#Т.Сатылганов
Explore tagged Tumblr posts
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/05/02/zalkarlardyn-tamashalary-2/
Залкарлардын тамашалары
Өткөн 19-кылымда Кетмен-Төбөдө залкар өнөрпоздор көп болгон. Ошолорудун арасында Кулуке деген мыкты акын болуптур. Негедир, адабиятчылар тарабынан Эшманбет төкмө тууралуу иликтөөлөр аз. Тили курч Кулуке төкмө акындын өнөрү иликтенбей жазылбай калды. Кулуке төкмө акын тууралу Коргоол акындын бир эскерүүсү бар, ошондон үзүндү.
Кетмен-Төбөнүн “Төр жайлоо” деген (“Тер жайлак” деп да аталып келет) Боркемик уруусунун чоң манабы Райымбек көз жумганда баласы Кудайберген атасынан чоң аш берет. Ашка, Нарын, Анжиян элинен дөөлөтүү адамдар, Кетмен-Төбө, Аксыдан чыккан өнөрпоздордун көбү, Ак-Талаадан Тоголок Молдо, Жумгалдан Куйручук да келет. Нарындык 60 жаштагы Осеке деген бай ак өргөсүн ала келип тиктирип, Кашымкан деген жаш токолу менен экен, боз үйдүн сыртында Токтогул менен Эшманбет ырчы – Кашымканды капастагы кушка теңешип алым сабак айтышып жатканда Кулуке келип калып:
Экөөң айтышканда нетесиң, Кашымкан- Адырга чыккан жекенсиң, Ырдап турган ырчынын, Катыны болоор бекенсиң, — деп ийет.
— Током: “Э, Кудай урган, Э, кудай урган, баарын бүлдүргөн Кудай урган”, — деп наалып, атына камчы салып ара бастырды. Ошол мезгилде Кетмен-Төбөдө “Аллуакбар, Кулукедей ырчы бол!” деген макал таркап кеткен. Эшмамбет Кулукеге карата:
Эл оозунда айтылып, Макал болдуң Кулуке, Эки ээгиң кыркылып, Сакал болдуң Кулуке, — дегенде эле Кулуке Эшманбетке:
О, эл оозунда айтылган, Макалыңды урайын, Ээгиңдеги саксайган, Сакалыңды урайын. Эл оозунда айтылган, Сөзүңдү урдум Эшмамбет. Эткел аю баштаган, Өзүңдү урдум Эшмамбет. Эбир-жежир айтылган, Кебиңди урдум Эшмамбет. Ээгиңдеги эки боо Чөбүңдү урдум Эшмамбет.
— Током: — О, куураган калтыр баш, ушу да ырбы, ушундай да ыр блобу? — деп ачууланып калды. Анда Кулуке:
Эмнеге сөзүм укпайсың, Эшмамбетке ыктайсың. Биртке бүткөн жаның бар, Бир муштумдан чыкпайсың. Ачуум менен бир койсом, Алты күнү уктайсың. Алты жыл Шыбыр барганда, Алда Кудай дегенсиң. Апта күн ачка калганда, Аюунун этин жегенсиң. Тогуз жылда кутулуп, Тобо Кудай дегенсиң. Тогуз күн ачка калганда, Доңуздун этин жегенсиң. Ээн талаада келатып, Эгемен шүгүр дегенсиң. Эки күн ачка калганда, Эшектин этин жегенсиң. Айткан Током бокту жейт, Ак шыбакты токту жейт, — деп ачууланып ырдап жибергенде эл боорлорун тырмап күлүп жатышты дейт. Аңгыча болбой, күн чыгыш тараптан кара кашка аргымак минген, кара көрпө тебетай кийген, жанындагыларына бакылдап сүйлөп келе жаткан адам көрүндү.
Бул адам ат үстүндө оң жактагыларга карап бакылдаса оң жактагылар каткырып, сол жактагыларга карап бакылдаса сол жатагылары каткырыгы таш жарып күлүшөт.
Эл “бакылдап, шакылдап сүйлөгөн бул ким болду экен?” дешип моюн созуп карап калышса, жакындаганда Куйручук экенин таанышат. Куйручук Осоке бийдин үйүнүн тушунадагы Токтогул, Эшманбет баштаган акындар Курман, Жаңыбай, Кулуке менен баш ийкешип учурашып, бир жигитке карай каш серпип белги кылды эле, жигит койнундагы комузду Куйручукка бере салганда ал комузду күүлөп алып эле үнүн бийик чыгарып минтип кое берди:
Оо, Түнкатар Түнтөй журт экен, Булардын, Түтүнү сайын ырчы экен. Түтүндө киши өткөрбөй, Түрүлүп үрүп турчу экен. Түтүнгө менден башка ырчы жок Түбү эле Жумгал тынч экен.
