#Куттуу билим
Explore tagged Tumblr posts
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/02/27/kuttuu-bilim-dastany-uluu-muras/
“Куттуу билим” дастаны – улуу мурас
Улуу ойчул Жусуп Хас Хажип өзүнүн көөнөрбөс даӊктуу чыгармасын 1069-1070-жылдары Кашкарда жазган деп божомолдошот окумуштуулар. Ушул кезге чейин “Куттуу билимдин” түп нускасы табыла элек, көчүрмөлөрү гана бар. “Куттуу билим” дастаны Кашкарда бүткөрүлгөн деген ой басымдуулук кылып, дастанды жазуу качан башталганы жөнүндө сөз болбойт. Тек гана Жусуп бабабыз улуу дастанды он сегиз айда жазып бүткөн деген бүтүмдөр айтылат. Кандай болсо да Жусуп Баласагын Сары-Өзөн Чүй аймагындагы, Чүй дарыясынын боюнда жайгашкан, азыркы Бурана мунарасы турган Баласагын шаарында 1015-1016-жылдары төрөлгөнү анык. Эгерде мындай улуу дастан автордун ой чабытында, кыялында мурдатан эле бышып жетилбесе, даяр болбосо, он сегиз айда эле жазып коюшу – Жусуп Баласагын зор талантка ээ экенин айгинелейт.
Бирок биздин оюбузча, мындай улуу чыгарма Жусуп бабабыздын ой чабытында, кыялында, ой толгоосунда Баласагын шаарында эле башталып, кийин Кашкарда толук бүтүшү ыктымал. Эгер чыгарма мурда бышып жетилбесе, “Куттуу билимдей” улуу дастанды жаратуу мүмкүн эмес. Кашгарга чейин бабабыз өз чыгармачылыгын кагазга түшүрүп жүргөндүр. Канткен күндө да “Куттуу билим” дастанын Баласагын шаары жана Карабуура хандыгы менен тыгыз байланышта кароо керек. Мындай ойду академик В.Бартольд да тастыктап кетет: “Бизге жакшы маалым болгондой, мусулман-түрктөрдүн бизге толугу менен жеткен адабий мурасы “Куттуу билим” чыгармасын Чүй суусунун жанындагы Баласагында төрөлгөн Жусуп хас-хажиб 1069-70-жылдары жазып бүтүп, анан Кашкарда жашап, “Табгач Кара-Буура хандар ханы аталган хандарга арналган” (В.Бартольд, Избранные труды. Б., 5-том, 472-бет).
Орто кылымда Баласагын (Кут ордо) шаары гүлдөгөн маданияттын, илим-билимдин очогу болгон жана Карахандар каганатынын борбор шаарларынын бири катары да эсептелген.
Баласагын шаарында жашап жүргөндө Жусуп бабабыз Кара-Буура хандыгынын мамлекеттик иштерине аралашып, мамлекет башкаруунун тажрыйбасына такшалып, атактуу “Куттуу билимди” жаратышы ыктымал. Улуу дастанды байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз тилине оодарган Төлөгөн Козубеков төмөнкүдөй ойду айтат: “Анын үстүнө бабабыз бул чыгармасындагы ойлорду, мамлекет башкаруунун жол-жобосун асмандан албаган го дейм, элүү эки жашка чыкканча бабабыз жөн эле базарлап жүрбөгөндүр, турмуштук да, адабият жаатында да жетиштүү тажрыйбаны топтогондур, аны үчүн бабабызда, айрыкча, мамлекет башкарууда жетиштүү мүмкүнчүлүк болгон болуу керек. Катардагы карапайым адам мындай ишке бара албайт болчу, аракет да кылмак эмес”. (Төлөгөн Таластан. Жусуп Баласагын, бейне сүртүмдөрү, (кол жазма) 20-бет).
Демек, мурдагы окумуштуулар айтып келген “Куттуу билим” Кашгарда жазылган деген ой-пикирлер анчалык чындыкка коошпойт.
Жусуп бабабыз Кашкарга барганга чейин эле Баласагын шаарындагы Кара-Буура хандарына ордодо кызмат кылган, мамлекет башкарууга аралашкан, мүмкүн ал хандардын эӊ жакын адамдарынын бири болгон, кийин Кашгарга мурдагы кызматын улантуу үчүн барган. Мурда жазып жүргөн “Куттуу билим” дастанын Кашкарда бүтүргөн. Жөн салды киши ханды ээрчип Кашкарга кантип бара алат?
Экинчи жагдай, совет мезгилинде идеологиялык саясаттын кесепетинен “Жусуп бабабыз хандардын эӊ жакын адамы, кеӊешчиси, ордо кызматкери болгон”, – деп ачык түрдө ��йта алышкан эмес. Аны үстүнө совет мезгилинде Жусуп бабабызды кыргыз болгон деп айтуу “улутчулдуктун” ана башы болгон. Эмне үчүн “Куттуу билим” дастаны сөзсүз эле Кашкарда жазылууга тийиш. Эгерде логикалык ой жүгүртүүгө таянсак, “Куттуу билим” Кашкарда жазылганы чын болсо, Жусуп Кашкарлык деп аталышы толук мүмкүн эле. Жусуп Кашкарлык деп аталганы жок, ал Жусуп Баласагын деп эле аталып жатат. Албетте, мындай гипотеза кийин тарыхта такталаар. Илим өзү гипотезадан турат эмеспи.
Жусуп Баласагын бабабыз Баласагын шаарынан Кашкарга келген учурда, Кашкар менен Баласагын аймагын Арстан хандын небереси, Али-Хасандын уулу, улуу өкүмдар Тавгач Буура Карахан башкарып турган. Бул окуяны академик В.Бартольд дагы бекемдеп кеткен: “Арстан хан Кашкарга өтүп Харундан бийликти тартып алган. Кашкарды, Хонтанды жана аларга тийиштүү болгон Баласагын шаарына чейинки жерлерде 29 жыл бийлик кылды. Ал 1102-03-жылдары каза болуп, андан кийинки бийликти анын уулу Акмат Ибн Арстан хан жүргүздү” (В.Бартольд, Ислам энциклопедиясынан макалалар, Т.,2, 491-бет)
Азыркы учурда илимде “Куттуу билим” дастанынын кыйла эле кийин көчүрүлгөн Вена, Каир жана Фергана нускалары белгилүү.
Вена нускасы 1439-жылы Герат шаарында Асан Кара Сайыл Шамсин деген илимпоз тарабынан көчүрүлүп, 1474-жылы Стамбул шаарына алынып келинген. Кийин аны кандайдыр бир себептер менен австриялык чыгыш таануучу Шунас Хаммер Поргештал Вена шаарындагы борбордук китепканага алып келип тапшырат. Азыркы учурда көчүрмө Вена шаарындагы китепканада сакталып тургандыктан Вена нускасы деп аталып келүүдө. Герат шаарында “Куттуу билимдин” “Герат нускасы” да сакталып турат. “Куттуу билимдин” үчүнчү нускасы Мысырда (Каирде) “Хидив” китепканасында сакталууда (көчүрмө 5400 бет). Каир нускасын 1896-жылы немец окумуштуусу Моретис алгачкы жолу таап чыгып, 1897-жылы дагы бир улуту немец окумуштуусу-түрколог В.Радловго жиберет. Көчүрүлгөн нускалардын ичинен Фергана нускасы кандайдыр бир деӊгээлде толук нуска деп эсептөөгө болот. Ал 6095 беттен турат.
