, кыргыз, катаган Баарыбыз бир атадан”.
Ошон үчүн, мейли аш-той болобу, же кастарын тиккен кас жоо келип катылабы, – алгач кабарды кыргыздар ар дайыма казак бир боорлоруна айттырат. Айылын калмак чабарда, мал-жанын олжолоп аларда Жакып бай биринчи казак бир туугандарын жардамга чакырат. Чабаганчы жигитке:
“Кабар айт казак бийине. Казак, кыргыз бир тууган. Калмак камап жатканда Кантип жатат үйүнө!?” – деп, табыштайт.
Манас баатыр өзү бала кезинен эле “атасы ким, аты ким, аркы уругу, заты ким, билсек” дешип сурашкандарга:
“Атам Жакып, Манасмын, аркы уругум Алашмын” – деп жооп берет.
“Манаста” казактын каркыбар баатырлары ушунчалык бир улуу урмат менен, сүймөнчүлүк сүйсүнүү менен сүрөттөлөт. Маселен, Айдаркан баатыр жөнүндө:
“Камбардын уулу Айдаркан Казактан чыккан мыкты жан. Алтай казак калкынан Ашкере баатыр бу бир жан”,- делет.
Ал эми Айдаркандын уулу эр Көкчөнү эпос:
“Сары-Арканы жайлаган, Салышкан жоодон тайбаган. Саймалуу калпак, сары шым, Калдыркан кисе, б��то кур, Алтындан наал, жез өкчө Айдаркан уулу эр Көкчө Казак менен кыргыздын Түркүгү болгон көй баатыр”, – деп эргип сыпаттайт.
“Манас” эпосуна иллюстрация.
Казак менен кыргыздын Чыңгыздай чыгаан, Мухтардай кыраан, Нурсултан агабыздай азамат уулдарын эсил кайран ата-бабаларыбыздын ошондой асыл касиет-сапаттарын азыркы күндө татыктуу улантып, эгиз тууган эки элибизге бирдей туу болгон орток сыймыгыбыз, орток мактанычыбыз, шер Манас менен эр Көкчөдөй көзгө басар көй баатырларыбыз деп биз бүгүн эч тартынбай айталабыз. Ал эми мындай эрендерди жараткан эл, карт тарых күбөлөп тургандай, кандай гана кыйынчылык болбосун, акыры сөзсүз жеңип чыгаарына мен бөркүмдөй ишенем.
Акырында айтаарым: эр жүрөк ата-бабаларыбыз канча бир эсепсиз курмандыктар менен бапестеп сактап, бизге мурас калтырган касиеттүү жерибиз аман болсун! Жеринен кубат алып, уюткулуу жашоо көчүн улап жаткан айкөл эли-журтубуз эсен болсун! Жакшылык-жамандыкты тең бөлүшүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ата салтыбыз, асыл наркыбыз урпактан урпакка түбөлүк улана берсин! Баарыбызды Көкө Теңир, ата-бабанын арбагы колдосун!
Калык Ибраимов, СССР жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, философия илимдеринин кандидаты, “Азатттык”, 04.01.2018-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/01/21/ysyk-k-l-zhana-auezov-zh-n-nd-kazak-zhurnalistinin-makalasy/
Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө казак журналистинин макаласы
«Ысык-Көлдү кандай гана сүйөм! Абасынан дем алуу кандай керемет! Эгерде кайра жарала турган болсом, ушул жерди тандамакмын” – деп белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзов айткан.
“Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жанында анын кичинекей үйү жайгашкан. Азыркы чоң үйлөргө салыштырмалуу өтө эле кичине, бирок, ал жерден чыгармачылыктын аурасы сезилип турат. Дал ушул жерде жазуучу чыгармаларын жараткан”, – деп Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө “Экспресс К” гезитине казак журналисти жазат.
Башкалардай болуп ал бийликтин сөзүн сүйлөй алган эмес. Чыгармалары да эски элдик нарктарга, улуттук баалуулуктарга багытталган. Элдик чыгармаларга кызыгып, 1920-жылдары “Манас” эпосун изилдөөгө киришкен.
