#жайлоо
Explore tagged Tumblr posts
sanzharskyi · 6 years ago
Video
Жылкы кандай кереметтуу жаныбар!!! #кырчын #жайлоо #игрыкочевников2018 #мыкыев #кочевник (at Issyk-Kul Region) https://www.instagram.com/p/BnTxqd2n_qz/?utm_source=ig_tumblr_share&igshid=1f8xomz0ievwo
0 notes
shibuyacraftronics-blog · 7 years ago
Photo
Tumblr media
#moscowrussia #россия🇷🇺 #counterstrikeglobaloffensive #counter #moscowtrip #videocsgo #hack #memes #gamergirl #gta5 #tricks #smoke #youtube #instagrame #follow4follow #like4like #twitter #rap #кыргыз #русский #people #kg #kyrgyzstan #bishkek #иссыккуль #жайлоо #танцы #танцывбишкеке #dance #fun (at Meguro-ku, Tokyo, Japan)
0 notes
babyssimo · 8 years ago
Video
Вот оно,счастливое детство;)🐑🙈🐥 #babyssimo_kg #kidskg #babykg #вечернийбишкек #bishkektoys #bishkek_live #instakg #instabishkek #kyrgyzstan_trip #кыргызы #жайлоо #айыл #юмор (at Кашка Суу)
1 note · View note
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/01/30/ajtyke-menen-cho-dunun-ajtyshy/
Айтыке менен Чоңдунун айтышы
Tumblr media
Жумгалда (1816-1887 ж.) Айттыке де��ен алп манасчы, “ак таңдай акын Айтыке” аталган, акын, комузчу өткөн экен.
Айтыке Калыгулдан 31 жаш кичүү, Арстанбектен 24 жаш улуу болуп, Жеңижок 31 жашка, Молдо Кылыч 10 жашка чыкканда бул жарыктан көзү өткен экен. Айтыке зор талант болуп турганда Токтогул, Тоголок Молдо, Эшманбет кыл мурут кези болуп, акындык өнөргө жаңы кадам таштаган кез болуптур. Кийинки муундун залкарлары Калык, Осмонул, Алымкул, Барпы жана башкалар, Айтыкенин көзү өткөндөн кийин бул жарыкка келишиптир. Калыгыл менен Айтыке эл аралап, уруу чабыштарынын кесепетин айгинелеп, элди ынтымакка чакырып ырдашкан экен. Айтыке тууралуу Токтогул, Тоголок Молдо, Калмырза акындардын ырларында айтылган.
Айтыкенин даңкы Арка, Анжиян элине угулуп, эл ичинде аңыз болуп айтыла баштаганда Таластагы «кытай» уруусунан чыккан, ал кезде кунан, бышты сыңары учуп-күйүп турган, Чоңду акын атайын Айтыкеге жолукканы Жумгалга барып, үйүнөн таппай жолуга албай, бир айылда Манас айтып жаткан жеринен үстүнөн чыгат.
Ошондо Айтыке Таластан атайы издеп келген Чоңдунун сырын, шыгын тартыш үчүн минтип ырдаптыр:
Жумуру тойбой Жумгалга, Жумаланган сен кимсиң Жылкы сойгон касаптай, Шымаланган сен кимсиң. Аксакалды сыйлабай, Думаланган сен кимсиң. Манас айтып бакылдап, Дубаланган сен кимсиң. Эл журтунан ажырап, Кубаланган сен кимсиң. Акын болсоң тартынбай, Агаңа салам айтып жүр. Жалгыз ырчы мен дебей, Тизгиниңди тартып жүр. Бөтөн элге келгенде, Аты-жөнүң айтып жүр, Эл четине келгенде, Эсендикти айтып жүр. Эптеп таап олжо алсаң, Сыйың менен кайтып жүр. Көк наалы кылып тартып жүр. Сыйды билген адамдын, Каймагын алып кайпып жүр. Кенен элге туш келсең, Кай болуп калкып жүр. Сырды билген кишиге, Сырыңды айтып чалкып жүр. Күйөрман жолдош табылса, Күмүштөй эрип балкып жүр. Өнөрлүү болсоң чын эле, Өзөгүңө сактабай, Өрөндүү эле тартып жүр. Акын болсоң ак таңдай, Алкымыңа сактабай, Алтын с��здөн чачып жүр. Аталардан асыл сөз, Санжыргалуу санат сөз, Нар көтөргүз насаат сөз Көкүрөккө түйүп жүр. Комузуң толгоп бир кайрып, Андан кийин, баатырым, Айтышаарга билек түр. Жүздүн көркү көз болот, Көздүн көркү кош карек, Айтыдан сага не керек. Тилдин көркү сөз болот. Мамиле кылчу адамга, Мааниси бар сый болот. Көзүмө тике карачы, Оюңду бир аз билейин, Кызыл тилди сабап көр, Кастарлап элиң сыйлаган Сөз кадырын билейин. Топонун айтпай бүрүн айт, Түркүн сөздүн гүлүн айт, Мүдүрүлүп, сүрдөбөй, Нарктуу сөздүн түрүн айт, — дегенде, тааныбастык кылып олдоксон учурашканына уялып калат да, Чоңду минтип жамгырдай төгүп учурашуу ырын айтат:
Нарындын суусун бойлогон, Чабак уруп ойногон, Манас айтып көп элге, Ак Жолборстой жойлогон, Айтыке абам аманбы, Азыраак кетти кемчилик, Азыр айтам саламды. Жер кыдырып издесем, Деги сиздей табамбы? Жайын угуп тосуп ал, Таластан келген балаңды. Күнгөй жагы Тынымдар, Күйөөлөткөн абамды. Баш-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл Көлүң аман барсыңбы! Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Кара-Кужур кең жайлоо Төрүң аман барсыңбы? Алты айры Бугу, Сарбагыш, Калың Солто, Азыктар, Адигине, Жетиген, Аралашып жашаган, Элим аман барсыңбы?. Кочкор Жумгал кош айрык, Жерим аман барсыңбы? Карыяны баш кылган, Кейиген көздү жаш кылган. Касиеттүү карылар, Миң кушту каргап таш кылган. Жайчылары бар дешет, Ак жайдын күнүн кыш кылган. Бетеге шыбак карагай, Эсен жанды мас кылган, Чөбүң аман барсыңбы? Айланайын Таластын Жарымы жалган болсо да, Жарымына барабар, Үчтөн бирге чамаалар. Тентидим десем бу жерде, Четинен чыгып табаалар. Саяк, Черик, Моңолдор, Элиң аман барсыңбы? Көк ирим Нарын көк дайра, Сууң аман барсыңбы? Кечээ казактын колун токтоткон, Тууң аман барсыңбы? Абаке, комузду кайрып бурадың, Жөнүмдү менин сурадың. Жөнүмдү айтып берейин, Тентигенге окшобой, Элимди айтып берейин. Жерсиз киши окшобой, Жеримди айтып берейин. Аны айтып бүткөн соң, Чоң саламга келейин. Жерибиз болот кең Талас Атабыз болот зор Манас, Айтып угуп отурсаң Ай менен Күнгө чамаалаш. Айчүрөк учкан ал жерден Ак булут менен аралаш. Кошой өткөн ал жерден, Боз айгырын жулкунтуп. Бакай өткөн ал жерде, Бөрү ичигин кулпунтуп. Семетей өткөн ал жерде Сейтекке берип кезегин. Калмактардын Коңурбай , А��ардан алган эсебин. Каныкей өткөн ал жерде, Кара чачын чорт түйүп, . Кабагын түйүп караса, Каарынан от күйүп, Касиеттүү Таласка. Манастын сөөгү коюлган, Жалаң күмбөзүнүн кышына Канча миң эркеч союлган. Майына кыш бышырып Эти менен тоюнган. Мен ошондой жерден келгемин Ошондой элден келгемин. Касиетүү Жумгалда, Айтыке абам бар деген! Анча-мынча адамдар Бир көрүүгө зар деген. Уккан-көргөн карылар, Ошондон үлгү ал деген. Кетенчиктеп тартынбай, Атка камчы сал деген. Нуска сөзүн үйрөнүп, Кумарга бир кан деген. Манас айтып отурса Сөзү шекер бал деген. Семетей, Сейтек, Манасты Бүтүн айткан жан деген. Айтыкеңдин сөзүнөн Чыйралып жанып жан деген. Жумгалда барк-кадырлуу, Салмагы алтын-зал деген. Каскың келсе ыр кенин, Айтыкеңе бар деген. Оозунан май кетпей, Жегени казы-жал деген. Жумгалга барып ырымдап, Кешигин ичип ал деген. Айтыке сени таарынтса Таласка кайра сал деген. Кары сөзүн бек сактап, Көкүрөккө бек сактап, Суусамыр-Жумгал бек сактап, Ашуу ашып, таш басып, Нечен кыя бел ашып , Сизди көрөйүн деп келгемин. Тайлак болуп, төө болуп, Чөгөйүн деп келгемин. Жакшы сөз айтса бетинен Өбөйүн деп келгемин. Билгенимди эл-журтка Төгөйүн деп келгемин. Сырыңызды Айтыке Чегейин деп келгемин, — деп, комузун колтугуна алып, Айты менен кол алышкан соң: элим сол, уруум “кытай”, уругум “Каранай” деп тегин айтып, эл жерин айтып, келген максатын билдирип ыр менен танышкан экен Чоңду акын.