Көчүрмөчүлөр араб арибиндеги көчүрмө нускадан “Куттуу билимди” өз тилдерине которуп жатышканда (уйгур, өзбек тилине) өз тилдеринин тыбыштык мыйзамына жакындатууга далалат жасашкан. Мисалы, дастандагы энчилүү аттарда жолуккан “а” тыбышынын ордуна “о” тыбышын, “ы” тыбышынын ордуна “и” тыбышы, “ө” тыбышынын ордуна “о” тыбышы атайын эле бурмалап киргизишкен: Күнтууду – Күндугды; Айтолду – Айтолды; Акдилмиш – Огдилмиш; Өткүрмүш – Огдырмыш болуп калган.
Ушул кезге чейин “Куттуу билим” дастаны эски түрк тилинде, уйгур тилинде, караханиддердин адабий т��ли – хакания тилинде жазылган деген талаш маселелер окуучулардын башын ��йлантып келет. Эгерде “Куттуу билим” эски түрк тилинде жазылган болсо, ал кайсы тил, негизи кайсы тилге барып такалат, дегеле 10-кылымда түрк тилдеринин негизги адабий тили кайсы тил болгон? Эгерде түрк элдери үчүн баба тил деп эсептелген Караханиддердин “Хакания” тилинде жазылса, анда эмне үчүн “Куттуу билимдин” лексикалык өзөгүн байыркы кыргыз тили түзгөн. “Хакания” тили деген бул хандыктын, бийликтин тили. Хандык кайсы тилде сүйлөсө, эл ошол тилди пайдаланат. “Хакания” тили дегенибиз орто кылымдагы кыргыз тили болушу ыктымал. Орто кылымда кыргыз тилинде жазылган китептердин жоктугунан, “Куттуу билимдин” тилин аныктоо кыйынчылыкты жаратып жатат.
“Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде да жазылган эмес. Академик, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Т.Козубе��овдун котормосундагы “Куттуу билим” дастанынын биринчи басылышына (1988) жазып берген “Куттуу белгиси билик” деген макаласында төмөнкүдөй аргументти келтирген: “Академик түрколог В.Радлов Орхон рун жазмасын иликтегенден кийин “Куттуу билим” уйгур тилинде деген өзүнүн алгачкы аныктамасынан баш тартып мындай дейт: “1891-жылы мен Вамберинин көз карашы менен толук макул болуп, “Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде жазылган деген пикирде элем. “Куттуу билимде” уйгур деген сөз бир да жолу кездешпейт…” деп белгилеп келип – “Менин “Куттуу билим” уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме да бир нерсе… өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп отурат…” (В.Радлов. “Кыргызстан маданияты, 1969).
Ошол эле жерде Т.Сыдыкбеков мындай деп жазат: “Куттуу билимди” орус тилине которгон акын Наум Гребнев биз менен болгон бир маегинде: “Куттуу билим” силерге көбүрөөк тиешелүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондо эмес, анын мүнөзү да силерге жакын”, – деп айткан эле.
Ал эми “Самаркан асманындагы жылдыздар” деген көп томдуу романдын автору СССР мамлекеттик сыйлыгынын, Өзбек ССРинин Ха мза атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Орто кылымдагы Орто Азияны жерлеген калктардын тарыхын жакшы билген тарыхчы окумуштуу, чоӊ жазуучу Сергей Петрович Бородин:
“Силер, кыргыздар, эӊ эле камырабайсыӊар. Жадаса өзүӊөргө тиешелүү маданий энчини алуудан да жалтайлайсыӊар! Деги байыркы адабий мурастарда силердин энчиӊер чоӊ экенин билесиӊерби? Кыргыз түрк элдеринин ичинен байыркыларынан, “Манас” сыяктуу улуу баянды силердин бабаӊар жаратканы бекер эмес! Өз мурасыӊардан кур жалак калбагыла” дегени али эсимде” (Т.Сыдыкбеков, “Кут белгиси билик”, “Куттуу билим”, Т.Козубековдун котормосу, Б., 2015,12).
Демек, биз Ж.Баласагын бабабыз жазып кеткен “Куттуу билим” дастанынын тилин орто кылымдагы кыргыз тилинин ��ексикалык катмары менен салыштырып изилдегенде гана “Куттуу билимдин” кайсы тилде жазылганын так аныктай алабыз. Биз буга чейин орус окумуштууларынын айткандарын пир тутуп, ошолор эмне айтса кыӊк этпей макул болуп, өз оюбуз жок “ээрчиме илимди” гана түптөп келдик. Ошол эле атактуу орус окумуштуулары: “Эй, кыргыздар! Ойгонгула, ата-мурасыӊардын баркын билгиле! Башка элдерге тараттырып жибербегиле!”, – деп жатышса да, бүгүнкү күнгө чейин моюн толгоп келебиз. Эгерде көөнөрбөс ата мурастарына ушундай мамиле боло берсе, тарых бизди кечирбейт.
Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны ыймандуулукта, акылмандыкта, руханий тазалыкта мамлекетти башкарууга, үй-бүлөлүк жана жарандык ынтымакка, элдин бөлүнбөс биримдигине, улуттук каада-салтты, наркты, үрп-адатты кадырлай билүүгө, улууга урмат, кичүүгө сый деген улуу касиетибизди сактоого, барктоого чакырган, тарбиялык мааниси теӊдешсиз, баа жеткис накта мурас болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу билим” дастанына кыргыз журтчулугунун кызыгуусу артып жатышы – кыргыз эли өзүн-өзү таануусуна умтулган негизги белгиси. Эл өз тарыхын билбей туруп – ким экендигин аӊдай албайт.
Демек, биз “Куттуу билим” дастанын ар тараптан: лингвистикалык, философиялык, психологиялык, идеологиялык, этномаданий, тарыхый ж.б. жактан тереӊ изилдеп, бала бакчадагы жаш бөбөктөн тартып, коомчулуктун калыӊ катмарына жеткирүүгө тийишпиз.
Себеби, Жусуп бабабыз жазгандай:
Китеп көп араб, тажик тилдеринде, Бул китеп эӊ биринчи биздин тилде.
Эми улуу дастандын автор койгон аталышы жөнүндөөз оюбузду айта кетели. Буга чейин улуу чыгарма ар түрдүү аталышта которулуп келди: “Кут алуучу билим”, “Кут даарытар билим”, “Куттуу билим”, “Кут билим”.
Эгер алгач табылган көчүрмө нуска “Кутадгу билиг” деп аталган болсо, “Кут алчу билиг” – “КУТ АТТУУ БИЙЛИК” болуп жүрбөсүн.
