#Чыңгыз Айтматов
Explore tagged Tumblr posts
wanderer-on-the-steppe · 1 year ago
Text
@makawicja It's been half an eternity since you've tagged me for the "list nine of your favourite books ever"-game, but here, finally, is my list. And there's so many more that deserve to be in it, but somehow I managed to limit it to nine (approximately in the chronological order in which I've discovered them, if I remember correctly):
Khalil Gibran – The Prophet
Stefan Andres – El Greco malt den Großinquisitor
Arthur Koestler – Darkness at Noon
Meaghan Delahunt – In the Blue House
Claudio Magris – Mutmaßungen über einen Säbel (Illazioni su una sciabola)
Henryk Sienkiewicz – Mit Feuer und Schwert (Ogniem i mieczem)
Bryn Hammond – Against Walls
Tschingis Aitmatow – Der weiße Dampfer (Чыңгыз Айтматов - Белый пароход)
Corine Sombrun – Les Esprits de la Steppe
I tag @theophan-o @weirdpolis @polutrope and @searchingforserendipity25 if you want to.
7 notes · View notes
masumcetin · 8 years ago
Photo
Tumblr media
Birbirini seven insanlar konuşmadan da anlaşabiliyor kimi zaman.
Cengiz Aytmatov, Toprak Ana s.84
Yürekleriyle, ruhlarıyla, kafalarıyla bir olmuşlar gibi anlıyorlardı birbirlerini. 
Cengiz Aytmatov, Gün Olur Asra Bedel s.219 Fotoğraf: Krzysztof Kieślowski’nin 1991 yapımı, “La Double Vie de Véronique” (Véronique'in İkili Yaşamı) filminden, (Irène Jacob & Philippe Volter).
105 notes · View notes
silentambassadors · 8 years ago
Photo
Tumblr media
Жаткан жери жайлуу болсун, Chyngyz Aitmatov.  Kyrgyzstan’s most famous bard, Aitmatov wrote in Kyrgyz, Russian, and (occasionally) English.  Even though his father was executed by the Soviets in 1938 for “bourgeois nationalism” in one of Stalin’s countless purges, Aitmatov was a staunch Soviet throughout his life (although perhaps his close association with Gorbachev in his later, diplomatic career show more clearly his political beliefs--an ally of perestroika!).  Aitmatov died on this date in 2008 at the age of 79.
Stamp details: Issued on: August 13, 2009 From: Bishkek, Kyrgyzstan MC #583-590
2 notes · View notes
patrikenander · 3 years ago
Text
EN VÄRLDSBERÖMD FÖRFATTARE DU TROLIGEN INTE HÖRT TALAS OM - TJINGIZ AJTMATOV: DZJAMILJA
EN VÄRLDSBERÖMD FÖRFATTARE DU TROLIGEN INTE HÖRT TALAS OM – TJINGIZ AJTMATOV: DZJAMILJA
Tjnigiz Ajmatov (Чыңгыз Айтматов) 1928-2008: Dzjamilja “Džamilja” Utgiven 1958 På svenska 1978 65 sidor Översättning: Lars-Erik Blomqvist Wahlström & Widstrand Hade det inte varit för mitt, även för mig, förvånande goda minne för namn hade jag inte reagerat när min vän T. frågade om jag vill ha en liten tunn bok Dzjamilja skriven av Tjingiz Ajtmatov. Jag kastades tillbaka till 70-talet och svensk…
Tumblr media
View On WordPress
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/19/zhamijla-povesti-tuuraluu-kyzyktuu-15-fakty-moskvada-zharalgan-kyrgyz-povesti/
"Жамийла" повести тууралуу кызыктуу 15 факты. Москвада жаралган кыргыз повести
Tumblr media
Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести кыргыз адабиятчылары Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда “чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго бир тийген асыл заты”, Камбараалы Бобуловдун айтуусунда “сүйгүнчүктүү чыгармасы, көкүрөк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бардык үнүн созуп ырдаган жаштык ыры”.
Мына ушул чыгарманын айланасында фактыларды жыйноого айтматовтаануучу, адабиятчы жана педагог Абдыкерим Муратов жардам берди.
Бүгүн “Жамийла” ошол повесть тууралуу 15 фактыны сунуштайбыз.
“Жамийла” Москвада жазылган.Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөн 1956-1958-жылдарда, Тверь саябанындагы батирде жашаган кезде бул шедевр чыгармасын жараткан.
Чыгарма кыргызча жазылган.Айтматов алгачкы аңгемелерин орусча жазып, орус тилиндеги басылмаларга чыгарып келсе, “Бетме-бет” жана ушул “Обон” повесттерин адегенде кыргызча жазган. Кийин кайра орусча жазууга өткөн.
Александр Твардовский аталышын оңдоп койгон. Жазуучу “Обон” повестинин орус тилиндеги вариантын Москвадагы “Новый мир” журналына алып барганда анын редактору “Джамийла” деп атын оңдоп, анан журналдын 1958-жылдагы №8 санына (3-32-беттер) чыгарган.
Адегенде “Обон” деген ат менен жарыяланган. Аны кыргызча “Ала-Тоо” журналы 1958-жылы №10 санына басып чыгарган. Чыгарманын аты Даниярдын Жамийлага август түнүндө ырдап берген ырынан улам ушундай аталган.
Мухтар Ауэзов ак жол каалаган. Ошол кезде СССРде эң кадырман казак жазуучусу Ауэзов 1958-жылы 23-октябрдагы “Литературная газетага” Айтматовго жана анын “Жамийласына” ак жол каалаган макаласын “В добрый путь” деген ат менен чыгарат.
Луи Арагон жогору баалаган. Ошол кезде жалпыга таанымал француз жазуучусу Арагон “Жамийла” повестин “Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян” деп атап, ал тууралуу макаласын 1959-жылы апрелде Парижден басып чыгарган.
Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири. “Повести гор и степей” деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку сыйлык – Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке орус тилинде жазылган “Кызыл жоолук жалжалым”, “Биринчи мугалим”, “Бото көз булак” деген чыгармалары менен бирге “Жамийла” повести да кирген. Бул сыйлык кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи жана акыркы жолу да ушул китепке бирилген. Ушул эле жылы ноябрь айынан тартып ушул китептин арты менен жазуучу Адабият жана искусство боюнча Лениндик сыйлыкты ыйгарып берүү комитетинин курамына кирген.
Повесттеги стилдик жаңылык. Окурмандар үчүн повестти күтүүсүз нерсе – бүт сюжеттин биринчи жак – өспүрүм бала Сейит тарабынан баяндалып берилиши эле, бул кыргыз адабияты үчүн жаңылык гана болбостон, ошондон кийин бул ыкманы көптөгөн жаш жазуучулар туурап чыккан.
  “Жамийла” кинофильминен кадр
Кыргызстан Жазуучулар союзундагы ташбараң. 1959-жылы 16-январда Фрунзе шаарында Жазуучулар союзунда “Жамийла” повестинин тилине арналган партиялык талкуу жыйыны болуп, анда 23 адам чыгып сүйлөп, чыгарманын тилин талдоого караганда авторго “согушта жүргөн күйөөсүн таштап кеткен бузулган аял” тууралуу дооматтар айтылып, жаш жазуучуну келекелеп да, сындап да чыгышат. Эки гана “жаш бала” – кийинки белгилүү сынчылар Камбаралы Бобулов менен Кеңшбек Асаналиев повестти жана анын авторун коргоого алган.
Жазуучуну жер караткан чыгарма. Ошол жыйынды жазуучу кийин атактуу болгондо мындай эскерет: “Жамийла” повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абд��н катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи”… “…Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчылап да жиберди…” “…Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…”
Каармандардын прототиптери да бар. Бул тууралуу жазуучунун “Балалыгым” деген баянында мындай деп айтканын окуйбуз: “Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи – прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды. Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал Шекерден эмес, коңшу айыл көк-сайлык. Даниярдын прототиби эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит болчу. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды “өкмөттүн баласы” дешчү. Сол буту менен аксап басчу”. Андан ары жазуучу – бала Сейиттин прототиби алар качып кеткенден кийин артынан кууп барып, экөөнү станциядан таап алганын, кол кармашып кетип баратышканын, аларга жолугуп сүйлөшкөнүн, Карагыз энесинин эмне айтканын, алардын берген жообун да жазат.
Бул кара сөз эмес – ыр. “Жамийланы” талдаган адабиятчылар анын лиризмин жогору баалашты, лиро-ро��антикалык повесть дешти, өзгөчө “Август түнү” окуясын поэтикалык эпизод, прозадагы поэзия деп, чыгарманын бир дем менен окуларын өзгөчө белгилешти.
Бир айдын бестселлери. 2012-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести Улуу Британиянын эң ири Waterstones китеп сатуу тармагы тарабынан август айынын эң мыкты китеби катары табылган. “Жамийла” Айтматовду жана кыргыздарды, кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан чыгарма. Повесть орусча чыгары менен бүт дүйнө жүзүнө которула баштады, кыргыз деген эл бар экенин, Айтматов деген жазуучу чыкканын дүйнө окурмандары биле баштады, жазуучуга да зор канааттануу берди. Кыргыз адабиятынын дүйнөлүк аренадагы арымы дал ушул чыгарма менен башталды.
Данияр менен Жамийланын сүйүүсү көркөм өнөрдүн башка формаларында жашоосун улантты. Кинодо “Жамийла” деген фильмди 1969-жылы Поплавская тарткан. Оператору – Кадыржан Кыдыралиев. Жамийланын ролун Наталья Аринбасарова, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов, Сейиттин ролун Насредин Дубашев ойногон. Дагы бир фильм 1994-жылы Моника Теубер (Кыргызстан, Германия, АКШ) тарабынан тартылган. Театрда повесттин негизинде Нурмаханов инсценировка жазып, Абдыкалыков сахналаштырган. Операда 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында Раухвергер музыкасын жазган “Жамийла” операсы ушул повестин негизинде коюлган. Музыкада казак композитору Илья Жакановдун “Даниярдын ыры”, “Жамийланын ыры”, Бек Борбиевдин “Жамийла” деген обондору ырдалып жүрөт.
Жамийла менен Даниярдын кийинки жашоосу уланып жатат.Каармандардын повесттен чекити коюлгандан кийинки тагдыры тууралуу да чыгармалар жазылды. Мурзапар Үсөн “Сейит” деген повестинде (“Ала-Тоо” журналы, 2016, №10) Москвадан санавиация менен Казакстанга келген Сейиттин ал жерден Данияр менен Жамийлага жолугуусу баяндалат.
Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, 12.08.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/17/tenti-orokchiev-k-z-m-tir-s-nd-altyn-kazynadagy-maekterim-kitep-bolup-chyksa-dejm/
Тенти ОРОКЧИЕВ: «Көзүм тирүүсүндө «Алтын казынадагы» маектерим китеп болуп чыкса дейм»
Tumblr media
– Тенти аба, эртең менен Ботаникалык бакта чуркап жүрүп, быйыл 80 жашка чыгып калыптырсыз. Сексендеги карылык кандай экен? Али деле чуркап жүрөсүзбү?
– Карылык адамды моюн сундурбай койбойт экен. Азыр чуркабайм. Деген менен мурдагыдай күн сайын эрте туруп, бакты аралап, эски Көк-Жар конушуна чейин барып, бир-эки сааттай жөө басып келем. Бир күнү бара жатып баскан кадамымды санап көрдүм. Төрт жарым миң. Ары-бериси 9 миң кадамдын тегерегинде. 5-6 чакырым болот. Жайында үйдөн саат таңкы беш жарымда чыгып кетем. Азыр, кыш күндөрүндө саат жетиде чыгам. Үйүбүз Э.Гиреев атындагы ботаникалык бакка жакын, Иса Ахунбаев атындагы көчө менен Жапар Шүкүров атындагы көчөнүн кесилишинде. Кытайдын макалы бар: «Алтымыштан ашканда ай сайын, жетимиштен ашканда жети (апта) сайын, сексенден ашканда саат сайын карыйсың» деген, анын сыңарындай, сексенден ашкан жайыбыз бар. Ал эми, орустар «движение – жизнь» дейт, кыймылдап, ден соолугумду сактаганга аракет кылып жатам.
– Бул күндөрү эмне менен алек болуудасыз?
– Иш көп. Чыгармачылык иштер. Бирин улантып жатып, чарчай баштасам, башкасын алып, жаңы дем менен кыйласын жазып салам. Жакында Кыргыз Республикасынын баатыры, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун кызы Назира мага кайрылды. «Байке, атам менен классташсыз, бир журналист кыздын «Классташтар» деген рубрикасы бар экен, ал ошого макала жазып берсинчи де�� өтүнүптүр» – дейт. «Болуптур», – деп жазууга киришип кеттим. Таштанбек – жердешим, сегиз жылдыкты чогуу бүтүргөнбүз. Аным макала эмес, узун очерк болуп жатат, бир китептик. Жакында аяктайм. Ичинен каалаган үзүндүсүн алышаар. Мурда да, скульптор Тургунбай Садыков тууралуу макала жазып баштап, ал макалага батпай, китепке айланган. 240 беттик кылып чыгарганмын. Бул да ошондой боло турган түрү бар. Негизгиси, юбилейиме карата мүмкүнчүлүк болсо, атайын 2 томдук жыйнагымдымаектеримди жана ырларымды өз алдынча, болбосо, экөөнү бириктирип, 1 томдук чыгаруу ниетим бар. Ушуга кол-жазма түрүндө сакталып турган радиомаектеримди жана жарыялана элек ырларымды даярдоодомун.
Эң башкысы, быйыл – улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. 1978-жылы Айтматовдун 50 жылдыгы Советтер Союзундун учурунда бийик деңгээлде белги-ленип жатканда кыргыз радиосунун тапшырмасы менен Чыкеңдин тууган жери Шекер айылына Бишкектен барып, маек уюштуруп, кыргыз радиосунан дароо уктурганбыз. Ошондон тартып 2008-жылы ал кишинин көзү өткүчө 21 радиоуктурууну даярдаганмын. Ар бири жарым, бир, бир жарым, эки сааттык маектер, көркөм баяндар. Айрымдары кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» алынган. Бирок, ташка (кагазга) басылгандын орду бөлөк, китепканаларга таралат, бирөөлөр издесе таап алат, ушул дүйнөлөрүм жарык көрсө, Айтматовдун 90 жылдыгына да, өзүмдүн 80 жылдыгыма да сонун белек болмок.
Карылык деген кыйын экен. Өмүрүңдүн өтүп жатканын сезип, «бул өмүрдө эмне кылдым» деп көп ойлоносуң. Жүрүп-жүрүп келип эле жок болуп кетет экенсиң. Көзүмдүн тирүүсүндө жыйган-терген кол жазмаларымды китеп кылып чыгарып, корректурасын өз көзүм менен окуп, редакциялап, элге калтырып кетсем деймин. Кыргыз радиосунда иштеген учурумда 300 сааттан ашуун радио маектерди эфирге чыгарыптырмын. Китепке басылса 10 томдон ашат. Кыргыз радиосунун «Алтын казынасында» 250 сааттан ашкан маектерим сакталып турат.
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылганмын «мурда жарык көрбөгөндөрүнүн ичинен тандап алып, эң болбосо, 2 же 3 томун чыгарып бергилечи» деп. «Акчабыз жок», – дейт.
Эми, Кыргыз Республикасынын Президентине кат жазып, кайрылсамбы деп жатам. Мен катардагы көп жазуучулардын биримин. Бирөөлөргө керек, бирөөлөргө керек эмес экенмин. Ал эми Айтматов жана башка да кыргыздын улуу инсандары менен жүргүзгөн маектерим элге, келерки муунга керек экендигине ишенем. Радиодон угуп жатышкан замандаштарым бул туурасында жылуу пикирлерин билдиришүүдө.
– Тенти аба, оозду куу чөп менен сүрткөндөй да эмессиз. 2014-жылы «Улуулардын сөзү – акылдын көзү», 2016-жылы «Аталар сөзү – теңирдин деми» (Залкарлар менен маектер), 2017-жылы «КТРКнын кыштарын кынашкандар» деген аталышта ра-диомаектер, көркөм очерктер жана макалалар топтомуңуз китеп болуп жарык көрүптүр. Булардан мурда да элибиздин адабий, маданий ишмерлери жөнүндө жазган китептериңиз жарыкка чыгыптыр.
– «Турар» басмасы 2011-жылы «Асылдардан асыл сөз» деген даректүү баяндарымды 500 нуска менен 500 беттик китеп кы-лып чыгарган. Анын жарык көрүшүнө толук демөөрчүлүк көрсөткөн басманын директору Тилек Мураталиевге дагы бир жолу терең ыраазычылыгымды билдирем. Өзүмдө 1 гана даанасы калды. Сага эстеликке бере албайт да экем. Китепке Кусейин Карасаев жана Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон үч-үчтөн, Касымалы Баялинов, Александр Игнатьев, Темиркул Үмөталиев, Мамасалы Абдукаримов, Зияш Бектенов, Асылбек Алтымышбаев жана башка кыргыздын асыл инсандарынан бир-бирден маектери кирген.