1952-жылы бүткүл союздук жыйында “Манас” эпосу “элге каршы” чыгарма деп табылышы керек болот. Көпчүлүк трибунага чыгуудан коркуп турганда Ауэзов чыгып тартынбай сүйлөгөн (ал тургай кыргыз адабиятчылары да корккон). Ал эми жазуучу тобокелге салып жатканын билип, а��лына “билсем дагы болбой кетип баратам” деп кат калтырган.
“Ал сүйлөгөн соң зал тынч алып, арадан бирөө терезеге чуркап барып, сырттагыларга “Манас” куткарылды” деп кыйкырган. Ошондуктан, кыргыздар “Манаста” Ауэзовдун салымы бар экенин унутпайт” – деп жазат журналист.
Ошондон кийин ал жумушунан айдалып, камоого ордер берилет. Жазуучу жашыруун Моквага кетип жашайт. Бир топ убакыт өтүү менен кайрадан Алматыга кайтат.
Ошол кездерде Ысык-Көл жергесине келип эс алып, жаратылышына абдан суктанат. “Абасынан дем алуу кандай керемет!” деген сөздү жазуучу көп кайталаган.
Кийинки жылы кайрадан көлгө келип эс алат. Көп өтпөй кыргыз эли ыраазычылын билдирип, ага көл жээгинен жер тилкесин берет. Ал жерге эс алуу үйүн (дача) салууга Түгөлбай Сыдыкбеков кол кабыш кылат. Там салынып бүткөндө аялы менен эки баласын алып келип эс алып турат.
Ауэзовдун үйүндө көптөгөн чыгармачыл адамдар конокто болушат. Манасчы Саякбай Каралаев, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов деген сыяктуу алптар келип –кетип турушкан.
“Казак классиги көл жээктеп басканды абдан жакшы көргөн. Жашоочулар менен тамашалып, кыргыз жармасын тамшанып ичкен” – дейт журналист.
1961-жылы дарылануу үчүн Москвага кетип, операция учурунда көз жумат. Ал эми үй бүлөсү кийин деле Ысык-Көлгө келип эс алып турат. “Үйдү кийинчерээк өткөрүп беришет да, кийин ал жер жазуучунун китепканасы менен музейине айланат. Азыр ал там дагы деле бар. Айрым бөлмө, оокаттар ошол калыбында”, — деп макаласын аяктайт.
Назира Кенжебекова, “Саат.КГ”, 09.08.2016-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/04/manas-kylymdar-sanzhyrasy/
«Манас» – кылымдар санжырасы
Tumblr media
Ак кар баскан Ала-Тоонун боорунда бир төөнүн эки өркөчүндөй чогуу жашап, эриш-аркак күн кечирген казак менен кыргыз тарыхтын узун кербенинде үзөңгүлөш да, үндөш жүргөн. Ошондуктан Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматов, Кенен менен Осмонкул, Жамбыл менен Токтогул, Чокон Валиханов менен Боронбай сыяктуу эки элдин чыгаан уулдары төш түйүштүргөн. Тарыхы гана эмес, тагдыры да катар өрүлгөн боордош журтту бириктире турган касиет-баалуулуктар аз эмес. Ошолордун бири жана уникалдуусу – «Манас» дастаны.
  Алаш ураандуу алп Манас
Казактын улут устаты Ахмет Байтурсун уулу баатырлар дастаны тууралуу «Мурунку жортуулдук заманда эл дене эсебинде болгондо, баатырлар жан эсебинде болгон. Элдин баатырлары кандай болсо, элдин руху да ошондой болгон» деп жазган. Учу-кыйыры жок Улуу талааны, эбегейсиз мейкиндикти ат туягы менен багындырган, күндүн батышына дуулдап жортуп, дүйнөнүн келбетин алда канча жолу өзгөрткөн баатыр бабаларга жоруктагы акындар күч-жигер берсе, каармандык эпос ар-намысын камчылаган. Эпикалык акыл-эстүү көчмөнгө эл камы үчүн от менен сууга түшүүгө тайманбаган каарман эр-азамат үлгү болду, ошентип кылымдар алкагында жоокер түркүлөр арасында кынтыксыз кейипкер – баатыр культу калыптанды.