Жолдош Токоев
0 notes
tengrikyz · 7 years ago
Text
Гразная политика
"Каждый год, проехавшися по КР я задаюсь одним и тем же вопросом: как за 26 лет можно было просрать эти места в туристическом плане, не иметь туда вообще никаких дорог, никакой инфрастуртуры, никаких туристов, при этом загадить их мусором и построить там какие-то производства? Эта мысль до сих пор убивает мой скудный мозг.
Один Жайлоо на туризме мог бы сделать стране бюджет всей области, а уж с Барскооном и – золото вообще была бы не нужна. Посмотрите, что сделали с улицей Орозбековой – власть чуть-чуть вложилась в брусчатку, и там сразу появились толпы народа, магазинчики, кафешки, ресторанчики, а это деньги, налоги, экономика, жизнь…
Но стоит только отъехать от города на 50-100 и даже больше километров, как жизнь заканчивается. Деревни вокруг каньона и озер – совершенно пустые и мертвые. Там нет нормальных гостиниц. Там не играет музыка в винотеках и барах. Там не кипят толпы французов и немцев. Там негде покушать плов или ла��ман. Сервис? Нет, не слышали. Там нет ничего, кроме шлагбаумов и скучных для нас жителей. Ну, согласитесь, было бы странно увидеть там туристов.
На съемках фильма, по дороге в Сарала Саз нам дважды-трижды пробивало колесо, in the middle of nowhere от того, что дороги были как в Афганистане. В другой раз почти – ночью, так как снимали допоздна. Вулканизаций в округе нет, потому что это жайлоо, сеть не ловит, переночевать негде. Замерзай, голодай, умирай и никто о тебе не вспомнит. Хотя здесь, в этой потрясающей горной природе, должны быть безвизовые, процветающие, богатые от туристических доходов поселения. Нужно всего лишь поменьше воровать и построить здесь дороги. Но нет. бездорожье и совок, меняться нельзя.
В общем, я всячески поддерживаю внутренний туризм. Но понимаю, что легче махнуть куда нибудь в Испанию! Если конечно есть деньги в кармане!
P.S. Может быть будущий президент КР будет любить, уважать нашу природу, и тогда он...........🤔🤔🤔
Ой, да ладно😏 смешно стало😆🤣
0 notes
kiyizgroup-blog · 7 years ago
Photo
Tumblr media
На рассвете, когда солнце еще не распустило свои необъятные лучи, когда трава еще сохранила росу на нежных стебельках, туман еще сохранил свою аморфную зыбкость, и чарующая таинственность приталась на просторах жайлоо, когда мысли еще не обрели стойкую рациональность, душа пархает над всей этой умопомрочающей красотой, такая ассоциация формируется глядя на этот мистически притягательный клатч. -----------------------------------------------👛*Клатч АРТ124 "Туманное утро на Жайлоо"* ----------------------------------------------- ✅Функционал: 👛Размер: 27х15см (компактный) 👛 Вес: 85гр. (лёгкий) -----------------------------------------------✅Преимущества: 👛 Можно стирать 👛 Можно гладить 👛 Краска не выводиться 👛 Форму не теряет ----------------------------------------------- 🔥🔥🔥 КУПИ СЕЙЧАС и получи именной брелок в подарок, БЕСПЛАТНО👇👇👇 ➡️ Direct message ☝️ или ➡️ 🌐www.kiyiz.group/store или ➡️ W/A📞+996558850000 ----------------------------------------------- #kiyizgroup #nofilter #kg #kz #ru #modern #артколлекция #jailoo #nomad #nomadgirl #Bishkek #Clutchbag #сумки #клатчи #оптом #нашпродукт #лучший (at ЦУМ Айчурек)
0 notes
sanzharskyi · 6 years ago
Video
Жылкы кандай кереметтуу жаныбар!!! #кырчын #жайлоо #игрыкочевников2018 #мыкыев (at Issyk-Kul Region) https://www.instagram.com/p/BnTxT5PHBSQ/?utm_source=ig_tumblr_share&igshid=2q2s1q05jyfk
0 notes
sanzharskyi · 6 years ago
Video
#кырчын #жайлоо #игрыкочевников2018 #мыкыев (at Issyk-Kul Region) https://www.instagram.com/p/BnTmlg_HzwO/?utm_source=ig_tumblr_share&igshid=1qmr236rwcfbf
0 notes
shibuyacraftronics-blog · 7 years ago
Photo
Tumblr media
A bar during the day it ll be lively in a few hours #moscowrussia #россия🇷🇺 #counterstrikeglobaloffensive #counter #moscowtrip #videocsgo #hack #memes #gamergirl #gta5 #tricks #smoke #youtube #instagrame #cocktails #havadrink #twitter #rap #кыргыз #русский #people #kg #kyrgyzstan #bishkek #иссыккуль #жайлоо #танцы #танцывбишкеке #dance #shibuya (at Shibuya, Tokyo)
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/05/02/zalkarlardyn-tamashalary-2/
Залкарлардын тамашалары
Tumblr media
Өткөн 19-кылымда Кетмен-Төбөдө залкар өнөрпоздор көп болгон. Ошолорудун арасында Кулуке деген мыкты акын болуптур. Негедир, адабиятчылар тарабынан Эшманбет төкмө тууралуу иликтөөлөр аз. Тили курч Кулуке төкмө акындын өнөрү иликтенбей жазылбай калды. Кулуке төкмө акын тууралу Коргоол акындын бир эскерүүсү бар, ошондон үзүндү.