Асты эле Саяк журт экен, Булардын, Айылы сайын ырчы экен. Айылдан киши өткөрбөй Ажылдап үрүп турчу экен. Айлымда, менден башка ырчы жок, Асты эле Жумгал тынч экен.
Осеке бийдин боз үйүн, Ороп алган турбайбы. Отуздайы биригип, Тороп алган турбайбы. “Кишисинен ырчы көп”, Ким көрүптүр мындайды.
Бабыр, бабыр, бабырлар Бабыраган жабырлар. Жатакчынын итиндей, Жабылышкан дабырлар. Аялдарын ээрчитип, Айылдашып дагы ырдар. Жабалактап келгенин Көрбөйсүңбү Осеке. Жаакташтырбай буларды Бөлбөйсүңбү, Осеке, Жарым-жарты сөөк болсо, Бербейсиңби Осоке.
Куйручук ушинтип кычкыл сөз менен төгүп жибергенде эле, турган элдин бир тобу боорун тырмашып, бир тобу абаа жара каткырышып күлүп жиберишкенде Куйручук ырын токтотот. Куйручуктун бул ырына Токтогул бир аз тырчый түшөт. Эшманбет жооп кайтарайын деп обдулуп комузун кылдырата баштаганда Токтогул жеңинен тартып коет. Кулуке өзү бойлуу, семиз адам экен, ат көтөрө албай ар дайым бука минип жүрчү экен. Кулуке букасын теминип Куйручуту карай:
Казандагы кырмычык, Казып жедиң тырмышып, Калктын баарын ит дейсиң, Каңкылдаган Куйручук.
Энең кырган кырмычык, Эптеп жедиң тырмышып. Элдин барын ит дейсиң, Энеңди урдум Куйручук.
Апаң кырган кырмычык, Аңдып жедиң тырмышып. Акундун баарын ит дейсиң, Аңкылдаган Куйручук. Дөөгүрсүгөн Куйручук, Дөөгүрсүнүп сүйлөдүң, Дөбө жакты аңдыган, Дөбөт болуп жүрбөгүн, — деп Кулуке букасын теминип Куйручукту качырганда Куйручук:
— Токо, мунуңду кой де, мунуң акын эмес эле мээси чачыраган акмак турбайбы. Ой, Осоке буга бир ат бербесең болбойт! Дегенде Токтогул:
— Болду эми калтыр баш, — дегенде Кулуке:
— Анан ушунуку жакшыбы, кара баштуу адамдарды итке теңегени, Токо, –деп ызаланып алытыр Кулуке. Угуп жаткан эле кыраан каткы түшүп эле жатып калды. Током менен Куйручук бери теңтуш, ары азилдешкен адамдар эле, -деп эскериптир Коргоол акын.
Ушул ашта кыргыздын атактуу найзакерлери Жумгалдык Аксакал менен Эрназар (Эрназар — Аксы же Кетмен-Төбөлүк болуш керек) беттешип, Эрназар Аксакалдын найзасынан мерт кеткен. Бул тууралуу Токтогулдун “Манабың менен жерге кир” ырында айтылат.
Кудайбергендин урпактары Жумгалдын “Сары-Камыш” деген тоолу айлында турушат. Бул ашка кадимки Тоголок Молдо да барган экен, мен 2 жыл мурда “Сары-Камыш” айлына барганымда Кудайбергендин Токтожума деген чебересинен уктум.
Жолдошбек Токоев
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/06/10/karegimde-r-kzar-chygarmachylyk-kechesi/
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси
«Роза Отунбаеванын ��емилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы.
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси 2018-жылдын 14-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз.
Топчугул Шайдуллаева өрүкзарлуу Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, бой тарткан. Кесиби журналист, социолог, социология илимдеринин кандидаты. Мектепте окуп жүргөн жылдары эле анын макалалары, ырлары райондук (“Кызыл туу”), облустук (“Ленин жолу”) гезиттерине, “Кыргызстан пионери” гезитине жана “Жаш ленинчи” журналына басылып чыккан.
Алгачкы “Жан шерик” аӊгемелер жыйнагы 2000-жылы жарык көрүп, ал ошол “Жылдын эӊ мыкты китеби” деген сыйлыкка татыган. Андан кийин 2006-жылы “Ташка чыккан гүл”, 2008-жылы “Акылкасас”, 2011-жылы “Всему свое время”, 2017-жылы “Кызыл өрүк” китептери жарык көргөн.