«Улуулардын сөзү – акылдын көзүн», аты узун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Материалдарды даярдоо жана полиграфия башкармалыгы демөөрчүлүк кылып чыгарып берди. 150 даана болсо да, ка-газга түшүп калганы үчүн Кыргызпатенттин жамаатына жана ошол кездеги жетекчилигине абдан ыраазымын. Ушул китебим элге кеңири маалым болбогондуктан, өзүмдү өзүм жарнамалоого аргасызмын. Бул жыйнак да уникалдуу. Анда Турдубүбү Тыныстанова, Аалы Токомбаев, Токтоболот Абдымомунов, Азамат Алтай, Тенти Адышева жана башка инсандар менен жүргүзгөн маектерим оруналган. Баса, мында келерки жылы 95 жылдыгын атап өткөнү жаткан, өз гезитиңер – адегенде 1924-жылы Ташкент шаарында «Эркин Тоо» аталышы менен жарык көргөн «Кыргыз Туусуна» тиешелүү Кусейин Карасаев менен болгон «Эркин Тоону» кантип чыгарганбыз» деген маегим бар.
«Аталар сөзү – теңирдин деми» жыйнагымды, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия чыгарып берди. Мында да К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков, З.Бектенов сыяктуу улуу инсандар жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун жубайы Турдубүбү Тыныстанованын эскерүүсү жана башка мурда жарык көрбөгөн маектерим бар. Теңир жалгасын, Улуттук комиссия Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын утурлап дагы бир маектер, радиоэсселер, көркөм баяндар жыйнагымды басмага даярдап жатат.
– «КТРКнын кыштарын кынашкандар» жыйнагыңыз мурда ар кандай аталып келген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) 30-40 жылдан иштеген инсандар жөнүндө экен. КТРК демөөрчү болгон чыгар.
– Кайдагы демөөрчүлүк. Муну КТРКнын 80 жылдык юбилейине арнап даярдай баштаганмын. 2011-жылы. Ар кимдер «жардам берели» деп убада берген. Майнап чыкпаган соң өзүм чыгардым. 2016-жылдын аягында жарык көрдү.
– Жыйнактаг ы биринчи маек Абилезим Ниязов менен турбайбы. Ал киши менен жолугушуп да, телефон аркылуу баарлашып да турупсуз. Каржы тартыштыгынан китептин чыкпай жатканын кулак кагыш кылдыңызбы?
– Айткан эмесмин. Андай ой менде такыр болгон жок. Анткени, биз советтик тарбияда өскөн адамдарбыз. Мындай китептерди чыгарууга мамлекет, тактап айтканда, КТРК милдеттүү болчу, совет мезгилинде, бул мыйзам ченемди көрүнүш эле. Илим Карыпбековго кайрылганымдын себеби – ушул. Китеп чыккан соң, аны апарып бергенимде Абилезим Ниязович аябай ыраазы болду. Абилезим ага кыргыз радиосунда 1954-жыл-дан баштап кырк жыл эмгектенген. Ал киши – диктор, мен – радиожурналист, көп жылдар чогуу иштештик. Абилезим Ниязовичти чыныгы интеллигенциянын каймактарынын бири десем болот. Жүрүм-туруму, адамгерчилиги бардыгыбызга үлгү болду. Кыргызстандан СССР телерадиокомитетинин улуттук тилдерде радиоуктуруу боюнча «кесипкөй диктор» макамын алгач ирет алган – Абилезим Ниязов. Былтыр август айында дүйнөдөн кайтканын билесиң. Жөнөкөйлүгү ошол – 1959-жылдан баштап Кыргызтелерадиокомитетинин дикторлор корпусуна жетекчи болду, комитеттин директору Асанбек Токомбаев менен 21 жыл бирге иштешиптир, эмгек сиңирген деген наамы жок экендигин жерге койгондо билдим.
– Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылсам деп жатасыз. Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Абилезимович Ниязовго кайрылып көрбөйсүзбү.
– Бул этикалык жактан туура болбой калат. «Атаңыз менен чогу иштешкенмин, китепке чыгарганмын» деп айтмакмынбы? Чыңгыз Айтматовго тиешелүү мурастарга мамиле мамлекеттик маанилүү иштердин катарына кирет. Ошондуктан мамлекет башчыга сөзүм жетсе дейм. КТРКнын азыркы жетекчисине өпкөм кара казандай. Радионун «Алтын казынасындагы» маектеримди күн сайын, кээде күнүнө эки ирет эфирге чыгарат. 2-3 минуталык маектер эмес, 1 сааттык, 2 сааттык
маектер кетип жатат. Мүмкүн, «Алтын казынага» кирген дүйнөлөр мекеменин менчиги чыгар. «Калемакы төлөнөбү, төлөнбөйбү? Кыргызпатентке кайрылып жөн-жайын билип албайсызбы?» деген кеңешти ар кимдер айтып жатат. КТРКдан күн сайын өзүмдүн маегимди өзүм угуп, сүйүнүп, бир жашап калам. Ушул жерде бир нерсени кошумчалап койсом дейм. Радиоуктуруунун чоң баалуулугу – угарман маектештин өз үнүн угуп жатат. Канча жыл мурда өтүп кеткен адамдардын да үнү тасмада жазылып, кийинкилерге мурас болуп калды. Дегинкиси, телерадио жетекчилиги абалыбызды сурап да койбойт. Акчага муктаж эмесмин. Шүгүрчүлүк. 16 миң сом пенсия алам. Мурда «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» кезимде 8 миң сом пенсия алчумун. 2011-жылы «Даңк» медалын алган соң, пенсиям эки эсеге көбөйгөн.
– Тенти аба, ыр китептериңизди кошкондо жыйырмадан ашуун китебиңиз жарык көрүптүр. Кыргыз радиосунда отуз жыл иштеп, андан кийин «Манас» радиосу , «Манас жаңырыгы» телерадиокомпаниясы менен иштешип, «Таберик» аттуу телеберүүнү алып барган жана башка элибизге сиңирип жаткан эмгегиңизге карасак, «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» же «Кыргыз Республи-касынын Эл акыны» деген ардактуу наамга татыктуу болуп калгандайсыз. 80 жылдыгыңызга карата КТРК же Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, андан соң жогорку жактагылар көңүл буруп калаар. Менин жеке пикиримде, жогоруда аталган төрт радиомактер жыйнагын Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына сунуштоого татыктуу сыяктуу.
– Сый-урматты, атак-наамды ким жек көрөт? Артында аты калат. Бирок, зат калганы андан да жакшы. Чыңгыз Айтматов жана башка чыгаан инсандар менен мурда жарык көрбөгөн радиомаектерим китеп болуп басылса, мен үчүн чоң олжонун бири – ошол.
“Кыргыз туусу”, 13.02.2018-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/15/ofeliya-oroshon-talant-ele/
Офелия орошон талант эле
Tumblr media
Кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон бир муун залкар режиссерлордун көзү өтүп кетти. Алар башка кесиптердегидей жүз-миңдеп саналышчу эмес. Колдун манжасындай аз болчу. Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев Медербек Назаралиев, ��рменбек Токтогулов, Адылбек Дыйканбаев, Искендер Рыскулов… Ал убакта көрүүчүлөр театрга батпай, билеттер эрте сатылып, ар бир жаңы спектакль орчундуу окуяга айланчу. Офелия Эркинбаева ошол үзөнгүлөш иштеген курбалдаштарынын арасындагы жалгыз аял режиссер эле. Бир муун залкарлардын акыркысы, көзү тирүү көзүрү болчу. Тилекке каршы, Офелия эже быйылкы жылдын август айында, 80 жашка чыккан курагында оо дүйнө салып кете берди. О.Эркинбаеванын көзү өтүшү менен ошол бир муун режиссёрлордун тизмеси үзүлүп калды. Кайран дүйнө, кайталангыс таланттардын баарын “болчу” деп, өткөн чак менен эскерип отурабыз. КР эл артисти, даңазалуу режиссер эжебиз 60тан ашык дүйнөлүк, орус жана улуттук классикалык чыгармаларын сахналаштырды. Онго жакын пьесанын автору болду. Ал европалык үлгүдөгү атамекендик театр искусствосунун өнүгүшүнө жарым кылымдан ашык мезгил кызмат өтөдү. Эми минтип, баары тизилип учкан каркыралардай катарын бузбай өтүп кете беришти. Аларды эскерип туруу биздин милдет.
  1-апрелдеги “өч алуу”
Бир жылдары Офелия эже менен Кыргызстан театр ишмерлер союзунда бирге иштеп, ага жакын болуп калдым. Ошондон болсо керек, кээде ээрчип алып, өзү тууралуу бир нерселерди сүйлөтүп алчумун. “Эже дагы айтып бериңизчи”, – деп кызыктуу кептерин угуудан тажабас элем. Ал азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеп жүргөн кези. Таң эртең менен жумушка келе жатса, көчөдөн бир жигит: “Эжеке, сиздин капчыгыңыз түшүп калды” дейт. Ал артын караса, “Бүгүн 1-апрель эмеспи” деп, күлүп басып кетет. Эже театрга жүгүрүп кирип келип, дароо аксакал актерлорду чогултат. “Акебайлар, дейт демигип, Борбордук Комитет жактан жакшы кабар уктум. Компартиянын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары Т.Усубалиев өзү кабыл алып, сүрсүп жаткан наам-сыйлыктарды берет окшойт. Аттуу-баштууларды келсин дептир. Кокуй тезирээк баргыла, кечиктиңер”, – деп шаштырып калат. Актерлордун айрымдары, үйүнөн орден, медалдарын алдырып, кээси такси чакырып чаап барып, кара костюм, ак көйнөктөрүн кийип келе коюшат. Бири эжени: “Угуп алып эмне эрте айткан жоксуң?” деп каарыйт. Жүрөктөрү дүкүлдөп, эргип шашкандардын он чактысы БКга жетип барышса, ал жердегилер чакырган эместигин айтышып, жолго салышат. Офелия эженин ал жоругун башкалары угуп алышып, “Окебай, ушуларды абдан туура кылдың. Өчүбүздү бир алып бердиң”, деп, кыткылыктап күлүшөт. Ал эми БКга баргандарга: “Ар дайыма наам-сыйлык сурап, даттанып бара берип көнүп калган жериңерге жарым саат отуруп келишсин, ак үйдөгүлөр арызчыларды сагынышкандыр деп ойлодум”, – деп 1-апрелди эске салып кутулуп кетиптир.
  Бакен Кыдыкееванын “өрдөктөрү”
Гезитте иштеп калган жылдары деле Офелия эже менен маектешип калчумун. Бир ирет: “Бакен Кыдыкеевага коомчулук улуу актриса гана эмес, адамгерчилиги дагы бийик экенин айтып келишет. Мындай баа ага эмнеликтен берилген?”, – деп сурап калдым. “Мен анда Т.Габбенин “Альманзордун сыйкырдуу шакектери” чыгармасын репетиция кылып жаткам, – деп, сөз баштады ал. – Бакен эже канышанын ролунда болчу. Залда театралдык студиянын студенттери отурушкан. Репетиция бүтөр замат бир жакка шашып жаткан Бакен эже бир бутафорияны буту менен тээп чыгып бараткан. Мен аны дароо токтотуп: “Бакен эже, кайра кайрылып, тиги оокатты колуңуз менен көтөрүп, ордуна коюңуз. Ал тетрдын мүлкү эмеспи”, – дедим. Бакен эже болсо: “Ии, шашкалактап жатып, көрбөй тээп алган турбайымбы. Кечирип койгула айланайындар”, – деп кечирим сурады. Ошол жетимишинчи жылдары мен жаш режиссёр болчумун. Ал эми Бакен эженин даңкы ай чапчып турган кези эмес беле. Мүмкүн анын ордунда башка бирөө менин өзүмдү “ордума ортургузуп” коймок. А чынында улуу адамдар гана кектебейт, кечирим суроого эрки жетет. Ошол эле күнү кечинде чарчап театрда отурсам, Бакен эже келип: “Жүр, Окебай, кыздарды чогулт, өрдөктөргө түшүп ойнойбуз”, – деп, шаңкылдап күлүп калды. Ал театрдын жанындагы Панфилов паркындагы өрдөк кылып жасалган каруселдерге түшүп алып, кудум баладай ойногонду жактырчу. Ошентип кээде эжени ээрчип барып, өрдөк каруселдерге түшчүбүз”, – деп эскерген.
  Жамановду жылан менен коркутуп
Залкар актер Сыдыкбек Жаманов жаш кезинде тоодо чөп чаап жүрүп, чарчаганда чалкасынан жатып уктап калыптыр. Бир кезде анын төшүнө кулачтай болгон жылан сойлоп чыгып, оролуп жатып алат. Чочуп ойгонуп, жыланды “шарт” таштап жиберип, кутулууга үлгүрүптүр. Ошондон кийин, ал өмүр бою жыландан коркуп жүрүп өткөнүн айтып калышчу. Анын бул окуясын тамашакөй актерлор жакшы билишчү экен. Бир жолу Офелия эженин алты жаштагы уулу Медет дүкөндөн жыгачтан жасалган оюнчук жылан саттырып алат. Апасын ээрчип театрга келген бала аны менен актерлорду коркутуп ойной баштайт. Ошол учурда ал кездеги жаш актерлор Имаш Эшимбеков менен Тургун Бердалиев экөө тамаша кылмакчы болуп, балага: “Тээтиги байкеңди барып коркутуп кел”, – деп, Жамановду көздөй жиберишет. Жаманов: “Айланайын, бул кимдин баласы эле менден ары алгылачы”, – деп, чуркаган боюнча театрдын фоесин аралай качат. Оюнчук экенин көрүп турса да “чын жыланга окшоп жатпайбы”, – деп, жүгүрүптүр.
  Апамдын тарбиясы
– Апамдын көпчүлүк убактысы жумушта өтчү. Ошого карабай колго лагман чоюп, бешбармак, палоо жасап берүүгө түн болсо да убакыт тапчу, – дейт, режиссёр эженин уулу Эрик Тургунбаев. – Апамды ээрчип алып театрга барганды жакшы көрчүмүн. Анткени, ал жакта спектаклдерге колдонулчу жыгачтан жасалган сонун кылычтар, автоматтар, пулемёттор турчу. Булар мага чыныгы буюмдай сезилип, “мага ойноого беришсе”, – деп кыялданчумун. Декорациянын, бутафориялардын өзгөчө жыты болот. Бала чакта мага ошол сырдуу, кызыктуу атмосфера абдан жакчу. Спектаклдин каармандарынын сонун кемер курларын көрүп алып, “Кандай бактылуу адамдар ушуну курчанышат болду экен”, – деп ойлочумун.
– Апам агам экөөбүздү катуу кармап тарбиялады. Башталгыч класстарда окуп жүргөн кезим болчу. Бир классташым экөөбүз сабактан качып, “Люкс” дүкөнүнө бардык. Ал жерден мага оюнчук машина абдан жагып калды. “Кызыл машинаны сатып алсам, үйгө алып барып полго дырылдатып ойносом”, деп кыялданып кеттим. Мектепке келсек биздин класс физкультура сабагында экен. Кийим которчу бөлмөгө барып, классташ балдардын чөнтөгүн “тазалап”, тыйын-чакаларын алып жатканбыз. Ошол учурда уурулугум кармалып калып, ал кабар апама жетти. Эми мени кур менен далыман шапалак алат го деп жүрөгүм түштү. Апам кечинде тамакка отурганда, “Эми сени театрга алып барганымда ал жердегилер Офелиянын баласы ууру дешет”, – деп коркутуп айтты. Апамдын бул сөзү мага октой катуу тийди. Театрдагы Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу дөө-шаа артисттер “Офелия Эркинбаеванын уулу ушундай экен да…” деп, жаман көрүп жатканын элестетип жибердим. Ойлоп алып, уятымдан жүрөгүм “зырп” этип кетти. Көрсө, режиссер адам, адамдын жан дүйнөсүнө таасир эте турган жагдайды дароо табат турбайбы…
Апам драматург авторлор менен чыгар-маны талдап иштегенде эркектей болгон тике карап айтма курч мүнөзү сезилип турчу. “Бул пьесаңды сахналаштырууга болбойт. Мени кыйнабай алып кете бер. Сценадагы окуя конфликт аркылуу чечилиши керек. Анысы жок эле, былжыратып сүйлөтө берипсиң”, – деп айтып салчу. Төлөмүш Океев “Кызыл алма” фильмин тартып жаткан жылдар экен. ��ыңгыз Айтматов тасманы тартуу учурунда келип көрүп: “Мен мындай жазган эмесмин, ��ул жерден чыгармамды чойгулап жибериптирсиңер”, – деп айтыптыр. Анда улуу режиссер Океев: “Чыкемдин быша элек алмасын бышырайын деп жатсам да жакпай койдум”, – деп коёт дейт. Айтматов кийин көрүп алып, “Деги силерге, режиссерлорго арга жок экен”, деп, ыраазы болуптур. Анын сыңарындай, апам да далай авторлордун чыгармасын чогуу бышырышып, сахнага алып чыкты. Миң кырлуу, миң түрлүү түйшүгү бар чыгармачылыктын табияты ушундай экен, – деп эскерет эженин уулу Эрик Тургунбаев.
  Улуу актердун кичине ролу болбойт…
Бир жылдары кыргыз драма театрына иш менен барып калдык. Режиссер эже чоң залда Советбек Жумадылов менен кайсы бир спектаклдин эпизодун иштеп жатыптыр. Жумадылов болсо: “Азыр, капа болбой турчу. Кайра кайталайм”, – деп, кайра кирип-чыгып жатты. Иш аяктаган соң режиссер менен сүйлөшүп турдук. Ошондо Офелия эже: “Бул Сокебиз чыныгы улуу актер. Кечээги спектаклге көпчүлүк сценага артта найза көтөрүп турууга жаш балдар жетпей жатты эле, Бообек Ибраев: “Соке, капа болбой чыгып берчи”, – десе, Советбек костюм, паригин кийип келип туруп берди. Анда: “Кечээ келген баладай тигинде турганы эмнеси?”, – дегендер да болду. Эже бул тууралуу: “Кичине роль жок, кичине актер бар”, – деген ушул. Ар бир адам өз ишин жан дили менен сүйгөндө гана максатынын сересине жете аларын айтып калчу эле.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 23.11.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/09/kyrgyz-taanuu-taryhchy-osmonaalynyn-tegi-kim/
Кыргыз таануу: Тарыхчы Осмонаалынын теги ким?