Кетмен-Төбөнүн “Төр жайлоо” деген (“Тер жайлак” деп да аталып келет) Боркемик уруусунун чоң манабы Райымбек көз жумганда баласы Кудайберген атасынан чоң аш берет. Ашка, Нарын, Анжиян элинен дөөлөтүү адамдар, Кетмен-Төбө, Аксыдан чыккан өнөрпоздордун көбү, Ак-Талаадан Тоголок Молдо, Жумгалдан Куйручук да келет. Нарындык 60 жаштагы Осеке деген бай ак өргөсүн ала келип тиктирип, Кашымкан деген жаш токолу менен экен, боз үйдүн сыртында Токтогул менен Эшманбет ырчы – Кашымканды капастагы кушка теңешип алым сабак айтышып жатканда Кулуке келип калып:
Экөөң айтышканда нетесиң, Кашымкан- Адырга чыккан жекенсиң, Ырдап турган ырчынын, Катыны болоор бекенсиң, — деп ийет.
— Током: “Э, Кудай урган, Э, кудай урган, баарын бүлдүргөн Кудай урган”, — деп наалып, атына камчы салып ара бастырды. Ошол мезгилде Кетмен-Төбөдө “Аллуакбар, Кулукедей ырчы бол!” деген макал таркап кеткен. Эшмамбет Кулукеге карата:
Эл оозунда айтылып, Макал болдуң Кулуке, Эки ээгиң кыркылып, Сакал болдуң Кулуке, — дегенде эле Кулуке Эшманбетке:
О, эл оозунда айтылган, Макалыңды урайын, Ээгиңдеги саксайган, Сакалыңды урайын. Эл оозунда айтылган, Сөзүңдү урдум Эшмамбет. Эткел аю баштаган, Өзүңдү урдум Эшмамбет. Эбир-жежир айтылган, Кебиңди урдум Эшмамбет. Ээгиңдеги эки боо Чөбүңдү урдум Эшмамбет.
— Током: — О, куураган калтыр баш, ушу да ырбы, ушундай да ыр блобу? — деп ачууланып калды. Анда Кулуке:
Эмнеге сөзүм укпайсың, Эшмамбетке ыктайсың. Биртке бүткөн жаның бар, Бир муштумдан чыкпайсың. Ачуум менен бир койсом, Алты ��үнү уктайсың. Алты жыл Шыбыр барганда, Алда Кудай дегенсиң. Апта күн ачка калганда, Аюунун этин жегенсиң. Тогуз жылда кутулуп, Тобо Кудай дегенсиң. Тогуз күн ачка калганда, Доңуздун этин жегенсиң. Ээн талаада келатып, Эгемен шүгүр дегенсиң. Эки күн ачка калганда, Эшектин этин жегенсиң. Айткан Током бокту жейт, Ак шыбакты токту жейт, — деп ачууланып ырдап жибергенде эл боорлорун тырмап күлүп жатышты дейт. Аңгыча болбой, күн чыгыш тараптан кара кашка аргымак минген, кара көрпө тебетай кийген, жанындагыларына бакылдап сүйлөп келе жаткан адам көрүндү.
Бул адам ат үстүндө оң жактагыларга карап бакылдаса оң жактагылар каткырып, сол жактагыларга карап бакылдаса сол жатагылары каткырыгы таш жарып күлүшөт.
Эл “бакылдап, шакылдап сүйлөгөн бул ким болду экен?” дешип моюн созуп карап калышса, жакындаганда Куйручук экенин таанышат. Куйручук Осоке бийдин үйүнүн тушунадагы Токтогул, Эшманбет баштаган акындар Курман, Жаңыбай, Кулуке менен баш ийкешип учурашып, бир жигитке карай каш серпип белги кылды эле, жигит койнундагы комузду Куйручукка бере салганда ал комузду күүлөп алып эле үнүн бийик чыгарып минтип кое берди:
Оо, Түнкатар Түнтөй журт экен, Булардын, Түтүнү сайын ырчы экен. Түтүндө киши өткөрбөй, Түрүлүп үрүп турчу экен. Түтүнгө менден башка ырчы жок Түбү эле Жумгал тынч экен.
Асты эле Саяк журт экен, Булардын, Айылы сайын ырчы экен. Айылдан киши өткөрбөй Ажылдап үрүп турчу экен. Айлымда, менден башка ырчы жок, Асты эле Жумгал тынч экен.
Осеке бийдин боз үйүн, Ороп алган турбайбы. Отуздайы биригип, Тороп алган турбайбы. “Кишисинен ырчы көп”, Ким көрүптүр мындайды.
Бабыр, бабыр, бабырлар Бабыраган жабырлар. Жатакчынын итиндей, Жабылышкан дабырлар. Аялдарын ээрчитип, Айылдашып дагы ырдар. Жабалактап келгенин Көрбөйсүңбү Осеке. Жаакташтырбай буларды Бөлбөйсүңбү, Осеке, Жарым-жарты сөөк болсо, Бербейсиңби Осоке.
Куйручук ушинтип кычкыл сөз менен төгүп жибергенде эле, турган элдин бир тобу боорун тырмашып, бир тобу абаа жара каткырышып күлүп жиберишкенде Куйручук ырын токтотот. Куйручуктун бул ырына Токтогул бир аз тырчый түшөт. Эшманбет жооп кайтарайын деп обдулуп комузун кылдырата баштаганда Токтогул жеңинен тартып коет. Кулуке өзү бойлуу, семиз адам экен, ат көтөрө албай ар дайым бука минип жүрчү экен. Кулуке букасын теминип Куйручуту карай:
Казандагы кырмычык, Казып жедиң тырмышып, Калктын баарын ит дейсиң, Каңкылдаган Куйручук.
Энең кырган кырмычык, Эптеп жедиң тырмышып. Элдин барын ит дейсиң, Энеңди урдум Куйручук.
Апаң кырган кырмычык, Аңдып жедиң тырмышып. Акундун баарын ит дейсиң, Аңкылдаган Куйручук. Дөөгүрсүгөн Куйручук, Дөөгүрсүнүп сүйлөдүң, Дөбө жакты аңдыган, Дөбөт болуп жүрбөгүн, — деп Кулуке букасын теминип Куйручукту качырганда Куйручук:
— Токо, мунуңду кой де, мунуң акын эмес эле мээси чачыраган акмак турбайбы. Ой, Осоке буга бир ат бербесең болбойт! Дегенде Токтогул:
— Болду эми калтыр баш, — дегенде Кулуке:
— Анан ушунуку жакшыбы, кара баштуу адамдарды итке теңегени, Токо, –деп ызаланып алытыр Кулуке. Угуп жаткан эле кыраан каткы түшүп эле жатып калды. Током менен Куйручук бери теңтуш, ары азилдешкен адамдар эле, -деп эскериптир Коргоол акын.