Тууган жерди кыраан куштай коргоп, тууган элин боз торгой жумурткалаган байманалуу өмүргө баштай турган жеңүүчү баатыр бейнесин чоң ышкы менен ырдаган жомокчу – ырчылардын мартабасы качан да жогору болгон. Бардык көчмөн элдердин орток мурастары «Коркут ата китеби», «Огузнама», «Манас» сыяктуу улуу эпосторубузда Байкалдан Балканга, Алтайдан Альпы тоосуна чейин жорткон жоокер элдин шаңдуу жоругунун жөнөкөй сүрөтү гана эмес, элибиздин руху, терең акылмандык ой жүгүртүүсү катар сакталган. Ошол себептүү түркү элдери ааламда теңдеши жок телегейи деңиздей эпосту жаратты, акындыгы менен даңкы чыгып, адамзат маданиятына асыл казынаны белек кылды. Ошол берметтердин ичинен Гиннестин рекорддор китебине кирген «Манас» ырынын түгөл түркү үчүн баасы өзгөчө зор экендиги белгилүү. «Манас» – кыргыздын улуу эпосу гана эмес, түркү элдеринин эпикалык мурасынын да алпы. Телегейи деңиз бул дастандын көлөмүнө дүйнөдө бир да бир эпикалык чыгарма теңдеше албайт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдон жазылып алынган ырдын көлөмү 250 000 саптан турат. Бул Фирдоуси «Шахнамасынан» 2 эсе, Гомердин «Илиадасынан» 16 эсе көп. Ага Саякбай Каралаевден жазылып алынган Манастын баласы менен небересин бейнеленген «Семетей», «Сейтек» ырларын кошсоңуз, тоону козголто турган, деңизди толкута турган, токойду үргүлөтө турган акындыктын көркөм кудуретин тааный аласыз.
Энциклопедиялык сыпаттагы, эпикалык тыныштагы эпостун аркы башаттары өтө тереңден тамыр алат. «Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен» деп эсте жок эски замандан санжыра баштай турган дастан Манасты:
«Артык тууган Манастын, Аркы атасы – Карахан. Карахандан тараган. Киндик каны тамган жер, Алтай деген жер экен», – деп тааныштырат. Ошентип аркы Алтайлык тамырдан башат алып, түпкү тегин Карахан, Огуз хан менен байланыштырган алп Манас жаалданган бир маалында:
«Атам – Жакып, Манасмын, Аркы уругум – Алашмын!» –
деп улуу бабаларына сыйынат.
«Алаш, алаш болгондо, Ала тай ат болгондо, Тамгасыз тай, энсиз кой болгондо» деген уламыш сөз казак, кыргыз, каракалпак сыяктуу бир атадан тараган калктарга орток ураан болгон. Ошондуктан дастанда:
«Аркы атабыз Алаш – деп, Намысыңа талаш!» – деп, Алты жүз аргын, найманды, Эт тартууга жайлады. …Түбүнөн бөтөн тууппу, Түрктү кудай уруппу?! Алаш хан экен атабыз, Алышпай кантип жатабыз», – деп Алаш ураанын туу кылып көтөрөт. Ошондой болгондо, учурда жүз жылга толгон Алаш автономиясынын урааны Алаш хан менен Манас баатыр заманынан жалгашып, урпактан-урпакка жеткени доо туудурбайт. Бул өңүттө тарыхий ырлар, уламыштар, санжыраларды жүйөлүү өздөштүрүү аркылуу ата мекендик тарыхтын дарек корун байытууга болот. Тек гана «Манас» ырынын өзүндө түгөл түркү элдерине тиешелүү канчалаган тарыхий окуялар, жер-суу аттары, түп-теги бир кейипкерлер бар десеңизчи.
Эгер «Манас» эпосун адамзаттын акыл-ой казынасына кошулган алп мурас десек, ушул ырдын өзөгүндө баатыр бабаларыбыз тууралуу өмүр таржымалдарынын өрүлүп, саймаланганын байкайбыз. «Манас» ырында жалпы алты Алаштын, түгөл түркү элинин биримдиги даңазаланат. Тек гана кыргыз тарыхына тиешелүү гана эмес, казакка байланыштуу да көптөгөн маалыматтар, даректер келтирилет.