Tumblr media
Сүрөттө: Бүбүш Осмоналиева, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.
Кыргыз тарыхынын көмүскө кала берген барактарына арналган түрмөктө бул жолу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыков; 1875–1942) тек-жайы тууралуу сөз болот.
Оболу башкы суроого кыска жооп.
Жакында интернеттеги макалаларымдын бирине пикир жазган бир окурман “Сиз тарыхчы Осмонаалынын атасынын атын эмнеге Сыдыков дебестен, Кыдык деп жатасыз? Же булар – башка-башка кишилерби?” деген суроо узатып калды.
Бул суроо бекеринен келип чыккан жок. Илимпоздордун соңку табылгалары калайыктын кеңири катмарына жетпей калган чакта, же чала-чарпыт дайын болгон учурда, албетте, айрымдар ар кыл аңыз кепти гана угуп, чаташа бериши мүмкүн.
Осмонаалынын атасы Кыдык – кыргыздын сарыбагыш уруусунун манаптарынын бири Абайылда баатырдын тукумунан. Тагыраак айтканда, Кыдык – Абайылданын 12 уулунун эң кенжеси болчу. Демек, эч кандай Сыдык эмес, дал ушул киши тарыхчы Осмонаалынын атасы болгон. Ал кезде Абайылда урпактарынын бири – жазгыч акын Молдо Кылыч Шамыкан уулу да буларга жакын тууган (төмөндө толугураак сөз болот).
Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (1875–1942) айкели. Кочкор кыштагы, Нарын облусу. 07.8.2014.
Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков; 1875–1942) өзү деле эмгегинде атасынын ысымын “Кыдык” деп таасын жазат, бирок китеп мукабасында автордун тегаты “Сыдыков” болуп калганы �� падышалык доордогу документтерге аты-жөнү орусташтырылып жана татарлардыкына окшоштурулуп, туура эмес жазылганына байланыштуу болсо керек.
Ал кезде Токтогулду деле Тухтакул деп, Ыбыке уулу дегенди Абукин деп, Орозбеко��ду Уразбеков деп, Шамыкан уулун Шамырканов деп, Элебести Лепес деп ката жаза беришкен.
Осмонаалы жети жашка келгенде атасы Кыдык көз жумат. Кадыр-барктуу агалары бар өспүрүм бала адегенде Кочкордо эле молдодон окуйт, 13 жашында Токмокко келет да, Шакир деген жадитчи татар калпадан таалим алат. Жадитчилер курулай Куран жаттатпастан, тарых, жаарапия (география), эсеп сыяктуу сабактарга да өзгөчө маани берген агартуучулар болгондуктан, алардын шакирттеринин көбү жакшы билим алып чыгышчу. Осмонаалы да көзү ачылат, ошондой жакшы билимдүү болот. Ынтаалуу жигит айрыкча тарыхка кызыгып калат.
Осмонаалы Кыдык уулу 1911-жылы Уфа (Башкортостандын борбору Өфө) шаарындагы Жогорку медресени бүтүргөн. 1913-жылы «Мухтасар тарых-и кыргызиййа» (Кыргыздын кыскача тарыхы”), 1914-жылы «Тарых-и кыргыз шадманиййа» (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) деген аталыштарда кыргызча жазган эмгектери Уфадагы (Өфө) басмадан арап арибинде таш басма (литографиялык) китеп болуп жарык көргөн.
  Тарыхнаамалык өңүт
Даңазалуу кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жөнүндө сөз кылууга келгенде улуу муундагы (сталиндик жазалоолор маалында жүрөгү үшүп калган) советтик тарыхчылар өзгөчө сараң болушкан. Анын Никита Хрущев заманында иш жүзүндө акталгандыгы деле рол ойногон эмес, анткени 1960-80-жылдары кыргыз тарыхын изилдөөчү тармактарды Кыргызстан Компартиясынын идеологдору өзгөчө көзөмөлдөп турушкан.
Ошонун айынан го, чамасы, айтор, Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жана чыгармачыл мурасы жаатында, чынын айтуум керек, КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде 1976–81-жылдары окуп жүргөндө эч кандай маалымат ала алган эмесмин.
Башка жерде тамашалап жазганымдай, 1930-жылдары Чоң Чүй каналынын курулушунда канча кетмен-күрөк колдонулгандыгы жөнүндө Кыргызстан тарыхы сабагынын олуттуу сынагынан так айтып берүүбүздү талап кылышчу, бирок Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков), Белек Солтонкелди уулу (Солтоноев), Эшенаалы арабай уулу, Касым Тыныстан уулу жөнүндө дарстарда жана семинарларда эч бир жолу сөз козголбоду.
Брежнев, Чапаев жөнүндө факултеттин окутуучулары коркпостон эле бир кыйла саясий анекдоттор айтышчу, бирок Осмонаалы тууралуу жок дегенде “эч кимге айтпагыла” деп бизге – жаштарга шыбырап коюшпаптыр. Себеби бизди окуткан муундагылар өздөрү деле бала чагында кыргыздын латын арибин үйрөнгөн, бирок кыргыздын арап тамгаларын өздөштүрбөй калган агай-эжейлер болчу.
Демек, арап арибин жана чагатай жазмасын билбеген көпчүлүк советтик тарыхчылар Осмонаалынын эмгегинин түп нускасынан да кабарсыз болчу. Арап тамгасындагы кыргызча китептер Бишкектеги борбордук китепканада да эркин колдонууга чыгарылган эмес.
Дал ошондуктан 1950–80-жылдардагы кыргыз совет тарых эмгектеринде Өктөбүр ыңкылабына чейин эле кыргызча эки тарых китебин арап арибинде жарыялаган бул чыгаан агартуучу жөнүндө жылуу сөз дээрлик айтылчу эмес.
1983–88-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда таалим алып жүргөнүмдө гана Осмонаалы Кыдык уулунун биринчи китеби колума тийген.
Осмонаалынын мурасын кайра жарыялап, ачык иликтөө жаатындагы жагымдуу желаргы советтик цензурага байланып-маталган Ала-Тоодон мурдараак КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) жетти. (Ал кезде маочул жана дэн сяопинчил Кытайды СССРде абдан жамандашчу. Көрсө, Дэн Сяопиндин реформалары коомду либералдаштыруу жагынан 1986-жылга чейинки СССРден кыйла алдыга кетиптир).
Дал ошол 1986-жылы кытайлык кыргыздардын көрүнүктүү тарыхчысы, ыраматылык Анвар Байтур (1938–1991) КЭРдин ШУАРынын борбору Үрүмчүдө Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармаларын бириктирип, арап арибинде кыргызча жарыкка чыгарды. Бул кабар Кыргызстанга саал кечигип жетти, бирок бул окуя Ала-Тоодогу айдыңдардын арасында “дүңк” эткен чоң окуя болду.
Калыстык менен айтсак, Маскөөдөгү горбачёвдук реформалык аракеттер 1986-жылдын ичинде эле Кыргызстанды жандантып жиберди дешке мүмкүн эмес эле.
Ошондуктан 1987-жылдын башында эле Осмонаалынын Үрүмчүдө кайрадан басылып чыккан китеби Бишкекте (ал кезде – Фрунзе шаарында) ачыктан-ачык жана жандуу иликтене баштады деп бүтүм чыгарууга мүмкүн эмес.
Анын үстүнө 1986-жылдын декабрындагы (бештин айындагы) Алматыдагы айтылуу кандуу Желтоксон окуяларынан соң, коңшу Кыргызстанда да “ашынган улутчулдарды” жана “эскичилдерди” издей башташкан. Кандайдыр бир саясий өнөктүк кылып, улутчулдарды зекип коюу керек эле.
Ошондо кыргыз этнографы жана тарыхчысы Сабыр Аттокуров (1932–2005) берилген коммунист экенине карабастан куугунтукка алынган. Ал эми алыск�� Ат-Башы жана Нарын жергесинде Казыбек казалчынын жашыруун таркалган ырларын тинтип жыйнатып, далай карапайым кишилердин үрөйүн учурушкан.
Чыңгыз Айтматов (1928–2008).
Бирок 1987-жылдын экинчи жарымы – 1988-жылдын башынан тартып Кыргызстандагы айдыңдар да акырындап баш көтөрдү. Аларга чыгаан жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, ж.б. туу болуп беришти. “Кыргызстанда кыргыз тили орус тилине тең ата болушу керек, бизге кош тилдүүлүк зарыл” деген айтматовдук ураан да улуттук аң-сезимди көтөрдү.
Дал ушундай жагдайда адабиятчылар, санжырачылар, тарыхчылар жана башка айдыңдар Осмонаалынын жана башка бабалардын мурасына жакындан кайрыла башташты.
Ошол кезеңдин – “Кайра куруулар” доорунун өзү айдыңдарга атуулдук жана романтикалуу бир күч-кубат берип, ар кимиси өз чөйрөсүндө, өз тармагында тың чыга башташты.
Дал ушул күрдөөл учурда, 1988-жылы декабрдын этегинде Ташкенден Бишкекке кайтып келдим. 1989-жылы маркум профессор Анварбек Хасановдун мааракесине арналган илимий жыйында “Жергиликтүү тарыхнаамадагы тарыхый салттарды изилдөөгө карата (Осмоналы Сыдык уулунун эмгектеринин мисалында)” деген темада илимий баяндаманы орус тилинде жасадым.
(Караңыз: Чороев Т.К. К изучению исторических традиций в местной историографии: (На примере трудов Осмоналы Сыдык уулу) // Исторические чтения: Тезисы докл. и сообщений науч. конф., посвящ. 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР проф. А.Х.Хасанова. – Фрунзе: Киргосун-т, 1989. – С. 41–43).
1988–89-жылдары ыраматылык тарыхчы агайым Бейше Урстанбеков (1938–1991) менен бирге “Кыргыз тарыхы” боюнча кыскача энциклопедиялык жыйнак түзө баштаган элек. Археология сабагынан дарс окуган, археология боюнча орусча-кыргызча сөздүк жарыялаган бул мээнеткеч жана патриот агайым да С.Аттокуров агайга байланыштырылып, жазыксыз кодуланган учурлар болду (анда мен Ташкенде элем).
Негизинен 1989-жылы жазылып бүткөн бул жалпылама эмгегибиз 1990-жылы гана Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан жарык көрдү.
Бул энциклопедиялык чакан жыйнакка мурдараак сөзгө алынышы эч мүмкүн болбогон темалар боюнча кыйла жаңы маалыматтар кирген. Сталинизмге жаңы баа берүүгө байланыштуу айрым макалаларыбызды цензура китепке коштурбай да койгон.
Ал эми Осмонаалы Кыдык уулу атаны советтик кыргыз мектептеринде тарых сабагын окуп жаткандар да билсин үчүн “Кыскача энциклопедиялык сөздүктө” өтө кыска ��олсо да төмөнкүдөй маалымат камтыганбыз:
“Осмоналы Сыдык уулу (1875–1940) – кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. О. да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет дооорунда Пишпектеги окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген. 20-жылдардын акыры – 30-жылдардын башында Кытайга кетип калган. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), 1915-ж. “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби м-н кыргызча кайра жарыяланган”.
(Караңыз: Урстанбеков Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.)
Бул маалымат – 1989-жылдын экинчи жарымына чейин колго тийген үзүл-кесил материалдардан топтолуп алынган эле. Кээ бир замандаштарыбыз Осмонаалы Кыдык уулу Кытайга аман-эсен качып барып, ошол жакта өлгөн экен да, – деп аң-таң болушкан. Айрымдар аны сталиндик ГУЛагда тындым кылынган деп жоромолдошкон экен.
Ал эми Осмонаалы Кыдык уулунун өлгөн жылы катары биз көрсөткөн “1940-жыл” деген дата туура эмес экендигин, иш жүзүндө ал 1942-жылы Кытайга караган тоолуу Текес өрөөнүндө Чекирти деген кыштагында оорунун айынан каза болгонун анын кыздары Шарипа жана Бүбүш эжелер кийинчерээк гана (пост-советтик доордо) илим чөйрөсүнө дайын кылышты.
(Караңыз: Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). – Бишкек, 2008. – 84 бет. – ISBN 978-9967-24-873-1. )
Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1937), “Кызыл Кыргыз тарыхы” эмгегинин автору.
“Кайра куруулар” доорунан тартып “Ала-Тоо” журналын жетектеп калган Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агайыбыз да улутубуздун мурда калыс баага арзыбай келген көрүнүктүү тарыхчылары Белек Солтонкелди уулу Солтоноев менен Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) тууралуу маалыматтарды калың журтка жеткирүүдө опол тоодой салым кошконун айта кетүү эп.
Ал “Ала-Тоо” журналындагы бай маалыматтарды, фолклордук мурас үлгүлөрүн, андан тышкары чыгыш таануучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана атайын жазылган эмгектерди “Кыргыздар” деген аталыштагы жыйнакка топтоп, басмага даярдады.
К.Жусупов жарыялаган “Кыргыздар” жыйнагынын алгачкы томунда биздин да Осмонаалы атабызга арналган макалабыз камтылды: Чороев Т. К. Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек: Кыргызстан, 1991. – 1-китеп. – Б. 61–67.
Кийинчерээк 14 томго ��еткен “Кыргыздар” жыйнагынын 1991-жылкы чыгарылышына ал кездеги жаш тарыхчы, азыркы тапта тарых илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Чалаке уулу Кожобековдун да Осмонаалы Сыдыков тууралуу макаласы кирген.
Тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Кожобеков тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармачыл мурасына арналган жыйында. Кочкор кыштагы. 07.8.2014.
Тарыхчы Кожобеков кийин да иликтөөлөрүн улантып, О. Сыдыковдун ишин 1958-жылдын 27-майында Кыргыз ССРинин Жогорку соту кайра карап чыгып, советтик Борбордук Азиядагы сталиндик “тройка” чыгаан тарыхчыга карата 1931-жылдын 13-мартында чыгарган өкүм туура эмес болгондугун белгилеп, маркумду толук актап чыкканын жазды.
(Караңыз: Кожобеков М.Ч. Oсмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына айрым тактоолор // Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi. Sosyal Bilimler Enstitüsü, 2005. – № 14. – S. 13–28.
Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.
Шакиртибиз, ал кезде КУУнун тарых факултетинин стажёр-изилдөөчүсү болгон Арслан Капай уулу Койчиев пост-советтик кыргыз таанууда Осмонаалы Кыдык уулу атанын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган алгачкы атайын китепчени жарыялаган.
(Караңыз: Койчиев А.К. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары” / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. – Бишкек, 1992. – 46 б.).
Ошентип, СССР биротоло ыдыраардагы акыркы жылдар жана эгемендик доорунун алгачкы жылдары кыргыз таануу үчүн Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) ишмердигин жана мурасын калыс таразалоо жаатында жаңы бурулушту камсыз кылган.
Мурда Осмонаалынын мурасына терс мамиледе болгондор кийинчерээк аны мактай баштаган учурга күбө болдук.
Кыскача жалпылаганда, Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) мурасын кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур сыяктуу тарыхчылар өткөн кылымдын 80-жылдарынын ортосунда эле иликтешсе, азыркы тапта ала-тоолук жана кытайлык кыргыз окумуштуулар ар тараптуу иликтеп жатышат.
Алардын арасында Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Дөөлөт Сапаралиев, Муратбек Кожобеков, Лайли Үкүбаева, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов, Арслан Капай уулу, Олжобай Каратаев, Темиркул Асанов, Мамбеттурду Мамбетакун, Азиза Турдуева, Аида Кубатова, Гүлзада Абдалова, Жумагул Байдилдеев, Акылай Жумагулова, ж.б. изилдөөчүлөр бар.
  Осмонаалынын ата-теги жана жакындары санжырада
Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) 1914-жылы жазган “Тарых-и кыргыз шадманиййа” (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) эмгегинде ал өзү эл кыдырып жүрүп чогулткан санжыралык маалыматтын каймагы жаңыртылып берилген.
Эмгектин маркум Шабдан Жантай уулуна (1839–1912) арналганын автор өзү да айрыкча белгилеген:
“…Биз бул китепти Шабдан баатырдын соңуна ��стелик калсын үчүн жаздык жана да кыргыз туугандарга кызмат кылсын дедик…”
Осмонаалы Кыдык уулу Памирдин батышындагы жана Ферганадагы ичкилик кыргыздардын санжырасы тууралуу маалыматты, балким, үстүрт билгендир. Бирок 1901-жылы Кашкарды кезген маалында Кызыл-Суу, Какшаал, Артыш, Кашкар, Ак-Тоо кыргыздарынын санжыралык маалыматтарын жеринен үйрөнгөн жана ичкилик кыргыздары тууралуу кыйла дурус кабардар болгон десек болот.
Осмонаалынын алгачкы китебинин 100 жылдык мааракеси. 2013.
Башка изилдөөчүлөр да белгилегендей, автор өзүн жалпы кыргыздын тарыхчысы катары санаган.
Биз жалпы санжыра маселесине анчейин тереңдеп отурбайлык да, тарыхчы жана санжырачы Осмонаалы Кыдык уулу бул китебинде өз атасынын ысымын “Кыдык Абайылда уулу” катары даана көрсөткөнүн баса белгилейлик.