Ушул ашта кыргыздын атактуу найзакерлери Жумгалдык Аксакал менен Эрназар (Эрназар — Аксы же Кетмен-Төбөлүк болуш керек) беттешип, Эрназар Аксакалдын найзасынан мерт кеткен. Бул тууралуу Токтогулдун “Манабың менен жерге кир” ырында айтылат.
Кудайбергендин урпактары Жумгалдын “Сары-Камыш” деген тоолу айлында турушат. Бул ашка кадимки Тоголок Молдо да барган экен, мен 2 жыл мурда “Сары-Камыш” айлына барганымда Кудайбергендин Токтожума деген чебересинен уктум.
Жолдошбек Токоев
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/03/15/temirbek-alymbekov/
Темирбек Алымбеков
Tumblr media
Ырлар
Темирбек Алымбеков: «Пародия деген жанр бар эле»
  УШУ СЕНИ САГЫНГАНЫМ ЖАКШЫДЫР
Курган жаным көнүптүр ээ өзүңө, Бир сагыныч ээлеп алды бу кандай? Кең жайлоодо жүргөндүгүм курусун, Кейип турам сенин үнүң угалбай…
Ашып-шашып агып жатат Ала-Арча, Мен олтурам өзүң көргөн ташыңда. Ала-Арчадай санаам сага агылат… Андан бөлөк эч нерсе жок башымда.
Сага жакчу карагайлар бой тиреп, Табияттын ачып турат көркөмүн… Мен ошондо билбей калган экемин, Сени менен жарыктыгын эртеңим.
Арча-кайын айкалышат жарашып, Аны көрүп бир саамга кубандым. Дарак деле өсөт тура түгөйлөш, Мен өзүмдөн ушунчалык уялдым.
Ушу сени сагынганым жакшыдыр, Башы сонун, аягын да көрөөрбүз. Ак көйнөгүң шамалына делбиреп, Ала-Арчага далай жолу келээрбиз…
  ДӨҢГӨЧ
“Сүйүнтүп бир кээде түшкө кирчү элең, Сүйбөй койдуң жаныңда эле жүрчү элем”, — Деп жазыптыр Фейсбуктан бир айым, …Эсте-эсте карачу элең муңайым.
Байкачумун жайнап чыгып жамалың, Башкача эле ыр жазганда абалың. Карындаштай кылаар элем мамиле, Күндө мактап чачтарыңдын тарамын.
А ырларың жалаң сүйүү болучу, Жаккан мага, али эсимде бул сабың: “Сүйүү өзү убара окшойт болбогон, Бир дөңгөчтү жаза берип чарчадым”.
“Ал дөңгөчтү ойготоюн мен барып, Кайда жүрөт сени сезбей сандалып”,- десем кайра күлүп эле жатчусуң, Каткырыгың бир керемет жер жарып.
Көрүп эле жүрөбүз го дөңгөчтү, Балта чапсаң ыргыйт кайра тийгенде. Тажаганда таштап салсаң дөңкөйүп, Жата берет тоголонуп бир жерде.
Эриксизден эске түшөт кечээгим, Эми кайдан ал күндөргө жетемин?! Карегиңден сүйүү отун туя албай, Кайран өзүм дөңгөч болгон экемин!
  ӨЗҮМӨ ЖАНА АЯЛГА
Кана Темир токтолбой карма калам, Жан элең өзүңдү, элди алдабаган. Жетик болсоң көргөзгүң мүнөзүңдү, Жеңил сөздүн кайыгын айдабаган.
Анты болот ыр дегендин ач сырыңды, Алың келсе жазсаңчы жакшы ырыңды. Эңгилчек басып кеткен жүрөгүңдү ач, Эске салган качаңкы таш кылымды.
Колдон келген иш болсо түк аянба, Берем дедиң ыр жазып бир аялга. Качан болсо салты эле азаматтын, Каалаганын карматкан сулууларга.
Беш күн болду аял ырды күткөнүнө, Сен жүрөсүң күчүн салып мүштөгүңө. Аруу күтсө ырыңды кандай бакыт, Андай кезде акындар иштегиле!
Келгилечи кайдасыңар чымындарым? Келбесеңер жакшы го кырылганың. Жарышып сага жакчу ойлор келет, Жазгычакты чыгабы чымын жаным!
Акылдуу сөздү сүйбөйм билесиң да, Арнайм сага кадимки саптарымды. Карап туруу мен үчүн андан кызык, Каткырып, жыргап окуп жатканыңды.
  СААМАЙДАН ТАМГАН ТАМЧЫДАЙ (Обончу, ырчы, композитор Каныкей Эралиевага)
Таш байлап бирөө койгондой, Талмоорсуп жатсан ойгонбой. Таңкы жел сымал сергитет, Таңшыган үнүң торгойдой.
Көчкөндөй булут жакалап, Көңүлүң дароо тазарат. Бууругуп чыккан ырыңдын, Бутагы сайын махабат.
Армандуу болгон майыптай, Арзуудан жүрсөң айыкпай. Аргендей доошуң укканда, Ачылат маанай чайыттай.
Маралдай сүйкүм басканың, Махабат бүтпөс дастаның. Каныкей сенин ырыңдан, Кашкая түшөт асманым.
Санаага бүтпөс салчудай, Сазына тартып алчудай. Сарыгат кээде бир сезим, Саамайдан тамган тамчыдай.
Ошондой сезим жанганда, От болуп жүрөк алганда. Качаңкы сүйүүң делбиреп, Кашыңа келе калганда.
Карлыгач болуп жалганда, Кайра учуп кетип калганда. Кайрыгың издеп кайсалап, Капталам чексиз арманга.
Арзыган кишим эртелеп, Алдыман чыкпай эркелеп. Ыдырап барат жан дүйнөм, Ырдачы Каныш эртерээк.
Качырган көңүл капасын, Канаттуу обон жазасың. Калкыма калган бир келип, Каныкей ырчы жашасын.
  СҮРӨТКӨ ЭТЮД
Боз үй, тоолор, бир аксакал олтурат, Бул көрүнүш мага тааныш, жакындай. Кетким келет, ошол жакка мен дагы, Бу Бишкектин бир бурчуна жашынбай.
Аксакалды карагыла жөнөкөй… Ак калпакчан, кийип алган чапанды. Бүт турпаты эске салып тургансыйт, Бул дүйнөдөн эбак өткөн атамды.
Боз үй, тоолор, жаңы чыккан күн нуру, Билгендерге эмне деген сулуулук… Карапайым аксакалдын боюнда, Катылгансыйт кол жетпеген улуулук.
Кээ бирөөлөр кыдырышып дүйнөнү, Жер көрүшөт, шаар көрөт адеми. Тоонун койну,тезек жыты, боз үйлөр, Эмнегедир тарта берет а мени.
Мен баралбайм, тагдыр иши ошондой, Жүрөм иштеп, эл катары жан багып. Бишкек, элдер, ызы-чуулу көчөлөр, Анан минтип Фейсбукта байланып…
  «ШОКОЛАД» БОЛУП КҮЙҮПСҮҢ….
Айланып ак куум конгонсуп, Асманда айым толгонсуп, Үмүтүм өчкөн жангансып, Үлбүрөп күйө калгансып… Өзүңдү көрүп сүйүндүм, Өнтөлөп сөзүм табалбай, Өзүмдөн өзүм бүлүндүм.