Муну далилдөөүчүн төмөнкүдөй аргумент келтиребиз:
Караханиддердин ордосу – Кара-Буура хандар ханынын ордосу “Кут Ордо” деп аталган. “Кут” деген сөз ыйыктыктын, бакты-таалайдын белгиси. Кут Ордо – элдин бакыбаттуулугун, бейпилчилигин, жыргалчылыгын камсыз кылат деген мааниде. Жусуп Баласагын бабабыздын дастаны, байкаган адамга, баштан аяк бийликтин элге, элдин ар кандай, карапайым да, бийликтин тараптарын камсыздаган да өкүлдөрүнө болгон мамилеси кандай болуш керек, мамлекетти кандай башкаруу керек ж.б. акыл кептер айтылат. Демек, дастан Кут-Ордонун – Кара-Буура хандардын династиясынын тарыхый маселелери туурасында акылман кептер айтылат. Жусуп бабабыз Ордону, болгондо да Кут-Ордону мактап жатат.
Ошондуктан дастан “Куттуу билим” эмес, “КУТ АТТУУ БИЙЛИК” болушу ыктымал. Буга китептин аталышы дагы – “Кут адгу билиг” деп аталып жатпайбы. “Кут” деген сөз – кут – бул түшүнүктүү, “атгу” деген сөз “аттуу” болушу ыктымал, ал эми билиг “билим” болуп которулуп калган, мүмкүн түп нускадагы “й” тыбышы айтылбай “бийлик” деген сөз “билиг” болуп котормолордо жазылып калышы толук ыктымал.
Бул айтылган ойлор гипотеза. Илим гипотезадан жаралат.
Соӊунда айтарыбыз, элибиздин байыркы мурасын сактай да, даӊктай да жүрөлү.
Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын Чыӊгыз АЙТМАТОВ атындагы Тил жана адабият институтунун директору, “Кутбилим”, 01.07.2017-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/07/04/kyrgyz-tildi-okutuu-arkyluu-zhashtardy-adept-l-kk-yjmanga-zhana-madaniyatka-tarbiyaloo/
Кыргыз тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо
Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздын кылымдарды карытып, жоголбой, сакталып келе жаткан эне тилибиз, өлбөс-өчпөс тарыхты камтыган улуу тил, жан дүйнөбүзгө руханий азыкты берген көөнөрбөс касиеттүү тил. Кылымдардан бери тоскоолдуктарга учураса да, сакталып келген ата -бабалардын урпактарга калтырган мурасы.
Кыргыз тилинин жаралыш тарыхы жөнүндө жазуу түрүндө маалыматтар сакталып калбаса да, Орхон-Энесайрун жазма тарыхый эстеликтерде чегилип, оозеки түрүндө укумдан-тукумга берилип, ар бир доордун тарыхын, маданиятын, өзгөчөлүктөрүн урпактарга жеткирген – улуу тил.
“Кыргыз тилинин тагдыры кыргыз элинин тагдыры менен тамырлаш” деп Р.Момбеков белгилегендей, Совет өкмөтү жергебизде орноп, жалпы сабатсыздыкты жоюу демилгеси кызуу колдоого алынып, кыргыз тили 20-кылымда өрнөктүү өркүндөгөн.
Кыргыз тили илиминин өнүгүшүнөкүрдөлдүү салым киргизген, улуттук жазма маданиятыбыздын түптөлүш башатында турган агартуучулар И.Арабаев, К.Тыныстанов, белгилүү окумуштууларИ.А.Батманов, К.К.Юдахин, Х.Карасаев,Б.Орузбаева,Б.Юнусалиев ж.б. сөз берметин жипке тизгендей күюлуштуруп, көркөм чыгармаларга көрк берген А.Токомбаев, К.Баялинов, Т.Сыдыкбеков, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев,Т.Касымбеков, Ч.Айтматовдой атактуу акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары кылымдарды карытаары чындык.
Бирок, 20-кылымдын70-90-ж.ж. аралыгында кыргыз тили өз актуалдуулугун жоготуп, жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгондугу ачуу чындык. Элибизде “русификация” модага айланып, ар бир адам орус тилин үйрөнүүгө бел байлаган. Ал эми кыргыз тилинде сүйлөп, расмий тилде акцент менен оюн билгизгендер “мырк” деп басмырланган”.
Статистикага таянсак, 70-80-жылдарда Фрунзе, Ош шаарларында кыргыз тилинде жалпы билим берүүчү мектептер эсептелүү санда болсо, бала-бакчалар орус тилинде иш жүргүзүшкөн.Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан кийин гана кыргыз тили улут тили катары жандана баштаган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Ыйман, адеп жана маданият жылы жөнүндө” Жарлыгында:“Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкалыштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү. Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу,терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана, албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат” деп жазылган.
Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинки жаштар түзгөндүктөн, тарбиянын башаты ыймандуулукка, сабырдуулукка, аруулукка үндөө – жалпы элдин милдети. Демек, мамлекеттик тил жана адабиятты өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттер коомдо алдыңкы инсанды калыптандырууда мааниге ээ.
Байыртадан кыргыз макал-лакаптары, нарк-насилдүү сөздөрү түпкүрүндө терең философияны камтып, акыл-насаат, таалим-тарбия берүүчү касиетке ээ .
Кыргыз элине таандык улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат, каада-салт, үрп-адаттарды сактоо ыймандуулуктун башатын түзөт.
Ыйман – адам баласына түшүнүктүү сезилген менен түпкүрүндө терең философияны, илим, дин, дүйнө таанымдын сырларын камтыган өзгөчө түшүнүк.
“Этика-философиялык илимдерде ыйман адамдын жана коомдун рухий-социалдык турмушунун маңызын аныктаган интегралдык түшүнүк катары сыпатталат”.
Коомдо адамдар ортосундагы жеке байланышты бекемдеген “ниет” , “кыял”, “пейил”, “уят-сыйыттуулук”, “адеп” түшүнүктөрү менен катарлаш.
Адамдын жеке турмушу, ийгилиги,бактысы, бактысыздыгы анын пейилине, ниетине жараша деген сөздөр менен тыгыз ��айланышта. Ошондуктан базар экономикасынын туңгуюк зынданына кирип, адамзаттык, улуттук дөөлөттөрдү унуткан келечек муундарды тарбиялоодо“Ар адам пейилинен табат”,“Пейил оңолбой, турмуш оңолбойт”,“Ыйманын сактоо”,“Жаштарга адеп, карыларга ыйман берсин”,“Ыйманы менен болсун”,“Ырайына жараша ыйманы” деген нарктуу сөздөр элибизде белгилүү.
Жаш баланы бешиктен баштап ыймандуулукка тарбиялоо зарылчылык, кечиккен тарбия ата-эненин жоопкерчилиги. Ошондуктан, макал-ылакаптар, насил сөздөр жаштарды адептүүлүккө, аруулукка, абийирдүүлүккө, эмгекчилдикке үндөйт.Мисалы:“Адам көркү –адеп”,“Адеби жоктун уяты жок”,“Адептүү киши –азаптан алыс”,“Абийир тапса баласы, атасына бак конот”,“Ак ийилет- бирок сынбайт”.