Кыргыздын сарыбагыш уруусунун төбөлдөрүнөн болгон Темирдин урпактарынын бири – Черикчи. Ал эми Черикчинин тукумдарынын бири – Абайылда баатыр экенин санап берип, Осмонаалы андан ары баяндайт.
“Ал эми Абайылдадан Шербото, Нарбото, Төрөгелди, Шадыкан, Бекий, Кундак, Капсалаң, Асыл, Пазыл – булар Ботокөз байбичеден. Экинчи катындан – Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү – Субан деген энебизден Кыдык маркум жалгыз. Төркүнү жараш болгон үчүн Жараш эне дейбиз”, – деп жазган Осмонаалы Кыдык уулу.
Ал эми кыргыздын кийинки санжырачыларынын бири, маркум Жапар Кенчиев (1932–2006) болсо кыргыз таануучу Гундула Салк Берлинде жарыкка чыгарган санжырасында Абайылданын тукуму тууралуу Осмонаалынын маалыматын дээрлик толук кайталайт да, Кыдыктын энесинин чоо-жайын тагыраак белгилейт:
“Абайылдадан – Нарбото, Шербото, Төрөгелди, Шадыкан, Бакы, Кундук, Капсалаң, Асыл, Басыл. Бул балдары Ботокөз байбичеден. Экинчи аялынан: Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү Субан деген аялынан Кыдык деген жалгыз уул болгон. Төркүнү боюнча «Жараш эне» аталган. Анткени бул кишинин төркүнү саяктын ичиндеги Курманкожо уругунан тараган «Жараш уулунун кызы» экен. Ошондуктан Субан аты калып, «Жараш эне» атыгып кеткен экен…”
(Караңыз: Die Sandschyra der Sarbagïš von Japar Kenčiev / überarbeitet und herausgegeben von Gundula Salk. – Berlin: Klaus Schwarz Verlag, 2014. – S. 128.).
Осмонаалы үчүн өз санжыралык вариантында “жараш” генонимин эскертүү гана жетиштүү болгон, себеби сөз эмне жөнүндө болуп жатканын анын замандаштары, уруулаштары XX кылымын башында жаземдебей билишкен.
Ал эми Жапар Кенчиевдин маалыматы болсо XX кылымдын акыркы он жылдыгында кыргыздын уруу бөлүнүштөрүн мурдагыдай билбей калган пост-советтик окурман үчүн баалуу тактоо болуп саналат. Демек, Кыдыктын таятасы саяктардын жараш уругунан болгон экен.
Осмонаалы Кыдык уулу өз чыгармасында Абайылданын уулу Төрөгелди баатыр тууралуу баалуу маалымат калтырган:
“...Төрөгелди болсо Ормондон соң (анын) ордуна олтуруп журт башкарды… Ошол Төрөгелдиден Шамыкан (мында Шамыркан эмес, ШАМЫКАН! – Т.Ч.), Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара деп беш уул. Шамыкандан Молдо Кылыч акын”.
Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу америкалык көрүнүктүү ойлоп табуучу жана ишкер Томас Эдисон (Thomas Alva Edison; 1847–1931) тууралуу 1914-жылга чейин эле кабардар болгон.
Бул жагдайды “Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору Кудайберген Үркүнчү уулу Төрөгелди небереси жөнүндө сөз кылганда аңдайбыз:
“…Үркүнчүдөн – Өтөмбай, Кудайберген. Кудайберген бу дүйнөнүн доорун жалгыз өзү сүрдү десе болор. Жалаң ойун-тамаша үстүндө жүрдү. Эгерде-илимдүү элдин ичинде болгондобу, экинчи Адисон болмок (б.а. Эдисон. – Т.Ч.). Айла канча?!. Чымчыкка чымчык алдырчу эле, арген добуш, бир нерсе ойлоп таап алчу. Дагы айтайын десең тилиң жетпейт, такта үстүнө он төрт кыл тагып, герамафандай (б.а. граммофондуку сыяктуу. – Т.Ч.) күү чыгарып угузчу эле. Эми муну өзүнөн башка жан билбейт. Кайран жөндөм бошко кетти, соңуна сабак калбады”.
Мындагы такта үстүндөгү он төрт кыл – азыр да хакастар “чатхан” деп атаган музыкалык “жетиген” аспабына окшошуп кетет.
Тарыхчы Осмонаалынын эң улуу агасы Жаркынбай Кыдык уулу чоң молдо болчу. Ал Кочкордо мечит, медресе салдырган жана бир туугандарынын гана эмес, кеңири коомчулуктун билимдүү-таалимдүү болушуна өзгөчө көңүл бурган айкөл киши болгон.
Демек, СССР маалындагы адабиятта көп учураган “кыргыздар 1917-жылга чейин жапырт сабатсыз болгон” деген жоромолго дароо эле 100 пайыз ишене бербешибиз керек. (Албетте, сабаттуулардын саны азыраак болгону талашсыз).
Осмонаалы Кыдык уулу өзүнүн улуу бир тууганын жадитчи агартуучу жана демөөрчү катары өзгөчө урматтаган:
“...Кыдыктан – молдо Сабит, же молдо Жаркынбай ажы. Бу (жалаң гана) Темир уругу эмес, саяк, сарыбагыш тукумдарына чейин дин тааныткан, туура жолго салып, ыйман, ислам үйрөткөн, илим жолун көрсөткөн адам. Бу адам өз кадырын салып Мухаммедали дамбылданы алдырды. Мындан кийин шарият жолу билинип, ошондон илим окуу алга жылды. Талаадагы койчу, жылкычы дебей сабак окуй турган болду… Эми ошондой күндөгү элди ушу акыбалга жеткирген – молдо Жаркымбай”.
Мында өзгөчө маани берилчү жагдай – тээ падышалык доордо эле (болшевиктердин социалдык реформаларынан алда канча мурда) Жаркынбай ажы Кыдык уулу кедей-кембагалдардын өкүлдөрүнүн (“талаадагы койчу, жылкычы дебей”) сабатсыздыгын жоюу үчүн кам көргөндүгү.
Ал эми Жаркынбай молдонун эки иниси болгон:
“(Кыдыктын) экинчи уулу Чубуй, үчүнчү уулу Осмоналы, ушул тарыхты жазуучу, кейпи ушундай – кыргыз кыяпаттуу, башында тебетей…”
Осмонаалы өз эмгегинде өзүнүн фото сүрөтүн да тиркей кеткен.
Кыргыз санжырасын дурус иликтеп жаткан заманбап тарыхчы Рыскул Жолдошов Осмонаалы Кыдык уулу 1916-жылы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнө да уюштуруучулардын бири болуп катышканын тастыктап, аны “чаар Осмонаалы” дешкенин белгиледи.
“Чүйдөгү (1916-жылы июндагы. – Т.Ч.) жашыруун жыйынга катышкандардын арасындагы “Чаар Осмонаалы” дегени кыргыздын туңгуч тарыхчысы, өз мезгилиндеги интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Осмонаалы Сыдыков (Кыдык уулу) болушу мүмкүн.
Себеби Осмонаалы молдону “Чаар Осмонаалы” деп да аташкан жана ал Кочкордогу Абайылда болуштугунда жашап, ал жердин болушу Карыпбай жана атасы Канат ажы менен аталаш тууган болгон”.
Эми, “удулдан пайдаланып”, жадитчи Осмонаалы Кыдык уулунун бейнесин жакшылап таразалаганга огожо болгон анын айрым ыр саптарына токтоло кетелик.
“Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору жалаң байларды гана эмес, мүлдө кыргыз элин илим-билимге чакырган:
“…Заман башка, карап жатпа! Качпа илимден, башың катпа! Өнөр билгин, БАР болоорсуң, Карап жатсаң кар болорсуң!..”
“…Жана бар иликтирик чырак деген. Бир мүнөттө шаар ичи «жарк» деген. Тилископ, дүрбү чыкты үркөр көргөн, Тарууну бир төөдөн да үлкөн көргөн. Өнөр менен эчен зоот, кеме салган, Шолор менен кымбаттар арзандалган. Басмакана жана бар китеп баскан, Калкына өнөр менен маариф (“билим”. – Т.Ч.) чачкан.
Гезит, журнал маалымат ар тараптан, Аны окуп калайыгы көзүн ачкан. Өнөр менен муну бүт адам тапкан, Жалгыз-ак казак, кыргыз карап жаткан!..”
  Чыгыш Теңир-Тоодо баш паана табуу
Сталинизм доорунда манаптын тукуму болгон Осмонаалыны жалган жалаа менен 1931-жылы абакка кестиришет. Анан ал өлүм жазасына тартылмак болот. Бирок ал Чүй өрөөнүнөн Ташкендеги абакка айдалып бараткан жеринен өзүнө кол салган сакчыны мерт кылып, туткундан качып кутулуп, эптеп Кытайдын Кулжа аймагына жеткен.
1930-32-жылдардагы атасынын тагдырындагы капсалаңдуу окуяларды кызы Бүбүш Осмоналиева эже мындайча эскерет:
“1930-жылдары “эл душманы” деп жалаа жабышып, атамды өлүм жазасына буюрушат. Ошентип, Бишкектен Ташкент түрмөсүнө алып барышат. Ал түрмөдөн атамды чоң апам куткарып чыккан экен. Айылга келгенде Осмонаалы түрмөдөн качып келди деген сөз чыгарышып, Дөң-Алыш деген айылдан кайрадан кармап кетишет.
Жолдон заара кылганга да уруксат бербей коюшканда атамдын денесине заара тарап кеткен экен. Атам ѳтѳ кыйналганынан жанындагы кызыл чоктун (милициянын) мылтыгын тартып алып, аны мылтыктын кундагы менен чаап өлтүрөт да, Кочкорго келип, татар доктурдан дарыланат. Андан чыгып Сокулуктагы эжелериникине барып, 15-20 күнчө жүгөрүнүн арасына жашынып жашаган экен.
Андан соң үй-бүлөсү менен бирге Тажикстанга барат. Ал жерден да тажиктер “сенин окуганың китеп, жазганың барак, сен жөн адам эмессиң, кызыңды бер, болбосо оруска кармап беребиз” дешет. “Силерге кызымды бергенче кеткеним жакшы” деп Ошко келет.
Оштон “Осмонаалы милицияны өлтүрүп түрмөдөн качкан, аны кармагыла” деп куугунтукка алышат.
Элдер Алайдын Гүлчөсүнѳн атамдын алдына ат тартып качырышат. Ошентип, куугунтук токтобой, айласыздан Эркечтам аркылуу Кытайга жалгыз жөнөп кетет. Жолдон да көп азаптарды тартып, Жаныбек корбашыга кармалып, ал да атамды өлүм жазасына буйурат.
Бирок Жаныбек корбашы атам менен маектешкен соң анын кыргызды изилдеген илим-билимдүү киши экенин түшүнүп, аны сыйлап бошотот да, өзүнүн алтын таягын белекке берип, алдына ат тартат.
Жаныбекти басмачы, корбашы дешкени менен, ал билимди сыйлаган, кыргыздын таламын талашкан жөн адам эмес экенин атамды бошотуп жибергенинен билсек болот. Атам 1930-жылдан тарта 2 жыл Кашкарда болот. Ал жакка да артынан куугун бара берет.
Андан атам бир айлык жол жүрүп Кулжа-Текеске жалгыз кетет. Ортодо Муз-Ашуу деген зор ашууну ашкан экен. Кулжадан атам, 1935-жылы өз апам Гүлбарага үйлөнөт.
1936-жылы 26-июнда байкем, 1939-жылы 26-июнда мен төрөлгөм. Бул жакта, кыргыз жергесинде калган Алтынай чоң апамдан (атамдын биринчи аялынан) тапкан Шарипа эжем дагы 26-июнда төрөлүптүр. Аны Кытайдан келгенимде паспортунан көрүп алып, таң калгам.
Акырында баягы куугун Кулжага да барат. Ошондо куугундарга Жаныбектен алган алтын таягын берип акыры кутулган экен…”
(Булак: Бүбүш Осмоналиева: Тарыхыбызды тактаганга ѳмүрүн берген Осмонаалы Сыдык уулу (Капарбек уулу Чолпонбек жазып алган) // Көк асаба. – 13.5.2015.).
Ал кезде Үрүмчүдөгү кытай акимине каршы Шинжаңдын дээрлик бардык аймактарында, анын ичинде Кулжа аймагында да толкундоолор четинен башталып жаткан. Ушундай баш-аламандык шартта сталиндик жазалоочулар Чыгыш Теңир-Тоого к��рип-чыгып турушкан.
Ал түгүл айрым кызыл армия жоокерлери жана чалгынчылар (чекисттер) Шинжаңдагы ак гвардиячылардын калдыктарына окшош аскер кийимдерин кийинип алып, аймактагы улуттук боштондук кыймылдарынын өкүлдөрүн кытай бийлигине кошулуп жазалап турушкан.
Ошол кандуу 1930-жылдары айтылуу кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын (1918–2014) бир тууган агасы, манасчы жана агартуучу Балбай Мамай 46 жашында кытайлык абакта набыт болгон.
Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери. 1930-жж. башы.
Кудай жалгап, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Шинжаңдагы мындай опурталдуу сыноолордон аман-эсен калган. Артынан сари изине чөп салып Кулжага чейин кубалап келген жазалоочуларга Жаныбек казы Сагынбай уулунан белекке алган алтынды берип кутулганын кызы Бүбүш жогоруда эскерди.
Осмонаалы Кыдык уулу өз эмгектери үчүн мындагы арап арибин ырааттуу колдонгон кытайлык кыргыз жамаатынын урмат-сыйына татыган. Акырында ал Теңир-Тоонун чыгышындагы бийик тоолуу ажайып жерде – Текестеги Чекирти деген айылда 1942-жылы кайтыш болгон.
  Сөз аягы
Абайылда баатырдын уулу Төрөгелди – айтылуу Ормон хан Ниязбек уулу 1842-жылы негиздеген хандыктын аскер башчысы, андан соң өз чөлкөмүнүн журт башкаруучусу, падышалык оторчул бийликке каршы чыккан манап катары тарыхта калып, атасынын даңкын каарман жоокер жана журт башчысы катары уланткан.
Ал эми Абайылданын небереси (б.а. анын кенже уулу Кыдыктын кенжеси) Осмонаалы молдо болсо агартуучу, тарыхчы, санжырачы, 1913–14-жылдары кыргыз тарыхына арналган эки китепти жарыкка чыгарган айдың катары кыргыз элинин сый-урматына жетип, бабаларынын атын эч кандай курал-жараксыз усул менен, жыгач калем жана сабаттуулук жолу, демек, агартуучунун тынч нугу аркылуу түбөлүккө калтырды.
Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 19.01.2018-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/04/manas-kylymdar-sanzhyrasy/
«Манас» – кылымдар санжырасы
Tumblr media
Ак кар баскан Ала-Тоонун боорунда бир төөнүн эки өркөчүндөй чогуу жашап, эриш-аркак күн кечирген казак менен кыргыз тарыхтын узун кербенинде үзөңгүлөш да, үндөш жүргөн. Ошондуктан Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматов, Кенен менен Осмонкул, Жамбыл менен Токтогул, Чокон Валиханов менен Боронбай сыяктуу эки элдин чыгаан уулдары төш түйүштүргөн. Тарыхы гана эмес, тагдыры да катар өрүлгөн боордош журтту бириктире турган касиет-баалуулуктар аз эмес. Ошолордун бири жана уникалдуусу – «Манас» дастаны.
  Алаш ураандуу алп Манас
Казактын улут устаты Ахмет Байтурсун уулу баатырлар дастаны тууралуу «Мурунку жортуулдук заманда эл дене эсебинде болгондо, баатырлар жан эсебинде болгон. Элдин баатырлары кандай болсо, элдин руху да ошондой болгон» деп жазган. Учу-кыйыры жок Улуу талааны, эбегейсиз мейкиндикти ат туягы менен багындырган, күндүн батышына дуулдап жортуп, дүйнөнүн келбетин алда канча жолу өзгөрткөн баатыр бабаларга жор��ктагы акындар күч-жигер берсе, каармандык эпос ар-намысын камчылаган. Эпикалык акыл-эстүү көчмөнгө эл камы үчүн от менен сууга түшүүгө тайманбаган каарман эр-азамат үлгү болду, ошентип кылымдар алкагында жоокер түркүлөр арасында кынтыксыз кейипкер – баатыр культу калыптанды.
Тууган жерди кыраан куштай коргоп, тууган элин боз торгой жумурткалаган байманалуу өмүргө баштай турган жеңүүчү баатыр бейнесин чоң ышкы менен ырдаган жомокчу – ырчылардын мартабасы качан да жогору болгон. Бардык көчмөн элдердин орток мурастары «Коркут ата китеби», «Огузнама», «Манас» сыяктуу улуу эпосторубузда Байкалдан Балканга, Алтайдан Альпы тоосуна чейин жорткон жоокер элдин шаңдуу жоругунун жөнөкөй сүрөтү гана эмес, элибиздин руху, терең акылмандык ой жүгүртүүсү катар сакталган. Ошол себептүү түркү элдери ааламда теңдеши жок телегейи деңиздей эпосту жаратты, акындыгы менен даңкы чыгып, адамзат маданиятына асыл казынаны белек кылды. Ошол берметтердин ичинен Гиннестин рекорддор китебине кирген «Манас» ырынын түгөл түркү үчүн баасы өзгөчө зор экендиги белгилүү. «Манас» – кыргыздын улуу эпосу гана эмес, түркү элдеринин эпикалык мурасынын да алпы. Телегейи деңиз бул дастандын көлөмүнө дүйнөдө бир да бир эпикалык чыгарма теңдеше албайт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдон жазылып алынган ырдын көлөмү 250 000 саптан турат. Бул Фирдоуси «Шахнамасынан» 2 эсе, Гомердин «Илиадасынан» 16 эсе көп. Ага Саякбай Каралаевден жазылып алынган Манастын баласы менен небересин бейнеленген «Семетей», «Сейтек» ырларын кошсоңуз, тоону козголто турган, деңизди толкута турган, токойду үргүлөтө турган акындыктын көркөм кудуретин тааный аласыз.