Жай бою көлдө жүрүпсүң, «Шоколад» болуп күйүпсүң… Билсең да сагынганымды, Билмексен боло сүзүлдүң, Бийиксиң, жаным бийиксиң.
…Азыркы ишим оң болуп, Алдыман чыксаң жол болуп. Айланып эле кетсем деп, Айлантып эле өпсөм деп, Агаңда турса ой болуп… Ал оюм туюп буластап, Жоругу кымбат, садага Жоодурай күлө назданып, Жолотпой турдуң ыраактап.
  КӨК ЖАЙЫК
Көк жайык жайлоо керемет, Көргөндө болдум эбелек. Аялуу кыргыз жери экен, Аруудай эч ким өбө элек.
Чарчаган маанай жазылды, Чайыттай көңүл ачылды. Чатыраш ойноп жатсамчы, Чачылган сыйда ташыңды
Аңкыган жыпар жыттанып, Ажайып гүлүң кыстарып… Алаптап чыкты курган жан, Ар кимден сени кызганып.
Бооруңан акса булагың, Бооруна тартат тулаңың. Борчуктан үнү басылбай, Бозойдой боздойт уларың.
Бурулган тооңо чыкпадым , Буралган гүлүң жыттадым. Булбулуң тыңшап көшүлүп, Булутуң жаздап уктадым.
Үркөрдөй гүлүң жыбырап. Үзалбай жүрөк тыбырап. Үзбөчү мени дегенсип, Үлбүрөп турду шыбырап.
Көрсөм да сени кечигип, Көңүлгө алдым көчүрүп, Өзүңдү көрбөй өткөр��өн, Өмүрдү койдум өчүрүп.
Көшүлгөн жайлоо Көкжайык, Көркүңдөн кайттым көз тайып, Келтирип ырга салалбай, Кечиргиң менден кетсе айып.
  КАРКЫРА…
Көргөндө көңүл өскөн жер, Көкөтөй ашы өткөн жер. Каркыра болуп кыйкуулап, Кайрылбай учуп кеткен жер.
Атпайга дайын кутман жер, Атагы кылым бузган жер. Башынан аттап Жолойдун, Бабабыз Кошой жыккан жер.
Кошулган сымал асман-жер, Койнуна баары баткан жер. Кадырын билбей кыргызы, Казакты беттеп качкан жер.
Керилип өсүп кайыңың, Келберси�� жатат жайыгың. Атабыз Манас жогунан, Алдырып ийген айыбым.
Чылбырдан кармап калалбай, Чыркырайт жаным жай албай. Көзүмдүн жашы төгүлтүп, Көркүңө турдум каналбай…
  ТОЛКУ ЫСЫК-КӨЛ! ЧАЛКЫ КАСПИЙ!
Бар экенсин… “Сагындым”,- деп жазыпсың, Ушул сөзүң кандай гана жагымдуу…. Бу Бишкекке жаңы төккөн жамгырдай, Бир сергитип өттү курган жанымды.
Сагынычтар тарагандай заматта, Санаам дагы учпай калды бириндеп. Балага окшоп оюнчугун таап алган, Басып жүрөм өзүмчө эле күлүңдөп.
Алды кызык, арты өкүнүч өмүрдүн, Ачылчудай жаңы, жакшы жактары. Эртең сага жолугаарды эстесем Азап болду ушул таңдын атмагы.
Ээ, кыскасы Расулча айтканда: Толку Ысык-Көл! Чалкы Каспий! Суктангыла, суктангыла баарыңар “Я с женщиной свиданье назначил!”.
  АЙЛУУ ТҮН…СОҢ-КӨЛ…АРУУ КЫЗ…
Бетеге жыттуу жел келип, Бешиктен бетер термелип. Беймарал Соң-Көл мелтирейт, Бейиштин төрү өңдөнүп.
Каалгып тоодон ай чыгып, Караңгы качты камчы уруп. Кашкая түштү боз үйлөр, Каркыра болуп тартылып.
Тунжурап ойго чөмүлүп, Тулпар-Таш турду көрүнүп. Түрүлүп үркөт жылдыздар, Түндүктөн үйгө төгүлүп.
Карасам бетин Ай чалып, Касиет- куту байкалып. Калкылдайт Соң-Көл жарыктык, Кашыкта суудай чайпалып.
Ажарын көлдүн талашып, Аккуудай жалгыз адашып. Алдыман чыкты бир сулуу, Абайсыз жүрөк канатып.
Жомокто куштай түрлөнүп, Жоголгон кыяк үндөнүп. Жоодурап турду садага, Жолумдан өтпөй ийменип.
Кыз экен аруу, наз дагы, Кызгалдак гүлдөй жаздагы. Кызганып менден Ай дагы, Кырынан кете жаздады.
Көз мончок Соң-Көл сулуусун, Көргөнү келген экемин. Өзөктү өрткө чалдырып, Өлгөнү келген экемин…
Сонун түш сымал тимеле, Соң-Көлдүн ��йлуу түнү эле. Көөдөндө күйөт тилегим, Көрсөм деп кайра бир эле.
Сол менен оңду батырган, Солтодон өткөн эл болбойт. Сонуркооң канбай өтөөрсүң, Соң-Көлдөй түбү жер болбойт, Аймаңдай сулуу кыздардан, Асты, Ак мөөрдүн журту кем болбойт…
  ПАРАНЖА
Паранжа деле такпадык, Паранда учуп өталгыс, Пакса тамга катпадык. Абалтан эле кыргыздар, Абийирин коюп өзүнө, Аялды эркин сактадык. Ак жүзүнө суктанып, Жерден теңдеш табалбай, Жеткизе Айга мактадык.
Энебизге ийилдик, Эжебизге сүйүндүк. Кызыл гүлдөй садага, Кыздуу болсок жалындык. Канатыңдай учаарга, Карындашка кагылдык. Саамайы сүйкүм жар күтүп. Саат өткөрбөй сагындык. Сүрдөнтүп турган жүрөктү, Сүйүүгө далай чалындык, Кыргыз атың өчүрбөй, Кылымдарга кетилбей, Кыраңда Айдай жаңырдык.
Кантсе дагы эркектер, Кадырына жетпедик. Каректен жашын төгүлтүп, Катыра канча сөкпөдүк. Кол көтөрүп кээ бирде, Кодура чөптөй тепседик. Анан, Жыргатып ийчү немедей, Жылаан чагып алгансып, Жылына бир жол эстедик. Колдорун кармап болбойбуз, Кошомат жагын ойлойбуз, Коюучудай эстелик.
Аялдын бүгүн майрамы, Аркы-берки кеп козгоп, Айтпайын сөздү кайдагы. Жүрөктөсүң асылзат, Жүрсөңөр болду жайдары!
  АФГАНЧЫ КУШТУН АЗАБЫ
Абайлап көрсөң кыргыздар, Ачылбай жүргөн кылмыш бар: Айлаңды алты кетирген Афганчы деген бир куш бар.
Чокуп билип жайыңды, Чолоо жер койбой жайылды. Чокуга сүрүп таштады, Чоорчу торгой шайырды.
Чыйырчыкты тоготпой, Чычыра кууду жолотпой. Кайран куштун тукумун, Кайсап ийди ороктой.
Тартып алды жыласың, Таранчынын уясын. Таза «нахал» турбайбы, Тартипке кантип бурасың?