Коомдо чынчыл, ак ниет адам өз пайдасын ойлобой, элине кызмат кылат. Мисалы, “ Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон”,“Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”,“Адамды сөзүнөн тааныбайт,ишинен тааныйт”.
Эзелтеден элибизде үйдүн куту, ажарлуу жар, мээримдүү энеге аял затына аярлуу мамиле жасалган.Кыргыз аялдары өзүнүн сулуулугу, акылдуулугу,кайраттуулугу, адептүүлүгү, ыймандуулугу менен легендага айланган. Алар Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Каныкей,Курманжан датка ж.б.Бирок, өткөөл заманда аялдардын орду өзгөрдү. Алар эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял болуп оор сыноолорго кабылып, бала тарбиялоо озуйпасы артта калды. Кыздар эненин тарбиясын көрбөй, көчө тарбиясын көрүп, коомдо жат көрүнүштөр пайда болду. Ал эми төмөндөгү макал-лакаптар кыздарды аруулукка, мээримдүүлүккө тарбиялайт, кыз балага таандык назиктикти, маданияттуулукту талап кылат. Мисалы, “Кыздын кырк чачы улуу”;“Кыздуу үйдө кыл жатпайт”;“Жаман энеден бала да качат”;“Эне – үйдүн куту”; “Себепсиз күлгөн –тарбиясыздыктын белгиси”; “Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол”;“Эне адаты –кызга үлгү”; “Эне сыры-кызында, ата сыры – уулунда”;“Айдай чырайын иттей кыялы бузуптур”; “Кызга кырк үйдөн тыюу”.
Коомдо ыйман дөөлөтүнүн деңгээлитөмөндүгүнөн кадырман карыяларга болгон мамиленин солгундашы, карылар үйүндөгү өз балдары алып барып таштаганкарыптардын тагдыры аянычтуу.Ушундай жат көрүнүштөргө байланыштуу мектептерде, ЖОЖдордо окуу программаларына улуу муундардын куттуу, касиеттүү сөздөрүн киргизүү абзел. Мисалы, жаштардын карылыктын кадырын түшүнбөгөн мамилелерин“Акылсыз атасын акмалайт”; “Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот” сыяктуу макалдар айгинелесе, “Карысы бардын ырысы бар”;“Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя”; “Аталар сөзү – акылдын көзү”;“Карынын кебин капка сал”; “Кары – карынын сөзү дары”;“Кары келсе –ашка, жаш келсе – ишке”;“Кары адам үйдүн куту” деген накыл сөздөр урпактарга көөнөрбөс таалим-тарбия берет.
Кыргыз адеп маданиятын толуктаган аманат түшүнүгү ар бир адам үчүн маанилүү болсо да, коомдо терс көрүнүштөргө ээ.
Жашоого жаралуу Жараткан берген аманат, ал эми ошол аманатты сактап, өрнөктүү жашоо – бул милдет, муктаждык.“Аманат жанга бир өлүм, намыс үчүн кыяйын”;“Аманат жанга өлүм ак”;“Ден соолук адамга аманат; Аманатты кыянат кылба” макал-ылакаптары нарктуулукка, жоопкерчиликке, жашоону барктоого, инсандык мамилени түзүүгө үндөйт.
Кыргыз элинин энциклопедиясы “Манас” эпосунун ичинде, элдик оозеки чыгармаларында камтылган“Сабырдын түбү — сары алтын”,“Сабырдуу адам –жылдыздуу”,“Сабырдуулук –бакыттын ачкычы”,“Сабырсыздын иши тамырсыз” сыяктуу нарктуу сөздөр жаштарды тарбиялоодо, жекече мамиленин калыптануусунда сабырдуулукка, туруктуулукка тил аркылуу, асыл ойлор менен таасир этет.
Тил – ар бир улуттун күзгүсү, жүзү, тарых менен маданиятты, дүйнө таанууну айкалыштырган акыл — эси.
Коомдо маданияттуулукту арттырууда, маданияттуу баарлашууда, жеке адамдык мамилелерди курууда кыргыз макал-ылакаптарына эле басым койбостон, тарбиялык иштерди ар жактуу уюштуруу зарыл. Өзгөчө бардык окуу жайларда тарбиялык түзүмдөрдүн ишин жандандырып, кагаз бетинде аткарылган тарбиялык иштердин сапатын көтөрүү абзел. Мисалы, жаштар арасында семинар-тренингдерди, төгөрөк стол айланасында жолугууларды, тематикалык кечелерди өткөрүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасын ишке ашыруу менен Кыргызстан элинин биримдигин сактап, дүйнөлүк аренага чыгуу негизги максат.
Корутундулап айтканда, кыргыз элибиздин улуттук дөөлөттөрү жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоодо өзгөчө маанилүү. Ошондуктан, ушундай баалуулуктарды сактап келген нукура кыргыз тилинин өнүгүүсүнө ар бир адам салым кошуп, келечек муундарга таза, көөнөрбөс улуттук тилибизди өткөрүп берүү зарыл.
Мира Курманали кызы, т.и.к., Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча проректору, “Кыргыз тили”, 06.2017-ж.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/07/kimdin-kancha-ayaly-bar-bolgonu-arhivde-turat-toluktalgany/
Кимдин канча аялы бар болгону архивде турат (толукталганы)
Урматтуу окурман, «Кереге» (мурунку «Диалог Евразия») коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институту 20-декабрда 2016-жылын жыйынтыктаган «Тарых жана маданият жылы – сабактар жана жетишкендиктер» атту кереге-кеңеште темадагыдан да жакшы маселелер козголгонуна ишендирип кете алабыз
«Кереге» коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институтунун кординатору Искендер Ормон кереге-кеңешти ачып жатып: «Тарыхчы агаларыбыз жыйнаган сукпат «Диалог Евразия» «Кереге» фонду болгондон кийинки биринчи чогулуш. Ошондуктан бул биз үчүн тарыхий күн десек болот. Бир курактагы жакын са��аалаш тарыхчылар келип олтурасыздар. Сиздер учурда кыргыз тарыхын жазып аткан дос аалымдарсыз. Тарых жана маданият жылы эмне кыла алдык, ал бизге кандай сабак берди, бул жыл бизге келечектеги тарых жаатында ачылыштарга күчтүү дем бере алдыбы деген суроолорго жооп издеп көрөлү деп сиздерди чакырдык.