Энциклопедиялык сыпаттагы, эпикалык тыныштагы эпостун аркы башаттары өтө тереңден тамыр алат. «Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен» деп эсте жок эски замандан санжыра баштай турган дастан Манасты:
«Артык тууган Манастын, Аркы атасы – Карахан. Карахандан тараган. Киндик каны тамган жер, Алтай деген жер экен», – деп тааныштырат. Ошентип аркы Алтайлык тамырдан башат алып, түпкү тегин Карахан, Огуз хан менен байланыштырган алп Манас жаалданган бир маалында:
«Атам – Жакып, Манасмын, Аркы уругум – Алашмын!» –
деп улуу бабаларына сыйынат.
«Алаш, алаш болгондо, Ала тай ат болгондо, Тамгасыз тай, энсиз кой болгондо» деген уламыш сөз казак, кыргыз, каракалпак сыяктуу бир атадан тараган калктарга орток ураан болгон. Ошондуктан дастанда:
«Аркы атабыз Алаш – деп, Намысыңа талаш!» – деп, Алты жүз аргын, найманды, Эт тартууга жайлады. …Түбүнөн бөтөн тууппу, Түрктү кудай уруппу?! Алаш хан экен атабыз, Алышпай кантип жатабыз», – деп Алаш ураанын туу кылып көтөрөт. Ошондой болгондо, учурда жүз жылга толгон Алаш автономиясынын урааны Алаш хан менен Манас баатыр заманынан жалгашып, урпактан-урпакка жеткени доо туудурбайт. Бул өңүттө тарыхий ырлар, уламыштар, санжыраларды жүйөлүү өздөштүрүү аркылуу ата мекендик тарыхтын дарек корун байытууга болот. Тек гана «Манас» ырынын өзүндө түгөл түркү элдерине тиешелүү канчалаган тарыхий окуялар, жер-суу аттары, түп-теги бир кейипкерлер бар десеңизчи.
Эгер «Манас» эпосун адамзаттын акыл-ой казынасына кошулган алп мурас десек, ушул ырдын өзөгүндө баатыр бабаларыбыз тууралуу өмүр таржымалдарынын өрүлүп, саймаланганын байкайбыз. «Манас» ырында жалпы алты Алаштын, түгөл түркү элинин биримдиги даңазаланат. Тек гана кыргыз тарыхына тиешелүү гана эмес, казакка байланыштуу да көптөгөн маалыматтар, даректер келтирилет.
«Ортоктош болгон нойгут бар. Аркасы тийген найман бар, Коңшулаш жүргөн коңурат, Үйүрлөш жүргөн үйшүн бар. Аралашкан алчын бар, Аргындан Каракожо бар», – деген саптар эпос менен этностун бирдиктүү организм экендигин көрсөткөндөй. Ошондуктан төл тарыхыбызды чет өлкөлүк саякатчылардын жол жазмалары менен архивдерден гана издебей, каармандык ырлардан, алтын уламыштарыбыздын аркагынан издөө, эс-тутумубузду жаңылоонун бир жолу болсо керек. Бул өңүттө акылман элибиз жараткан ооз эки адабияттын үлгүлөрүн тарыхий дарек иретинде колдонуу, илимий изилдөөгө айландыруу – бүгүнкү күндүн талабы.
  Инсандар таалими
«Манас» ырын алгач ирет жазып алып, ааламга тааныткан көрнөктүү чыгыш таануучу окумуштуу, сейрек жаралган инсан Чокон Валиханов болсо, аны олуттуу изилдөө объектиси кылган, советтик зыяндуу идеологиянын кызыл отунан чабалекейдей канаты менен суу сээп коргоп, капаста калтырып койбой кайра жарыялануусуна жол ачкан Мухтар Ауэзов болчу.
Чокон Валиханов жазып алган эпостун бир көркөм бөлүгү «Көкөтөйдүн ашы» ыры узак жылдар бою тарых коюнунда жоголуп кеткенде, аны көз майын чырак кылып, таап алган, ырга экинчи өмүр тартуулаган академик Алкей Маргулан болду. Ошентип, казак элинин үч алп инсаны дүйнөдөгү эпикалык чыгармалардын алпы, түркү элдеринин сыймыгы «Манас» ырына бекем коргон болду. «Манас» ырын Чокон 1856-жылы Ысык-Көл экспедициясында Каркыра жайлоосунда өткөн жыйындарга катышып жүрүп, Боронбай бийдин айылында жазып алат. Бул тууралуу Чокон «Жунгария очерктери» аттуу эмгегинде: «Манас» – кыргыздардын бардык мифтеринин, жомокторунун, уламыштарынын бир мезгилге келтирилген жана бир адамдын – баатыр Манастын айланасына топтоштурулган энциклопедиялык жыйнагы. Бул талаа «Илиадасы» сыяктуу нерсе. Кыргыздардын жашоосунун түрү, үрп-адаты, адеп-ахлагы, географиясы, диндик жана медициналык билими, алардын эл аралык алакасы бул зор эпопеяда чагылдырылуусун тапкан» деп баа берет.
Академик Алкей Маргулан чыгыштын жарык жылдызы, окумуштуу Чокон жазып алган ырдын тили чечен, көркөмдүгү орошон чырайлуу болушуна казак менен кыргыздын боордоштук, туугандык сезими өзгөчө таасир кылганын далилдеп, дастанчы Чокон Валихановго ак пейили менен аңтарылып, ал эми В. Радловго келгенде басаңдап калгандыгын айтат: «Кыязы эки окумуштуу да бир ырды бир ырчыдан (Назар) жазып алганга окшойт. Мазмуну жагынан эки жазманын ортосунда артык ажырымдык жок. Ажырым ырчынын тек гана кандай эргүү менен айтканы, жазып алуучунун кандай ыкма колдонгондугу менен билинет. В.Радловдун жазып алуусунда айрым көркөм сүрөттөр менен катар, ырдын агымы жүйөлүү түрдө баяндалбай, кээде үзүлүп, кээде кыбырап калат. Чокондун жазуусундагы буркураган жыттар, көркөм бейнелер мында сейрек учурашат. Кыязы, Чоконго ачкан жан сырын ырчы В.Радловго ачпаган, куулукка салып, «Көкөтөй» ырынын көп жерлерин калтырып айткан, анын ичинде Көкөтөйдүн насыят сөзү такыр жок. Көч жолу, аш берүү, ашка чакыруу, аттарды сыноо сүрөттөрү Чокондун жазып алганындай кенен айтылбай, кыска-кыска чарпып жазылган».
Кеңеш өкмөтү доорунда «Манас» эпосун илимий жактан изилдөөнүн пайдубалын кеңейткен атактуу сөз зергери, залкар жазуучу Мухтар Ауэзов болгону бардыгыбызга маалым. Ал Чокон Валихановдун чыйырын жаңылап, Манас таанууну жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөт. Кеменгер Ауэзов Ыбырай Абдрахмановдун Сагымбай Орозбаковдон жазып алган эпосунун нускасы менен алгачкы жолу 1928-жылы Фрунзеде таанышат. Академик-жазуучунун Манас таанууга кошкон чоң эмгектеринин уникалдуусу – «Киргизский героический эпос «Манас» деген көлөмдүү изилдөөсү. Монографиялык эмгектин биринчи нускасы 1934-жылы пайда болгон. Автор ар кандай саясий-идеологиялык тоскоолдуктарга байланыштуу анын өзөгүн өзгөртпөй, ар жылдары редакциялоо аркылуу эселеп өңдөп, болоттой курч кылып, өткүрдөй түшкөнү байкалат.
Бул фундаменталдуу изилдөөсүндө М.Ауэзов эпикалык мурасты түгөл түркүлүк мейкиндикте изилдегенде гана чыныгы натыйжага жетүүгө боло тургандыгын баамдап, концептуалдык сонун ыкма сунуштайт. Ырды Күлтегин, Тону-Көк мурастары менен бирдиктүү изилдөөнү сунуштап, эпостун чыгуу тегин эзелки Кыргыз хандыгы менен жуурулуштурат.
«Манас» эпосунун пайда болуу доорун атайын бөлүм кылып талдап, бул эпостун алгачкы сюжети IХ-Х кылымдардагы Кыргыз каганаты доорунда жаралышы мүмкүн деген пикирди билдирип, маанилүү идеяны сунуштайт. Ошондой эле, жалпы түркүлүк баатырдык эпос сюжеттеринин эски үлгүлөрү Орхон-Енисей тексттеринен башат алуусу мүмкүн деген пикирин билдирип: «Таш жазууларда Күлтегин эпостогу каармандардай жеңилүүнү билбеген баатырлардай болуп чоңоет. Баяндоодо хронологиялык ырааттуулук сакталган: Күлтегиндин он алты жаштан кырк жети жашка чейинки негизги эрдиктери, өмүрүнүн акыры сүрөттөлөт. Мында баатырдык эпостун сюжетине окшоштук бар» деп жазат.
Ошентип «Манас» ырынын көөнө түркүлүк тамырына илимде алгачкы ирет жарык түшүргөн кеменгер окумуштуу 1952-жылы 8-июнда Фрунзе шаарында өткөн жаңжалдуу талкууда «Манас» ырын идеологиялык чабуул жасагандардан билимдүүлүк менен коргоп, анын өмүр сүрүшүнө кепилдик алып берди. Москвадан «Манасты» зыяндуу, буржуазиялык, динчил, калкка жат эпос деп жарыялап, эпосту жок кылууга өкүм чыгарганы келген профессор Александр Боровков баштаган топ максатына жете албай калды. Ошол күнү «Манас акталды!» деген сүйүнүчтүү акжолтой кабар Фрунзеден ашып, бүткүл боордош элди кубантты. Мынакей, бул да Мухтар Омархан уулунун айкөл жазуучу гана эмес, алаштын азуулуу көк жалы экендигин көрсөтүүчү дагы бир мисал.
Эл башчынын демилгеси менен курулган Эл аралык Түркү академиясы агайын элдер арасында алтын көпүрө болгон касиеттүү мурастар менен чыгаан инсандардын чыгармаларын жайылтып, таалим берүүнү алдыңкы муун улут кеменгерлеринин жолун бүгүнкү күнгө жалгап, аброй менен аткарып келет. Академия чоң көлөмдөгү «Манас» энциклопедиясын жана «Манас» сөздүгүн жогорку сапат менен жарыкка чыгарды. Бул – руханий биримдикке өбөлгө. Мынакей, миң жылдыктардын санжырасындай – “Манас” дастаны. Манасты кайта, кайта окуйлу.
Дархан КЫДЫРАЛИ, Эл аралык Түркү академиясынын президенти, “Кыргыз туусу”, 23.11.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/02/16/shekerdin-suusu-da-tashy-da-ajtmatov-dep-s-jl-g-nd-j-bolushu-kerek/
Шекердин суусу да, ташы да Айтматов деп сүйлөгөндөй болушу керек
Tumblr media
Айтматов Шекер жөнүндө
“Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элесте��ээрим бышык. Анткени менин башатым – ушул Шекер, ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин”. (Чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы, 8-том. 5-бет)
* * *
“Шекер айылыма көп барам, эки-үч каттабасам көңүлүм толбой турат. Туугандарым келин алат, кыз берет дегендей, жакшылык-жамандыгы аралаш бул дүйнөдөн өткөндөргө топурак салуу – ал дагы парз. Айтор көңүл тартып турса шылтоо табылат да. … ар булактын чордону бар сыңары, мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу алакандай борбору болот эмеспи. Менин Мекеним – Шекер айылы. Биздин Шекер турган орду да мал-жанга жайлуу, суу башында, Таластын жон-арка тоосунун этегинде , эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө” (3-том, 280-бет).
“Теңир тоо падышасына” тоодой сый жарашат
Ар бир адамдын жүрөгүндө өз айылынын кичинекей сүрөтү жүрөт деген экен бир акылман. Улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматов өз айылын жүрөгүндө гана сактабастан, чыгармалары аркылуу Шекердин ажайып сүрөтүн ааламга даңаза кылды. Айтматовдун чыгармалары аркылуу бүгүн Шекерди бүт дүйнө билет, анын “шекерлик” каармандары дүйнөнүн окумал журтуна жакшы тааныш. Дүйнө канчалык кең, канчалык ар башка жана кайталангыс сезилбесин Шекерде жашаган адам менен тээ Лондондо жашаган адам үчүн түпкү маанисинде бүгүнкү турмуш жана келечек үчүн көйгөй да, өксүк да бир, жашаган жери жана жашоо деңгээли ар башка болушу мүмкүн, бирок адам баласынын өзүнөн келип чыккан кесепеттердин залакасы да бир. Ошон үчүн Айтматовдун Шекердеги каармандары баарына тааныш, жакын жана көңүлгө кыт куйгандай уюп калат. Ошон үчүн жазуучу менен жөн эле баарлашкан адам же атайын суроолорун камдаган журналисттер да ар бир жолу Айтматовдон анын Шекери жөнүндө, андагы каармандар жөнүндө сурабай коюшкан эмес. Муну Айтматовдун россиялык жана башка чет элдик журналисттер, адабиятчылар менен маектерин окуган адам жакшы билет. Ал кайда жүрбөсүн Ата Журтуна сүйүүсү, кусалыгы ашып-ташып, Шекерге болгон сагынычын жашырган эмес.
Мына кыргыз журту, дүйнө коомчулугу Айтматовсуз 10 жылды өткөрдү. Бирок дагы 100 жыл өтсө да Айтматовдун ысы��ы ааламды чарк айланып жүрө берет. Ал өз таланты жана көрөгөчтүгү менен адамзат үчүн түбөлүктүү чыгармаларын калтырып кетти. Кытайдын таанымал жазуучуларынын бири Жаң Чыңжы Айтматовго «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, баасын берген. Ал Хемингуэй менен Айтматовду салыштырып: «Айтматовдун жаңы жана узакка жашай турган чыгармалары Хемингуэйди эски боюнча калтырып кете алды» ,- дейт (Макелек Өмүрбай, Кыргыз маданият борбору сайтынан алынды). Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 176 тилине которулуп, 128 өлкөдө китептери жарыкка чыккан. Ошончо чексиз аалам Айтматовду кандай жакшы билсе, ошончолук Шекер боюнча кабары бар. Анткени Айтматов менен Шекер ажырагыс. Дүйнөнү тамшандырган чыгармаларынын учугу мына ушул жерден уланган жана кайра айланып мына ушул жерден бүтөт. Шекер Айтматовду аздектеп келген адамдар үчүн аны менен жолугушчу жандуу эстелик болушу керек. Бул атагы таш жарган улуу талантка таазимибиз, ошол эле учурда улут катары намыстын иши деп эсептейм.
  Айтматовдун Шекер айылында
Бүгүн Айтматов арабызда жок. Бирок ал өзү айткандай “… Таластын жон-арка тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө” өзүнүн даңктуу уулун ааламга аттандырган Шекер айылы турат. Бүгүн Айтматовду сүйүп окуп, талантына таазим эткен окурмандар зыярат кылчу жер — мына ушул Шекер. Сөзсүз Айтматовдун өзүн таппай, сөзүн туу туткан адамдар аны менен жолугушууну самап, улуу сүрөткердин балалыгы өткөн, улуу жазуучунун сезимтал жаш жүрөгү турмушту таанып, адамдык улуу сезим-туюмдарга сугарылган Шекерге келишет. Акыркы эле 2-3 айдын ичинде Айтматовдун Шекер айылына Швециядан, Словакиядан, Америкадан туристтер, Швециянын жана Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси келип кетишкен. Шекерге буга чейин да алыс-жакындан туристтер агылып келип турушкан жана мындан кийин да келе берет. Эмки жылы Айтматовдун 90 жылдык маараке жылында дагы көбөйүшү мүмкүн. Бирок атайын алыстан ат арытып келген коноктор Шекерден кандай таасир алып кетет? Алар Айтматовго болгон көксөөсүн толтура алышабы? Келген ар бир киши Айтматовдун үйү кайсы? Башка дагы Айтматовго байланыштуу эмне бар деп сурашы турган иш. Азырынча Шекерде келген конокторго мактанып көрсөтө турган эч нерсе деле жок. Келген коноктор айылдагы маданият үйүндөгү музейди көрүшөт. Андан кийин айылдын четиндеги ачык асман алдындагы музейге барышат.
Айылдын маданият үйүндөгү Айтматовдун музейи айыл жериндеги катардагы эле музейлерден эч айырмаланбайт. Анын чындыгында музей макамы деле жок. Себеби, музей макамын алыш үчүн анда 460 экспонат — өздүк буюмдары болушу керек. Ал эми мында Айтматовго тиешелүү 22 гана буюму коюлган. Калганы бүт сүрөт-документтердин көчүрмөсүнөн турат. Ал эми ��йыл четиндеги бак ичинде ачык асман алдындагы музейде болгону Айтматовдун каармандарынын 16 таш эстелигинен башка эч нерсе деле жок. Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына 10 жылдын жүзү болду. Бирок ушул кезге чейин жергиликтүү бийлик ааламдык ысмы бар Айтматовго заңгыратып бир музей же көркөм комплекс салбай эле койсун, ошол ачык асман алдындагы музей деп аталган жайды карап, айлана-тегерегин тазалап койбогону өкүндүрөт.