«Ортоктош болгон нойгут бар. Аркасы тийген найман бар, Коңшулаш жүргөн коңурат, Үйүрлөш жүргөн үйшүн бар. Аралашкан алчын бар, Аргындан Каракожо бар», – деген саптар эпос менен этностун бирдиктүү организм экендигин көрсөткөндөй. Ошондуктан төл тарыхыбызды чет өлкөлүк саякатчылардын жол жазмалары менен архивдерден гана издебей, каармандык ырлардан, алтын уламыштарыбыздын аркагынан издөө, эс-тутумубузду жаңылоонун бир жолу болсо керек. Бул өңүттө акылман элибиз жараткан ооз эки адабияттын үлгүлөрүн тарыхий дарек иретинде колдонуу, илимий изилдөөгө айландыруу – бүгүнкү күндүн талабы.
  Инсандар таалими
«Манас» ырын алгач ирет жазып алып, ааламга тааныткан көрнөктүү чыгыш таануучу окумуштуу, сейрек жаралган инсан Чокон Валиханов болсо, аны олуттуу изилдөө объектиси кылган, советтик зыяндуу идеологиянын кызыл отунан чабалекейдей канаты менен суу сээп коргоп, капаста калтырып койбой кайра жарыялануусуна жол ачкан Мухтар Ауэзов болчу.
Чокон Валиханов жазып алган эпостун бир көркөм бөлүгү «Көкөтөйдүн ашы» ыры узак жылдар бою тарых коюнунда жоголуп кеткенде, аны көз майын чырак кылып, таап алган, ырга экинчи өмүр тартуулаган академик Алкей Маргулан болду. Ошентип, казак элинин үч алп инсаны дүйнөдөгү эпикалык чыгармалардын алпы, түркү элдеринин сыймыгы «Манас» ырына бекем коргон болду. «Манас» ырын Чокон 1856-жылы Ысык-Көл экспедициясында Каркыра жайлоосунда өткөн жыйындарга катышып жүрүп, Боронбай бийдин айылында жазып алат. Бул тууралуу Чокон «Жунгария очерктери» аттуу эмгегинде: «Манас» – кыргыздардын бардык мифтеринин, жомокторунун, уламыштарынын бир мезгилге келтирилген жана бир адамдын – баатыр Манастын айланасына топтоштурулган энциклопедиялык жыйнагы. Бул талаа «Илиадасы» сыяктуу нерсе. Кыргыздардын жашоосунун түрү, үрп-адаты, адеп-ахлагы, географиясы, диндик жана медициналык билими, алардын эл аралык алакасы бул зор эпопеяда чагылдырылуусун тапкан» деп баа берет.
Академик Алкей Маргулан чыгыштын жарык жылдызы, окумуштуу Чокон жазып алган ырдын тили чечен, көркөмдүгү орошон чырайлуу болушуна казак менен кыргыздын боордоштук, туугандык сезими өзгөчө таасир кылганын далилдеп, дастанчы Чокон Валихановго ак пейили менен аңтарылып, ал эми В. Радловго келгенде басаңдап калгандыгын айтат: «Кыязы эки окумуштуу да бир ырды бир ырчыдан (Назар) жазып алганга окшойт. Мазмуну жагынан эки жазманын ортосунда артык ажырымдык жок. Ажырым ырчынын тек гана кандай эргүү менен айтканы, жазып алуучунун кандай ыкма колдонгондугу менен билинет. В.Радловдун жазып алуусунда айрым көркөм сүрөттөр менен катар, ырдын агымы жүйөлүү түрдө баяндалбай, кээде үзүлүп, кээде кыбырап калат. Чокондун жазуусундагы буркураган жыттар, көркөм бейнелер мында сейрек учурашат. Кыязы, Чоконго ачкан жан сырын ырчы В.Радловго ачпаган, куулукка салып, «Көкөтөй» ырынын көп жерлерин калтырып айткан, анын ичинде Көкөтөйдүн насыят сөзү такыр жок. Көч жолу, аш берүү, ашка чакыруу, аттарды сыноо сүрөттөрү Чокондун жазып алганындай кенен айтылбай, кыска-кыска чарпып жазылган».