Атанын туулган жылы эмес калтырган изи маанилүү
Аблабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор: «Менимче быйылкы «Тарых жана маданият жылы» жемиштүү болду. Айрыкча Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алдындагы «Мурас» фонду чоң иш жасады. Жеке өзүмдү айтсам, 1916-жылкы Үркүн боюнча изилдөө кылуума түрткү болду. Таякелерим Кытайга чейин качып барып, азап чеккени тууралуу изилдедим. Жусуп Баласагын бабабыздын «Куттуу билимин» эки сыйра окуп чыкканымда, билим гана эмес башкаруу тууралуу китеп экени мен үчүн ачылыш болду. Ар бир тарыхчы бул жылы эски китептерди жаңыча көз-караш менен окуп чыкты болуш керек. Анын аркасы менен тарыхтын бир топ актай барактарын толтурдук. Тарыхий аң-сезим улуттук аң-сезимди калыптайт. Өз элибиздин тарыхын билсек, ал бизди ашкере улутчулдукка алдырбай, мекенчилдикке тарбиялайт экен. Быйылкы жылдын сабактарына келген болсок, кээ бир тарыхчылардын «датомания жана инсаномания менен ооруп калдык» дегенине кошулбайм. Бизге бул даталар менен инсандар жалпы улуттун өтмүшүн эстеп, изилдегенге шарт түзүп атканы кандай жакшы. Мисалы, мен быйыл Молдо Кылычты да эки сыйра окуп чыктым. Анын туулган жылына эмес, ал улуу бабабыздын кыргыздын өзүн таануусуна кошкон салымына кызыктым. Анын эмгектеринен эл менен уруунун ортосундагы карым-катнаштарды изилдеп, таң калычтуу бүтүмгө келдим. Молдо Кылычтан жүз жыл чамасы мурун жашаган Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармалары менен үндөшүп турат. Мындан улам кыргыз эли байыртадан эле өзүн жалпы журт катары таанып келген. Быйыл тарых жылынын алкагында эки чоң китептин беттеринде жаш тарыхчылардын эмгектери басымдуулук кылганы кандай сонун натыйжа. Ар бир окуя менен инсандын көп кырдуу экенин билип, келечек муунга жеткиргенде оң-терс жактарын туура ыкмалар менен жеткирсек, тарыхыбыздан кандай күчтүү сабактарды алат элек! «Мурас» фондунун жетекчилигине ишти баштаган соң аягына чыгуу керек деген оюмду айтам.
Жюринин арасына тери өңдөгөн, кийиз, жыгач жана алтын-күмүш иштеткен, аңчылык жана өрмөкчүлүктү изилдеген илимдин кандидаттарын кошсок, алар өз тармактарындагы кол өнөрчүлөр менен сонун иштешмек. Үй куруп, үй чечкенде жалаң эркектер болуп калыптыр, салт боюнча жарымы аялдар болчу да. Биз маданият тармагына ушуга окшогон бир нече илимий сунуштарды киргизели деп турабыз. Кийикиде мунун баары эске алынса.
1916-жылкы көтөрүлүш Хоженттен башталып, лейлектиктер катышкан
Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, “Мурас” фондунун төрагасы: «Тарых жана маданият жылынын» кызыктуу иш-чаралары төмөнкүлөр болду. Оболу Фуи кыргыздарын изилдеген кытайлык дунган улутундагы Мухаммед Хожен Хуа жөнүндө кеп кылсак. Бул адам «Манас» баптарынын сакталып калуусуна жана Жусуп Мамайдын ханзу тилиндеги илимий чөйрөгө таанылуусуна негизги салым кошкон окумуштуу. Жусуп Мамай бул кишинин үйүндө жатып, эмгектенген учуру да көп болгон. Хожен Хуа кыргызчаны суудай билген аксакал. Анын 85 жылдыгын биз Кыргызстанда өткөрүп, жакында эмгектеринин жыйнагын чыгармакчыбыз. Алтайлык кыргыздарды изилдеген Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгы да бизде өттү. Биздеги улуттук боштондук көтөрүлүшү Хожентте от алгандыктан, анын 100 жылдыгына арналган жыйындарды Баткенден баштадык. Хоженттеги көтөрүлүшкө ал жердин кыргыздары, андан кийин лейлектик кыргыздар да активдүү катышыптыр. Ал эрдик унутулбай, өзбек туугандар кыргыздарга арналган музей ачып, анын борбордук экспозициясы Исхак Раззаковго арналган экен. Андан кийинки жыйын Ош шаарында болду. Ал чогулушка Тажикстан, Орусиядан өкүлдөр катышты. «Манас таануу» боюнча, Президенттин жарлыгына ылайык, быйыл III эл аралык конференция Жалал-Абадда болду. Эмдиги жылы апрелде Баткенде өткөрмөкчү болуп турабыз. Ош шаарында антропологдордун III конференциясында көп чет элдик адисттер катышып, олуттуу маселелер каралды. «Эгемендүүлүк, демократиялык коом, эркин атуул» деген жыйын өткөрүк. Биз эгемендүүлүгүбүзгө өзүнчө кубанабыз, коомубуз демократиячыл болгонуна өзүнчө сүйүнөбүз, атуулдарыбыздын эркин болгону өзүнчө байлык. Ушул баалуулуктарга арналган конференция болду. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналаган иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүмү Ысык-Көлдө өттү. Тайлак баатырдын юбилейин аны даңазалаган Абдыкалык Чоробаевдин 120 жылдыгы менен бирге өткөрдүк. Бул кырыз улутун бириктирген баатыр болгон. Окумуштуулар Нарында Тайлак батырдын күмбөзүнө Куран окутуп кайтышты. Молдо Кылыч Шамыркан уулу – кыргыз улутун бириктирген жазма акындардын бири. Анын мааракеси Арабаев университетинде өттү. 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү боюнча көп багыттуу иштер болду. Анын жыйынтыктоочу отурушу «Ала-Арча» ордо конушунда болду. Орусияга архивдерин ачып бергени үчүн терең ыраазылык билдирсек болот. ��лар менен бирге көп илимий олтуруштар болду. Алардын бири Алтай университетинде өттү. Казакстан да архивдерине иштегенге шарт түздү. Кыяз Молдокасымов ал жерде Канат Ыбыкенин каза болгон күнүн тактаган документти таап келди. Мындан нары да орус, казак, өзбек архивдеринде иликтөөлөр жүргүзүлмөкчү. Германиянын архивинен алып келинген маалыматтар кайзерлик Германиянын учурундагы немис тилинде болгондуктан аларды которгонго акча издештирип атабыз. Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына арналган иш-чарада кызыктүү та��куулар болду. Тиешелүү университет жана институттар өз каражаттарына археологиялык казууларды кылышты.