Т.Шайдуллаеванын аӊгемелери өзүнүн кичине көлөмүнө чоң ойду батыра алгандыгы менен айырмаланат. Ал КР Жазуучулар, Журналисттер союздарынын жана Эл аралык жазуучулардын ПЕН клубунун мүчөсү, КР маданиятынын мыктысы, Баткен районунун ардактуу атуулу.
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусундагы сценкалар менен коштолот.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/01/17/buulukkan-buluttar-poeziya-kechesi/
“Буулуккан булуттар” поэзия кечеси
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Атахан Кожогулов жана Жыпаргүл Арыкованын чыгармачылыгына арналат.
Кече 2017-жылдын 26-январда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат.
Кожогулов Атахан Бейшеналиевич 1970-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Кесиби журналист. Көп жылдардан бери Коомдук теле-радиокорпорациясынын “Замана” студиясында эмгектенип келе жатат. Ырлары мезгилдүү басма сөздө 1987-жылдан бери жарык көрө баштаган. Алгачкы “Көз мончок” аталган китеби 1998-жылы басылып чыккан. Акындын 2003-жылы “Деңиз муң”, 2008-жылы “ Чач агарткан чакырым”, 2017-жылы “Тоо тумар”, “Беш өрүм” ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын колуна тийген.
А.Кожогуловдун ырлары өзүнүн элпек ыргактары жана терең лирикалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Анын эл ичинде кеңири ырдалып жүргөн «Махабатым», «Көз мончок», «Коштошуу», «Бир тууган үй» сыяктуу жыйырмадан ашуун ырларына композитор, обончулар К.Эралиева, Ш.Дүйшеналиев, Т.Бектенов обон жаратышкан.
А.Кожогулов 1995-жылы Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Арыкова Жыпаргүл да Кочкор районунда төрөлүп чоңойгон. Кесиби журналист, КР Жогорку Кеңешинин аппаратында, Коомдук теле-радиоберүү корпорациясында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал 2007-жылдан бери Мамлекеттик кызматтын 3- класстагы кеңешчиси. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук теле-радио берүү ко��паниясынын “Жылдын мыкты журналисти” сыйлыгын женип алган. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.
«Жан муза» (2010), «Тордолгон асман» (2013) китептеринин автору. Ал чыгармачылыгындагы мыкты ийгиликтери үчүн Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын ээси болгон. Ж.Арыкова ырларында тунук сүйүүнү, өмүрдү даңазалаган акын. Анын “Сүйүүм сага аманат”, “Биз экөөбүз”, “Ынагым”, “Мен сени кайрадан сүйгүм келди” жана башка жыйырмага жакын ырларына композитор, обончулар А.Бөдөшев, С.Бейшекеев, А.Карымов, Р.Аманова тарабынан обондор жаралып, эл ичинде ырдалып жүрөт.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
0 notes
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmb3.hostenko.com/2017/11/17/23642/
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун чыгармачылыгына арналат.
Кече 2017-жылдын 17-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат.
Нурлан Калыбеков республикалык жаштардын “Нурборбор” чыгармачылык бирикмесини жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты жана Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктарынын ээси. Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.
Н.Калыбековдун “Нур дүйнө” (1995-ж.), Ырлар жана поэма (1999-ж.), “Теңиринсан”( 2004-ж.), “Күнэл” ( 2007-ж. жамааттык жыйнак), “Сыр жарык” (2010-ж.), “Дервиш миров”( 2002-ж.), “Азия, все мы твои дети” (2000-ж. жамааттык жыйнак) китептери жарык көргөн. Ошондой эле Н.Калыбеков Мукагали Макатаевдин “Үч бакытым” (2000-ж.) жана Магжан Жумабаевдин “Теңир от” (2002-ж.) китептерин кыргызчага которгон.
Рысбай Исаков кыргыз элине таанымал манасчы жана акын. Ал республикалык жана эл аралык бир нече фестивалдардын жана сынактардын байгелүү орундарын жеңип алган. Атайын сурамжылоонун жыйынтыгында “Эң мыкты манасчы” наамына жеткен жана КР маданиятынын мыкты кызматкери. “Назар кайып” (2004-ж.), “Ырчыныны ыйы” (2009-ж.) деген чыгармалардын автору.
Р.Исаков 2014-жылы Кытайда өткөн биринчи эл аралык манасчылар мелдешинде биричи орунду жеңип алган. 2015-жылы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын “Искусство жана маданиятка кошкон салымы үчүн” төш белгисине ээ болгон.
Кеченин жүрүшүндө акындар ырларын окуп беришет жана алардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар ырдалат.
Иш чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
0 notes