Кеңеш өкмөтү доорунда «Манас» эпосун илимий жактан изилдөөнүн пайдубалын кеңейткен атактуу сөз зергери, залкар жазуучу Мухтар Ауэзов болгону бардыгыбызга маалым. Ал Чокон Валихановдун чыйырын жаңылап, Манас таанууну жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөт. Кеменгер Ауэзов Ыбырай Абдрахмановдун Сагымбай Орозбаковдон жазып алган эпосунун нускасы менен алгачкы жолу 1928-жылы Фрунзеде таанышат. Академик-жазуучунун Манас таанууга кошкон чоң эмгектеринин уникалдуусу – «Киргизский героический эпос «Манас» деген көлөмдүү изилдөөсү. Монографиялык эмгектин биринчи нускасы 1934-жылы пайда болгон. Автор ар кандай саясий-идеологиялык тоскоолдуктарга байланыштуу анын өзөгүн өзгөртпөй, ар жылдары редакциялоо аркылуу эселеп өңдөп, болоттой курч кылып, өткүрдөй түшкөнү байкалат.
Бул фундаменталдуу изилдөөсүндө М.Ауэзов эпикалык мурасты түгөл түркүлүк мейкиндикте изилдегенде гана чыныгы натыйжага ��етүүгө боло тургандыгын баамдап, концептуалдык сонун ыкма сунуштайт. Ырды Күлтегин, Тону-Көк мурастары менен бирдиктүү изилдөөнү сунуштап, эпостун чыгуу тегин эзелки Кыргыз хандыгы менен жуурулуштурат.
«Манас» эпосунун пайда болуу доорун атайын бөлүм кылып талдап, бул эпостун алгачкы сюжети IХ-Х кылымдардагы Кыргыз каганаты доорунда жаралышы мүмкүн деген пикирди билдирип, маанилүү идеяны сунуштайт. Ошондой эле, жалпы түркүлүк баатырдык эпос сюжеттеринин эски үлгүлөрү Орхон-Енисей тексттеринен башат алуусу мүмкүн деген пикирин билдирип: «Таш жазууларда Күлтегин эпостогу каармандардай жеңилүүнү билбеген баатырлардай болуп чоңоет. Баяндоодо хронологиялык ырааттуулук сакталган: Күлтегиндин он алты жаштан кырк жети жашка чейинки негизги эрдиктери, өмүрүнүн акыры сүрөттөлөт. Мында баатырдык эпостун сюжетине окшоштук бар» деп жазат.
Ошентип «Манас» ырынын көөнө түркүлүк тамырына илимде алгачкы ирет жарык түшүргөн кеменгер окумуштуу 1952-жылы 8-июнда Фрунзе шаарында өткөн жаңжалдуу талкууда «Манас» ырын идеологиялык чабуул жасагандардан билимдүүлүк менен коргоп, анын өмүр сүрүшүнө кепилдик алып берди. Москвадан «Манасты» зыяндуу, буржуазиялык, динчил, калкка жат эпос деп жарыялап, эпосту жок кылууга өкүм чыгарганы келген профессор Александр Боровков баштаган топ максатына жете албай калды. Ошол күнү «Манас акталды!» деген сүйүнүчтүү акжолтой кабар Фрунзеден ашып, бүткүл боордош элди кубантты. Мынакей, бул да Мухтар Омархан уулунун айкөл жазуучу гана эмес, алаштын азуулуу көк жалы экендигин көрсөтүүчү дагы бир мисал.
Эл башчынын демилгеси менен курулган Эл аралык Түркү академиясы агайын элдер арасында алтын көпүрө болгон касиеттүү мурастар менен чыгаан инсандардын чыгармаларын жайылтып, таалим берүүнү алдыңкы муун улут кеменгерлеринин жолун бүгүнкү күнгө жалгап, аброй менен аткарып келет. Академия чоң көлөмдөгү «Манас» энциклопедиясын жана «Манас» сөздүгүн жогорку сапат менен жарыкка чыгарды. Бул – руханий биримдикке өбөлгө. Мынакей, миң жылдыктардын санжырасындай – “Манас” дастаны. Манасты кайта, кайта окуйлу.
Дархан КЫДЫРАЛИ, Эл аралык Түркү академиясынын президенти, “Кыргыз туусу”, 23.11.2017-ж.
0 notes