Эң негизкиси, жылдын тарых жана маданият деп аталганы, Орусия президенти Владими Путиндин 1916-жылкы курман болгондордун эстелигине гүл койгондугу биз үчүн саясий утуш болду окшойт. Себеби: «Бул окуяга байланыштуу жүрүштөрдү кылбагыла, кыргыз менен орус чатакташып кетет», — деп быйыл да айтып чыгышты. Тетирисинче орус тарап Нарышкиндин буйругу менен архивинде атайын портал ачып, маалыматтарды жарыялай башташты. Албетте, баары айкын болду дегенден алыспыз. Болочок изилдөөчүлөргө арбын материалдар калды. Ар бир илимий тармак өзүнүн божомолдорун тастыкташ үчүн ишеп жатты. Тарыхчылар көп эмгек жарыялашты. Тарыхчылардын көз-карашы боюнча 1916-жылы геноцид же башкача айтканда тукум курут кылуу аракети болгон эмес деген жыйынтыкка келди. Анткени падышалыктын кыргыз этносун тукум-курут кылгыла деген жарлыгы жок. Ал келде падышалык бийликтин бир бутагы болгон парламент – Мамлекеттик Дума зомбулуктарга каршы чыкканы тууралуу документтер бар. Керенскийдин комиссиясы менен баяндамасы буга далил. Бирок жер-жерлерде генерал-губернатор Куропаткиндин кыргыздарды Чүй, Жети-Суу, Ысык-Көлдөн Нарындын тоолуу жерлерине айдап салалы деген аракеттери бир улутка каршы саясаттын элементтери болгонун көрсөтөт. Бирок бул колниалдык администрациянын деңгелинен жогору көтөрүлгөн эмес. Ошол эле убакта кыргыздын ичинен орус тарапка кошоматчылык кылып, чыккынчылык кылган, саткан адамдар медал алып сыйланган учурлары болгон. Жол көрсөтүп, жазалоочу аскерлерди алып келген кыргыз төбөлдөрү болгон. Алардын бардыгы да жазылып атат. Улуттук көтөрүлүштө канча киши кырылган деген суроого да жооп каралды. Жарым миллионго чейин өлгөн деген маалыматтар чыгып кеткен. Өтө азайтып салганга аракет кылгандар да болду. Диссертациялардын биринде славян улутундагылардан 2500-3000, кыргыздардан түздөн-түз көтөрүлүш учурунда 5 миңдей эле киши өлгөн деп жазылган. Тарыхчылардын басымдуу көбү болсо 120 миңдин тегерегинде адам өлгөн деген бүтүмгө келишкен. Быйыл биз көйгөйлөрдүн башын гана ачып бердик. Келерки жылдары бул изилдөөлөр уланмакчы. Бул көтөрүлүшкө чет өлкөлүктөрдүн кандай тиешеси болгон дегенге тарыхчылардын көпчүлүгү кыргыздар өз эрки менен көтөрүлгөн деген жыйынтыкка келишкен. Кыргыз немис же осмон дөөлөттөрүнүн шыкагы менен көтөрүлгөн эмес. Күбөө болуп калган беш түрк бар экен. Алар көтөрүлүштүн негизги очоктору кыйроого учураганда келишкен. Алар колунда куралы, акчасы да жок, кыргызчаны деле билбеген, акыл парасаты багыттоочу деңгелде болгон инсандар эмес. Ал эми немистердин катышын кайзердик архивдерди карап чыккан соң билебиз. Алар көбүнчөсүн Ооганстан, Кавказ жана Хорезм жактарда катуураак иштеген болушу мүмкүн. Бирок кыргыздар басымдуулук кылган көтөрүлүш очокторунда алардын таасири буга чейин тастыктала элек. Келерки жылы «дата менен алек» деген сынга карабастан, урунтуктуу инсан жана учурлардын мааракелерин уюштурууну улантабыз. Алар чын эле бизге элибиздин өтмүшүн ачып бергенге шылтоо гана болот. Келерки жылы Махмуд Кашгари Барсканинин арап ариби менен жазылган «Араб лугати түрк» аттуу китебинин жазыла башташынын 945, жазылып бүтүүсүнүн 940 жылдыгын өткөрөбүз.
Өзүбүздү жеткиликтүү тааныганда чыныгы азаттыкка жетебиз
Асан Ормушев, тарых илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин профессору: «Бул жыл тарыхчылар жана маданиятчылар гана эмес жалпы коомчулук үчүн жетишкендик болду. Биз тарыхий окуяларды кайра тереңдетип изилдөөгө, тарыхий инсандарыбызды жеткиликтүү даңазалоого жана улуттук каада-салттарды көтөрүүгө мүмкүндүк алдык. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюнунда үрп-адаттарыбызды дагы бир жандантып алууга шарт түзүлдү. Хан көтөрүүдөн баштап, тогуз түрдүү каада-салтты жандандырдык. Улуттук тамак-аш, улуттук кийим, улуттук күрөш боюнча бири-биринен өткөн көргөзмөлөр болду. Уюштуруучулар жана министрлик тараптан кемчиликтер кетти, бирок жети дубандан келген элибиз маарекенин кем-карчын бүтөп кетти. Ушунчалык эргүү менен, эч кандай талашып-тартышуу жок, бири-биринен намыстанып, бир жуманын ичинде жыйылган эл кадимкидей өзгөрдү. Эч ким жетекчиликке же бири-бирине нааразы эмес, эл үчүн, журт үчүн деген эле ой менен болуп калдык. Бишкектен барган, орус тарбиясында өсүп калган балдардан бери: «Ой, сонун турбайбы. Биз Баткендиктер менен дос болуп, чайлашып, тамак ичип атабыз» деп сүйүнүп жүрүшөт. Чыныгы азаттык өзүбүздү таанып, адамзаттын асыл-мурастарына үлүш кошкондо ишке ашат экен да.
Бир гана кемчилиги болду, иштин маданий жагына гана көңүл бурулуп, илимий жагы каралбай калды. Мисалы Кырчын жайлоосунда тигилген боз-үйлөрдүн баарын сүрөткө тартып, жасалгаларын жазып, каттап койсок болмок. Биздин болгону калыстар тобунун иштөө жобосун илимий негизде жазып, ишке ашырганга үлгүрдүк. Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылды. Башка жерди айтпай эле коелу, океандын нары жагындагы Америкадагы жердештерибизге чалып «Ысык-Көлдө шумдуктай маареке болуп атыптыр, ошол жактасыңбы?» деп сураган америкалыктар көп болутур. Биз Чыгыш университети «Мурас» фондунун бир нече иш-чараларына катышып, илимий макалаларыбызды бердик. «Мурас» жакшы баштаган ишин чарчап чаалыкпай аягына чыгарышы керек.
1916-жылкы окуялардын Жалпыламасы англис, орус тилине которулса
Ташмамбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын университетинин профессору: «Биздин Кыргызстандын тарыхында «Баланча жыл баланча деп аталсын. Тоо, эмгек, курулуш жылы» деп келишкен. Бирок ал нерсеге убактылуу көңүл бурулуп, узак мөөнөттүк натыйжа берген эмес. Мен бул жерде Кыргызстанга алып келишкен чоң инвестициялар тууралуу эмес, инветицияларды тарта турган көрөңгө түзүү жөнүндө айткым келет. Быйыл Көчмөндөр оюну чын эле эл аралык деңгелдеги иш болуп, дүйнөлүк аброй алып келди. Көчмөндөргө тиешелүү конференциялар Кыргызстанда гана эмес Москвада, Барнаулда, Астана, Алматыда, Түркияда өттү. Биздеги иш-чараларга бүт дүйнө катышты. Кыргызстанды бул мамлекеттерге караганда жогорураак абройго жетишине, канчалаган жылдардан бери тыюу салынып келген 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү темасын, эл аралык деңгээлге чыгарганы себеп болду. Бул конференциялардын корутундусу катары жазылган Жалпылама аттуу документте кээ бир талаш болуп келе жаткан маселелерге чекит коюлду десек болот. Ал англис жана орус тилине которулуп, жарык көрсө, жакшы болот деген ойдомун.