Каш кайтарар калбады, Катары менен жайлады. Жан-жагынан жабылып, Жакадан алат карганы.
Диссидент беле түрлөнгөн, Диверсант ишти үйрөнгөн. Пачагы чыгып баратат, Паранда калбай дүйнөңдөн.
Байкабай калдык келгенин, Балээни мындай көрбөдүм. Палоодой оюп жейт экен, Памидордун бөйрөгүн.
Ыйлатты шүмшүк канчаны, Ыраактан тааныйт алчаны. Укурук алып кубалап, Ушунча жаным чарчады.
Заарда бузуп уйкуңду, Заар үнү алат тынчыңды. Үстүнө минип үрпөңдөп, Үркүтүп турат жылкыңды.
А, паччагар тил билсе, Айрып таанып пул билсе, Ак үйүң балким жалдамак, Аппазицияны айдамак.
Пикетке чыгып жумалап, Пилди да турмак кубалап, Үзөңгү-Куушту мындай кой, Үйүңдү бер деп сурамак.
Конуп турса чалкалап, Койгуң келет балталап. Тебетей менен урам деп, Терезем алдым талкалап.
Апчый жаздап бетиңди, Ала качат этиңди. Айланып чыкпайт корооңдон, Алчудан бетер өтүңдү.
Кайдан келген ыйык куш, Каада салты тири укмуш, Өлсө бири чуркурап, Өкүрүгү бир укмуш.
Афганчы кушуң ушундай, Адаты мунун жутунмай. Атпай журт атың арыбас, Асты мындай кутулбай.
Кашайта көзүн ойгула, Каргаша кушту жойгула. Каапырың бир кирбесин, Катыныңдын койнуна.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/03/04/muktar-me-dulatov-s-r-tch-bugumdu-bulgaarydan-chygaram/
Муктар Меңдулатов, сүрөтчү: «Бугумду булгаарыдан чыгарам»
Tumblr media
Сүрөтчү адамга сөзү жок эле кыл калем менен керемет ойлорду тартуулаган өзгөчө талант ээси. Муктар Меңдулатовдун булгаарыга түшүрүлгөн сүрөттөрүн карап туруп өзгөчө таң бербей кое албайсың.
— Муктар байке, сүрөтчүлүк өнөр көп тармактуу эмеспи. Ошолордун ичинен дал ушул тери менен иштөөгө кандайча аралашып калдыңыз?
— Мен 1996-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо бөлүмүн аяктагандан кийин кайра эле ошол окуу жайда дал ушул булгаары менен иштөө тармагында балдарга сабак берип, окутуучу болуп иштедим. Бардык нерсе эле каражат маселесине барып такалат эмеспи. Мугалим болуп үй-бүлө бага албай калчудаймын. Кийинчерээк ушуну ойлоп, өзүнчө иш баштоону туура көрүп, булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо боюнча өз алдынча иштей баштадым. Канчалык көп иштесең, ошончолук көп ойлор келет. Ошентип изденесиң, улам кийинки эмгектериң кызыктуу боло берет. Материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Теринин көп түрү бар, маселен, кара терини көп албайбыз. Булгаарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек, андыктан, 2-сортко чейин эле колдонулут, андан төмөндөр жарабайт. Ал эми колдонгонум – жаратылыштын өзүнөн алынган табигый боек.
— Сюжеттерди кандай тандайсыз? Кандай темага көп кайрыласыз, кардарлар эмнени көп заказ кылышат?
— Мен көбүнчө жайлоо, табияттын сулуулугун сүрөттөп тартканды жактырам. Бирок, кардарлар эмнени кааласа ошону тартууга туура келет. Ал эми алардын ар киминин ой-чабыты ар түрдүү. Бири жылкы тартып бер десе, бири иттин сүрөтүн тарт дейт. Кай бири каардуу иттин образын ачып берүүмдү суранат. Арасында тоо теке, эчкини жакшы көргөндөр да бар. Айтоор, кардар түшүндүргөн нерсени так чагылдырып берүүгө аракет жасайбыз, ошол образдын ичинен ой толгойбуз. Ал өз оюн айтат, биз чиймелеп эскизди көргөзүп, анан макулдашып алабыз.
— Көп эле өнөр адамдары долбо��р жазып, же интернет аркылуу өзүнүн товарын сатат. Си�� өз товарыңызды кантип сатасыз?
— Мен ошондой сатуу жагына талантым жок. Мен иштей беришим керек. Ал эми ала турган кардарлар өзү келишет. Эгер менин эмгегим кимдир бирөөгө жагып калса ал мени сөзсүз издеп таба алат деп ойлойм. Кайсы жерде жакшы ашлянфу бар экенин караколдуктар өзү таап барып жатышпайбы, ошол сыяктуу эле го. Республикалык көргөзмөлөргө деле көп катышып жиберген жокмун. Жакында Алма-Атага барып келдим. Арабияга өзүм бара албай калгам, бирок, эмгектеримди бирөөлөрдөн берип жибергем. Кыскасы, иш менен көбүрөөк алектенем, элге жарнама жасаганды көп биле бербейм.
— Караколдо өткөн бир жолку чоң салтанатта манасчыларга сиз жасаган кемер курлар берилген эле. Ошол курлар жөнүндө айтсаңыз? Мындай учурда көбүнчө калпак, чепкен кийгизилип жүрбөйбү, кур тартуу кылган жакшы көрүнөт экен, бул идея кимден чыкты?
— Мен мурдатан эле кур жасап жүргөм. Анан бир жолу Караколдо көргөзмө уюшулганда, мурдагы губернаторубуз Мирбек Асанакунов менен манасчы Талантаалы Бакчиев келип калыптыр. Жасаган эмгектеримдин барын көрүп чыгышып, курларымды жактырып калышты. Талант манасчыларга дал ушундай кур берүү керек деген идеяны көтөрдү. Салтанат өткөнү саналуу күндөр калган. Биз тез аранын ичинде жасадык. Чынын айтканда, кыйналып калдык. Мен, уулум, дагы бир киши жардам берди. Ар кандай болсо нааразылык чыгабы деп бардыгын бирдей жасадык. Мага Манастын сүрөтү коюлган эскиз алып келишти. Ошол боюнча иштедик. Бул курлар 21 күндө эле жасалып бүттү. Бардыгы 16 чоң кишилердин жана 5 жаш балдардын куру болду. Кемер курларды жасоого да булгаарынын жакшысы тандалат. Буканын териси калың 6 мм болот, уйдуку 4 мм Биз бул курларга буканын терисин колдондук. Анан ар кандай технология колдонулду. Колго ныгыруу деген ыкма бар. Коло, дат чалбас металлдары менен көркөмдөдүк. Нефрит ташы коюлду.
Tumblr media
— Ээр жасайт экенсиз. Азыр ага кандай маани берилет? Жылына канчаны жасайсыз, баасы кандай болот?
— Эми ээрди элибиз эзелтен барктап келген. Учурда унаа катары автомашина колдонулган үчүн ээрге көп көңүл бөлүнбөй калды. Азыр мен ар түрдүү ээрлерди жасайм. 40 миң сомдон 8-10 миң долларга чейин ээрлер бар. Бул ага чөгөрүлгөн таштарга жана металлдарга жараша болот. Маселен, күмүштү кесип, тазалап, бекитип жасаган ээр жана ат жабдыктар өтө көрктүү да, бышык да болот.