  Жетекчи жетик болсо…
Ачык асман алдындагы музейге барган адам жакшы таасир алгандын ордуна шаабайы сууйт. Себеби, ал жер таптакыр кароосуз калган. Таш эстеликтерди чөп басып, айлана-тегерегиндеги бактардын бутактары куурап, арыраак жагында бак баштан аяк куурап да турат. Бул жерге быйыл экинчи келишим. Былтыр да атайын барып көрүп, өз таасирлеримди “Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек” деп макала жазгам. Анда айыл аймагынын башчысы Сүйүн Калыбеков Нарын тараптан келген кудаларын ошол жерде тосуп жатканынын үстүнөн чыккан элем. Быйыл бул жердин абалы былтыркыдан да начар, эч каралбаптыр. Ошол макаламда бул жерге бирөөнү алып келип, Айтматовдун ачык асман алдындагы музейи деп көрсөтүштүн өзү мен үчүн уят деп жаздым эле. Бирок айыл өкмөтү уялбайт экен, бул ирет аны издеп атайын айыл өкмөтүнүн кеңсесинен жолукканымда ал эч уялбай-этпей эле ал жердин абалы бизди толук канааттандырат деп айтып таң калтырды. Ал ошентип айткандан кийин кайра барып, ал жерди толук видеого тартып койдум. Кызыккандар болсо кайсы убак болбосун көрсөтүүгө даярмын. Чет мамлекеттен келген туристтер ал жерди көргөндө эмне ойдо каларын элестеткенде айтаарга сөз таппайсың. Жакында эле Америкадан келген тарых изилдөөчү, өзү кыргызча шуулдатып сүйлөйт экен дейт, бир эстелигиңер кыйшайып кулаганы калыптыр деп музейдин абалына ичи чыкпаганын жашырбаптыр. Дагы бир эстеликтин башынын үстү жарымынан кетилип сынып турат. Бирок баары эле ага окшоп терс таасирин ачыкка айта бербейт да. Словакиядан келген турист кызды ата-энеси биз карыдык жете албайбыз, жок дегенде сен Айтматовдун айылын көрүп кел деп жиберишкен экен. Ал кыз музейдеги китеп текчеден Айтматовдун чыгармалары словак тилинде басылган китепти колуна кармап, көзүнө жаш алды дейт музейдин кызматкери Анара Касымова. Ал кароосуз калган Айтматовдун каармандарынын эстелигин көрүп кандай абалда калды болду экен?.. Макул, атайын каражат жок дейли. Бирок, мектеп окуучуларын алып келип, куураган талдарды кестирип, чөп-чарын чаап, айлана-тегерегин тазалап койсо эмнеге болбойт?! Ал үчүн көп акыл, көп акча деле керек эмес. Эгерде ушундай ишти уюштура албаса, анда анын башка кылар иши эмне? Жетекчинин демилгеси, ишке ынтаасы болбосо, айылым үчүн, элим үчүн иштейин дебесе эмне жырга��ан иш бүтмөк эле? Айтматов менен жалпы кыргыз сыймыктанабыз. Ал эми шекерликтер эки эсе сыймыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү да экендигин Сүйүн мырза түшүнө бербейт көрүнөт…
А чындыгында демилгелүү, өз кызматынын маани-маңызын сезе билген намыскөй жетекчи болсо, Шекер минтип көп айылдын бири катары сумсайып турмак эмес. Шекер башка айылга окшобошу керек, анткени ал Айтматовдун айылы. Айтматов көзү тирүүсүндө Шекердин киндигин ааламга туташтырып, тааныткан. Эми Айтматовду аздектеген окурмандар анын айылын издеп келе беришет, келе беришет. Кудайга шүгүр, демилгелүү адамдардын аракети менен мамлекет тарабынан да колдоо болуп, 15 гектар жерге ири маданий-эс алуучу комплекс куруу маселеси чечилгени жакшы иш болду. Шекерди Айтматов аркылуу дүйнө тааныгандай эле Шекер да келген а�� бир адамга Айтматовдун элесин эске салган, ташы, суусу, дарагы, баары Айтматов деп сүйлөгөндөй ыйык жерге айланышы керек.
  Австриядан алынып келинген унаа
Айылдагы Күркүрөө маданият үйүнүн директору Саматбек Рыспаев Айтматовдун Австрияда элчи кызматында минип жүргөн “Ягуар” автоунаасы боюнча бир кызыктуу маалыматты айтты. Мелис Турганбаев министр болуп турган кезинде атайын Шекерге келип, айылдыктарга кубанычтуу кабары менен бөлүшөт. Көрсө ал Айтматовдун автоунаасын Бишкекке алып келиптир. Эми аны Шекерге алып келүү оюн айтат. Бирок кийин белгилүү болгондой ИИМдин балансынан аны түз Шекерге өткөрүүгө болбогондуктан ТИМдин балансына өтөт экен. Эми ошол жактан өз жол-жобосу менен өзүңөргө алып алгыла дейт ал. Саматбек Рыспаев бул боюнча тиешелүү мекемелерге каттарды жазат. Бирок ушул кезге чейин ал машинадан дайын жок. Угушума караганда Ата-Бейитке коюу маселеси каралып жаткан окшойт, — дейт Саматбек Рыспаев.
Эң башкысы генерал Мелис Турганбаевге рахмат, анын күчү менен Айтматовдун унаасы Бишкекке алынып келиптир. Бул генералдын мекенчилдиги жана адамдык бийик сапатынан кабар берет. Болбосо бул иш анын кызматтык милдетине кирбейт эмеспи. Ал эми 4-5 жылдан бери айыл аймагынын башчысы Сүйүн Калыбеков кайсы иши үчүн өзүнө канааттанып отурат деп таң каласың. Мен аны менен сүйлөшүп жатканда шашып жатканын айтып, ордунан тура качкысы келип араң отурду. Иштегиси келбеген адамга шылтоо көп, а иштейм деген адамга кыларга иш көп болот да…
  Айтматовдор жашаган үй кайсы?
Айтматовду аздектеп анын туулган айылына ат арытып келгендер үчүн чыгармалары боюнча атайын маршруттарды түзүп коюу жергиликтүү эле бийликтин колунан келе турган иш. Интеллектиси бийик, идеяга бай жетекчи болсо чыгармачылык менен иштеп жоктон бар кылмак. Мисалы, ачык асман алдындагы музейдин аймагында “Чыңгыз булак” бар экен. Минтип айтылып калышынын себеби Чыңгыз Айтматовду “эл душманынын уулу” деп пионерге кабыл албай коюшканда ал ушул булакка келип, атам болгондо мени минтишмек эмес деп ыйлап, ичиндеги бугун чыгарган экен. Ал эми ушундан көп алыс эмес жерде кадимки Ысмайылдын үңкүрү жатат. Так эле бутуңдун түбүнөн чыгып жаткансып күрүлдөп Күркүрөө суусу агып жатат. Ал турсун туристтер Жамила менен Даниярдын сүйүүсүнүн күбөсүндөй болгон Маймак станциясын да эстеп, кайда деп сурашат экен. А Дүйшөндүн мектебичи? Мына ушул сыяктуу туристтер кызыккан жерлердин айлана-тегерегин оңдоп-түздөп, чыгармачылык менен ылайыгына жараша кошумча-алымчасын жасап окшоштуруп койсо келген адамдарга кызыктуу болуп, Шекер менен таанышуусуна кошумча мазмун жана көрк бербейт беле дейсиң…
Ал эми Шекерге келген адам Айтматовдун жашаган үйү кайсы деп сөзсүз сурайт. Мага да кызык болду. Бирок жок, ал качан эле жок болуп кеткен да деген кайдыгер жоопту угасың. А бирок Айтматов кайда жашаганын бир эскерүүсүндө өзү: “Атамдын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйү ушул кезге чейин сакталып турат. Бул үйдө кыйла мезгилдерден бери эч ким жашабайт. Бирок бир кезде биз, апам жана анын төрт баласы ушул үйдө тирилик кечирчүбүз. Башыбызга кыйын күндөр түшкөндө апам ошол жепирейген үйдөн: “Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет! Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи!” деп Манас-Ата тарапты жаңсап көрсөтөөр эле”, — деп 1978-жылы жазган экен. Ошол жерди Айтматовдун үйү кылып койсок болбойбу?! Эгерде жок болуп кетсе окшоштуруп жасап койсок эмне кудай алдында күнөөлүү болобузбу?!. Азыр да кеч эмес, муну жасашыбыз керек. Дүйнө коомчулугу рухий пайгамбар катары кабыл алган Айтматовдун туулуп-өскөн айылында жашаган үйүн, балалыгынын изи калган жерди көрсөтүп бере албасак, бул биз үчүн кечиримсиз иш.
  “Чыңгыз ордо” комплексинин курулушу тездетилсе
Ооба, Айтматовдун айылын издеп алыс-жакындан келген адамдар үчүн азырынча көңүл толгондой көрүнүш жок. Бирок айылдагы намыстуу уулдардын аракети аркасында Президенттин, Өкмөттүн колдоосу менен 15 гектар жер аянтын ээлеген жерге “Чыңгыз ордо” маданий комплексин куруу маселеси чечилди десек болот. Депутат Рыскелди Момбеков, айылдык активист Сейдакпар Исмантаевдердин аракети менен комплекс түшчү жер трансформациялоодон өтүп, комплекстин долбоору даярдалууда. Бул курулуш жазуучунун 90 жылдык мааракесине чейин бүтөт деп айталбайбыз. Айтматовдун адамзат үчүн актуалдуулугу 90 жылдык же 100 жылдыктар менен эле ченелбейт. Анын адамзатка калтырып кеткен мурасы кылымдар өтсө да маанисин жоготпойт. Андыктан кечигип болсо да улуу адамыбызга сый-урматыбызды көрсөтүп, анын туулган жерине көргөндүн көзү сүйүнүп, көңүлү толгон өзгөчө бир эстелик болчу иш жасоо аракети болууда. Айтматовдун Шекерине атайын зыяратка келген меймандардын көксөөсү толбой, бу кыргыз ушундай улуу адамын барктай албаган бир байкуш эл экен да деп көңүлү кайт кетпеши керек.
Бегим ТУРДАЛИЕВА, “Эркин тоо”, 13.07.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/08/29/gulliverdin-s-j-s-zhe-sydykbekovdun-anty/
Гулливердин сүйүүсү же Сыдыкбековдун анты
Tumblr media
Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз.
Биз, дем��йде, улуу инсан десе эле анын жасаган иштерин, аткарган кызматын, туулган жерин же алган сыйлыктарын эстей баштайт эмеспизби. Албетте, бул да маанилүү, бирок ошол улуу адамдардын адамдык нарк-насили, кишичилик сапаттары, ички турмушу, адамдык бейнеси же элеси өзүнчө чоң тема го.
Баарыбыз жатка билген, качан болсо тилибиздин учунда турган Касым Тыныстанов же Аалы Токомбаевди, Жусуп Абдрахманов же Баялы Исакеевди, Чыңгыз Айтматов же Алыкул Осмоновду эле алалычы. Биз алардын ички дүйнөсү, адамдык кайталангыс сапаттары тууралуу эмне билебиз? Билсек да өтө аз билебиз. Жазылган же оозеки айтылган аздыр-көптүр эскерүүлөрдү эсепке албаганда, алардын кыял-жоруктары, замандаштарына жасаган мамилеси, ички турмушу тууралуу жарытылуу маалыматтар дээрлик жок экен.
Экинчи бир маанилүү маселе, адам – бул тарых, доор деген нерсенин эң так жана эң даана күзгүсү эмеспи. Маселен, 19-кылымдагы европалык романтизм заманынын же же биздин эле кыргыз маданиятындагы «күмүш доордун» (60-70-жылдар) чыныгы жүзүн, портретин кантип аңдап-таанысак болот? Албетте, ошол доордо жашаган адамдардын кылык-жоругу, жүрүш-турушу, моралы, баалуулук системасы, күрөшү аркылуу. Ушул жагынан алып караганда атактуу жазуучу, кыргыз прозасынын чыныгы Гулливери — Түгөлбай Сыдыкбековдун адамдык бейнеси, кишичилик сапаттары, айрыкча үй-бүлө ичиндеги нарк-санаттары өткөн советтик доордун, керек болсо бир кездеги романтикалык мезгилдин кайталангыс күзгүсү сыяктуу туюлат.
Tumblr media
Түгөлбай Сыдыкбеков
Түгөлбай Сыдыкбеков он эки роман, бир нече ыр китеп жазып, чыгармачылык жолунда баш-аягы 60ка жакын китеп чыгарыптыр. 85 жыл өмүр сүрүп, эгемен Кыргызстандын эң биринчи баатыры деген наамга жетип, эл атасы деген бейформал абройго ээ болуп жүрүп, дүйнөдөн өттү. Албетте, 85 жыл деген оңой өмүр эмес, бирок ошол жашка жетүү үчүн жаш кезинен эле кургак учук, башкача айтканда, туберкулез менен ооруп жүргөн Түкөбүз кандай аракетин жасап, кантип ошол жашка жетти?
Баса, Түкөбүздүн өзүнүн бир эскерүүсүндө жакын курдашы Алыкул Осмонов да өзү сыяктуу туберкулез менен ооруп, экөө жолуккан жерде бири-бирине арманын айтып, «мен биринчи кетем», «жок, мен сенден мурун тиги дүйнөгө кетем» деп муңдашып калышканын айтат. Бирок бактысы бар экен, Түгөлбай Сыдыкбеков 85 жыл өмүр сүрүп, 1997-жылы каза болду. Ошол эле турберкулез оору менен ооруган Алыкул Осмонов болгону 35 жыл жашап, 1950-жылы дүйнөдөн өттү. Эң кызыгы, Түгөлбай агадан «катуу оорудан кантип айыгып, кантип аман калдыңыз» деп сураганда, эки нерсенин четин чыгарганы бар. Биринчиси — илдеттен айыгууга жасаган абдан чоң аракети жана экинчиси — өмүрлүк жубайы Асылгүлдүн эмгеги экен. Ырас, Түкөбүз медиктердин ичинен бир гана профессор Абрам Львович Брудныйдын айткан — дегенин ар дайым сөзмө-сөз аткарганын эскерген жери бар. (Балким, ошол себептен чүрөктөй болгон кызы Динара нечен артынан көлөкөдөй ээрчип, бирок тике сөз айтканга даабаган кыргыз жигиттеринин бирине эмес, ошол профессордун уулу Аарон Абрамович Брудныйга — жашы улуу болгонуна карабай турмушка чыгып кеткен чыгаар?)
Tumblr media
Түгөлбай Сыдыкбеков жубайы менен
Түгөлбай Сыдыкбеков менен Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз. Ошол легенданын эң жеткен чеги – Түкө өзүнөн мурун кеткен жары Асылгүлдүн бейитинин башында сөз сүйлөп, ошол сөзүндө: «Мен үчүн нике кайып деген нерсе ушу менен бүттү, Асылгүлдүн ордун эми эч ким баспайт, эми мен бу дүйнөдөн сыңар өтөм» деп ант берип ийгени болгон. Ошондо Түгөлбай аганын жанында турган жазуучу курбу-курдаштары «Кой Түкө, антип айтпаңыз, жашоо деген бүтпөйт, эми өзүңүздү ойлоңуз, бала-чаканы ойлоңуз» дегендей кылганда, «жок, эми мага нике жок, андан көрө Асылгүлдүн жанынан мага да орун калтыргыла, өлсөм Асыкенин жанына жатам» деп болбой койгон дешет.
Ошондон кийин Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз дагы бир таң кала турган ишти жасаганын Байтик айылында жашаган аксакалдар азыр да аңыз кылып айтып келишет. Жары Асылгүл жерге берилгенден кийин, Түгөлбай ага бейиттин жанына атайын чатыр тиктирип, ошол чатырда туура кырк күн конуп-түнөп жүргөн экен. Баса, Түкөбүзгө жайы­-кышы дебей кымыз берип баккан Асылгүл эжебиздин теги атактуу манап Канайга барып такалып, ошол Канайдан тараган дагы бир манап Өзүбектин чебереси болуп, кадимки Байтик Баатырдын жакын туугандарынан болгон. Асылгүл эжебиздин бейити азыр да ошол Өзүбек манаптын бейитинин жанында турат.
Тилекке каршы, Түгөлбай Сыдыкбеков агабыздан Асылгүл эже тууралуу жазып калтырган эскермелери өтө аз сакталып калыптыр. Ушул жагынан биз, кийинки урпактар, журналист жана жазуучу Тенти Орокчиевге терең ыраазы болушубуз керек го, себеби ал кыргыз радиосунун алтын казынасына жазып калтырган маектеринде Сыдыкбековдун ички турмушу тууралуу бир катар баа жеткис материалдар жана маалыматтар бар. Ошол радиомаектердин биринде Түкөбүз өмүрлүк жары Асылгүл тууралуу эки маанилүү эскерүүсүн калтырган экен. Биринчиси – Асылгүл эженин акылмандыгы жана адамда жок сабырдуулугу тууралуу эскерме.