Илимий-теориялык маанисине келсек, методологиялык чоң натыйжалар болду. Быйыл 1916-жылкы улуттук боштондук күрөшү боюнча иштелип чыккан методологиялык ыкмалар колдонулуп, талашыраак болуп жүргөн келерки жылкы келчү революция, басмачылык, советтик курулуш, колхоздоштуруу, индустриялаштыруу жана маданий ыңкылап, 1937-жылкы репрессия тууралуу концептуалдык жыйынтыктарга келебиз деген ойдомун. СССРдын курамында кыргыздар экинчи дүйнөлүк согушка катышуусу туура же туура эмес болгонбу деген маселени да койсо болот.
Көчмөндөр оюну кыргыздарды тарбиялоо боюнча чоң мааниге ээ болду. Жети дубанда өзүнчө Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, андан кийин мыктыларын жыйынтыктоочу маарекеге алып келүү чечими да өтө туура болду.
«Мурас» фонду тарыхчы, антрополог жана археологдорду жылда бир багытка үндөсө жакшы болот. Ар кандай кызыктуу ойлору бар жаш, регионалдык окуяларды изилдеген тарыхчылар көп. Ошолорду тартып, башын бириктирген иш-чараларды өткөрүү керек деген ойдомун. Адатка айланган конференцияга көп адам келбей коет экен. Ошондуктан адамдардын идеялары айтылчу башка бир формадагы жыйындарды уюштурсак. Ар бир изилденип жаткан нерсени каттаган маалымат банкын уюштурсак, ким эмнени изилдеп атат, региондо жарыя кылынган макалалардагы концепцияларды колдонсок.
Дагы эле «бай-манап эзип ийди» деп окутуп келебиз
Аскар Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы: «Диалог Евразия» жана «Себат» билим берүү мекемелериндей уюмдарды Президентибиз да колдоп, аты өзгөрсө да заты өзгөрбөгөн бойдон калат деп айтты. «Кереге» фонду да баарлашуу жана толеранттуулукту жайылтуу багытындагы иштерди уланта берээрине тилектешпиз.
«Мурас» фондунун жасап жаткан иштерин баарыбыз баса белгилеп кеттик. Ага кирген чакан топ бир жыл ичинде элдин духун көтөргөн нар көтөргүс оор, тарбиялык маанидеги көп иш жасады. Семинар, тегерек үстөл жана башка аракеттин баары жаштардын тарбиясына жакшы таасир берет экен. Жогорку окуу жайлар, орто мектептер тарыхчылардын терин жерге тамызбый, тындырбай чакырып атышты. Массалык маалымат каражаттары аябагандай чоң иш жасашты. Гезит-журналдарда кеңири орун берилип атты. Радио-теледеги берүүлөргө бардыгыңыздар катышып аттыңыздар. Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдакматов макалаларды да окуп, берүүлөргө да калтырбай катышып атканы таң калтырды. Бир берүүгө барыш үчүн жок эле дегенде энциклопедияны карашың керек да. Режиссер, драматургдар чоң иш жасашты. Бексултан Жакиевдин, Кубан Мамбетовдордун драмалары коюлду.
«Мурас» фондунун тарыхы терең. Аны «Манас – 1000 жылдыгында» Аблабек башында туруп түптөгөн. Ал быйыл президенттик аппаратта иштеген кезинде фондду кайра жандантып кетти. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жарыялаган «Тарых жана маданият жылынын» алкагында белгиленген токсондон ашык иш-чаранын дээрлик бардыгы аткарылды. Мамлекеттик дирекция которгон каражаттын эсебинен тарых институту тарабынан Кыргызстан тарыхынын үчүнчү тому, 1916-жыл боюнча эскерүүлөр жыйнагы даярдалып атат, байыркы жана орто кылымдагы чет элдик чыгармалар кыргыз тилинде чыгып жатат. Келерки жылды Президентибиз «Тарбия, адеп жана маданият» деп жарыялаганы кайра эле тарыхыбызды изилдөөгө шарт түзөт. Мунун баары биздин жетишкендиктер.
Сабактарына келген болсок. Асан айтып кеткендей, илим менен маданияттын ажырым болуп калуусу өкүнтөт. Кырчынга этнограф окумуштууларыбыз барса кандай сонун материалдарды жыйнап алат эле! Нарктуу карыялар, байбичелер жүрбөдүбү. Экинчиден, Ташыкем айткандай тарыхчылардын башын бириктирүү керек. Бизге философ, адабиятчылардын таарынычтары бар. Аларды эстен чыгарбай чакырышыбыз керек экен. Үчүнчүдөн жаштарды окутууда жаңы концептуалдык көз-караштарды, методологиялык ыкмаларды колдонуубуз керек. Окуу куралдарыбыздын көбү эски, таптык көз-карашта жазылгандыктан аны окуп алган бала баягы эле «бай-манап эзип ийген» менен жүрө берет экен. Жаңы окуу китептерин жазып чыгаруу керек. Билим берүү академиясынын Тарых институту мурун күчтүү кадрларды даярдачу эле, көңүл бурулбагандыктан деңгелдери өтө төмөндөп кетти. Абыке аны жандантсаң тарыхта каласың. Мисалы Тогузаков философия тармагын сактап кала алды. Башкалары кыскарып жатса, философия илими кеңейип атат.
Баткенден Америкада иштеген дизайнерлер кийим тандашты
Акимбек Текешов, “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси: «Тарых жылына арналган иш-чаралар ушул күнгө чейин уланып келет. «Мурас» фондунун демилгеси менен мектептерде дил баяндар, диктанттар жазылып атат. Чын эле кыргыз элинин тарыхий аң-сезими ойгонду. Ал албетте, маданиятыбызга да таасир берип, искусствобуз тирилди. Тарых жана маданият бирдей жанданганы жакшы болду.
Мыйзамда бүтжеттин 3 пайызга чейинки каражаты маданиятка бөлүнсүн деп жазылган. Кийин 3 пайыздан кем эмес деп жазылганы менен беш жылдан бери бир пайыз да каражат берилген жок. Бүтжеттин 0,5, 0,7 же 0,6 пайызын гана алып турдук. «Кыргыз театры» деген эмне деген театр жана артисттер болгон. Биздин спектаклдерге элдер көчөдөн билет сурап жүрчү. Азыр болсо, залдагы киши сахнада ойногон артисттерден аз. Быйыл жүгүрүп жүрүп театрга 15 миллион каражат бөлдүрдүк. Буга чейин бир тыйын бөлүнгөн эмес. Жалаң тарыхий спектаклдерди койдук. 20 театрыбыз жыйырма түрлүү спектакль даярдап, баары башка региондорго чыгып коюп келишти. Жыйынтыгында Ошто тарыхий спектаклдин фестивалы болду. Көчмөндөр оюнунан мурун Баткен, Жалалабад, Ош облусту болуп биринчи этнофестиваль өткөрдүк. Ар районунан келип, 2000 киши катышты. Ар бир райондун этномузыкантын көрүп, угуп, тандап чакырып келдик. Этномода, б.а. улуттук кийимдердин көргөзмөсү болду. Биздин Америка, Европада иштеген дизайнерлерибиз тандап алып келишти. Кол өнөрчүлүк, каада-салт кошулуп эртең мененки саат 9дан, кечки 18ге чейин тынымсыз болуп, канчалаган эл келип көрүп кетишти. Улуттук тамактарды айтпай эле коеюн. Чоң-Алайда 160 кыргыздын улуттук тамагы бар экен. Кино жана музыка жумалыктары өткөрүлдү.