— Чет өлкөлүктөр көбүнчө кандай буюмдарга кызыгышат экен?
— Чет өлкөлүктөр чоң нерсени алып кете албайт, майда буюм-тайым, сувенирлерге кызыгышат. Картинанын деле кичинесин алат. Чоңдорун болсо чиновниктер, байлар сатып алып жатат. Панно деп коет, булгаарыдан жасалган картина. Булардын баасы да ар кандай. Маселен, 45-30 сантиметрлиги 50 доллар, 50-60 сантиметрлиги 200 доллардын тегереги. 1000 долларга чейинки картиналар бар, заказга жараша жасайбыз.
— Кол өнөрчүлөргө мамлекет тарабынан кандай көңүл бөлүнүшү керек деп ойлойсуз?
— Эми азыр ар ким өзү үчүн жан талашкан мезгил. Азырынча мамлекетибиз материалдык эч кандай жардам көргөзө албайт. Кээде көргөзмөлөрдү уюштуруп берип жатат, ошого ырахмат.
Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА, «Чагылган», 10.02.2017-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/15/kyrgyzdyn-oyuularyndagy-maaniler/
Кыргыздын оюуларындагы маанилер
Tumblr media Tumblr media
Кыргыздын көп колдонулуучу оюм-чийимдери жана алардын маанилери, жашоодо колдонулушу тууралуу элдик чебер, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү боюнча отличниги Шейшембек Моңолдоров оюулар туурасындагы изилдөөсүнөн кеп кылат.
Tumblr media
  Жалбырак – Жайлоо, айлана-чөйрө, жаратылыш деген маанини билдирет. Жалбырак дайыма оюм-чийимдин башына жайгашат.
Tumblr media
  Карга тырмак – Кыламык карда карга басып кеткенде ушул сыяктуу из калгандыктан бул оюм «карга тырмак» деп аталат.
Tumblr media
  Ит куйрук – Иттин чычайта көтөрүлгөн куйругунун элесинен алынган элемент. Ит куйрук оюму жалгыз колдонулбайт. Шырдак, сайма, ала кийиз беттеринде бир нече элемент биригип кооз тизмекти түзөт.
Tumblr media
  Кочкор мүйүз – Кожоюндун, жайлоодо жайлаган элдин мал-жандыгын түшүндүрөт. Кандай оюм-чийим болбосун кочкор мүйүзсүз түзүлбөйт. Башка элдин оюуларынан кыргыздыкын айырмалап турган ушул элемент.
Tumblr media
  Теке мүйүз – Кочкор мүйүздү жандап жүргөн кошумча элемент. Теке мүйүз жалгыз турганда жөнөкөй, көрксүз болуп калат.
Tumblr media
  Каз моюн – Каздын моюнуна окшошкон оюу.
Tumblr media
    Булак – Жерден чыккан көзөнөк суунун булакка айланганы. Кыз-келиндердин кийимдеринде көбүрөөк колдонулат.
Tumblr media
  Умай оюму – Кийим-кечеге, анын ичинде балдардын кийимдерине, баш кийимдерге, күмүш буюмдарга түшүрүлөт.
Tumblr media
  Адамдын жүзү – Аялдардын дээрлик көбү илгери саамайларын экиге бөлүп өрүшкөн. Экиге бөлүнгөн саамайдын элесинен алынган элемент «адамдын жүзү» деп аталат.
Tumblr media
  Мүйүз кыял – Жандыктын мүйүзүнүн элеси тартылган, бирок үзүлбөгөн оюм. Саймада, шырдакта, темир, жыгач буюмдарда, белдемчи, чапандардын жээктеринде жээк оюу катары колдонулат.
Tumblr media
  Төрт кулак – Боз үйдүн керегелерин билдирип, «боз үй» деген маанини берет. Бир нече оюу бириккенде көп учурда ортосуна жайгашат.
  КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ
Tumblr media
Кыз-келиндердин көйнөктөрүндө өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн жана алардын жалбырактарынын элестери түшүрүлгөн оюм-чийимдер басымдуу болот. Ал жерде кочкор мүйүз оюму сөзсүз катышат.
  ЭРКЕКТЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ
Tumblr media
Эркектердин кийимдерине бүркүт, бугунун элеси, кочкордун мүйүзү, куштун канаттары салынат. Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, «тоо теке», «бүркүт», «аркар» оюмдары. Эл баатырларына «илбирстей», «бөрүдөй», «жолборстой» деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан калпактарына «илбирс», «жолборс» жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.
  ЖАШ БАЛДАРГА УМАЙ ОЮМУ КОЛДОНУЛГАН
Tumblr media
Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да «Умай эне», «карга тырмак», «булак» оюмдары деп аталат.
Tumblr media
  Дүйнөлүк мода чөйрөсүнө өзгөчө стили менен салым кошкон 76 жаштагы Беатрис Ост да кыргыздын оюм-чийими түшүрүлгөн кийимдерди киет. Ал Инстаграмдагы баракчасына чапанчан сүрөтүн илип, «менин чапаным Кыргызстандан алынып келинген» деп жазган.
Tumblr media
  «Hermes» француз мода үйү 930 доллардан жогорку баадагы кыргыздын улуттук оюулары менен жоолуктарды чыгарды.
  Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №744 03, 09.02.2017-ж.
0 notes
temirlik · 8 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/02/14/malik-alikeev-besh-zhashymda-atam-kajtysh-bolup-kaldy-any-zhoktop-yrdap-eldin-baaryn-yjlatchumun/
Малик Аликеев: «Беш жашымда атам кайтыш болуп калды. Аны жоктоп ырдап элдин баарын ыйлатчумун»
Tumblr media
«1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын кенжесимин. Атам Жунуш 5 жашымда каза болуп, апам Калемкаш бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, эч нерседен кем кылбай чоңойтту» деген ырчы бала чагын эстеп өттү.
«60 КОЙДУ КАРЫШКЫРГА КЫРДЫРГАМ»
— Апамдын тарбиясы катуу болгондуктан, бала чагымда шоктугум жок болчу. Эл катары мал менен чоңойдум. Атам мага 1 кара кашка ат энчилеп кеткен экен, аны минип, 1 кара уюм бар эле, ошону айдап алып токойду аралап заңкылдап ырдап жүрчүмүн. Эсимде, 5-классымда кой жайып жүрүп 1 бала менен сүйлөшүп отура берип 60 койду карышкырга кырдырып алгам. Анан райондон комиссия келип ызы-чуу болду. Жарымын төлөп берип, жарымын башкарма «кенедей бала ээ боло албай калыптыр» деп эптеп жапкан.
Мен кичинекей чакта биздин көчө дайыма шаңдуу болуп турчу. Улуу-кичүү дебей чогулуп алып «Чабалекей», «Ортого түшмөй» деген оюндарды ойночубуз. Чүкөнү болсо катырчумун. Көчөмө-көчө кыдырып ойноп, футболкамды шымдап, курсакка окшотуп ичине толтуруп чүкө утуп келчүмүн. Мен келатканда балдар «Малик келе жатат, анын элик сакасы бар» деп коркуп турушчу. Чүкөлөрдүн арасынан жашылын, кызылын, жаңысын тандап атчумун. Сакаларды тешип коргошун куюп же зым ороп алгандардын айынан кээде чыр чыгып кетчү.
Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтчүмүн. 3 күн калганда апам чийбаркыттан күрмө-шым тигип берип, ага чайдын жалтырак целлофандарын оймо-чийме кылып шымдын багелегине, күрмөнүн жеңине чаптап берет. Ошону мектепке кийип баруу мен үчүн укмуш сезилер эле. Бир туулган күнүмдө апам «Смена» үлгүсүндөгү фотоаппарат сатып берди. Аны мектепке алып барып классташтарымды сүрөткө тартып, үйгө келгенде сабакка даярданбай түнү менен сүрөт чыгарып, кургатып, эртеси алып барып берчүмүн. Кошуналарды, үйдөгү эжемдин балдарын жыйылып турган тезекке жөлөп коюп эле тарта берчүмүн.
Дагы бир туулган күнүмдө апам велосипед сатып берген. Аны жөн теппей гүл тагып, кооздоп тепчүмүн. Зымдан дөңгөлөк жасап, рогатка атып, айтор, түрдүү оюндарды ойноп чоңойдум.
  «ОТУРУШКА 1 ЖОЛУ БАРГАНЫМ БИЛИНИП КАЛГАН»
— Атам жаш кезинде филармонияда иштептир. Устачылык жайы да бар эле, ал чапкан комузду 3-классымда өз алдымча үйрөнүп алгам. Ошондон тарта мектепте ырдап, «Коңколой-чоңколой» деген сатираларды аткарып жүрдүм. Комуз көтөрүп жүрсөм классташ балдарым мени шылдыңдашчу. 4-классымда арданып Жаңы жыл майрамында ырдабайм деп үйгө качып келдим. Анан апам «сен атаңдын жолун жолдобойсуң» деп көк чыбыгы менен сабап кайра мектепке кубалап келген. Апам мага:
Толукшуп жаткан кең жайлоо, Тоолуктун малы жайласын. Томсоруп ыйлайт Малигиң, Торгоюм атам, кайдасың?— деген сыяктуу саптары бар 5-6 куплет атамды жоктоо ырын үйрөтүп койгон. Ошону мектептен ырдап элдин бардыгын ыйлатчумун. Облустук, райондук иш-чараларга мугалимдер мени алып кетишчү. Ал кезде тартип күчтүү. 7-классыбызда отуруш уюштурдук. Ойлоп тапканыбызды айтпайсыңбы, башкаларга билинбейли деп кыздарды эркекче кийинтип отурушка алып бардык. Ал убакта балдар арасында эмне кылганыбызды мугалимдерге жеткирип турчу тыңчылар иштечү. Ошентип 1 жолу отурушка бара коёбуз деп мугалимдерге би��инип калганбыз.
Бир күнү эле апам экөөбүз үйдө отурсак эшикте ит үрүп калды. Чыксам мектептин директору, тарбия иштери боюнча орун басары, класс жетекчим үчөө турат. Ичимден «эми булар мени жөн койбойт, апама айтышат экен» деп ойлодум. Үчөө үйгө кирип апама «биз жакшы жаңылык менен келдик. Маликти Фрунзеге Комсомолдун XVIII съе��дине чакыртып жатышат. Эртең ошого жибериңиз» дешти. Фрунзени, филармонияны, кинотеатрды ошондо 1-жолу көрүп алып таңыркап, оозум ачылган. Кайра айылга келсем мектепте «Малик Фрунзеге барып келиптир» деп күжү-күжү. Достор чогулуп сабак окумай жок. «Ток менен жүргөн автобус бар экен» десем, «ээ, ошондойбу?» деп сурашат, мен болсо аларга шаардын кооздугун айтып түгөтө албайм. Бир күнү мектепте чогулуш жасап, облустук комсомолдун 1-катчысы мага Ардак грамота анан 10 рубль берди. Ал акча ошондо чоң эле, аны апама бердим. Ошентип съезддин артынан отурушка барганым үчүн тил укпай калгам, андан кийин отурушка барган жокмун.
  «КЫЗДАРДЫН ЧАЧЫН ПАРТАГА БАЙЛАП КОЙЧУБУЗ»
— 7-класста 1 класс кийин окуган кызды жактырып калдым. Ага көрүнүш үчүн чачты суулап тарап, атты минип койкоңдотуп бастырып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Султанмураттай болуп атайын анын көчөсүнөн өтчүмүн. Жактырган кызыңа балдар менен чогуу барасың. Кыз 3 жолу жарыкты өчүрүп-күйгүзсө чыгам деген белгиси. Чыкканда болгону 3 сөз сүйлөйсүң. Ошол үчүн суукта тоңуп, кечтин киришин элеп-желеп болуп, сабагыңды да жакшы окуп күткөнүңдү айт. Бир жолу бир кызга барсак, килейген ит келип мени талап, мени коргойм деген досторум кошо таланган.
Классташ кыздардын чачтарын арткы партага байлап койчубуз. Анан мугалим фамилия менен тургузганда кыздар отуруп калышат. Кээде алар турганда отургучуна кнопканы чалкасынан коюп койчубуз. Алар отуруп, кайра секирип тура калышат да, мугалимден тил угат. Ошентип эле кыздарды ыйлатып жүрчүбүз.
  «ИНДИЯ КИНОЛОРУНАН ТАЖАЧУ ЭМЕСМИН»
— Айылга индиянын кинолорун 10 тыйындан коюп келишчү. 10 тыйынды алыш үчүн таң атпай туруп, малды өз убагында жайгарып, короону таптаза кылып шыпырып, үйдүн полуна чейин жууп жиберчүмүн. Андайда апам «аа, бүгүн соо эмес» деп өзү деле сезип калат. Мага «эмне мынча лыпылдап калгансың?» деп, анан акча берет. Кинодон кийин кыздарды узатсаң узаттың, себеби алар да апасы же агасы сыяктуу «жан сакчылары» менен келет да, болбосо кыялдарга чөмүлүп үйгө жөнөйсүң.
Индиянын кинолорун көргөндөн тажачу эмесмин. 6-7 жолу көргөндөн кийин ырларын комузга салчумун. Азыр деле балалыкты эстеп кээде комузга салып чертип калам. Митхун Чакрабортинин сүрөттөрүн чогултуп альбомдорго чаптайсың. Азыр деле ал сүрөттөр альбомдордун арасында жүрөт. Чач жасалгаң да алардыкына окшош. «Романтик» деген магнитофонум бар эле. Ага индиянын ырларын жаздырып алып көчөдө көтөрүп басмай же үйдүн терезесин ачып коюп катуу жаңыртып коймой мода эле. Клёш шым, такалуу платформа деген туфлини мен да кийип калдым. Апам 10-классымда жазгы платформа туфли алып келиптир. Ошону кычыраган кышта үшүгөнүмө карабай мектепке кийип баргам. Элге көрсөтүш керек да (күлүп). Чачты суулап туруп улууларды туурап артка силкчүбүз да. Силксем эле апам «эй, моюнуң үзүлөт, силккенди ким коюптур сага» деп урушуп жатып калчу. Балалыгым ушундай өттү.
Асхат Субанбеков, “Супер-инфо”, №744, 03-09.02.2017-ж.
0 notes