— Бир жолу, деп эскерет жазуучу, Ысык-Ата курортуна эс алганы барып, кайра Фрунзени карай келатканда жаныма бир жаш келин отурду. Жолдо келатканда сөздөн сөз чыгып отуруп, тигил жаш келин бара турган жери алыс экенин, бирок Фрунзеге кеч жетсе, кай жерге төнөрүн билбей турганын айтат. Оюнда эч жаман нерсе жок Түгөлбай ага жаш келинге боору ачып, жүрөгой биздин үйгө түнөп кет деп, азыркы Москва көчөсүндөгү эки кабат үйүнө ээрчите келет. Бул эмне деген келин, кайдан сени ээрчип жүрөт деп такыгандын ордуна, Асылгүл эже эч нерседен шек чыгарбай, жылуу-жумшак мамиле менен тосуп, эртеси келинди жолго узатат. Асылгүлдүн чыныгы асылзат экенин ошондо бир билгемин деп эскерген экен Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз.
Экинчи бир эстен кеткис эпизод мындай болуптур. Бир жолу Асылгүл эжебиздин жакын эле туугандарынын бири каза болот. Эжебиздин төркүндөрүнө көз көрсөтүшкө туура келет. Бирок жазып аткан китебинин кызыгына кирип калган Түгөлбай ага азыр эле бүтө салам деп отуруп, баягы иш таптакыр эсинен чыгып кетет. Ошондо Асылгүл эже эшикти бир гана жолу кыңырайта ачып, бирок кайра экинчи тынчын алган эмес экен. Таарынган-таарынбаганын да эч бир билгизбептир. Бирок ошондон көп жылдан кийин Түкөнүн өзүнүн жакын тууганы каза табат. Ага барышка жаңы камданып атканда, жазуучу дагы бир нерсени карай койоюн деп, ошол бойдон баарын унутуп, күн кечине айланат. Ошондо гана Асылгүл эже «мен баягында сага бекер эле таарыныпмын — сенде эки эмес, бир эле жүз бар тура» деп илгерки таарынчынын четин чыгарган экен. «Асылгүлдүн асылдыгын ошондо да бир билдим» деп эскерет Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз.
Асылгүл эжеден кийин «Биздин замандын кишилеринин» автору чынында эч качан «төшөк жаңыртайын» деп ойлогон эмес. Улгайган чагында жалгыз калган Түгөлбай агага жердеши жана сырдашы Абдулхай Алдашев баштаган бир топ курбу-курдаштары бир эмес, бир нече жолу келип, картайганда кыйналасыз, эшиктен тосуп, этегиңизди жаба турган байбиче караштыралы дегенде, жазуучу «Асылгүл деген бу дүйнөдө мен үчүн бирөө гана, анын ордун эч ким баспайт» деп кайра жолго салган экен.
Түгөлбай ага 1997 — жылы кайтыш болду. Албетте, улуу жазуучуну акыркы жайына узатуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ошондо жазуучунун үй-бүлөсү Түгөлбай аганын акыркы каалоосу — сөөгүн Асылгүл эжебиздин жанына койгула деген керээзи болгону айтылды. Бирок мамлекеттик комиссия коомчулуктун пикиринен чочуп, ары кетип, бери кетип отуруп, жазуучуну Байтик айылына эмес, мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнүнө коюуну чечет. Ошентип, Түгөлбай Сыдыкбеков өмүр бою ыйыктын ыйыгы катары туткан өмүрлүк жары Асылгүлдүн эмес, башка адамдардын жанына жатат…
Ооба, ошентип Түгөлбай ага менен Асылгүл эже эки башка жерге коюлду. Кара сөздүн Гулливери өзүнүн жандан артык көргөн айымы Мэринин (Мэри Бертон – Гулливер алптын келинчеги) жанына жатканга буйрук болбоптур. Тагд��рдын жазганы, кудайдын буйругу деген ошо болсо керек го. Бирок«жалган дүйнө» эле эмес, «чын дүйнө» да деген бар экени туура болсо, анда ал экөө ошол жактан бири-бирин таап, кайрадан экөө баягы жаңы таанышкан кездегидей кол кармашып жетелешип, кайрадан чогуу жүрүшкөн чыгаар…
Түгөлбай Сыдыкбековдуни үй-бүлөлүк архивинен алынган сүрөттөрдү бул жерден көрсөңүз болот.
Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 25.07.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/08/27/dat-baspas-kalem-eesi/
Дат баспас калем ээси
Tumblr media
Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов 75 жашта!
Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов — 60-жылдары кыргыз адабиятында жаңы доорду жараткан калемгерлердин бири. Ал замандаш калемдештери поэзия жана прозада жаңы чыйыр салып, чоң аренага секирик жасашкан Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Омор Султанов сыяктуу залкар таланттардын көлөкөсүндө калбай, өз темасын, стилин таап, кара сөздүн чебери катары адабиятта өз ордун ээледи.
Ал мезгил менин студенттик курагыма туш келди. Көчкөн Сактановду ошол жылдары элдин сүймөнчүктүү “Ала-Тоо” адабий журналына жарыяланган “Аспиранттын аялы” аталыштагы повести аркылуу тааныдым. Кыргыз интеллигентинин үй-бүлөлүк турмушу чебер жана жаңыча сүрөттөлгөн бул повестти ушул күнгө чейин унутпайм. Чыгармадагы кыргыз адабияты үчүн жаңы каармандар, изденүүдөн жаралган өзгөчө стили жана каармандардын кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн ачып берген диалогдор мен үчүн да чоң адабий ачылыш болгон.
К.Сактанов жаңы актуалдуу темага биринчилерден болуп кайрылып, Кыргызстанда 60-70-жылдардагы жаңы каарман – кыргыз илимпозунун образын жараткан. Болгондо да, буга чейин адабиятыбызда калыптанып калган традициядан четтеп, жеке адамдын оң-терс сапаттарын, адеп-ахлагын жана ички толгонууларын иште, же коомдук жумуштарда эмес, үй-бүлөлүк жашоосунда чагылдырганы анын жазуучулук дараметин жана чыгармачылык жүзүн ачты.
Жазуучунун бул повестин 70-жылдары студент кезимде окуп, аябай таасирленгеним эсимде. Ушул макаланы жазып жатып, “Аспиранттын аялын” дагы бир жолу окуп чыгууну кааладым. Бирок, тилекке каршы, бул чыгарманы эч бир китепканадан таба албай койдум. Эгерде, повесть азыркы күндө да кайталанып басылса, өз окурмандарын табарына ишенемин.
Жазуучу ошентип алгачкы чыгармасы менен эле курмандарга таанылып, адабиятта жаңы ысым жаралганын айгинелеп койду. Жаш жазуучунун чыгармачылыгына көңүл бура башташкан күйөрмандарынын үмүтү акталып, Көчкөн Сактановдун 1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» аттуу алгачкы повести басылып чыкса, андан кийинки жарык көргөн: “Апама кат”, “Умтулуу” аңгемелер жыйнактары, “Адат азабы”, “Маркумдар үнү” романдары да окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.
Ар бир чыгармасында адамдын жан дүйнөсүн иликтеген, омоктуу ой-идея көтөргөн, окурманга жугумдуу сөз чеберчилиги байып, такшалып жатканы байкалчу.
Жазуучу кийинчерээк тарыхый темага ооп, кыргыз элинин башынан өткөн оош-кыйыш доорлорду көркөм чагылдырууга ыктаган. Көчкөн Сактановдун тарыхый темага ыкташына анын эл-жердин тарыхына сугарылган балалык чагы жана өз кыртышынан алыстабай дайыма тыгыз карым-катнашта болушу себептир. Ал бийик тоолуу Алай районундагы арча-карагайлуу, табигаты керемет Кең-Жылга айылында туулуп-өскөн.
Жазуучунун кичи мекени болгон Алай жергесинин өткөн тарыхы абдан бай, адам суктанарлык. Совет дооруна чейин азыркы Алайдын эле эмес бүтүндөй Ош обласынын аймагы Алай деп аталып бул аймакты Алымбек датка менен Курманжан датканын балдары беш болуштукка бөлүп башкарып келишкен. Элдин оозунда аңыз болуп айтылып калган бул тарыхый инсандар жөнүндө маалыматтарды эл арасынан жана тарыхый булактардан көп жылдар бою жыйнап жүргөн аракети “Курманжан Датка” аталыштагы драма жазуусуна түрткү болгон. Бул драма Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков менен биргеликте жазылып, Токтоболот Абдымомунов атындагы мамлекеттик академиялык драма театрында, .Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында жана Нарын театрларында коюлган.
Кыргыз мамлекеттик Академиялык драма театрынын ошол мезгилдеги адабий бөлүмүнүн башчысы Абибилла Пазылов мындай деп эскерет:
“Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактанов жазган “Курманжан датка” буга чейинки коюлган Курманжан датка боюнча спектаклдерден эмнеси менен айырмаланат? Бул спектакль Курманжан датка аркылуу ошол доорду, ошол убактагы саясий-коомдук турмушту кеңири элге бере алганы менен айырмаланат”.
Көчкөн Сактанов андан кийин да тарыхый теманы “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” аттуу чыгармаларында уланткан.
Эл-жердин тагдырына, басып өткөн жолуна терең кызыгуу, мекенчилдик сезими жана ал жараяндык жоокерчиликтүүлүгү анын журналистикалык ишмердүүлүгүндө да орун алган. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов өзүнүн бир эскерүүсүндө Көчкөн Сактановдун 80-жылдары “Ала-Тоо” журналына жарыяланган «Дарбаза» деген очерки Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БКнын бюросунда айыпталганын баяндаган.
“Кочкордон чыга бериште Дарбаза деген тоо бар. Автор очеркин ошонун атынан койсо керек. Ал очеркин автор Нарын облусунун мектептериндеги кыргыз тилин окутууга арнаса керек эле. Анда «Кочкордо үй саткысы келгендер «Дом продается» деп жазышат экен. Кокус, «үй сатылат» деп жазышса, чоңдор өчүртүп салат экен», — дейт Көчкөн Сактанов. «Кочкор-Нарын өрөөнүндөгү кыргыз мектептеринде ��ыргыз тилинен сабак берилбей калса, чоңдордун башы оорубайт. Эгер орус тили бирдеме болсо, баары дүрбөлөңгө түшөт экен» деп жазат. (А. Мониев, “Пресс.kg”13.11.2009-ж.)
Көчкөн Сактанов агай өмүр бою чыгармачылык күүсүнөн тайбай, өз өнөрүнө олуттуу мамиле жасоо менен чыгармалары менен адабиятыбыздын казынасын байытып келди. Анын көп сандаган окурмандары республикабыздын бардык аймактарында жашашса да, жердештери, алайлыктар, таланттуу жазуучу уулу менен өзгөчө сыймыктанышат. Бул чакан макаламды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарбашовдун сөзү менен аяктагым келет:
“Адабият маданият тармагында Алайдан чыккан алгачкы акын жазуучу жана драматург Айтмамат Үмөталиев, андан кийин чыккан көрүнүктүү жазуучу Кубатбек Жусубалиев, Көчкөн Сактанов, сынчы Кадыркул Даутов, таланты ташкындап турган жаш мезгилин Алай жергесинде эмгек өтөп маданият тармагын түптөгөн театр ишмери Мамат Жакыповдор учурунда республикага гана эмес, Союзга чейин таанылганына ар убак сыймыктанып келебиз”.
Зинакан Пасаңова, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.
  Маалымат үчүн:
Жазуучу, драматург К. Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош областына караштуу Алай районундагы Кең-Жылга айылында туулган.
Райондун борборундагы н 10 жылдык мектепти бүткөндөн кийин, Көк-Жаңгак шахтасында машинист болуп иштеген.
Ал 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүп, 1968-жылы Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда алгач кенже илимий, анан улук илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы (1980), “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор (1983), филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” радиостанциясында кабарчы, учурда Кыргыз Түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштейт.
Жазуучунун адабий чөйрөгө аралашуусу 1964-жылдан башталган. “Аспиранттын аялы”, “Уулума кат”, “Өч”, “Кумар азабы”, “Мурас” аттуу аңгеме-повесттери газета-журналдарга жарыяланган. Анын биринчи китеби 1968-жылы “Үчөөнүн жүрөгү” деген ат менен басмадан чыгып, ага удаалаш эле “Апама кат”, “Умтулуу”, “Адат азабы”, “Абат дүйнө”, “Мурас”, “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” аттуу аңгемелер жана романдар жыйнактары басмадан чыгып окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган.
К. Сактановдун “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам”, Т. Касымбеков менен авторлош болуп жазган “Курманжан датка” аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларынын сахналарында коюлган.
СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1979), ал 2002-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон. 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы берилген.
Азыр да жазуучу чыгармачылыктын үстүндө талбастан иштеп жатат. Анын бүгүнкү күндүн проблемаларын камтыган очерктери, макалалары, публицистикалык ой толгоолору күндөлүк басма сөз беттерине байма-бай жарыяланып келүүдө.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/24/asylbek-maratov-elmirbek-agajga-berilgen-syjlykka-ichim-achyshkan/
Асылбек Маратов: Элмирбек агайга берилген сыйлыкка ичим ачышкан
Tumblr media
Дүйнө жүзүндө эки гана элде кездешкен көркөм өнөр бул — төкмөлүк. Ал кыргыз менен казакта кездешет экен. Улуу өнөрдү уларча жок кылбай аздектеген муун — маданиятты тиреген түркүк.
— Жети атаңызды санай келгенде бешинчи атаңыз кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экендигин окугам. Төкмөлүк өнөр да ошол кишиден берилсе керек?
— Кыргызда «аккан арыктан суу агат» деген макал бар. Кан-жаныңдагы өнөр кое бербеси анык. Туугандар жакшылыктарда ырдап койгону болбосо, менден башка колго комуз алып өнөргө ыктагандары жок. Балким, турмуштук шарт ошого себеп болсо керек.
— Эми төкмөлүккө кандай шарт тоскоол болушу мүмкүн?
— Союз таркаган маалда өнөрдү эптеп кетүү кыйынга турду. Мүмкүн, жараткан көкүрөктөргө буюрган жок болсо керек деп ойлойм. Кудай буюрса мен чоң акын болгонго аракет кылып жатам.
— Арстанбек Буйлаш уулу 18-кылымда жашап өткөн инсан. Ал убактагы төкмө акындар келечекти көрө билип, ырга салган. Азыркы акындар учурдагы окуяларды төкмөлүккө салууга көбүрөөк басым жасайсыздар…
— Ичимден заман алмашкан сайын муун майдаланабы деп ойлоп коем. Азыр бизде алдын ала айта турган, олуячылык касиетибиз жок. Жөн гана атадан калган мурасты улантуучу өкүлү катары жүрөбүз.
— Алгачкы жолу акындык беттешке качан чыкк��нсыз?
— 2007-жылы Барскоондо өткөн айтышта Шекербек Адылов деген агам менен айтышып, тушоом кесилген. Андан бери көп айтыштарга катышып, баш байгени да, алдыңкы орундарды да алдым. Акындар күлүк сыяктуу, бирде табына келсе, бирде айнып турат. Айтыш биз үчүн — майрам. Канча бир убакыттан бери көөдөндө жүргөн сөздөрүңдү эл алдында айта турган, кол чабууларга арзый турган күн.
— Акындык беттештин чоң байгеси канча турат?
— Илгери акындарга аш-тойлордо үйүр жылкы, төрт түлүк мал берчү экен. 2001-жылы төрт эле акын калды, өнөр ээлери жоголуп баратат дегенде Садык Шер-Нияз агабыз «Айтыш» коомдук фондун түптөдү. Байге маселеси да чечилип, баш байгеге темир тулпар коюлуп келет. Калган сыйлыктар акчалай берилет. Бирок 100 миң сомдон кем эмес байге коюлат. Кийинки учурда унаага жеткидей акча ойнотулуп келет. Мен эки жыл мурун байгеден уткан акчама темир тулпар сатып алгам.
— Акындык айтыштагы атаандаштык тууралуу билгим келет.
— Айтыштын жыйынтыгына далысын салган, салбаган да акындар болот. Негизи калыстар акындын даражасына эмес, ошол 10 мүнөттүк айтышта төккөн өнөрүнө жараша баа беришет. Байге алган акын мыкты, айтышта кулап калган акын начар деп эсептелбейт. Байге багына, акындын табына жараша буюрат. Айрым учурда акындар баш байгени талашпай башкаларга да бошотуп берип койгон учурлар болот.
— Күзүндө социалдык тармакка жазган бир постуңуз эске түштү. Анда Казакстанда өткөн акындар айтышына барганда биздин алп акыныбыз Элмирбек Иманалиевге кызыктыруучу сыйлык берилиптир. Сиз Элмирбек агайга жок дегенде алдыңкы орун беришсе болмок деп териккен ирээтте жаздыңыз эле?
— Казакстанда өткөн айтышка өзүм эки жолу бардым. Сөз башынан болсун. Былтыр күзүндө Элмирбек агабыз Эл артисти наамын алып, ага кошумча отчеттук концертин берээр алдында Казакстандын Кызыл-Ордосуна экөөбүздү чакырып калышты. Жушуш көп кезде ойлонуп-толгонуп отуруп барганбыз. Экинчи турда өзүмдү айта албайм, бирок, Элмирбек агабыз казак акыны Сара Токтомусова менен айтышканда жакшы ырдаган. Жыйынтыгында кызыктыруучу сыйлык ыйгарышты. Аларда кызыктыруучу сыйлык бааланат экен. Ошондо алп акын өзү барып жатса, алдыңкы орундардан берип коюшса дурус болмок деп ойлогонбуз. Биз өткөргөн айтыштарда айкөлдүгүбүздү көрсөтүп, эки элдин достугун чыңдоо максатында кош байге уюштуруп келебиз. Кош байгенин жакшы жери ич ара пикир келишпестик аз болот. Казак туугандар да кош байге тууралуу ойлонуп жатат деп угуп калабыз.