31-август эгемендик күнүнүн алдында билесиздер теракт болуп, болобу же болбойбу, эл келеби-келбейби деп шаштыбыз кетип калды. Болуп бүткөн соң ички иштер министрлиги 40 миң адам катышты деп билирди. Тарыхчылардын иш-чараларын биз маданиятчылар ар��асынан көркөмдөп, элдин аң-сезимине бекемдеп кетип жаткандай болдук. Тайлак батыр менен Жусуп Баласагындын жылдыктарын, эгемендиктин 25 жылдыгы, Путин, Бордюжа катышкан Үркүндүн 100 жылдыгында, баарында ушундай эриш-аркак иш болду.
Эл саясаттан жадап, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады
Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, “Мурас” фондунун төрагасынын орун басары: «Быйыл тарыхыбыз тарыхчылардын тар чөйрөсүнөн чыгып, элге аралашты десек болот. Айтылган иш-чаралар болбосо, эл шайлоо учурунда гана эске алынып анан унутулуп калат экен. Тынчтыкбек экөөбүз район-облустардын маданият үйлөрүндө жыйын өткөрүп аттык. Элге орун калбай, туруп алып эки сааттан ашык катышкандар көп болду. Башында биздин баяндама болуп, андан кийин эл суроо жаадырып жатты. Демек, элдин өз тарыхына болгон кызыгуусу бар экен. Быйыл ал ого бетер күчөдү. Биз мындай жолугууларды күчөтүп, элге жакыныраак болушубуз керек экен. Тарыхчыларыбыз да жанданып, борбор менен аймактык тарыхчылардын карым-катнашы күчөдү. Биз бул алакаларды токтотпостон, эмдиги жылы күчөтүп кетишибиз керек. Архивдер менен да жаңыча иштеш керек экенин түшүндүк. Буга чейин ар бирибиз өзүбүзгө таандык тар тема боюнча эле материалдарды издеп, калган маалыматтарга көңүл бурчу эмеспиз. Ошондуктан кыргыздын тарыхына жарык түшүрө турган материалдар көз жаздымда калып калчу экен. Мына жаныбызда турган Алматынын архивинде ушунчалык бай материалдар бар экен. Ташкент менен мамилелер оңоло баштады, анын архивинде иштегенге мүмкүндүк алсак. Баарынын көчүрмөсүн албасак да темаларынын тизмесин алсак чоң жеңиш болмок. Былтыр жакшы акча бөлүнүп Москва менен Петербургдун архивдеринде иштеп келдик. Былтыр аз эле каражатка чоң иштер бүттү. Мындай каражаттар кээде талаага деле кетип калып атат. Каражаттын тартыштыгы чын эле кендирди кесет экен. Президент өзү баш болуп, тарыхты изилдөөнү улантууга каражат караштырабыз, иштерди улантыш керек деп жатат. Анын тапшырмасы менен Тайлак баатыр, Алымбек датка боюнча сценарийлер жазылып, көркөм кеңеште жактырылды. Биз тарыхчылар барып баяндама кылгандан көрө, он көркөм тасма тартылса, элге батыраак сиңет экен. Быйыл радио жакшы иштеди, бирок телевидение начар чагылдырды. Мисалы Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына КТРК баш болгон көп телеканал келбей койду. Газет-журналдарга айтат элем, тарыхка кызыккан окурмандар көп, өз убагында темаларды алып чыкса окурмандарын көбөйтө алмак. Мисалы мен Кыргыз Туусунда иштеп жатканда, тарых, маданият, улуттук менталитетке тиешелүү рубрикалар менен нускасы 3000ден 16000ге чейин жеткен. Эл саясаттан жадап, руханий, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады. Бир бет бөлүп коюшса, биз, тарыхчылар кызыктуу материал берүүгө дайыма даярбыз.
(Бул жерде Баткендин нукура сакталып калган эски салттары тууралуу кеп болуп кетти. Токол жумшаар алдында «Байбиче көтөрүү» каада-салты бар экен. Тарыхчы агалар «Жакшы салт экен, муну жайылтып, аткаминерлердин токолдорун жибериш керек экен» деп тамашалап күлүп калышты. Бир агабыз «Архивдерде ар бир аттуу-баштуу кыргыздын аялдарынын аттарынан бери бар» деп тамашалады)
Тарых жанданбаса башкалардын таасири алдында болобуз
Ордо ээси Искендер Ормон кереге кеңешти төмөнкүчө жыйынтыктады: «Тарыхтын жандануусу бул эгемендүүлүктүн жанданып, мамлекеттүүлүктүн күчтөнүп баштаганы дегендик. Чын эле эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгы 1916-жылкы боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгы менен бир келип калуусу өтө кооптондурган. Бирок жетекчиликтин кылдаттыгы, сиздердин натыйжалуу иштериңиздер жана элибиздин кең пейилдиги менен тетирисинче эгемендүүлүгүбүздү куттуктаган Орусия президенти Владимир Путин көтөрүлүштө курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эки датанын бир келгени чоң пайда берди. Тарых жана маданият жылы коомдун бардык тармактарына, анын ичинде бизнес тармагына да оң таасирин тийгизди. Быйыл улуттук символикаларды чагылдырган көптөгөн өндүрүмдөр чыкты. Ильбер Ортайлы деген дүйнөгө таанымал түркиялык агайым: «Борбор Азиянын тарыхы өтө бай. Бирок өз элиңер аны билбейт. Эгер тарыхты жандандырбасаңар, орустун таасиринен кутулганыңар менен кийин башка супер күчтөрдүн таасиринде каласыңар», — дейт эле. Учурдун заманбап технологиялары аркылуу тарыхыбызды таанытпасак, коом бир жакта тарыхчылардын жетишкендиктери бир жакта кала берет экен. Ошондуктан илимий даражадагы тарых менен карапайым калктын ортосунда «популярдуу тарых» көпүрөсү болушу керек экен. Бул тасма, мультфильм, тарыхты көркөм тилде сунган журналдар аркылуу болот экен. Агайларыбыз иштерин улантып кете берсе, элдин тарыхий аң-сезими тереңдеп, мамлекеттүүлүгүбүз бекемдеп кете берет деген ишенимдебиз.
Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 30.12.2016-ж.
0 notes