— Жыл жаңырганда авиа кырсыктан каза болгондорго арнап жоктоо ырын айттыңыз эле. Мындай ырларды аткаруу оор эмеспи?
— Кыргызда беделдүү адамдар кайтыш болгондо акындар жоктоп, аялдар кошок айтышкан. Бизде жоктоо жанры жок болуп баратканда, Элмирбек Иманалиев Байдылда Сарногоев, Чыңгыз Айтматов каза болгондо жоктоо ырын ырдап, жандандырды. Авиа кырсык жалпы журттун кырсыгы болду. Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү менен өтөт дегендей, кырсык болуп жатса биз үйдө жөн жата албайбыз. Анан жоктоо десе эле көрүнгөн кишилер баланча-түкүнчөбүз бар эле, жоктоп берип коюңуз деп келишет. Көбүнөн баш тартабыз. Жоктоо айткандан корком. Чоң кырсыкта жоктодук, эми кайталанбаса экен деп турабыз. Жакшылыктарда мактоо ирээтинде айтылган төкмөлөр болот. Ал учурда деле той ээсин ашкере мактамай дегендер жок.
— Айтыш өткөрүлөт деген күнү эл билет таппай калган учурларды байкоого болот. Бул нерсе айтыш жолго түштү дегенди билдерет эмеспи. Бирок, айрым учурда акындарыбы элди кызыктырыш үчүн, ашыкча шоу жасап жиберишпейби?
— Ар бир акын айтыштын деңгээлин өстүрүү максатын көздөйт. Сахнага чыгып «амансыңарбы элим» деп коштошуп кетип калбай, элдин көйгөйүн, актуалдуу темаларды курч сөздөр аркылуу козгогонго аракет кылышат. Айрым акындарыбыз орусча сөз кошуп жиберип жатышат. Андайды жактыргандар, жактырбагандар да бар. Биз акындар даремитибизге жараша ырдайт экенбиз, калганын эл баалап алат. Бирок нукура төкмөлүктү ашкере шоуга айландыруу улуу өнөргө кедергисин тийгизет. Ар бир нерсе чеги, ченеми менен болушу керек деп ойлойм.
— Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
— Бир жыл мурун үйлөнгөм, күзүндө балалуу бололу деп жатабыз. Келинчегим Перизат Ишенбекова радио тармагында эмгектенет.
— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу ой-бөлүшө кетсеңиз?
— Биздин тилегенибиз өнөрүбүз менен элге кызмат кылуу. Быйыл «Айтыш» коомдук фондунун түзүлгөндүгүнө 16 жыл болот. Бул аралыкта көп иштер жасалды. Эгемендик күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата казак-кыргыз ХI эл аралык айтышты өткөрөлү деп турабыз.
Гүлдана Талантбекова, “Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Табылды Кадырбеков, 26.06.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/18/kanybek-imanaliev-manasty-islamga-karshy-koyuu-t-sh-nb-st-k/
Каныбек Иманалиев: "Манасты исламга каршы коюу – түшүнбөстүк"
Tumblr media
Өлкөнүн эң негизги байлыгы, потенциалы анын руханий деңгээлинен көз каранды. Учурда кыргыз элинин руханий абалы кандай? Дүйнө элинен биз эмнебиз менен айырмаланабыз? Ушул багытта Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев менен баарлаштык.
– Каныбек Капашович, бүгүн сиз менен саясий эмес, руханий багытта пикир алышсакпы деп турам. Айтсаңыз, кыргыздар дүйнө элдеринен эмнебиз менен айырмаланабыз? Дегеле кыргыздын касиети эмнеде деп ойлойсуз?
– Жалпысынан алганда, азыр кыргыздар дүйнөгө миллиардер бере албайбыз. Дүйнө рыногунда жаңы товар беришибиз да кыйын. Биз дүйнөгө эмне бере алдык эле? Менимче, 4-5 гений бердик. Ким биринчи боз үйдү ойлоп тапса – ошол гений. Экинчи – ким комузду ойлоп тапса. Үчүнчү гений – Чыңгыз Айтматов, төртүнчүсү – Манасты ким жаратса. Бешинчи гений – бул кыргыздын ай-күн календары менен байыркы кыргыз жазмасын ойлоп тапкан инсан.
– Кыргыздар байлык, мансап менен эмес, талант, касиет менен улуу десек болобу?
– Биз чөнтөктүн байлыгына караганда рух, жан дүйнө байлыгын жогору койгон элбиз. Мисалы, Калыгулдун, Барпынын, Жеңижоктун доорундагы бай же мансаптуу адам унутулуп калды да. Бир жарым, эки кылым илгери бир учурда «заманчы акындар» деп ат коюлуп, чыгармалары 100 жылдай жарык көрбөй жүрдү. Адамды репрессия кылса болот, бирок чыгармачылыкты репрессия кыла албайт экенбиз.
– Сиздин оюңузча, улуттун сакталышына, уланышына кыргыздын кайсы касиети себеп болгон?
– Тарыхта Кыргыз мамлекети жок болуп кеткен учурлар болгон, бирок Манас жок болгон эмес. Кайра кыргыз эли Манастын тегерегинде бириккен. Мамлекет алсыраса да манасчылар калып, алар элди эр жүрөктүүлүккө, эл-жер коргогонго дем берип, анан кайрадан мамлекеттүүлүккө жетишкенбиз. Дүйнөдө бардык кесипти окуп үйрөнсө болот, бирок манасчылыкты үйрөнө албайбыз. Себеби ал кесип эмес, касиет. Мындан бир нече жыл мурун Казакстандан делегация келип, резиденцияда эң жаш манасчы Үмөт манас айтып жатса, казак депутаты башын чайкап «Бизде мындай касиет жок го? Деги эле кыргыздан башка элде жок» деп таң калган.
– Коомдо азыр «бизди материалдык кризис эмес, моралдык кризис каптады» деген ой айтылып жүрөт…
– Биздин руханий абалыбыз азыр ара жолдо турат. Биз ыйык туткан ислам дининин өзүндө эле ар түрдүү агымдар чыкты. Андан сырткары баптизм, иегова сыяктуу ар түрдүү багыттар да көбөйдү. Ал эми маданий деңгээлибиз мурункудан түшүп кеткен. Айылдагы айрым Маданият үйлөрү үстү тешилип, жамгыр өтүп, аянычтуу абалга кептелди. Маданият үйлөрүн кор кылбастан ишкерлер менен келишим түзүп иштетсек, жаңыланып, кайрадан концерт, спектакль, кинолор коюлуп калмак.
– Билим берүүнүн деңгээли да түшүп кеткендей?..
– Жашоонун сапаты эң ириде билим менен ден соолуктун сапатынан көз каранды. Ал эми мамлекеттин сапаты башкаруунун сапатынан көз каранды. Азыр болсо 3 багыттын тең деңгээли түшүп кетти. Биз билимге умтулган калкпыз. 1906-жылы орус окумуштуулары «кыргыз эли кат-сабаттуу болушу үчүн кеминде 400 жыл керек» деп божомолдошкон. Бирок 30 жылдан кийин элдин 80 пайызы сабатсыздыгын жоюп, 50 жылдан кийин биздин окумуштуулар дүйнөлүк деңгээлде ачылыштарды жасаган.
– Учурда чет өлкөлүк донорлор тарабынан ачылган билим берүү мекемелери көбөйүүдө. Мунун улуттук идеологияга терс таасири тийбейби?
– Көбүнчө бизде акча каражаты тартыштыгынан сырттан келген демөөрчүлөр менен иштешүүгө мажбурбуз. Өлкөбүздөгү сырттан каржыланган окуу мекемелеринин программалары Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болуп, тескеп турулушу шарт. Чет өлкөдөн донорлордун кызыкчылыгы биздин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеши керек.
– Кыргыз тили тууралуу эмне айта аласыз?
– Академик Юдахин «Эгер кыргыз тили Ысык-Көл болсо, мен анын бир кочушун гана иликтедим» деп айткан экен. Биз али өз эне тилибиздин кадырына жете элекпиз.
– Айрымдар Манас менен ислам динин бири-бирине каршы коюп, коомчулукту экиге бөлүп жатат…
– Манас менен ислам динин бири-бирине каршы коюу – бул түшүнбөстүк. Манаста айтылат да анын мусулман болгондугу. Айкөл Манас баатыр намазга жыгылып жатканда жараат алат го. Манас жана ислам дини дагы адамды руханий тазалыкка, ыйманга үндөйт. Кыргыздын каада-салты исламга эч качан каршы келбейт. Бул экөөнүн бир бүтүндүк экенин Чубак ажы Жалилов мыкты айкалыштырып, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп жүрөт го. Бизге ушундай жогорку билимдүү, көрөңгөсү кенен дин аалымдары керек.
– Ушул суроого улай эле улуттук духту кантип көтөрүү керек деген суроону бергим келип турат…
– Улуттук духтун көтөрүлүшүнө маданияттын, айрыкча кинонун салымы зор. Кинонун жакшы жагы – аны кеңири жайылтуу оңой. Мыкты тарыхый кино тартып интернетке жайгаштырсаң, дүйнөнүн төрт бурчунда жүргөн кыргыздар көрүп, улуттук сезимин ойготот.
– Улуттук духту көтөрүү менен катар өнүгүүнүн кайсы бир багытын тандап алуубуз керек го?
– Биз авторитардык да, демократиялык да жолдо эмеспиз. Президенттик же парламенттик жолдо да эмеспиз. Базар экономикасынын жолунда же социалисттик экономиканын жолунда да эмеспиз. Биз тогуз жолдун тоомунда ара жолдобуз, ары же бери кетишибиз керек. Менимче, бизге улуттук-либералдык экономика, саясатта парламенттик демократия жана консервативдик маданият, ал эми динде салттуу ислам керек. Кытай, Япония, Малайзия жана Түштүк Корея өнүгүүдө өздөрүнүн түпкүлүктүү маданиятын туу тутуп, батыштын илим-билимин, технологиясын өздөштүрүү менен өнүгүштү. Биз деле ушинтип өнүгө алабыз.
– Кыргыз өлкөсү качан ушундай чечкиндүү кадамдарга барат?
– Азыр манасчы, комузчу, төкмө акындардын жаңы мууну келди. Бирок саясатчылардын жаңы мууну келбей жатат. Реформаторлордун жаңы мууну келбей жатат. Качан реформаторлук талант, дух пайда болгондо гана чечкиндүү кадамдарга бара баштайбыз. Бул багытта мен азыркы жаштардан ушундай аракеттерди күтөм.
– Маегиңиз үчүн рахмат!
Бектур Токтоноев, «Super-инфо», №762 9-15-июнь, 2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/10/ibraim-hant-rk-80den-ashyk-chygarmany-kotordum/
Ибраим Хантүрк: 80ден ашык чыгарманы котордум
Tumblr media
Кыргыз-түрк адабий байланыштарынын өнүгүшүнө Ибраим Хантүрктүн салымы зор. Анын котормосунда ондон ашуун китептер чыкты. «Манас» эпосу, Токтогул, Алыкул, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сы��дуу алп акындардын чыгармалары менен түркиялык окурмандар Ибраимдин котормосу аркылуу таанышууда.
«Азаттык»: Ибраим мырза, «Азаттыктын» студиясына кош келдиңиз. Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин «котормочулар — бул почтанын аттары» деген таамай сөзү бар. Адабияттардын байланышын арттырчу котормочулукка кандайча келип калдыңыз?
Ибраим Хантүрк: 1992-жылы университетке окуйм деп Кыргызстанга келгем. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинде окудум.
1998-жылы аны аяктап, география боюнча мугалим болуп иштеп келатам. Анан карасам китептер аз экен, кыргызча билип калгам, кыргызчадан түркчөгө, түркчөдөн кыргызчага которсомбу деп ойлодум. Анан Түркияга баргандан кийинки байкаганым, түрк тилине Чыңгыз Айтматовдун гана чыгармалары которулуптур орусчадан. Башка китептер жок экен. Түркчөгө кыргыз тилинен которулган чыгармалар жок болуп чыкты.
Чыңгыз Айтматов — кыргыз адабиятындагы туу чокулардын бири. Анын катарында көптөгөн кыргыз акын-жазуучулары бар. Алардын ырлары менен кара сөз чыгармаларын которуп, түрк окурмандарына тааныштырдым. Андай чыгармалардын саны 80ден ашты. 13 китеп чыкты, дагы беш китеп кезекте турат. Эмгект��рим сая кеткен жок.
«Азаттык»: Социализм заманында түрк адабиятынан которулган чыгармаларды беш манжа менен санаса жетчү. Ал кезде коммунисттик идеологияга туура келген чыгармалар которулчу. Бирок ошол кезде түрк адабиятынын мыкты өкүлү Решад Нури Гүнтекиндин «Боз торгой» романы которулган. Анан кийин Салижан Жигитов Назым Хикметти түркчөдөн кыргызчага которду. Ал эми Азиз Несин орусчадан которулду. Буга чейин кыргыз-түрк котормосу калыптануу мезгилин башынан кечирип келсе азыр жаштардын аракети менен бул иш жанданууда. Кыргызчадан түркчөгө которгон башка таланттар да барбы?
Ибраим Хантүрк: Майрамгүл Дыйканбаева деген кыз бар. Эрзурум университетинде иштейт. Ал да китептерди, макалаларды которот. Анан Али Ташжар деген «Манас» университетинде эмгектенген жигит бар. Өмер Күчүк Мехмет уулу деген менин жердешим бар, бул жакта окуган. Аттарын унутуп атам, дагы бир-экөө бар. Эмгек деген эмгек, маңдай тер деген маңдай тер. Алардын иштери жакшы. Китеп жаатында көп деле жок. Алардын көбү макала жагынан болуптур. Менде котормочулук менен иштөөгө убакыт көбүрөөк болуп калды.
«Азаттык»: Жаштар демекчи, Кыргыз-түрк «Манас» университетиндеги окутуучу Алтынбек Исмаилов Мевлананын — Жалаледдин Руминин ырларын кыргызчага түп нускасынан которду. Дүйнөдөгү бай адабияттардын бири — түрк адабиятын кыргызчага которуу иштери уланып жатат. Бул ишти жандантуу боюнча дагы эмнелерди жасоого болот?
Ибраим Хантүрк: Омор Султановдун 80 жылдыгына карата анын сексен ырын котордум эле ТҮРКСОЙдогу кечесинде таратылып берилди. Буюрса ушул майда Сагымбайдын толук вариантын которгонбуз, ошол чыгат. Кожогелди Култегиндин демилгеси менен Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата томдугун которуп чыгардык. Токтогулдун чыгармаларын которууга да катыштым. Ушул биз жасап жаткан иштер океандагы бир эле чөмүч болуп атат. «Манастын» башка варианттары турат, мисалы, Саякбайдын, Жусуп Мамайдын. Аалы Токомбаевдин ырларын которгом, ал дагы чыкканы турат. Дагы көп-көп иштер бар.
«Азаттык»: 1995-жылы Стамбул университетинин профессору Эмине Гурсой Наскали өз акчасына «Манастын» кыргыз, түрк, немис тилиндеги китебин чыгарып, ал 1000 жылдыкка жакшы белек болуп калды эле. Андан кийин Токтогул, Алыкулдун томдуктары чыкты. Кыргыз поэзиясын которууда сизде кандай кыйынчылыктар болду?
Ибраим Хантүрк: Түркияда мектепте окуп жүргөндө ыр жазчумун. Ошондон ырды которуу мага жеңил болуп калды. Түркияда ырларым азыр деле чыгууда. 1992-жылы Кыргызстанга келгенден кийин колума тийген кыргыз китептерин окуй берчүмүн. Билбеген сөздөрдү сурай берчүмүн, сөздүктөрдү карачумун. Анын баары кыргыз сөзүнүн өзгөчөлүгүн, жазуучу, акындардын стилдик өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жардам берди.
(Маектин калган бөлүгүн «Азаттыктын» аудио-видео версиясынан угуңуз)
  Бекташ Шамшиев, «Азаттык», 22.05.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/06/chy-gyz-ajtmatov-atyndagy-syjlykka-11-nominatsiya-boyuncha-synak-zharyyalandy/
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды
Tumblr media
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар кытыша алат. Жеңүүчүлөр диплом, төш белги жана 100 миң сом менен сыйланат.
Сынактын катышуучулары 11 номинация боюнча ат салышат:
Адабият жаатындагы мыкты чыгармалар;
Журналистика жана телекөрсөтүү жаатында мыкты эмгек;
Музыкалык чыгармачылыгы жана аткаруу чеберчилиги боюнча мыкты иш;
Көркөм чыгармалар (сүрөт, айкел кооздо жана монументалдык сүрөттөр);
Шаар куруу, архитектура жана дизайн тармагындагы долбоорлор;
Театр жана цирк өнөрлөрү боюнча мыкты чыгармалар;
Кино жаатында мыкты жетишкендик (сценарий, композитордук, режиссердук, оператордук жана аткаруучулук иштер);
Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
Экономика, бизнес жана меценаттык мыкты жетишкендик;
Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
Жаштар саясатына кошкон өзгөчө салымдар.
Катышуучулар эмгектерин 20-августка чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине тапшырууга тийиш.
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы түзүлгөн.
“Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Александр Федоров, 27.05.2017-ж.
0 notes